Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевге
Экономиканы өнүктүрүү багыты боюнча
Ачык кат
(Башталышы өткөн №27 санда)
Президент мырза!

Жаңылануу багытыңыздын "Экономикалык процесстерди жөнгө салуу" бөлүгүндө кризистен чыгуу үчүн сегиз негизги иш-чара белгиленген. Алардын арасында:- Чыгашаларды кыскартуу, керек болсо бюджетти кайрадан карап чыгуу;
- Катуу экономдоо;
- Чечимдердин аткарылышын көзөмөлгө алуу;
- Даректүү социалдык коргоо;
- Керектөөчүлүк талапты колдоо ж.б.
Албетте, бул иш-чаралар абдан керек, бирок, аларды аткаруу ар бир жетекчинин күнүмдүк иши, милдети. Ансыз жумуш алдыга жүрбөйт. Экономика бөлүгүнө ушундай иш-чараларды - жетекчилердин күнүмдүк милдеттерин жазып берген адистериңизге, кимдин көзү менен карап жазгандарына эмне демекчибиз.
Өзүңүз жакшы билесиз, биздин эл экономиканы он беш жыл "физиктин" көзү менен карап жүрүп эмнеге жетишти? Жыйынтыгында "физиги" экономикасын, элин дагы таштап качып кетпедиби.
Ошого карабастан өлкөдө болуп жаткан бүгүнкү жагдайларды көрүп Кыргызстанды качып кеткен "физик" башкарып жатабы деген ой кетет, себеби:
- Кадрларыңыз баягы эле Акаевдин камчысын эки колдоп чапкандар же анын баласынын достору;
- Энерготармакты сызга отургузгандар ошондогу эле "азаматтар" алар бүгүн сиздин үй-бүлөңүздүн эң жакын адамдары;
- "Алга, Кыргызстандын" аты "Ак Жолго" өзгөрүп сиздин партия болуп "заты ошол бойдон" калды;
- Саясат криминалдаштырылып, куугунтук, коркутуу, өлтүрүү, жасалма иш козгоо кыргыз тарыхында болбогондой күчөдү;
- Качып кеткен "физиктин" академиги Осмонакун мырза ачык 2005-жылдын март айында бийликке каршы көтөрүлгөн элди "наркомандар", "бандиттер", "толпалар" - деп ачык эле айыптап, мемуарын жазып чыкты. Эмнегедир сиз дагы, ошолорго кошулгандай, сизди Ак үйгө сүрөп чыккан кесиптештериңизге, алардын бала чакасына иш козгоп, куугунтукка алдыңыз.
Кандай болбосун мен, Осмонакун мырзадан элден, сизден, Азимбектен, Бектур, Дүйшөн, Равшан, Топчуке, Булекбаевден жана менден кечирим сурашын талап кыламын.
Башкы Прокурор жок дегенде сизди Булекбаевден эмес, офисинен карикатура "табылды" дебей Осмонакун мырзадан коргосо жакшы болмок.
Экономиканы "физиктин" көзү менен азыр деле карап, жакшы өнүгө албай жүргөндүгүбүздүн түбү ушунда болуп жатат.
Экономика - чарбачылыкты, эл чарбачылыгын башкаруу искусствосу ага материалдык жана материалдык эмес өндүрүштөр кирээрин адистер жакшы билишет.
Материалдык өндүрүш - өнөр жай, айыл чарба, курулуш жана суу чарба тармактары.
Материалдык эмес - фундаменталдык илим жана искусство. Ошондуктан, эң негизги, биринчи, башкаруу процесстерин жөнгө салуу. Ал үчүн жогорку профессионалдуу, тажрыйбасы зор, таза, өз улутун, элин, жерин сүйгөн патриотторду жетекчиликке алып чыгуу.
Экинчи, стратегиялык объектерди, бюджетти түзө турган жана коргоо өнөр жай тармактарын мамлекеттин кармагында сактап калуу;
Үчүнчү, эң керектүү, кыскасын айтканда Кыргызстан үчүн приоритеттүү багыттарды аныктап, аларды мамлекет тарабынан колдоого алуу. Кайсыларды?

* Өнөр жай тармагынан

а) Энергетика, отун, тоо-кен тармактары;
б) Жеңил жана тамак-аш тармактары;
в) Курулуш материалдар тармагы.

* Айыл жана суу чарба
* Курулуш жана жол

а) Энергетика, отун, кен тармагы боюнча:
Суу-энергетиканын биздеги техникалык мүмкүнчүлүгү - 73 миллиард квт/саат, экономикалык - 48 миллиард квт/саат, колдонгонубуз болгону - 10-12 миллиард квт/саат. Ошондуктан, тез аранын ичинде союз учурунда токтолгон чакан, орто ГЭСтерди райондун (шаардын) менчигине берип ишке киргизүү. Ошону менен бирге күн, шамал электроэнергиясын пайдалануу үчүн кадрларды мамлекеттин эсебинен чет өлкөлөргө окууга жөнөтүү жана алардын технологиясын алып келип ишканаларды, үйлөрдү ошолорго өткөрүүгө элге шарт түзүү. Тыштан алып келинген техникалык тетиктерге, техникаларга салык, бажы пошлинасынан бошотуу.
Үч, эң көп болсо төрт жылдын ичинде кыргыз элин толугу менен электроэнергияга өткөрүп, коңшу өлкөлөрдүн газын сатып алуудан баш тартуу. Өзүбүздүн электроэнергияны дүйнөлүк баа менен чет өлкөлөргө экспорттоо. Элибизге электроэнергиянын өздүк баасы 3-4,5 тыйын болгондуктан баасын көтөргөндүн ордуна, кайрадан төмөндөтүү.
Көмүрдүн запасы - 31 миллиард тонна, анын 65 пайызы түштүктө, 33 пайызы Нарын областында, 2 пайызы Ысык-Көл областында. Тез аранын ичинде бул тармакты тартипке келтирип, мамлекеттин колдоосуна алып, коңшу өлкөлөрдүн көмүрүн сатып алууну токтотуу.
Кен боюнча ("Кумтөрдү" эле алсак) чыгарган алтындын үчөөнүн эки бөлүгүн мамлекеттин карамагына алуу.
б) Жеңил жана тамак-аш тармактары боюнча биз тез аранын ичинде дүйнөлүк базарга чыкканга толук мүмкүнчүлүк бар. Ал үчүн (жеңил өнөр жай тармагынан тигүү өнөр жайын эле алсак)
- Тигүүчүлөргө бош жаткан имараттарды бекер керек болсо 1 сомго, мүмкүнчүлүк болбосо 10-15 жылда төлөп берүү үчүн ишкана ачканга берүү;
- Өнүккөн өлкөлөрдө сапаты жагынан жакшы техникаларды (оборудованияларды) өкмөттүн жардамы менен саттырып келүү, продукциялары чыкканга чейин салыктардан бошотуу, текшерүүнү токтотуу;
- 5-6 жылга төмөн пайыздуу кредиттерди алганга шарт түзүү.
Тамак-аш, өнөр жай тармагы түздөн-түз айыл чарбасы менен байланыш болгондуктан эки тарапты бирдей колдоо. Региондордун шартына ылайык чакан,орто ишканаларды ачканга колдоо көрсөтүү, кээ бир райондордо мамлекеттин эсебинен ишканаларды курдуруп, кийин өзүбүздүн ишмерлердин колуна өткөрүп берүү. Мисалы: Таласта - фасолду иштете турган, Нарын, Алайда - эт, сүт, май чыгара турган ж.б.
в) Айыл чарба тармагы боюнча
( Мал чарбачылыгы, өсүмдүктөрдү өстүрүү тармагы, үрөн өстүрүүчү тармагы).
- Сүт, эт, жүн бере турган малдардын жаңы породасын өстүрүү;
- Ири, орто фермердик, дыйкандык чарбачылыктарды түздүрүү, аларга мыйзам чегинде жеңилдиктерди берүү;
- 3-5 жылдык кредит берүүгө шарт түзүү;
- Дыйкандарды, фермерлерди кайрадан иштетүүчү ишканалар менен байланыштыруу;
- Продукцияларын сатканга жол ачып берүү.
Салыштырма: Чүй областынын территориясынын аянты Израилдин басып алган аянтын кошокондогусу менен бирдей 20,2; (20,8) миң км. кв. Алардын элинин саны 6,75 миллион адам. Биздики 1 миллионго жакын. Ош областынын жалпы аймагынын аянты Армениянын аянты менен бирдей 29 миң км. кв. Элинин саны 3,5 миллион, биздики 1 миллиондон ашат. Ысык-Көл областынын аймагы Швейцариянын территориясы менен бирдей. Элинин саны 1,5 миллион, биздики 0,5 миллионго жакын. Жерибиздин шартын алардыкы менен салыштырууга мүмкүн эмес. Эң жакшы, бирок, жашоо турмуш продукцияларын экспорттоо алардыкы биздикинен бир кыйла жакшы. Эмне үчүн? Бизде ар ким өзү менен өзү, мыйзам чегинде алардын биригүүсүнө мамлекет тарабынан колдоосуна, корголуусуна, кредиттерди алуусуна мүмкүнчүлүк жок. Өсүмдүктөрдүн түшүмдү жакшы бере турган сорттору, малдардын жакшы эт, сүт, май бере турган породалары аз. Билимдүүлөр, окумуштуулар четте калышкан. Техникалык камсыздоо начар. Жаңы инновациялык ой-пикирлер чыкпайт. Мунун баары келип эң биринчи жогоруда айтылган экономиканы башкаруу искусствосуна такалат.
г) Суу тармагы боюнча
Суу - товар. Ошондуктан, сууну сатуу бүгүнкү күндүн бирден-бир башкы талабы. Бизде мөңгүлөрдүн жалпы аянты Кыргызстандын аянтынын территориясынын 4 пайызын түзөт. Жылына орто эсеп менен - 47 миллиард м куб суу чогулат. Биздин пайдаланганыбыз болгону бештен бир бөлүгү. Эң кызыгы биз сууларды коңшуларга бекер беребиз. Алар биздин сууну элдерине сатышат. Эмне үчүн биз өзүбүздүн элге бекер берип, коңшуларга сатпайбыз?
д) Курулуш жана жол боюнча
Кыштактардын, айыл өкмөттөрүнүн борборлорунун генералдык архитекторлук пландарын кайрадан карап чыгуу улуттун өзгөчөлүгү менен жаңыдан долбоорлорду иштеп чыгуу, кыштактарды ирилештирүү, баардыгын шаардагы жашоо шартка жакындатуу, жолдору оңдоп, туура салдыруу. Кыскасын айтканда, кыштактарды да шаарларга айлантуу.
Төртүнчү, Кыргызстандын кен, суу, энергетика ж.б. байлыктарынын эсебинен Улуттук байлык фондун түзүү. Түзүлгөн фонддон ар бир төрөлгөн балдарга өздөрүнүн үлүшүн - 500 доллардан (азырынча) берүү. Балдар 18 жашка чыкканга чейин пайызы менен банктарда кармап, 18 жашка чыкканда Кыргызстандын атуулу бойдон калса колуна берүү. Ага чейин өзүбүздүн атуулдарга ишкана ачканга, дыйкан чарба ж.б. түзгөнгө 8-10 пайыз менен 3-5 жылга кредитке берүү. Жылына 110 миңдей бала төрөлөт 500 доллардан болсо, бүгүнкү курс менен 240 миллион сомго жакын акча болот. Бул акча мамлекет үчүн тыйын.
Бешинчи, чет мамлекеттен келген инвесторлордун биздеги ишканалардагы ж.б. акцияларынын саны 49 пайыздан ашырбоо. Өзүбүздүн ишмерлердин акциясынын эң азы 51 пайыздан ашыруу.
Алтынчы, мамлекеттин бюджетинин каражаттарын үнөмдөө үчүн ошону менен кадрлардын тепкичтерди басып өсүшүнө, тажрыйба алышына карата, райондорду элинин санына карата разряддарга бөлүү, айлык акысынын тарифин өзгөртүү.
3-разряд - 100 миңге жакын эли
2-разряд - 100 миңден 300 миңге чейин
1-разряд - 300 миңден өйдө.
Жетинчи, улуттук кадрларды өнүккөн өлкөлөрдөн мамлекеттин эсебинен окутуп келип, алардын билимин пайдалануу.
Кыскасы, биз улуттун баалуулугуна таянып бардык тармакта туура саясат жүргүзүшүбүз зарыл. Ошондо гана экономикабыз өнүгөт, элибиз жакшы жашайт, ар бир жетекчи, атуул өзүнүн аткарган ишин, ачкан ишканасына, чыгарган продукциясына сүйүнүп ырахат алат.

Исмаил Исаков