Ислам дининин душмандарына жооп
Адегенде эле көңүл бурчу нерсе ал: Темирбек Дүйшекеев деген өзү ким экендиги. Яхудийби, христианбы, сектантпы, бутпарасбы же теңирчиби? Буга жооп берүү кыйын. Бирок бир нерсе айдан ачык: Ал - Ислам дининин душманы.
Т. Дүйшекеевдин "Ачык саясат" гезитине март айынын аяк чендеринде басылган "Дин жана дил тууралуу" аттуу макаласын окуп алып: "Буга жооп жазуу менен алектенип убактымды кетирбей эле кол шилтеп койсомбу?" - деп эки анжы болуп турдум эле бирок макаласынын акыркы бөлүгүндөгү Исламга, Курандын аяттарына пайгамбарыбызга, анын зайыптарына абийирсиздик менен асылып, жалаа жапкан жерлерин окуп алып колго калем алдым.
Ошентип, Т. Дүйшекеев өз макаласынын баш жагын ислам динин тутунгандардын: Манаска сыйынбоо жөнүндө айтып жүргөндөрүн сындоо менен баштаган экен. Буга карата авторго, жалпы эле ага окшоп адашкандардын баарына айтаарым: Жаратылган эч кимге жана эч нерсеге эмес баарын жараткан - Жараткычтын бир гана Өзүнө сыйынуу керек! Ислам мына ошол туура жолду көргөзөт.
Анткени Кудайдын ыйык Куранында: "Жаратуучу менен жарата албаган бирдей болобу?!" (Ан-Нахл. сүрөөсү 17-аят). "Алладан башкага чакыргандары эч нерсени жарата алышпайт, алар өздөрү жаратылгандар" - деп таасын белгиленет (Ан-Нахл 20-аят).
Ал эми Жараткычтын өзүнөн башка кимдир бирөөлөргө же бир нерселерге б.а. материалдык обьектилерге, же арбактарга сыйынуу Алла тааланын алдында кечирилгис зор күнөө. Муну билбей жасап жүргөндөр болсо тез арада тообо кылып, Жараткычтан кечирим суроосу шарт!
Т. Дүйшекеев: Ал Имран сүрөөсүнө байланыштуу: бурмалап салды деп айтышпасы үчүн Курандын академик, Крачковскийдин котормосунан орусча берели дейт да, орусча котормодон үзүндү келтирет: Кеп, анын урматтуу академик И.Ю Крачковскийдин котормосун пайдаланганында эмес, кеп, аталган 67-аяттын арабчасы: "Маа каана Ибрахийма йахудиййа ва лаа насраниййа ва лаакин каана ханийфан муслиман ва маа каана минал мушрикийна" - деп турат (астын сызган мен Д.А) кеп мына ошондо.
Аталган аяттын кыргызча мааниси Ибрахим пайгамбардын ханиф мусулман болгондугун далилдейт. Анткени оригиналдагы: "муслиман" - деген сөз бир гана Жараткычка ишенип сыйынган мусулман дегенди түшүндүрөт. Кеп, анын мына ушуну түшүнбөй калганында болуп олтурат.
Т. Дүйшекеев макаласында: "...ханиф" деген сөз мусулман дегендикти түшүндүрбөйт.." - дейт. Оригиналдын кыргызча котормосунун мааниси "ханиф мусулман болгон" б.а. бир гана Кудайга берилип ишенген "нагыз мусулман болгон" болот. Анткени жеке Ибрахим пайгамбар же Мухаммад алайхиссалам эмес, тээ Адам атабыздан берки бардык пайгамбарлар мусулман болушкан жана бир гана Кудайга ишенүү жана ага баш ийүү болуп саналган Ислам динин таркатышкан. Ошол, Ислам дегендин өзү бир гана Кудайга ишенип,Ага моюн сунууну билдирет.
Дагы бир белгилей кетүүчү нерсе, Т. Дүйшекеев пайдаланган, алгач ирет 1963-жылы жарык көргөн, Курандын котормосунун экинчи басылышына карата П.Грязневич жазган предисловиесинде да аталган котормо тууралуу: "... новый русский перевод Корана был осуществлен им лишь в первом, еще рабочем варианте, не обработанном окончательно и естественно, не предназначавшемся в таком виде для печати" - деп турат. (Караңыз: Перевод и комментарии И.Ю. Крачковского. 1990. 9-бет).
Жогоруда сөз болгон 67-аяттын аягындагы: "... маа каана минал мушрикийна" - дегендин мааниси Ибрахим пайгамбар көп кудайга сыйынгандардан (мушриктерден) эмес эле" - дегенди билгизет. Алланын ыйык Куранындагы мушрик, деген терминдин мааниси шерик кошуучу дегенди б.а. бир Кудайдан башка жалган кудайларга, башка нерселерге да кошо ишенген ишенип гана жөн болбостон ага сыйынган нагыз караңгылыкты түшүндүрөт. (Кудайым биздин элди мына ошондой караңгылык, ыпластыктан, Ибилистин, жин-шайтандардын ошондой чоң азгырыгынан сактасын!!!)
Т. Дүйшекеев макаласында мен (Д.А.) жана Саматов тууралуу: Ислам динин мактап, жактап, арабдарды кыргыз элинен өйдө койушуп - деп сындап жана каратып туруп жалаа жабат.
1. Акты ак, жакшыны жакшы, туура нерсени туура деп - жактап же мактоого эмне үчүн болбосун?! Ислам, Кудайдын эң таза, туура жолу аны Адам атабыздан бери бүткүл ыймандуулар, такыбалар, туура жолдогулар тутунуп келе жатышкандыктан ал мактоого албетте татыктуу. Бүтүн дүйнөдө бүгүнкү күндөрдө дал эле Исламга умтулуунун өтө күчтүү болуп жатышы, ал эми Батыш - Европада жана АКШда тескерисинче чиркөөгө баргандардын саны кескин азайып, чиркөөлөрдүн жабылып ал гана турсун дискотекага ж.б. жайларга айлантылып, же мечит кылуу үчүн мусулмандарга сатылып жаткандыгы буга далил. Т. Дүйшекеев өз макаласында кандайдыр жан тарткансып кеп кылган буддизимдин ал - абалы деле алардыкынан (Батышдагылардыкынан) артык эмес. Кришнаиттер тууралуу сөз кылбай эле коелу.
Ыйык Куранда: "Иннаддийна индаллохул ислам" Мааниси: Аллахтын алдындагы кабыл болгон акыйкат дин ислам дини (Ал Имран 19-аят) "Бүгүн Мен силердин диниңерди (Исламды) толук кылдым..." (Маида с. 3-аят) - деп Исламга мүнөздөмө берилген
2. Т. Дүйшекеевдин биз тууралуу"... арабдарды кыргыз элинен өйдө коюп: ..." - деп эч далилсиз жапкан жалаасына келсек андай ой, аракет бизде дегеле жок жана болбойт дагы! Анткени дегеле Ислам дининин бүтүндөй духу, ыйык Куран, Пайгамбарыбыздын осуяттары андай адилетсиз аракеттерди кылууга жол бербейт. Тескерисинче, буга чейин дүйнөнү бүлүнтүп келген жана эми да бүлүнтүп жаткан расизмге, фашизмге, улутчулдукка, трайбализмге жана социалдык жиктелүү себебинен артыксынууга Ислам идеологиясы түп-тамырынан бери каршы. Анткени Кудайдын бүткүл аалам калкы үчүн жиберген ыйык Куранында:
"Эй адамдар! Биз силерди бир эркек (Адам) жана аялдан (Хава) жараттык жана бири-бириңерди таанып билүүңөр үчүн уруулар жана элдер кылып койдук. Албетте, Аллахтын алдында силердин эң сыйлууңар - такыбааңар"- деп айткан. (Хужуурат сүрөөсү 13-аят)
Жогорудагы аяттан көрүнүп тургандай эгерде Аллах Таала кайсы бир элди сыйлуу, артык кылып жараткан болсо анда келер чак менен мына ушул эл ушундай болот деп ошол элди атап көргөзгөн болор эле. Бирок, ал өзүнүн алдындагы эң сыйлуулар - такыбаалар экендигин таасын белгилер көргөзүп олтурат. Куранда айтылган такыбаа (таква) деген сөздүн мааниси ыйманы күчтүү, кудайдан корккон, туура жолдо таза жүргөн, кудайга сыйынган деген өңдүү кеңири маанилерди камтып турат.
Ошондой эле Кудайдын адамдар жана жиндер үчүн жиберген элчиси Пайгамбарыбыз:
Силердин агыңар караңардан артык эмес, байыңар кедейиңерден артык эмес, арабыңар араб эмесиңерден артык эмес; Силердин эң артыгыңар - Алладан коркуучу такыбааңар" - деп айдан ачык көргөзгөн!
Пайгамбарыбыздын эң жакын, сүйүктүү сахабаларынын арасында да кара жүздүү негрлер да ж.б. ар түрдүү улуттардын өкүлдөрүн болгон. Бул идеялдуу интернационалдуулук эмей эмне? Пайгамбарыбыздын осуяттарында ал турсун, силерге эгер капкара жүздүү негр өкүмдар болуп калса да ага баш ийгиле - дегендей буйруктар айтылат. Мына барып жеткен калыстык, адилдик.
Демек Алланын алдында бир адамдын экинчи бир адамдан же болбосо бир элдин экинчи бир элден артыкчылыгы алардын тутунган чыныгы, таза, ыйык дининде жана такыбалыгында болуп саналат. (Уландысы бар)
Дүйшөн ажы Абдылдаев




Кулдун тукуму бийликке келсе...
Кимдин-кимдин заманы? Саясаттын заманы. Кимдин-кимдин заманы? Сакалын сүйрөгөн молдонун, базарчы менен алдамчынын, моданы бетине кармаган жарым жылаңач кыздардын, акчага көпкөн куу чирендин, реклама менен шоунун, куру убада менен жалган атактын заманы. Көз тунарды, ниет бузулду, мээ айланды, жүрөк жабылды, сулуулук белден ылдый түштү. Эркек-кызы аралашып чылым чегип, жинди сууга азгырылган жин заман келди. Кыйкырыктан кулак тунуп, акча менен бийликке азгырылып, чындык менен калыстык көмүскөдө калып, булганган бул заманда сөздүн күчү кетип, жасалмалуулук күч алды.
Бул кимдин заманы?! Албетте, Акаев менен Бакиевдин деп айтпаска аргаң да жок.
Жетимиш жыл орус элинин жетегине көнө түшкөн кыргыз калкы "эгемендүүлүктү колго алдык" деп, калпагыбызыды асманга ыргытып, абдан сүйүндүк эле. Бирок, ишенип шайлаган ажолорубуз үй-бүлө менен бир туугандарынын жүгүн артышып, байлыктын артынан түшүп, элинин жашоо-турмушун анчейин ойлошкон жок.
"Тегиз жерден тегирмен чыгат, тексиз жерден бий чыгат"-деп учурунда Калыгул Бай уулу айткан заман келгенин тезек терип, шам чырак жагып жашап калган бүгүнкү көр турмушубуз далилдеп отурат.
Тээ илгери акылы тунук эл, жердин келечегин ойлоп, кийинки муундардын келечеги үчүн күйгөн карыялардын таасын айткан сөзү бар "Кулдун тукуму бийликке келсе, түбү ачка байлык кубалайт, бийдин тукуму бийликке келсе, ток пейил тартип, элинин камын ойлойт" деген. Чын-чынына келгенде азыркы атка минер чиновниктерибиз көр дүйнөгө көздөрү кытышып, катар-катар там салып, коштоп катын алып, адалдыктан алыстап, арам жолго бут таштап, эки сүйлөп, эки жүздүүлүктүн бет кабын кийип, каратып туруп калп айтып, бары бүтүп, жер-сууну сатып "кыргыз" деген улуу калктын кадырына көлөкө түшүргөндөрү ириде кеп кылынган сөздүн учкунун козгойт.
Ооба, уучка толбогон саны аз элибиздин мекенин таштап, бөтөн элге сиңип кетип атканына байлык кубалаган бийлик секисиндегилердин көңүлү да бурулган жок. Анткени, ач көздүк менен көр оокаттын азгырыгы элдин кызыкчылыгынан "байлык" түбү ачкалар үчүн жогору турушу белгилүү иш эмеспи.
К.Бакиев ажолук такка жаңы олтурганда айтты эле "Болду эми, кыргыздын кыргыз болчу учуру келди, биз үй-бүлөлүк башкаруудан кутулдук"-деп. Айткандай, ажобуздун оозунан чыккан сөзү менен иштеген иши төп келсе, анда ачкачылык жарыялаган, жумуртканы курал кылып колдонгон, буйрутма бей ажал өлүмдөр, жоголуп кеткендер сыяктуу жагымсыз окуялар кайталанбайт эле го?
Улуу Манас атабыз чогулткан кыргыз калкы Акаев менен Бакиевдин учурунда чачылып, бөтөн элге кул болуп кеткени албетте, элдин эмес, өз кызыкчылыгын ойлогондуктун ачык далили эмеспи.
"Тилде сөөк жок"-деп айтылгандай сөз менен иш бүтүргөндөн оңой эмне бар? Азыр эл куру убада менен жасалма мамиледен тажап, өкмөттөн үмүттөрүн үзүп салды.
Ал турсун ойго келбеген "Айран жокто максым бар, Айдар жокто Максим бар" деген жаңы макал пайда болуп, эл арасын мыскылдуу кептер аралады.
Аалам кенен, бирок, тумчуккан ойлор,турмуш жүгү эмне деген гана сөздү айттырбайт.
Ооба, айткандай элдин жүгүн көтөрүп, эл эгеси болуу жөн адамдын тагдырына буйрубайт. Эл эгеси болгон соң үй-бүлө менен бир туугандардын кызыкчылыгынан элдин кызыкчылыгын жогору коюш керек эле. Бул дүйнөгө бир берилген өмүрдө пейили, ниети таза адам болуу чоң бакыт эмеспи.
Башат суудай оюу тунук, таза адамдын басып өткөн издерине гүлдөр өсөт деп айтсак шум чаппайбыз. Бирок, андай даражага жетүү үчүн байлык эмес, эрк керек. Деги качан кыргыз калкынын багына үй-бүлөсү, бир туугандары аралашпаган, ач көздүк менен көр оокатка алданбаган, "кыргыз"-деп күйгөн, кыргыз тилин сүйгөн, сөзү менен иши төп келген, чыныгы "жигит" деген атка татыктуу, атанын баласы пейили ток, калыс, чынчыл президент келет болду экен.
Ак сезимди булгабаган, коштоп катын албаган, жерин сатпаган, берген антты булгабай, көө сүртпөстөн адамдыктын бетине, ар-намысты көкөлөтүп өстүргөн бийиктик качан келет?!
Эр-жигит эч качан мансап менен бийликке сатылбайт. Эмнегедир акыркы убакта ар-намыстын көрөңгүсү түгөнүп, көк гүлдөрдөй соолуп баратат. Буга чейин эмне деген гана сөздөр айтылып, басма сөз беттерине жазылбады. Бирок, бийликтин кулагына сөз кирбей калды. Бул намыстын жоголгону, тексиздиктин белгиси эмей эмне?!
Эски бөздөй өнүп барат, барган сайын бийликтин кадыры. Жедеп бетте кепич өңдүү сандалып, бийликке күнүмдүктөр байыр алып, улуу ойлор орундалбай баратканда кимден жардам күтөбүз? Ажобуз акчанын көзүн карап, Данияр Үсөновду канча жолу бийлик секисине сүйрөдү. Эмне Адахан менен Даниярдан башка иштей тургандарды таппай калганбы?
Мурунку ажобуз үй-бүлөсүнүн тилинен чыга албай жүрүп, акыры мезгил барын дарылап, өлкөсүнөн качып кутулду эле, эми бир туугандарынын зыяны да Бакиевге бут тосуп аткан өңдүү. "Туугандуу бийде ыйман жок" деп айтылгандай майлуу-сүттүү кызмат орундарына бийликтегилер өз туугандарын тартып, иштин көзүн билген инсандар айлалары жок базарчы болуп, сооданын артынан түшүштү. Ооба, улуу Алланын көңүлү түшкөн адам гана буйрук менен эл эгеси болот. Демек, ал киши өзүнүн кызыкчылыгынан, элдин ишенимин жогору тутуш керек эле го.
"Жакшы адамды эл ээрчийт, жаман адамды сөз ээрчийт" дегендей, эл ээрчиген адам кандай бактылуу. Тээ илгери эли үчүн күйүп-бышкан эр-жигиттер "баары бир башта бир өлүм" деп, өз өмүрлөрүн тобокелге салып, ар дайым эл камында болушчу экен. Ал эми азыр "эптеп алдап - жесем" деген гана кошоматчылардын саны арбыды. Кимдин эле ажонун же эл башындагылардын дарегине жаман сөз айткысы келсин? Элет жеринде "иш жок" деген сөздү бетке кармап, ачкыл сууга берилгендердин саны арбын, кыргыздын гени бузулуп жатса, канчалаган энелер, наристелер кыйналып, эптеп өлбөстүн күнүн өтөкөрүп жатканын көрүп туруп унчукпай койгондун өзү күнөө. Россиянын бир шаарынын калкына жетпеген эли бар кыргыз калкы эмне үчүн башкка элдин арты болуп жашашы керек экен. Шаардагы машинанын көбөйгөнүн көрүп алып эле, элдин жашоосу жакшы деп, жыйынтык чыгарып койуш жеткен аңкоолук. "Беш кол тең эмес" демекчи, ансыңары бир эле байларды көрбөй, кедейлерге дагы көз кырды агытыш керек го.
Кыскасы, сөз учугун чубасаң түгөнбөйт. Андан көрө сөзгө чекит койгонубуз оң болуп турат. Дегеним, "кыскан киши бай болот" дегендей, кысчу жерди кыспасак, алда кандай күн болот. Анткени, атып кеткен, сабап кеткен, машинасын сүрүп койсо өрттөнүп кеткен окуялар болуп жатканда, жөн жүргөнгө эмне жетсин.
Бердикожо Таштанбек уулу