Экс-министр эмне дейт?

Исмаил Исаков, экс-коргоо министри:
"Армияны да коммерцияга айланткан мыйзам кабыл алышты"
- Исмаил Исакович, президент К.Бакиев жакында аскер жана альтернативдик кызмат жөнүндө мыйзамга кол койгонун уктук. Бирок, бул мыйзам эч бир массалык маалымат каражаттарына жарыяланган жок, ал тургай "Эркин-Тоого" да басылбаптыр. Сиздин тааныштыгыңыз барбы? Элге түшүнүк берип койсоңуз?
- Албетте, мыйзам боюнча түшүнүгүбүз бар. Эгерде мүмкүн болсо негизги нормаларын айтып, андан кийин ошол нормалары боюнча жеке пикиримди айтып кетсем кандай дейсиң?
- Макул, "Сиз кабыл алган депутаттарды, кол койгон мамлекет башчысын, мыйзамды сунуштаган коргоо министрлигин сындабайын" дегендей айтып жатасыз да.
- Бир жагынан туура, кандай болбосун мыйзам кабыл алынды, мыйзам күчүнө кирди. Азыр эл өздөрү баа берсин, мүмкүн колдобойт чыгаар. Жеке мен мындай мыйзамдын кабыл алынышына каршымын, ал эмес мыйзамдын токтотулушун сунуштайт элем. Эми жогоруда макулдашкандай негизги нормаларына токтолуп кетейин.
1. 18 жаштан 27 жашка чейинки жаштар (жарандар) кааласа чакырылган мобилизациялык резервде 12 миң сом (120 расчеттук эсеп) төлөп, бир айлык аскердик сбордон өтүп, армиялык кызматты бүтүп, аскер билетин алганга мүмкүнчүлүк бар экен. Эгерде билимиң жогорку болсо, 12 миң төлөп, бир айлык сборду бүтүп, офицердик чин алам десең, анда дагы мурункуга кошумча 12 миң сом төлөп офицердик "лейтенант" деген чин алууга укугуң бар экен. Ошентип, жогорку билимдүүлөр 24 миң төлөп, "лейтенант" деген чинди сатып алганга мыйзам жол берет экен.
2. Жарандар аскердик жана альтернативдик кызматты кандайдыр бир негиздер менен өтпөй калса, 27 жашка чыккандан кийин 15 миң сом төлөп аскер билетин алат экенсиң, ал эми ошондой жарандар чет өлкөгө барып, иштеп келсе, мисалы Россия, Казакстан ж.б. анда алар 30 миң сом төлөп аскер билетин алып кутулат экенсиң.
3. Альтернативдик кызматтын мөөнөтүн 2 жылдан 3 жылга узартышыптыр (эске салып коюшум керек. Мен депутат болуп жүргөндө мурун 3 жыл болуучу, менин демилгем менен 2006-жылдан баштап 2 жылга кыскартылган эле). Азыр, 3 жыл ичинде ал кызмат үчүн дагы 12 миң сом төлөш керек экен. Эгерде кимде-ким кааласа, эртерээк 12 миң сом төлөп, альтернативдик кызматты мөөнөтүнөн мурда бүтүргөнгө да шарт түзүлүптүр.
Ушулардын баардыгы мыйзамдын 5, 17, 19, 32 жана 34 беренесинде бекитилген. Эми ойлоп көргүлө, мейли 12 миң сом төлөп бир айлык аскер сборунан өтүп армиядан кутулсун бирок, бир айда эмнени үйрөнөт, кайсыл мобилизациялык резервди түзөт? Деңгээли кандай болот? Өзгөчө офицер чин алган жарандар, кокустан Конституциялык укугун колдонуп армиядан калам десе, кимди кантип үйрөтөт.
Экинчи, бир үйдө төрт беш балдары бар ата-энелер кантип, кайсы акчасын төлөп берет. Анын үстүнө, эгерде кимде-ким акчаны төлөй албай калса же төлөбөймүн десе мыйзамда армиядан качтың деген нормага теңеп коюшуптур. Алардын баштары прокуратура менен соттон чыкпай калат. Алардын ата-энеси аларга дагы барып "салык" төлөгөнгө жол ачып беришиптир.
Үчүнчү, армиянын өзүнө оор жүк жүктөп салышыптыр. Кандай?
* Коргоо министрлиги аскердик бир айлык мыйзам менен бекитилген норманы бузганга, кыскасын айтканда бир нерсеге шылтоолоп, 17 күн, 20 күн же 25 күн аскер сборун өткөргөнгө укугу жок. Алар толук бир ай өткөрүш керек. Андай болбосо, аскер прокурору командирлердин үстүнөн иш козгошот (мыйзамды бузгандыгы жөнүндө).
* Инфляция өсүп, же тамак-аш, өнөр-жай товарларынын баасы кескин түрдө көтөрүлсө, алган 12 миң сому аларды бакканга, кийиндиргенге, даярдоо үчүн ок дарыга ж.б. жумшаганга жетпей калса, акчаны кайдан алышат?
* 12 миң сомду кайдан чыгарып алышкан, кийимин, тамагын эсепке албаганда аларга, даярдыктары үчүн кеткен октордун, снаряддардын баасын ким эсептеди? Деги бир ай даярдыгына канча акча сарпталганын кимиси эсептеп берет.
* Эгерде альтернативдик - 3 жылдык кызматтагылар (алар - социалдык жактан коргоого ала турган үй-бүлөлөлдүн балдары) эмне үчүн 12 миңди байдын балдарындай төлөш керек? Мисал үчүн үч айда, бир айда төлөп берип кызматты бүттү деген документ алганга кандай түшүнсө болот? Анда эмне үчүн үч жылга узартышты? Берки кызмат менен айырмасы болбой калып жатпайбы. Эч кандай логика жок. Эми офицерлердин кызматы жөнүндө токтоло кетейин:
1. Жашы боюнча:
* Капитанга чейинкилер - 40 жаштан
* Майор-подполковник - 45 жаштан
* Полковниктер - 50 жаштан
* Генерал-майорлор - 55 жаштан
* Прапорщиктер - 45 жаштан
пенсияга чыгып кетишиң керек экен.Мурунку мыйзамда министр 5 жылга чейин жашы боюнча узартканга мүмкүнчүлүгү бар болучу. Бул мыйзамда ал норманы алып коюшуптур. Демек, бүгүн ушул жашка чыккан азаматтар, аскер кызматына тиешеси барлар (сот, аскер прокуратура, улуттук гвардия, чекара кызматкерлери) кыскасы, бардыгын пенсияга айдаш керек. Аларды мыйзам чегинде үй менен камсыз кылуусу зарыл. Ойлоп көргүлө, канча акча бериш керек? Бул нонсенс. Ушул жерден башкы прокурорго суроо "Урматтуу башкы прокурор, аскер прокурору эмне үчүн мыйзамдуулукту текшербейбиз?" азыр бардык жетекчилерди жазага тартса болот. Бул норманы квартира менен камсыз кылбай туруп, кантип аткарышат? Эң коркунучтуусу "офицерлер дагы ар бир үч жылда контракты оңдоп түзүп, жетекчилерден макулдук алышы керек" деген норманын мыйзамдаштырылышы (бул норма да коррупцияга кенен жол ачат).
Министр болуп турганда, биз пенсия чыгуу жашын 5 жылдан 7 жылга чейин көбөйтүү нормасын киргизген мыйзам даярдаган элек. Мисалы, Европа өлкөлөрүндө подполковник чининдеги офицерлер 56-57 жаштан пенсияга чыгышат. Ал эми бизде 45 жаштан. Ушундан кийин коргоочу деген кесиптин эмне кереги бар деген суроо пайда болот.
2. Эгерде аскер окуу жайына тапшырып (5 жылдык окууга) бирок, кандайдыр бир негиздер менен окууну таштап кетсең, кеткен каражатты толугу менен мамлекетке төлөп бериши керек. Мисалы, аскер окуу жайына бир айда кеткен акча (2007-жылкы баа менен):
* Россияда - 1500 доллар
* Казакстанда - 817 доллар
* Бизде - 720 доллар
Мындай суммадагы акачаны кайсыл ата-эне төлөп бере алат.
- Исмаил Исакович, чынында эле бул мыйзам армияны да коммерцияга айландыра тургандай болуп калыптыр. Сиздин оюңузда кабыл алып жаткан депутаттар окубай эле кабыл алып койду деген ойдосузбу? Эл мындай мыйзамды колдобосо керек?
- Элге, жетекчилерге дайыма ачуу-таттусуна карабай айтып да, түшүндүрүп дагы жатабыз. Мунун бардыгы бир жагынан алганда элдин "пассивдүү" болгондугунан.
Армия өзгөчө кызмат, анын өзгөчөлүгү мамлекеттин колдоосунда, камкордуулугунда болуш керек, башкаларын айтпаганда да. Бүгүн баш аламандык, тегиз карабагандык. Мисалы, чек ара кызматы аскер прокурорунун жетекчилеринин айлыгы, коргоо министринен эки эсеге жакын көп айлык алышат. Мындай нормага түшүнүп болбойт. Экиничден, азыр коргоо министри жанагы чогулта турган акчалардын эсебинен өзү айлыкка кошконго президенттин жарлыгы менен укук алыптыр. Бул дагы туура эмес. Тариф бирдей болуш керек, дагы айлык акы туруктуу болуп, мамлекеттик бюджеттен берилиши зарыл. Анын үстүнөн пенсияга чыкканда, чоң чатак чыгат. Андан башка, канча акча чогултат, бир кудай билет. Айлык акы дайыма бирдей болуш керек. Бул жерде дагы логика жок. Менин оюмча, бүгүнкү жетекчилер мурунку биз айткан идеяны алышып, түбүн түшүнбөй ушундай армияны дагы коммерцияга айланта турган мыйзам кабыл алышты.
- Эгерде жалпы эл каршы чыкса, оңдоо үчүн кандай жолдорду сунуш кылат элеңиз?
- Менин өзүмдүн армия жөнүндө ачык-айкын, түшүнүктүү программам бар болчу. Аны биз командабыз менен кылдаттык менен аткарып жаткан болчубуз.
* Укуктук базаны түзүү боюнча
* Социалдык жактан камсыздоо боюнча
* Күжүрмөн даярдыктары, армиянын бөлүмдөрү, алардын материалдык базаларын жакшыртуу
* Келечекте кандай армияга токтолуу боюнча.
Кыскача айтканда, 2015-2020-жылдарга чейин жарым профессионалдуу армияны кармап туруш, ага чейин профессионалдуу армиянын базасын толугу менен түзүш. Мисалы, аскер кызматчыларынын үйлөрү боюнча эки багыт менен иш алып баруу:
1. Кызмат өтөп жаткандарга кызматтык үй эмес квартира менен штатта отурган кызматына жараша (эмеректери коюлган, мууздаткыч плиталары бар) камсыз кылуу.
2. Пенсияга чыкканда жашай турган үйү же квартирасы.
Жашы боюнча кайталап кетейин 5 жылдан 7 жылга чейин пенсия жашын көтөрүү ж.б.
3. Мобилизациялык резервди көбөйтүү армиянын сапатын жакшыртуу үчүн 70% армиянын санын келишим (контракт) менен кызмат кылууга мүмкүнчүлүк түзүп, ал эми жалпы аскердик милдетке чакырыла турган балдарды армия мектебинен көбүрөөк өткөрүү үчүн 1 жылдык кызматтан 4-6 айын кыскартып, 6 же 8 айлык аскердик кызматка өткөрүү, ал эми альтернативдик кызматты 2 жылдан 1,5 жылга, жашы өткөндөрүн 12 айга кыскартуу. Аларды биринчи мөөнөттө ооруларды кароо үчүн, мектептерди кайтаруу, бейтапканаларда иштетүү ж.б.
4.Бардык аскер кызматтагыларды бир министрликтин карамагына өткөрүп, бардыгына бирдей шарт түзүү - айлык акысы, пенсия, турак-жай менен камсыз кылуу ж.б.
Биз акча төлөп, бир айдын ичинде, бир жылдык кызмат өтөгөн жарандар менен бирдей укукта болуп калаарыбызды ойлогон эмеспиз. Офицерлер дагы акча берип, ар бир үч жылда жаңыдан контракт түзөт деген биздин оюбузда да жок болчу. Булардын бардыгы армиянын чиришине алып келет жана коррупциянын гүлдөшүнө жол ачат. Ушундай жол менен өнүгө берсек,биз сөзсүз түрдө коррупция боюнча биринчи орундагы өлкөгө айланабыз.
5. Эң негизгиси, пенсияга чыккандар жөнүндө. Офицер, прапорщиктер ар бир 3-4 жылда гарнизондон-гарнизонго которулуп иштегендеринин натыйжасында үй-бүлөлөрү практикада туруктуу эч жерде иштешпейт. Кээ бир жерде жумуш дагы жок. Мына ошонун айынан кокустан кырсык болуп же жумуш айынан ооруп же жөн эле жашы жетип пенсияга чыккан аскер кызматчыларынын көзү өтүп кетсе, үй-бүлөлөрү абдан оор акыбалда калаарын. Мындай фактылар бизде абдан көп. Ошондуктан, биздин реформанын бир жагы пенсияга чыккан аскер кызматчы "өтүп кетсе" пенсиясы аялы өткүчө же эң кичине баласы 18 жашка жеткиче күйөөсүнүн (атасынын) пенсиясын алып туруу. Ошондо гана, офицер, прапорщиктердин үй-бүлөлөрүн колдоого алуу, кызмат кылгандарга өзгөчө мамлекеттик деңгээлде камкордук көрсөтүү десек болот. Ошондо гана, чындыгында элин-жерин коргоо - ыйык милдет болот. Бүгүн, кызмат өтөө үчүн, чин алуу үчүн акча төлөп жатса, кайдагы ыйык милдет.
- Сиздин Садыркулов менен Слепченконун тегерегиндеги "күтүүсүз" окуяга көз карашыңыз кандай? Мунун артында кимдер турат деп ойлойсуз?
- Албетте, бул жалпы Кыргызстан элинин төбө чачын тик тургузган окуя болду. Жетер жерине жеттик окшойт. Азыр жалпы элибиз менен бирге ачуусуна, таттуусуна карабай жыйынтык чыгара турган убакыт келди. Мындан ары ушундай окуянын кайталанышы мүмкүн эмес. Коомчулук да жол бериш керек эмес. Мунун артында кимдер турганын, кимдердин колу менен жасалганын, биздин коом эчак эле билип алышкан. Сиз экөөбүз артта калганбыз.
Азыркы бийликте отурган атка минерлер "ауди" автомашинасы менен сүзүшүп, анан күйүп кетиптир деген ой-пикирди элге сиңирүүгө болгон аракеттерин жасап жатышпайбы. Ага бешиктеги бала дагы ишенбейт. Жанагы жоокерлердин анекдотторундай "Катардагы жоокер ротанын старшинасы - прапорщиктен сурап жатпайбы, "Жолдош пропорщик крокодил учабы?" деп прапорщик "Катардагы жоокер Баланчаев, сен эмне акмаксыңбы? Крокодил учканын көрдүң беле? Крокодил деген неме учпайт, кулагыңа куюп алгын - учпайт" десе, жоокер Баланчаев "Жолдош прапорщик, кечээ эле ротанын командири айтпадыбы крокодил дагы учат деп"-десе, анда прапорщик, "ротанын командири туура айтат, крокодил учат, бирок, пас-пас эле учат" дептир. Укук коргоо органдарынын жетекчилери, прокурору дагы анекдоттогу прапорщиктей болуп жатпайбы.Бизге ошол прапорщиктей болгон жетекчилердин мындан ары кереги барбы? Алар жумуштарынан канчалык тезирээк кетишсе, коомго ошончолук пайда болот беле. Ким ишенет? "Пил менен эшек сүзүшүп кетип, пилди жарылып өлүп калды" десе. Бул жерде да эл арасында айтылган пикирлерге кошулуп, мен дагы айтар элем. Аларды мурун өлтүрүшүп, анан өрттөшкөн. Мындай ойду Эльмира Ибраимова дагы айтпадыбы. Ошону менен бирге аягына чейин "иштерин" толук аткара албай калышкан. Аягына чейин дегеним - машиналарды жарга кулата алышпай калган.
- Президент, "өзүмдүн жеке көзөмөл үмдө турат" деп, изилдөөн ү органдарга тапшырды, акыйкат жыйынтык чыгаарына сиз ишенесизби?
- Президент айтабы, айтпайбы бул анын Конституциялык милдети, экинчиден Башкы Прокурорду, Ички иштер министрин, Коопсуздук комитеттин жетекчисин өзү жеке тандап туруп койгон. Алардын ишинин жыйынтыгы түздөн-түз президенттин жоопкерчилигинде. Ойлоп көрсөк, түнкү саат 2:30да биздин чек арага өтсө, үйлөрүнө "мына чек арага өттүк, бирок биздин статусубузга, дипломатиялык паспортубузга карабай кое бербей жатышат" деген сөздөрдү кээ бир жолдошторуна телефондору аркылуу айткан экен деп жүрүшпөйбү. Андан кийин " кетип жатабыз" - деп кабар бербесе, ар бир эле адам "ошол жерде эле аларды тиги дүйнөгө жөнөтүшүптүр" - деген тыянак чыгарганга негизи бар. Биз деле ошондой болсо керек деген ойдобуз. Ошондуктан, адилеттүү жыйынтыктын чыгышына жеке мен такыр ишенбеймин. Менин оюмча, адилеттүү жыйынтык чыгарыш үчүн же жок дегенде кичинекей ишенимди пайда кылыш үчүн биринчи, үч-төрт жетекчи өз арыздары менен жумуштарынан кетиши керек эле. Кимдер? Мырза М.Суталинов, М.Конгантиев, Ж.Бакиев жана Э.Сатыбалдиев, убактылуу изилдөөгө чейин чек ара кызматынын төрагасы З.Молдашев эмненин негизинде анын кол астындагы кызматкерлери кечеги президенттин эң жакын адамы, жеке президент үчүн эмгеги Адахан иним айткандай сиңмек тургай 2-3 метр жердин түбүнө кирип сиңген, президенттин буйругун аткарамын - деп жалпы элге "бокочо" көрүнгөн администрациянын жетекчисин дипломаттык паспортуна карабай, бир топ убакыт кармап тургандыгы үчүн жооп бериши керек.Бирок,ага да бирөө буйрук берди да.
Экинчиси, президент мамлекеттик изилдөө комиссиясын түзүшү керек болуучу. Алардын курамына укук коргоо органдардан башка, коомдук ишмерлер, тууган-уруктары, оппозициянын жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, депутаттар кириш керек болчу.
Ушундай болбойбу, эл арасында "азыркы бийликте отургандардын түздөн-түз тиешеси бар" - деген пикир кала берет. Албетте, "А.Жекшенкуловдун тапанчасынан түрк ишмери өлтүрүлүптүр" - дегендей , азыр колунда байлык, бийлик, аскер анекдотундагыдай ротанын старшинасы менен прапорщиктей жетекчилер турганда, жок кыла турган опоненттеринин же оппозициянын лидеринин бирине "шилтеп-илип" койбошуна ким кепилдик бере алат?
Ошондуктан, бардыгыбыздын алдыбызда азыр бир гана маселе болушу керек. Мындан кийинки террорду кантип, кандай жол менен токтотуу жөнүндө. Ал, бийлик системасын өзгөртүү, үй-бүлөлүк режимге жол бербөө.
Маектешкен Эрнис БАЛБАКОВ