Малик Аликеев:

"Ырдан дайыма "1" коюшчу"
ТАЛАНТТЫН КӨРӨҢГӨСҮ ЖУНУШ АТАМДАН
Күү изилдөөчү Асан Кайбылдаев атам Жунуштун өзүнүн бир нече күүлөрүн, Атайдын ырдала элек ырын ырдаганын архивден таап чыгыптыр. Кудай буюрса жакында китеп болуп чыгаар алдында турат. Атам Эстебес Турсуналиев менен үзөнгүлөш болуп борбордо бир аз иштеп кеткен. Өзүнүн да чыгарган ырлары болгон экен.

МУЗЫКАДАН БЕРГЕН АГАЙ "1" КОЙЧУ
Агайымдын аты эсимде жок, бирок ыр сабагынан мага дайыма кызыл сыя менен "1" деген бааны балчайта койгону көз алдымда. Ал убакта кызыл сыя менен баа коюу деген жаңы колдонула баштаган эле да, көзгө укмуш көрүнчү.

"МӨЛМӨЛДҮН БАЛАКЕТИН АЛАСЫҢБЫ?"
Мектептеги кружокко катышып жүрүп "Мөлмөлүмдү" жакшы аткарып калбадымбы. 9-класста окуп жүргөн кезимде райондо уюшулган комсомолдук бир үгүт тобуна кошуп, чабандарды, саанчыларды кыдырып, Талас районунун "Манас" колхозунун сүт-товар фермасына келгенбиз. Ал жерде Сабатар Исаков деген жергиликтүү обончу байке да бизге кошулуп, концерт бердик. Адаттагыдай эле "Мөлмөлүмдү" безилдеттим. Концерт бүтүп, саанчы, бадачылар менен сүйлөшүп жатсак, бир кемпир келип, "ай жубарымбек,сен бөдөнө тумшуктун эмне экенин билесиңби деги,токтот антип ырдаганыңды" деп омуроологон.

ЖЕР АСТЫНДАГЫ ЖОЛДОН АДАШКАМ
Таластан 6 окуучу өнөргө жакын деп филармонияга, искусство институтуна, Күрөңкеев окуу жайына жолдомо менен келгенбиз. Филармонияны алыстан көрүп, жер астындагы жол менен өтөт экен, улам эле башка жагынан чыгып алам, момолой чычканча. Ошентип төрт-беш жолу адашып жатып, акыры бир киши ээрчитип чыгып, араң тапкам, азыркы иштеп жаткан жеримди.

САХНАГА КОЗУ КОШО ЧЫГЫП…
Артисттердин турмушунда командировка учурунда ар күнү эле кызыктуу окуяларга туш боло бересиң. Аларды жазып жүрсөк кийин өзүнчө кызыктуу китеп болоор эле, бирок жазганга желке жар бербейт…
Токтогулда жүрөбүз. Жайдын башталышы эле. Концертке чейин убакыт бар эле, сууга түшүп алалы- деп дарыянын жээгине барсак, жардан чыгалбай чабал козу койлордон бөлүнүп калыптыр. Тегерек-четте жайылып жүргөн койлор көрүнбөйт. Артисттерден жашы эле мен барып, козуну көтөрүп келип, машинебизге салып койдук. Шекербек аксакал да гастролдордо жүргөндө талаада калып калган мышык, күчүк болобу- асырап алчы экен- деп, биз да козуга сүт,нан берип жүрүп, өзүбүзгө үйүр болуп кетти. Төрт-беш күндө эле тыңып, оңоло баштады. Клубдун, үйдүн тепкичтеринен секирип чыгып, биздин артыбыздан калчу эмес. Автобуска гана секирип чыгалчу эмес. Козунун энеси мен болуп калгам. Концерт башталганда бирөө-жарымыбыз көз салып же автобуска камап койчубуз.
Кезектеги концертте ырдап жатсам эле эл дуу күлүп калды. "Шымым шыпырылып кеттиби" деп чоочуй түшөт экенсиң. Шымым деле ордунда "илинүү". Куплеттин ортосундагы кайрымага келгенде акырын жан- жагымды карасам, багы козу сахнага чыгып келип, менин артымда туруп калган тура? Ырды бүтүп, экөөбүз сахнадан ээрчишип чыгып кетсек, эл куудулдарга да анча күлбөйт, аябай кол чапкан.
Торолуп калган козуну Жаңы-Жол районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн Падыша-Ата айылында сельсоветте иштеген Мамытов Адыл деген адамга белекке бергенбиз.Кийин чоң кочкор болду деген кабар келген. Андан тараган тукуму Падыша-Атада ушу кезге чейин бир короо болбосо да "Эл ырчысы Эстебес" тобундагы 8 артистти жарым жыл бакканга жетерлик болуп көбөйүп калгандыр. Жалал-Абадга гастролго чыксак Падыша-Атадагы Адыл Мамытовдун үйүнө сөзсүз барабыз деп үмүттөнүп жүрөбүз.

САЯСАТ ЭЛДИ БУЗБАСА…
Акаевдин заманында Данияр Үсөнов, Мелис Эшимканов, Адахам Мадумаров, Алевтина Проненко, Бакыт Бешимов өңдүү саясатчылар менен эл тарабында жүрүп, "бийлик эл турмушуна көңүл бурса, жашоо жакшырса" деп чапкылап жүрдүк. Биз да колубуздан келген салымыбызды коштук. 1999-жылы ошол саясатчылар менен жүргөнүмдүн запкысын көрсөтүшпөдүбү. "Ысык-Көлдө кадыр түн" деген фестивалга катышсам, калыстар тобу мени "оппозиция менен эл кыдырган, ошол оппозициясынан байге ала берсин" дешип эч нерсеге илбей коюшкан.Күйбөгөн жериң күл болот экен. Ал кордугу аз келгенсип чоң сахнага да көп чыгарбай калышкан. Дегеле өнөр адамдары бийликтин камчысын кызарта чаппай, көбүнчө эл турмушун көбүрөөк чагылдырсак, элге көп чыксак. Бизге окшогон өнөр адамдарына бийлик саясий атаандаштарынча кастарын көп кадабай мамиле кылса. Алар артисттерди ишинен кууп жиберген күндө деле, эл аралап эң сонун жан багып кетерибиз көрүнүп калды.

АРТИСТТЕРДИ СҮЙҮП ГАНА КОЙГУЛА, БОЛДУ…
Алайда концерт коюп жүрөбүз. Кайсы айыл экени эсимде жок. Бир күнү концерт башталаарда бир жигит келинчеги экөө автобусубуздун оозунан мени четке жетелеп басышты. "Бүт баарыңарды үйгө чакырышка шартым жок, бирок бир жолдошуң менен концерттен кийин үйүбүзгө барып даам сызып чыгыңыз, үйдөгүлөр даярданып отурушат. Биз экөөбүз концертке келдик. Бүткөндө бирге барабыз" дейт.Баш тартсам болчудай эмес, сөздөрүнө караганда бир жакшылыкты ырымдап жаткан шекилдүү. Айла жок макул болдум.
Концерттен кийин үйүнө барсак кудалар чогулушуптур. Мен "Мөлмөлүмдү" жаңы ырдап чыга баштаганда бир күнү телевизор көрүп отурган келинчеги Арзыкан ырга суктанып "Эң сонун! Мобул бала укмуш ко,ыя!" деп суктанып коет. Жаңы үйлөнгөн күйөөсү аны тапыратып тепкилеп калат. Чыр эртеси да уланып, ортого ата-энелер кийлигишип, эптеп басылат. Андан бери 5-6 жыл өтүп, азыр жубайлардын ортосунда улактай болгон эки уул-кыз секирип жүрөт. Бири-бирин түшүнүшкөн жубайлар уулунун атын Малик коюшуптур. Ошол жерде тамашалап койдум: "Артисттерди телевизордон эле жакшы көрүп койгула, болду. Алар менен жашаштын кереги жок." Баары ыраазы болушту.
Ошол Алайдагы концерттен кийин Шекемдин (Шекербек) "Арзыканын" кайра репертуарга кошуп, көбүрөөк ырдап калганым ошондон да…

БИЗДИ ШАКАБА КЫЛГАНДАР ДА ЧЫГАТ
Филармонияга кезектеги концертке шашып баратсам, 4-5 кызбы, келинби-шарактап алышкан экен, мени бирөөсү тааный койсо керек, Никулинге окшоп канатын жайып, жолумдан тосуп, "кафеге жүрүңүз, биз менен 50 грамм ичип коюңуз" деп кое бербей коюшканы эсимде. Моторлору от алып калган экен,такыр болушпайт.Ичинде бир-экөө айылдан келиптир. Айла жок жакын жердеги кафеге кире коюп, 50дөн сеп этип, концертке кечигип баргам. "Келинчегиңиздин аты ким?" дешет. "Жаңыл" десем, "бешөөбүз үчүн бетиңизден беш өпсүн" дешет. "Концертке чогуу жүргүлө" десем болушпайт. Мындай да окуялар көп болот.

ЭСТЕКЕМЕ БАЛЫК КАРМАП БЕРЕМ ДЕП…
Алайкуда концерт коюп жүрөбүз. Ыраматылык Эстекем балык дегенде жантыгынан жата калаар эле. Балык кармайбыз деп калдык. Мен жаңы костюмчан элем. Балык кармоо да чоң кумар эмеспи. Кийген майкаларыбызды тор кылып байлаштыра салып, кармаган балыктарыбызды кийим-кечелердин ички, тышкы чөнтөктөрүнө сала берип, жаңы костюмдун тамтыгы жок. Балыктын жыты жуугандан кийин да кетпей, канча атыр сеппедик дейсиз…

СҮЙҮКТҮҮ ӨЛКӨМ-ФИНЛЯНДИЯ
Чет өлкөгө тез-тез чыккыдай, артисттердин акчасы көп эмес да. Улуттук өнөр өкүлдөрүн чет өлкө көп эле чакырып жатат деңизчи, бирок ал жакка атка минерлер өздөрү санаалаш "өнөр адамдарын" ээрчитип барып жүрүшөт деп угабыз. Ошондон улам чет элдиктер деле биздин бийлик өкүлдөрүнө ишенишпейт окшойт. Айрым ырчыларыбыз, комузчуларыбыз, башка өнөр адамдары чет элдиктер менен өздөрү түздөн түз байланыш түзүп жатканы ушундан окшойт.
Өмүрүмдө бир гана жолу Финляндияга барып концерт коюп келгем. Анда да Талас областынын делегациясынын курамында баргам. Азырынча Финляндия гана сүйүктүү өлкө болуп турат.

БАЛАМ КҮҮ ЧЕРТЕТ
Үй-бүлөбүз искусствого жакын адамдарбыз. Уулум Кубан Шубин атындагы окуу жайын бүттү. Мектепти орусча окуганы менен күүлөрдү жакшы чертет. Бирок ката чертип жүргөнүн билип калдык да белгилүү комузчу Руслан Жумабаевден кошумча сабак алып, туура эмес жерлерин оңдоп, ийине келтирип жүргөн кези.
Машакбай РАХМАНКУЛОВ