Канга колун жууган,
баңги, аңги тууган
Мекен үчүн көкүрөгүн ДЗОТко тоскон кыргыздын баатыр уулу Чолпонбайдын ысымын булгаган, биздин замандык Чолпонбайдын жасаган кылмыш ишин уккан кишинин төбө чачы тик турат. Ушунчалык мыкаачылык менен өзүнүн жакын туугандарынын көзүн тазалап коюп, анан билмексен болуп аза күтүп, сөөк коюу зыйнатына катышып, көз жашын төгүп турган адам деги кыргызда болчу беле? Деги кыргыздар ыйманыбыз кетип, не деген заманга баратабыз? "Үч уктасак түшүбүзгө кирбеген", мындай тири шумдук окуя, "тфү!" кыргыздын башына келбесе экен деп, ушул окуянын чоо жайын кененирээк жазалы дедик.

Бул окуяны жазууга да кол барбай турат. Эжелерибизди урматтап, карындаштарыбызды ызаттап өскөн кыргыздын тукумунан да канкорлор чыкканы улуттук намысыбыздын арына тийип тургансыйт. Токмок шаарындагы Циалковский көчөсүндөгү 17 номурлуу үйдө 11-март түнү төрт адам жырткычтык менен өлтүрүлгөн. Өлтүрүлгөн ушул үйдүн элүү эки жаштагы ээси Жыпаркүл Сыргабаева анын бир тууган сиңдиси Майрамкүл Мураталиева жана он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек неберелери он төрт жаштагы Алина менен тогуз жашар Чынара. Буларды акыркы сапарга узатаар сыяпатына Токмоктун "Сахзаводунда" жашаган кошуна-колоңдордун баардыгы түп көтөрүлө келишти. Тагдырдын тамашасын карабайсыздарбы, сөөк коюла турган боз үй батпай короо-жайы тар болгондуктан, бул маркумдардын сөөгү өздөрүн мыкаачылык менен өлтүргөн киши өлтүргүчтүн үйүнө коюлду. Мыкаачы Чолпонбай Эсеналиевдин атасы Жыпаркүл, Майрамкүлдөр менен бир тууган болгондуктан, баардыгы ойноп-күлүп, балалыгын ушул үйдө өткөзгөн. "Чыккан кыз чийден тышкары" деп, кыздар турмуш куруп кеткен соң, ыраматылык энесинен калган үйдү бир тууган иниси ээлеп калат. Ушул үйдө туулуп өскөн эже-сиңдинин сөөгү, ушул үйдөн узады.
Ошол каргашалуу түндү жакындары менен бирге кошуна-колоңдору да ар бир мүнөтүнө чейин көз алдына келтирип элестетет. Ошол түнү жаратылыштын да жаны жай албай буркан-шаркан түшүп жаткан дешет. Кечке маал кошуна-колоңдору он төрт жаштагы Алинанын таштандыларды чогултуп алып, өрттөп жатканын көрүшкөн. Көрсө аны жана Жыпаркүлдү акыркы ирет көрүшкөн экен да.
"Ошол түнү катуу шамал болгон" - дешет кошуналары. Балким, шамалдын үнү өлүм алдында далбастап жаткан эже-сиңдилердин, наристелердин аянычтуу чаңырган үндөрүн угузбай койгондур. Жакын жашагандардын эч кимиси ал түнү болгон ызы-чууну, жардам сураган аянычтуу добуштарды уккан эмес. Айыпкердин айтуусунда эч ким үн чыгарган эмес, бирок, ага эч ишенүүгө болбойт. Төрт адамды катары менен койдой мууздап жатса, кантип үн чыгарбасын. Эми бул тири укмуш мыкаачылыкты сөз менен айтып берүүгө да мүмкүн эмес. Ажалды өз жакын тууганынан тапкан бул шордуулардын тамтык жери калбай жараланган. Мындай ишти жырткыч да жасабайт. Бычак менен сайылбаган жери калган эмес, башы-көзү талкаланган, буту-колунун сөөктөрү сындырылган, бычак менен денелери тилинген, деги койчу жырткыч айбандар да бири-бири менен кармашса, мындай жырткычтыкка барбас эле. Эжелерин, айрыкча кичинекей кыздардын кордолгон сөөгүн кароого адамдын дити барбайт. Канкор аларды жырткычча кыйнап өлтүргөнү аз келгенсип, алкымдарына бычак сайып, койчо мууздап салган.
"Кан алыска узатабы?" шордуулардын мыкаачылык менен өлтүрүлгөн сөөктөрүн кечке жуук гана кошунанын баласы көрөт. Эмнегедир булардын үйүндө бир шойкомдуу окуя болгонун сезгендей, алардын үйүндө кирип-чыккан адамдардын жок болуп калганын байкаган кошуналары ал-ахбалын сурап коелу деп, дарбазасын такылдатышканына эч ким жооп бербейт. Эстүү кошуналары кооптонушуп, жаш өспүрүм баланы дубалдан секирип өтүп, байкап келүүсүн өтүнүшөт. Дубалдан секирип өткөн байкуш баланын бычакталып жаткан жылаңач аялдын сөөгүн көргөндө жүрөгү түшүп, атып чыгат. Анын сөзүн угуп шок болушкан кошуналары Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө кабарлашат. Бирок, алар бул окуяга көп маани бербей күттүрүп келбей жатканынан "102" номерине телефон чалышат. Бишкектин оперлери салып-уруп, Токмоктун оперлери менен бир убакта эле келишет.
Өлүктөрдүн жанында канга боелгон эки бычак, чайнек жана башка куралдарды табышат. Үйдөн алтын жана күмүш буюмдар, үч кол телефон, сан арип фотаппарат жана үч миң доллар, бир канча миңдеген сом уурдалганы белгилүү болот.
"Өлтүрүлгөн аял, кыздардын баарынын ич кийимдери чечилгенине караганда, алардын зоордукталганы да билинип турат"- дейт кылмыш болгон жерди изилдеген Токмок ШИИБнин начальнигинин орун басары Замир Сыдыкбаев - Азырынча бир жактуу жыйынтык чыгарууга эрте, себеби гинекологиялык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Андан тышкары, биз криминалистикалык, дактилоскопиялык жана психиатрдык экспертизага да жөнөттүк".
Бул жерде эмне шумдук окуя болгонун кылмышка күнөөкөр катары кармалган өлтүрүлгөн адамдардын тууганы жыйырма жети жаштагы Чолпонбай Эсеналиев гана сүрөттөп бере алат. Эки жолу түрмөгө отуруп келген, жумушсуз эки жаштагы кыздын жана эки айлык баланын атасы бул канкорго башка деле жакшылыктуу мүнөздөмө берүүгө болбойт. Жакындарынын айтуусу боюнча эмгек сиңирген, эң чоң эмгеги баңгизаттарга башын бекем байлап алган, бул мыкаачы, ийнесиз жашай албай калган экен. Тергөөчүлөр азырынча мунусун далилдей элек. Чолпонбай өзүнүн кылган ишин толугу менен мойнуна алып:
- Мен эмне болуп кеткенин ушул кезге чейин түшүнбөй турам, - деп актангысы келет - Мен эртеси эртең менен гана өзүмө келип, түндө эмне кылганымды эстеп, өзүмдүн төбө чачым тик турду - дейт.
- Эмне себептен аларды ушунчалык кыйнап өлтүрдүң? Аео сезими болгон жокпу? - деген суроого:
- Мен да билбейм, ушунун бардыгы түшүмдө болуп жаткандай сезилген. Эми гана аяп турам. Жыпар эженин кыздары менен пикир келишпестиктер болгон. Анын кызы Чынаранын апасы Назира атам менен чатакташып кеткен. Бул мурун болгон окуя эле, ошон үчүн менин андан өч алайын деген көптөн бери оюм бар болчу.
- А сен төрт адамды кантип өлтүрдүң? Же сага кимдир бирөө жардам бердиби?
- Жок, мен жалгыз эле жайладым, - дейт бетпак киши өлтүргүч.
Өзүнүн берген түшүнүктөрүндө Чолпонбай жакын туугандарынын өлүмүнө шылтоо, анын аларды жек көргөнүнөн улам пайда болгонун мойнуна алат. Анын айтуусу боюнча үч жыл мурун үйлөнө турган болгондо, "үрүп чыгаар ити жок" үйүндө нанга да тыйын жок эле, ошондо Жыпар эже бир кой жардам берген экен. Өзүнүн кичүү инисинин баласы үйлөнүп жатса, колдо болгон жардамын аямак беле. Ушул кой кийин кокосуна бычак болуп такаларын кайдан билиптир, шордуу! Бирок, ыңгайлуу учур келген кезде Жыпар эжеси, койду кайтарып берүү жөнүндө эскертип турган имиш. Ал эми бир жолу катуу чырлашып, урушканга чейин барышкан. Жыпар эженин ортончу кызы Чынара Чолпонбайдын атасынын бетин тытып жиберген. Түрмөдө экинчи жолу отуруп, былтыр мартта бошонуп келген Эсеналиев андан кантип өч алуунун планын түзүп, ишке ашыра турган күндү күтүп жүргөн. Демек, ушул адамдардан өч алууну Чолпонбай бир жылдан бери пландаштырып келаткан экен.
Өч алуу планын ишке ашырууну Чолпонбай өзүнө ылайыктуу убакта баштаган. Ушул күнү Жыпаркүл эжеси үйдө неберелери менен гана калган. Аны менен дайыма чогуу жашаган, жогоруда эскерип кеткен Назира, ошол күнү конокко кеткен. Бирок, ал күнү Чолпонбай эсепке албаган атасынын дагы бир бир тууганы Майрамкүл улуу эжеси Жыпаркүлдүкүнө келип, ал түнү конуп калат. Анын бул жерде экенин билбегени менен, аны деле аркы дүйнөгө узатышка анча деле көп күч кеткен жок.
Чолпонбайдын айтуусунда түнкү саат үчтөрдө ал өч алууга келет. Эшикти алар бекитип жатчу эмес, себеби, чоочун адамдар келчү эмес, а өздөрүнүн жакындарына дайыма эшик ачык болчу. Ушул түнгө чейин алардын тынчын эч ким деле алган эмес. Эң биринчи Чолпонбайдын колуна үйдүн ээси Жыпаркүл Сыргабаева туш келет. Чолпонбай эжесин муунтуп өлтүргүсү келген, бирок ал уйкусунан чоочуп ойгонуп каршылык көрсөтүп, аны полго жыга чапкан. Намыстанган иниси бычагын сууруп чыгып, сайып жиберген. Бир гана сайып тим болбостон, туш келди он чакты жерге бычак сайган.
Таң калычтуу нерсе катарлаш бөлмөдө байкуш кыздар ызы-чууну сезбей кызуу уйкуда жатышкан. Адам түспөөлүнөн кетип калган айбан биринчи алсыз жана кичинекей Чынаранын жанын жаннатка узаткысы келген. Ошол маалда ойгонуп кеткен Алина ачуу кыйкырып, Чынаранын жанын сактап калыш үчүн киши өлтүргүчкө асыла баштаган. Ачуусу келген мыкаачыдан Алина абдан көп запкы жеген. Аны бычак менен сайгылап кескилегени аз келгенсип, чайнек менен башын жанчып таштаган. Алинаны аеосуз аркы дүйнөгө узаткан соң, Чолпонбай чолпондой болгон Чынараны чырпыктай кезде жанын сууруп алды. Үчөөнүн көзүн тазалаган соң гана жарыкты күйгүзүп, эртеден бери болуп жаткан ызы-чуудан бейкапар, камырабай уктап жаткан, бул үйгө ажал айдап келген Майрамкүл эжесин жырткычтык менен өлтүрүп, бир саатка жетпей төрт жакын адамдарынын өмүрүн кыйды.
(Уландысы 6-бетте)

Чакырыкта "К.Бакиевсиз шайлоого!" баруу маанилүү экендиги талашсыз. Ал эми айрым жоромолдо Ж.Бакиевдин, М.Бакиевдин да президенттик постко ат салышуусу мүмкүн болуп отурат. Тарыхтын дагы бир тамашасы, илгери Кокондун ханы Кудаярды бийликтен көтөрүлүшчүлөр ажыратса, анын ордуна уулу Насирдинбекти койгондой кеп болорун БЭКтегилер ойлоду бекен? Бир Бакиевдин ордуна экинчи Бакиев бийликке келсе, анда элди дүрбөтүүнүн зарылдыгы канча? Азыр шайлоо бүтүндөй Бакиевдерсиз өтүшүн камсыз кылуу зарыл. Эгер алар ошончолук күчтүү болсо, кийинки президенттин мөөнөтү бүтөөрдө ат салышсын. Бул алардын калыстыгын гана көрсөтөт. Демек, "шайлоо К.Бакиевсиз өтсүн" - чакырыгы "... Бакиевдерсиз..." деп өзгөртүлүшү керек.
Кептин ачыгы, карапайым калктын бийликке ишеними аз экендиги тастыкталып отурат. Бирок, элдин кыймылын майда мүдөөлөргө колдонбостон, бийлик максаттарды ишке ашырууга пайдалануу жагын ойлонуучу учур жетти. Ал эми муну оппозициядагылар кандай деңгээлде, кандай даражада колдонушат? Буга жооп берүү кыйын. Бирок, кыргыз оппозициясынын "балалык оорусу" аларды "эки кадам артка, эки кадам алдыга" жылдырды. Алардын түрдүү саясий интрига жана жеке амбициялары үчүн күрөш жүргүзүүсү артка карай биринчи кадамы болсо, ушул мезгилге чейин өз лидерин аныктабай келиши артка экинчи кадамы болуп отурат. Ал эми ошол оор шартта оппозициянын биригиши "бир кадам алга" жылгандыгын көргөзүүдө.
Бийликке элдин нааразылыгы күчтүү экени - далилдөөнү талап кылбаган аксиома. Бирок, күрөш жүргүзүүдө мурдагы күрөштүн артыкчылыгын өздөштүрүп, кемчилигинен арылууга оппозиция милдеттүү эле. Мисалга алалычы, 2006-жылдын ноябрь козголушунда оппозиция саясий талаптар менен катар бийликтин чечпей келген социалдык-экономикалык маселелерин катуу козгогон. Натыйжада, эл бийликке катуу талап коюу менен ошол козголуштун кыймылдаткыч күчү болуп, бийликти титиреткен. Ал эми 2007-жылдын апрель айында жалаң саясий талаптар коюлгандыктан, бул калктын калың катмарынын толук колдоосуна ээ боло алган эмес. Мына ошол өзгөчөлүктөр, 27-мартта митингде эске алынбагандыгы ачык көрүндү.
Мындан тышкары, эгерде бийлик саясий талаптарды аткарбаса, 20-апрелде кайрадан жалпы элдик кыймыл башталары резолюцияда белгиленди. Өкүнүчтүүсү, төрт жыл бою талап коюп, тынымсыз кайрылуулар жасалып келгенине карабастан, ушул мезгилге чейин жыйынтык чыгарбай келген бийлик - эми эсине келерине ким ишенет? Бул кайрылуулар 27-мартка чейин берилип, ал аткарылбаган соң чечкиндүү аракетке өтсө болмок.
Жылдырылган мөөнөттөгү ар бир күн бийликтин элдин кыймылын басууга күч топтоого мүкүнчүлүк түзүү болуп саналат. Ушул аралыкта аскердик-жандармдык бийлик оппозициянын жана БЭКтин калган лидерлерине "кылмыш" ишин козгоп, баш коргоо чарасын камакка алуу менен жүргүзүүгө жол ачылаарын неге ойлонгон жок? Мына ушунун өзү оппозициянын артынан канжар уруу болуп жүрбөсүн? Ошол учурда "этин эмес, табагын таап ал" дегендей, али такталбаган "лидерди" эмес, жаны ачып, бийликке каршы эл нааразылыкты билдирип чыкканда, аларды жетектөөчү оппозиционерлердин бирди-жарымын таппай калып жүрбөйлүк?
Өлкөдө башталган репрессия, саясий куугунтуктоолор күч алган кезде, кырдаалга карата аракет жасалбай, бир күнкү митинг өткөрүүгө убаракерчиликтин дегеле зарылдыгы бар беле? Ушул менен элдин оппозицияга кайрадан жанган ишенимине муздак суу сепкен жокпузбу? Эң негизгиси, 20-апрелде элибиз жапа тырмак 27-марттагыдай уюшкандыкта келип береби? Ушул мөөнөттө элдин кыжырдаанулары басаңдап, ага кошул-ташыл жазгы талаа жумуштары кызуу башталган учурга дал келээрин неге ойлонгон жок?
Буга жооп берер жан да жок. Чечилбеген түйүндөр, жоопсуз калган суроолор...
Эртабылды Аттокуров