Бириңерден бириң эр, президент болчу кимиңер?

Мамлекет башчысы катары Кыргызстандын келечегине кам көргөн, өлкөнүн кыйраган экономикасын жөнгө салып кетээр, Ата-Мекенибиздин бүтүндүүлүгүнө аяр жана камкор мамиле жасай турган чыгаан жигиттерибиз көп. Алардын ар биринин атын атап отуруунун зарылдыгы деле жок. Анын үстүнө лидерлердин аттарын ачык айтуудан да азыр көпчүлүк коркуп олтурат. Анткени, бийлик эртеңки күнү аларга ар түрдүү шылтоо менен кылмыш ишин козгоп коерун эл деле түшүнүп калды. Бирок, ошого карабастан алдыдагы президенттик шайлоого карата кимди лидер катары санашаарына жана кимге ишеним көргөзөөрүнө кызыгып, айрым гезит окурмандарыбызга ушул багытта суроо менен кайрылганбыз.
Кийинки президент кандай адам болушун каалайсыз?
Бектурсун Турмалиев,
пенсионер:

- Менин оюмча, Текебаевдин эмгеги күчтүү. Бекназаров бар. Сариев деген бала чыкты ал деле түзүк. Ал эми эл ишенген Кулов баарыбызды сатып кетпедиби. Байкашыма караганда Бакиевдерди бийликтен кетириш кыйын болуп калды. Бул киши мамлекет башчылыгына келген төрт жылдан бери кыргыздын не бир жигиттери киши колдуу болуп жок болуп кетүүдө.
Шайлоолорду далай эле көрүп жүрөбүз. "Кимди ким көрдү, Былжырбайды там басты" болуп эле өтүп келатпайбы. Кезектегиси деле ошол калпында өтөт да.
Акчалуулардын гана заманы болуп калбадыбы. Алар "коррупциялашкан" ыкма менен байып алып бийликтин колтугунда олтурушат. Акчасы жок карапайым эл өз талабын айтып көтөрүлсө "атабыз"- деп коркутуп, элдин эмес, өз кызыкчылыгын коргоп жатышат.

Көчкүнбек Бакиров,
Бишкек шаарынын тургуну:

- Кыргызстандын жараны катары мамлекетибиздин тагдырына бушайман болбой койбойм. Ушул оор замандан батыраак чыксак экен деп тилейм. Ал үчүн элинин кызыкчылыгын ойлогон бакубат жашоого жетелеген президент болсо. Эгер таза шайлоо өтсө, андай адамдар бийликке келип калышы да мүмкүн.
Азыр биз "XXI кылымда жашап жатабыз"- деп мактанабыз. Бирок, кыргыздардын жашоо-турмушу ошол иновациялык жаңы жашоого шайкеш келбей жатпайбы.
Андыктан, ар бир атуул өлкөнүн келечегине кайдыгер болбосо ошол таза шайлоого умтулушубуз керек.

Мырзабек Шералиев,
юрист:

- Оппозициядан бирөө президенттикке келсе туура болмок. Себеби, Бакиевге эл ишенбей калды. Эгер шайлоо калыс өтсө ал ашып кетсе 10-15% добуш алышы мүмкүн. Бирок, Кыргызстанда таза шайлоо өтүшү мүмкүн эмес. 2007-жылдагы партиялык тизме менен өткөн парламенттик шайлоодо каратып туруп эле элдин добушун бурмалап коюшпадыбы.
Президенттик шайлоого Курманбек Бакиев өзү барса же мураскерин көрсөтсө, анда оппозициялык күчтөр биригип, бир эле лидерди президенттикке талапкер кылып алып чыгышса гана жеңишке жете алышат. Болбосо, фальсификация жолу менен административдик ресурстар колдонулуп кетет.
27-марттагы митингде көрбөдүкпү тууган-туушкандарынан башкасы түштүктүн да, түндүктүн да эли Бакиевди каалабай калыптыр.

Медет Сариев,
экономист:

- Биз учурда дасыккан экономист, финансы жаатын терең түшүнгөн адамга муктаж болуп турабыз. Саясатчылардан пайда жок экен. Булардын сөзү менен иши көп учурда айкалышпай калууда. Мунун кесепетинен көп инвесторлор биздин өлкөгө келбей калды. Иш билги жигиттер жүгүрүп жүрөт "инвестиция тартып келебиз"- деп. Аларды да жөн койбой "доляга" олтурабыз деп - өйдө жакта олтургандар тоскоолдук кылып жатышат.
Кыргызстанда байлык жок эмес, көзүн таап иштетем деген киши болсо толтура. Эмне үчүн иштетишпейт? Себеби, кыргыз элинин душмандары бут тосуп жатат да.

Саламат Берикбаева,
технолог:

- Биринчиден, жаш болсун деп ойлойм. Экинчиден, кайсыл тармакта болбосун дасыккан адис адам келсе. Бир мамлекетти эмес, үй-бүлөңдү теске сала албай кээде убара тарткан учурлар болот. Ошондуктан, иш десе ишке тойбой турган жаңы көз караштагы жаштардын арасынан президент көргүм келет.
Президент көптү билген адис адам болсо, ал жооптуу кызматтарга өзүнө окшогон адамдарды коймок. Бүгүн адистигине карабай эле баягыларды эле утур бир креслого олтургузат. Жаңылануу деген жок. Адис адам ордунда олтурбаса эч кандай өнүгүп-өсүү деле болбойт. Биз эми адашпай, алданбай татыктуу президентти тандап алышыбыз зарыл.
Сөздүн чынын айтсам, кандай өлкөдө таза шайлоо болот билбейм. Бизде оңою менен шайлоо ачык-айкын өтпөй калды го. Мунун кесепетинен башка өлкөлөрдөн артта калып жатабыз. Мисалга, кечеги эле 27-мартта болуп өткөн митингди алалы телевизордон "эл аз болду"- деп көрсөтүп жатат. Элдин көбүн мен өз көзүм менен көргөм. Бурмаланган калп сөздөрдү УТРКдан уккан соң ирээнжий түштүм.

Роза Курбанкулова,
мугалим:

- Дүйнөдөгү финансы-экономикалык кризиске карабай биздин деле турмушубуз акырындык менен өтүп жатат. Ага карабастан саясат деген саясат тура. Ушул жылы президенттик шайлоо болот экен. Эң негизгиси мамлекетибизде стабилдүүлүк болуп, шайлоо ызы-чуусу жок тынч өтсө экен. Эгер президент өзүнүн ой-максаттарына жетпей калдым десе. Экинчи мөөнөтүнө жалпы элге жаккан таза адамды мураскер кылып көрсөтсө туура болмок.

Гүкүн Исмаилова
пенсионер:

- Кыргыздардын бир жаман жери, түндүк-түштүк деп бөлүнмөйгө өтүштү. Биздин убакта андай түшүнүк жок болчу. Кыйын балдар жок эмес, бар. Бирок, алардын чар жайыт болуп баштары бирикпей жатканы абдан өкүнүчтүү. Ар кимиси мен кыйын дебей "бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып" жапа тырмак иштеп, өлкөнү өнүктүрүп кетишсе абдан жакшы болмок. Президенттикке талапкерлер такталгандан кийин улгайган жашыма карабай, өзүм тандаган кишиге добуш берем.

Жайлообек Мадияров,
Бишкек шаарынын тургуну:

- Кыргызстандын элинин жашоо-турмушун оңдоп, экономикабызды көтөрө турган, мамлекетибизге бакубат жашоо алып келген кыргыздын жигити президент болсо. Эл арасында компитенттүү ишин тың билген адамдар көп. Колубуз кур эмес. Эл да мурдагыдай караңгы эмес, өткөн шайлоолордон сабак алып калышты. Шайлоону таза өткөрүүгө ар бир адам умтулса, көпчүлүк тандаган президент мамлекет башына сөзсүз келет деп ишенем.
Суроо салган,
Гүлниза Молдокулова