Котормо, кокуй!

Эне тилдин энесин таанытып жатышат
Өлкөбүздүн экинчи борбору Ош шаарынын кап ортосундагы Зайнабетдинов көчөсүндө "Тоо деми" деп аталган Ош облустук үй-бүлөлүк медицина борбору бар. Менин жашаган жерим боюнча ушул борборго көрүнүүгө тийиштүү болгондугумдан, февраль айында кан басымымды өлчөткөнү кирип, кезек күтүп олтуруп калдым.

Андагы чакан үстөлдө бир нече балдардын жана алардын ден-соолугуна тийиштүү түркүн түстүү сүрөттөр тартылган жана тексттери жазылган кооз буклеттер жатыптыр. Кезек келгиче ошолорду окуп калдым. Алардын ичинен бетинде "Железодефицитная анемия и ее профилактика" деген материалды окудум. Бул мамлекеттик жана расмий тилде берилиптир. Аны кыргызчага "Темир жетишсиздигинен пайда болгон ооруулар жана алардын алдын алуунун жолдору" деп которушуптур. Үңүлө карап көрсөм, орусчадан кыргызчага туура эмес которулгандыгы туюлду. А кыргызчага эмне деп которуу керек эле? Менимче төмөнкүдөй которуу керек эле: "Темир жетишсиздигинен пайда болгон аз кандуулук жана аны профилактикалоо". Мында "анемияны" - аз кандуулук дебестен, "пайда болгон ооруулар" деп таптакыр туура эмес которулган, ал эми "профилактика" деген сөз дале кыргызчага которулбайт, анын эквиваленти жок. Анткени, "профилактика" Юдахиндин сөздүгү боюнча үч маанини түшүндүрөт. Ошондуктан, аны которбостон, кандай жазылса ошондой колдонуу туура болот. Андан ары "Темир - организмдин жашоо алкагында жакшы иштөөсү үчүн керектүү болгон алмашкыс, маанилүү микроэлемент. Темир микроэлементтин тутумуна кирет да, кычкылтекти организмге ташыйт" деп которулганы бар экен. Анын орусчасын окуп көргөндө, кыргызчасынын бир кыйла четтеп же так эмес которулганы байкалат. Окурмандарга айкын болсун үчүн орусчасын келтирели: "Железо - незаменимый микроэлемент, необходимый для нормальной жизнедеятельности организма. Железо входит в состав гемоглабина, который учасвует в транспорте кислорода в организме". Муну мен төмөнкүчө котордум: "Темир - организмдин нормалдуу жашоосу үчүн зарыл керектүү, алмаштырылгыс майда элемент. Темир гемоглабиндин курамына кирип, организмге кычкылтекти ташууга катышат". Андан ары да ушундай кемчиликтер кездешип, окугуң келбей калат. Бирок, бул буклетти чыдап окуп чыктым.
Мага кезек келбей жатты. Анткени, кош бойлуу келиндер жана аялдар бир кыйла экен. Жадымда шүгүрчүлүк келтирдим. Анан убакытты өткөрүү үчүн экинчи буклетти колума алдым. Ал мамлекеттик гана тилде жазылып, "Мен бир гана эмчек эмизем" деп аталыптыр. Эми ошонун кыргыз тилинин грамматикасынын эрежелерине жооп бербеген жерлерин келтире кетейин. Анда кандай жазылса, дал ошондой жаздым. Биринчи эле бетинде төмөнкүчө: "Бул китепчеде эмчек эмизүү боюнча керектүү сунуштарды камтыйт. Бул сунуштар көп илимдин изилдөөлөрдүн негизинде аныкталган, эмчек сүтү - эң жакшы, сиз өзүңүздүн балаңызга өмүргө өбөлгө бересиз... Сизден өтүнүч, алган маалыматыңыз менен өзүңүздүн үй-бүлөңүз менен жана досторуңуз менен бөлүшүңүз!.. Эмчек сүтү - алгачкы 6 айда ымыркай үчүн эң жакшы тамагы жана суусундугу... Ымыркай 6 айга чейин бир гана эне сүтүнө муктаж, ошондуктан тез-тез жана көпкө чейинки каалашынча бир суткада 8-10 жолдон кем эмес, күнү-түнү эмизүү зарыл... Эне эмчек эмизип жатканда үрпү орду сезилбейт... Оозунда эмчектин үрпү (учу) толук оозуна албайт. Эмчек эмизип жатканда эне оорууну сезилет." Дагы ушул сыяктууулар жазылган. Кыязы, бул буклетти "эне тилимди жакшы билемин" деген бирөө жазган же "орусчадан жакшы которомун" деп көкүрөк каккан бирөө которгон. Ушуларды окуган соң кезек келип калды. көтөрүлүп турган басым дагы көтөрүлө түшүрүптүр.
Мындай буклеттер жогоруда мен атаган үй-бүлөлүк медицина борборунда жайнап жатат. Алар республикадагы эмканаларга жана ооруканаларга таратылса керек. Эми ушуларды окуган жаш энелер, өзгөчө мамлекеттик тилди үйрөнүүгө далалаттанып жаткан "киргиз" жаш энелер кандайча түшүндү болду экен? Менимче, алар түшүнбөсө керек. Мен ошол жайнап жаткан буклеттердин ушул экөөнү гана көрдүм, а калгандарына такаатым жетпеди.
Белгилей кетүүчү дагы бир нерсе, ушул буклеттерди Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги чет элдик банктардын жана фонддордун колдоосу менен чыгарган. Ушинтип чыгарган. Кыязы, министрликке эптеп чыгарып эле койсок жетиштүү болот өңдөнөт. Ал эми абалы арабөк эне тилибиздин энесин таанытып койгону менен кыпындай да иши жок.
Мындан тышкары ушул эле борбордун лабораториясынын каалгасына "Далилдөө бөлүмү" деп жазылган. Андагы мээрбан эжеден орусчасын сурасам "Лаборатория исследования" делет деди. Демек, "Далилдөө бөлүмү" деген дегеле туура келбей жатат. Жок дегенде "Аныктоо лабораториясы" деп жазышса, жөндүүрөк болмок. Анализди далилдегидей сот иштери жүрүп жаткан жок го? Анан да айрым кабинеттердин каалгаларына "Семейный врач" деп жазылса, айрымдарына "Далилдөө дарыгери", "Тиш дарыгери" деп жазылган. Бул кесип негизинен алып караганда "Табып" дегенге туура келет. Ал эми дарыгерчи? Бул врачка таптакыр төп келбейт. Анткени биз "аптека" дегенде "дарыкананы", ал эми "аптекарды" "дарыгер", "дары жасоочу" деп түшүнөбүз.
Бул экинчи борбордогу бир эле эмкканадан көргөнүбүз. Ал эми калган жерлердеги ооруканаларда жана башка жерлерде кандай болду экен? Менимче, экинчи борбордо ушундай болсо, калгандарында эне тилибиздин ашмалтайын чыгарып коюшса керек...
Токтобай Сулайманов




  Кайгыруу жана кайрылуу…

Өндүрүш Токтоназаров:
"Мен "Азаттык" үчүн ачарчылыкка да барам"
Акыркы учурда бийликке нааразычылыктары көбөйгөн адамдардын саны күндөн-күнгө тездик менен өсүп жатат. Биздин редакциябызга бийликтин кетирип жаткан кемчиликтерин "силердин гезитиңер аркылуу коомчулукка жарыя кылып айтабыз"- деп келишкен адамдардын саны да көбөйүүнүн үстүндө. Бүгүн окурмандарга элди нааразы кылган "билими жок" бийликтин кетирген сансыз кемчиликтеринин бирөөсүн айтканы келген Сокулуктук Өндүрүш Токтоназаров менен кыскача маектештик.

- Өндүрүш мырза, биздин редакцияга кандай максат менен кайрылып калдыңыз?
- Мен өзүмдү укук коргоочу катары эсептейм. Себеби , коомдо кандай тескери көрүнүштөр болбосун. Мен аларга кайдыгер карай албайм. Көптөн бери Эл аралык "Азаттык" радиосунун УТРК аркылуу чыкпай калышына абдан капамын. Азыр чынында мен эле эмес, буга көп адамдар капа болушууда. Биздин бийлик башында олтургандар: "Биз демократиялык өлкөбүз, демократиянын баалуулуктарын сактайбыз, эрежелерин бузбайбыз"-деп убада беришкени менен, иш жүзүнө келгенде теңирден тескери иштерди жасап жатышат. Акыркы жылдары биздин өлкөдө сөз эркиндигине кысым көбөйүп кетти. Мунун себебин, бийлик чындыктан коркондугунун далили катары түшүнсөк болот. Ушу себептүү алар ушундай кадамга барып жатышат. Жакында мен жеке демилгем менен ""Азаттык" радиосунун угармандарынын кыймылы"- деген кыймыл түздүм. Эми биздин максат бийлик тараптан мурдагыдай эле, "Азаттык" радиосунун уктурууларын УТРК аркылуу беришин талап кылганы жатабыз. Бийлик өкүлдөрү эртерээк "Азаттык" радиосунун уктурууларын мурдагы калыбына келишине чара көрбөсө, эл ичиндеги нааразычылык күндөн күнгө күчөй берери, турган иш. Учурда, бийликчил теле, радиолордун, газеталардын элге берген маалыматтары элдин талабына жооп бере албайт. Алардыкы бир тараптуу жана жалган маалыматтар. Ал эми биз угармандар "Азаттык" радиосунун жалган маалымат таратканын эч качан уккан эмеспиз. Тескерисинче, эл эртең менен таңкы "Азаттык" менен туруп, кечкисин да, "Азаттыктын" кечки уктуруулары менен жатышчу. Чындыгында эл азыр маалымат жагынан бир топ аксап калды. "Азаттык" радиосу угармандарды өлкөдөгү жана дүйнөдөгү жаңылыктарды чагылгандай тездик менен элге жеткирип турчу.
"Азаттыктын" берүүлөрүн башка каналдар аркылуу берип жатканы менен элдин баары эле ал каналдар менен угууга мүмкүнчүлүгү жетпейт. Ал каналдар аркылуу угуу үчүн кымбат баалуу спутниковой антена сатып алуусу керек болот. Жашообуз оорлоп, кымбатчылык асмандын башы болуп жатса, жумушу жок кишилербиздин саны күндөн күнгө өсүп жатса. Анан кантип эл ал мүмкүнчүлүктү иш жүзүнө ашыра алат. Бийлик ушунун баарын билип, алдына ала ойлонуп туруп, ушундай чектөөлөргө барды. "Азаттыктын" уктурууларын чектөө менен бирге адамдардын укугун чектеп, көз көрүнө тебелеп жатат. Биз эмне үчүн демократиялуу өлкөдө жашап жатып, эркин радио "Азаттыкты" уга албайбыз? А эмне үчүн Ак үйдүн "рамка" ичиндеги "дүжүр" радиолорун угууга мажбур болушубуз керек? Бийлик бул суроолорго жооп берүүгө милдеттүү
- Сиздин алдыда көрө турган аракетиңизди бийлик көнгөн адатынча "чиркей чакканча да" көрбөй коюшу толук мүмкүн эмеспи. Анда сиз дагы кандай аракеттерди кыласыз?
- Биринчи биз "нааразачылык акциясын" өткөрүү боюнча кыймылдын атынан мыйзамдын негизинде тиешелүү жерге кат аркылуу билдирүү жөнөтөбүз. Анан ал жерден уруксат болсо да, болбосо да Горький аянтында өз нааразычылыгыбызды айтып, бийликке талаптарыбызды билдиребиз. Эгер бул аракетимден натыйжа чыкпаса, анада мен (жеке өзүм) ачарчылык жарыялоо кадамдарына барууга мажбур болом. Азыр Эл аралык эксперттер "Кыргызстанда демократия жарым жартылай гана калды"- деп айтып жатышпайбы. Бул пикир өтө жумшак айтылып калган. Учурда бийлик биздин өлкөдөгү демократияны такыр эле түп тамыры менен жоготууга кенен жол ачып койду. Биз бийликтин бул ыплас аракеттерине жол бербешибиз керек. Мен Кыргызстандын элине кайрылат элем. Эгер сиздер ""Азаттык радиосунун угармандарынын кыймылына" кошулууну кааласаңар, анда бул номерге чалыңыздар: 0550075837. Баарыбыз бирдикте кеңешип, чогуу иш алпарууга дайым даярбыз.
Маектешкен,
Айбек Шамшыкеев




Жаңы нааразылык-аттестациядан чыгабы?
Бул жолку нааразылык аттестация өткөрүүдөн улам көбүрүп-жабырып баратат. Анткени анын жыйынтыктары боюнча КТРда көп жылдардан бери иштеп, эмгеги сиңген чыгармачыл жана техникалык кызматкерлер "ишке жарабай" көчөдө кала турган коркунучка кептелүүдө. УТРК жетекчилиги болсо аттестация өткөрүүдө кетирген катасын жаап-жашырып, "айлыктарды штатты кыскартып көтөр деп айтышкан" деп, күнөөнү Ак үйдөгү акасына оодара салууга далбаса жасап жатат. "Ишке жараксыз" болуп чыккан журналисттердин, акындардын, жазуучулардын, режиссерлордун айтымында, он чакты жылдан ашуун унутулуп, эми ойгоно калган бул аттестациянын максаты - УТРКнын чыгармачыл дараметин чыңдоо эмес, тескерисинче өз ишин мыкты билген, ашкеби жетекчиликтин кемчиликтерин бетке айткан ыңгайсыз кадрлардан арылып, алардын ордуна кой оозунан чөп албаган, айдаган жагына жүргөн "ак жолчу" момундарды жана сыртта жүргөн өз кадрларын топтоо экен.
Аттестацияны өткөрүүнүн экинчи алешем жагы - комиссия мүчөлөрүнүн курамынын чийкилиги. Астына ак суу коюп койсо эле кыйынсынган сырт коноктор сырттан берилген "тапшырманы" так аткарышып, "КТРдин отличниктерин", ардагерлерин, каймактарын ээрден шыпырып түшүшкөн.
Бул нааразылык Мелис Эшимкановдун КТРдин "кара ящигине" баш мүдүр болгондогу биринчи нааразылык эмес. Элдин эсинде калганы - КТРдин кире беришинде башталып, Бейшенбек Бекешевдин батиринде уланган ачкачылык. Андан кийинкиси -М.Горькийдин эстелигинин жанындагы нааразылык акциясы. Алардан тапкан "баш оорусун" баш мүдүр М.Эшимканов президенттин экс-басма сөз катчысы Нурланбек Шакиев деген "абысынынын" бөлмөсүндө соолугуп айыктырганын "Супер-инфо" сүрөтүнө чейин чыгарып сүйүнчүлөдү эле. Аттестацияга байланыштуу эмки бул "баш ооруну" ким, каерден, кантип жазаары белгисиз. Аттестациянын жыйынтыктары боюнча КТРдин кызматкерлеринин нааразылык каттары куржунубуздун көзүн кампайтып баратат.
Э.БИРИМОВ