Алмаз Атамбаев,
Социал-демократтар партиясынын лидери:
"Мен премьерликке Байболов менен Сариевди сунуштагам"
Алмазбек Атамбаев кызыктуу документтин сырын ачууну чечти (4-бетте жайгашкан). Ал оппозициянын лидерлери тарабынан 2007-жылдын 20-мартында иштелип чыккан, президент Курманбек Бакиевдин алдына 21-мартта коюлган талаптар боюнча документ экен. Оппозиция өкүлдөрү тарабынан Алмаз мырза премьер-министр болоордун астында түзүлгөн. Ушул күнгө чейин оппозициялык маанайдагы бир катар саясатчылар да, кээ бир ММКлар дагы Алмаз Атамбаев жогорку кызмат сунуш кылган президенттин сунушун кабыл алып, оппозицияны сатып кетти маанисинде сайрап келген. А бул документ анын барган кадамдары опппозиция лидерлеринин чечими менен талаптарына негизделгенин айкындап турат. Ага ишенбесеңиз, коюлган кол тамгаларды эле карап көрсөңүз болот.

- Алмаз Шаршенович, өткөн маегиңизде премьер-министрликке барардын алдында оппозиция лидерлери менен кеңешкениңизди айткансыз. Аны менен бирге эле Өмүрбек Бабановдун сиз менен акылдашпай туруп кызматка кетип калганына кейигениңизди билдирдиңиз эле. Бирок бир катар маалымат агенттиктер жана гезиттер 2007-жылдын мартында өкмөт башчылыкка барарда эч ким менен кеңешпей туруп кетип калды деген макалаларын жазып чыгышты. Деги кимге ишенсе болот?
- Ооба, дээрлик эки жылдан бери бир катар ММКлар жана оппозициядагы айрым менин досторум мени саткын катары көрсөткөн ушундай ушактарды таратып келишет. Мени Бакиев менен жашыруун сүйлөшүп алып, премьер-министрлик креслого сатылып кетти деп айтып жүрүшөт. Бирок, чындыгында баары тескерисинче.
- Кандайча?
- 2006-жылдын жазы менен күзүндө митингдерди уюштурган "Реформа үчүн!" легендарлуу кыймыл көптөрдүн эсинде болсо керек. Бул кыймылдын теңтөрагалары Өмүрбек Текебаев экөөбүз болгонбуз. Кулов өзүнүн "фронтун" ачкан кезде биздин кыймыл бөлүнүп баштаган. Фронтко дароо эле Мелис Эшимканов, Кабай Карабеков сыяктуу саясатчылар өтүп кеткен. Тилекке каршы, Мелис Эшимканов фронтко кошулууга "Реформа үчүн!" кыймылынын теңтөрагасы Өмүрбек Текебаевди дагы ынандырган. Мындан бир аз мурда эле 2006-жылдын 3-ноябрында Кулов парламентте "кыймылдын лидерлери бийликти күч менен алууга аракеттенгендер, аларды кылмыш жообуна тартыш керек" деп айтып, кийин бизди сурак берүүгө сүйрөшкөн эле. Дискетгейт менен байланыштуу окуя баарынын эсиндедир. А биз болсо 2-ноябрда дагы Куловду өзүбүздүн лидерибиз деп эсептеген элек да. Митингдер башталган күнү кечке чейин күтүп, мына азыр чыгып биз менен бирге экенин айтат деп. Анын адамдары митингдерди уюштурууга жардам берип жүрсө буга кантип ишенбейсиң? Бирок, ал дайымкыдай эле эки тарапка ойноп аткан экен. Ноябрь митингдеринен кийин, президент полномочийлеринин көбүн премьер-министр менен парламентке берген соң, 2006-жылдын декабрында Кулов өзүнүн отставкасы менен байланышкан оюнун баштаган. Анын жыйынтыгында биз ноябрдагы конституциябызды жоготуп алдык. Тангалганым, үч ай өтпөй оппозициянын бир катар лидерлери баарын унутуп, Куловго кайрадан чуркап барышпадыбы. Бул жерде Мелис Эшимкановдун адамды ишендирүү талантынын күчтүү экенин белгилей кетүү керек. Ага карабай, оппозициянын ичинде Куловдун анык жүзүн билип, ага ишенбегендер да бир топ болчу. Ал бийликке кайра жетүү үчүн массалык провокация даярдап жатканын биз билген элек. Аны реформа менен демократия кызыктырбасы айдан ачык болчу. Мына ушундай кырдаалда 2007-жылдын 20-мартында "Реформа үчүн!" кыймылынын Кеңешинин жыйыны менин офисимде өткөн.
Бул жыйындын максаты "Реформа үчүн!" кыймылынын президентке болгон талаптарын иштеп чыгуу эле. Себеби, эртесинде, 21-март күнү мага президент менен жолугушуу жана оппозиция менен бийликтин чогуу иштешүүсү жөнүндөгү платформаны талкуулоо сунушталган. Анан албетте, чогулуп кийинки кадамдарыбызды талкуулап алуу үчүн "Реформа үчүн!" кыймылынын Кеңешинин бардык мүчөлөрүн чакыргам.
- Бул жыйында кыймылдын кайсы лидерлери болду эле?
- Жыйында "Ата Мекен" партиясынан Өмүрбек Текебаев, Өмүрбек Абдрахманов, Асия Сасыкбаева жана Чолпон Жакупова болгон. Азыркы "Ак Шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев дагы активдүү катышкан. Буга чейин аталган Азимбек Бекназаров, Роза Отунбаева, Иса өмүркулов, Өмүрбек Бабанов жана Эдил Байсаловдор да катышкан эле. Андан сырткары, иштелип чыккан сунуштар телефон аркылуу Кубатбек Байболов, Муратбек Мукашев, Рая Кадыровалар менен да макулдашылган. Бизди оппозициянын аксакалы Дооронбек Садырбаев дагы колдогон эле.
- А эмне үчүн талаптарды талкуулоого дал ушул адамдар катышкан?
- Себеби, алар "Реформа үчүн!" кыймылынын Кеңешинин мүчөлөрү болгон да.
- Жыйында кандай чечим кабыл алдыңыздар анан?
- Президент менен сүйлөшүүгө ала бара турган 8 пункттан түзүлгөн талаптардын тизмесин талкуулап, бекиттик. Негизги талаптардын бири конституциялык реформанын талабы болчу. Биз ошон үчүн биргеликте иш жүргүзгөн жумушчу тобун, коалициялык өкмөттү түзүүнү каалаганбыз. Бул эки пунктту президент 24-мартка чейин аткарышы керек эле. Мындан башка дагы сунуштар болгон, бирок жыйынтыгында эң маанилүүлөрүн гана калтырып, калганын кагаздан чийип салууга туура келген. Калган 8 пунктту баары бир добуштан колдоп чыккан. Кол коюга келгенде, Өмүрбек Текебаев фронттун билдирүүсүнө кол койгонун айтып, биздин талаптарга кол коюдан баш тарткан. Бирок, талаптарды талкуулоого активдүү катышкан. Ошентип, кыймылдын атынан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эгер президент биздин шарттарга макул болсо, анда чогуу кызматташууга макулдук берүү милдети мага жүктөлгөн.
- Бакиев сиздердин талаптарыңыздарды кандай кабыл алды?
- Мен 21-март күнү президент менен жолуктум. Биз эки саат бою сүйлөштүк, талаштык-тартыштык. Бирок, жыйынтыгында ал биздин бардык талаптарыбызды аткарууга макулдугун берди. Экөөбүз келишимди жигитче кол алышуу менен бекиттик. Бул жерде белгилей кетчү жагдай, президент сөз менен эле макулдугун айтып койбой, иш жүзүндө келишимди аткарып баштаган. Ал эми биз кечээ эле макулдашкан оппозиция лидерлери койгон кол тамгаларынан, сөздөрүнөн капыстан эле баш тартып коюшкан. Кала берсе себебин дагы айтпай туруп баш тартышкан.
- Эмне үчүн мындай болду деп ойлойсуз?
- Азыр эми баамдаганыма караганда, президент премьер-министрлик кызматты башкаларга эмес, мага сунуштаганы кээ бир оппозиция лидерлерине жаккан эмес окшойт. Баса, мен премьер-министрликке Кубатбек Байболов менен Темир Сариевди сунуштагам, анткени ал кезде өкмөт башчы менин айылдашым Исабеков болчу. Бирок, президент Исабековго администрациядан жогорку кызмат берүүнү убада кылып, оппозициядан премьер болуп сен кел деп болбой койду. Ал эми Текебаевди болсо жөн гана мага каршы кылып коюшту. Ага фронтчулардын бири мен жөнүндө ыплас ушактарды айтып бергенин жакында эле Өмүрбектен уктум. Текебаевдин ишээнчектигинен жана эмоционалдуулугунан пайдаланып кетишти. Алардын ою ишке ашты. Мындай ыплас иштерди Текебаевге гана эмес башкаларга да колдонду го деп ойлойм.
Албетте, кыймылдын экинчи жарымы мени колдоп беришти жана бул үчүн мен аларга ыраазымын. Ошону менен катар эле мени менен чогуу бийликке барып, жоопкерчиликти чогуу көтөрүүгө алардын да духу жетпей калды. Бирок, бул үчүн аларды жемелеген туура болбой калат. Ошол убакта граждандык согуш жыттанып аткан эле...
- Эмне үчүн бул жөнүндө буга чейин бир жолу дагы айткан жоксуз? Ушул убакытка чейин сиз жөнүндө ММКлардан кресло үчүн сатылып кеткениңизди жазып, айтып келишти го.
- Ушул убакытка чейин менин оппозициядагы кечээки досторум болгонун болгондой айтып беришээр деп келдим. Бирок, өткөн жылы бир маегинде "Атамбаев оппозицияны саткан жок, биз аны саттык" деп Азимбек Бекназаров жалгыз эрдик кылып айтты. Калгандары унчукпайт. Оппозициянын өткөн жылкы Курултайында кээ бир шумкарлар менин дарегиме залдан жаман сөздөрдү кыйкырып атышканында, оппозиция лидери адилеттик үчүн чыгып, бардык чындыкты айтып берээр деп өзгөчө үмүттөндүм эле. Бирок, тилекке каршы, айрым партиялардын лидерлери тескерисинче жылмайып жыргап отурушат. Албетте, өкүнүчтүү болду. Жакында ММКлар мага кайрадан жалаа жаап баштагандан кийин, кандай болгонун мен өзүм айтып берүүнү чечтим. Албетте, чындык ачуу болот, ага болгон реакция дагы ар түрдүү болушу мүмкүн.
Ушул убакка чейин унчукпай жүргөнүмө башка бирөөгө негиззсиз көлөкө түшүрүүнү каалаганым да себеп болгон. Кимдир бирөөнү таарынтып алгым келген эмес. Бирок, эл чындыкты билиши керек да.
- Ушул маектен соң сизге кайра асылуулар башталарынан коркпойсузбу?
- Мен Кудайдан гана корком. Албетте, жалаа жаап атышканы оор жана өкүнүчтүү. Кээде бычактан да катуу жаралаган калп, ыплас сөздөрдү айтышат. Бирок, калптын өмүрү кыска. Аны менен бирге керектигин эске салып койгум келет. Биз ушуну унутпасак.

Лейла Саралаева