Ким жеңет?
* Шайлоого пикириңиз кандай?
* Шайлоо кандай деңгээлде
өтөт?

Учурда өлкөбүздө эң эле орчундуу маселе болуп, алдыдагы президенттик шайлоо маселеси каралып жатат. Элдин күткөнү да шайлоо болуп калды. Азыр эки адамдын башы бириккен жерде шайлоо жөнүндө "иттей" кызыктай кептер козголууда. Бирок, эң кызыгы кимди шайлайбыз? Текебаев мырзанын: "президент болбойм" - дегенин жалпы эл "суук кабар" катары кабыл алышууда. Кыскасы, анын бул чечимине бийлик ыраазы болсо, эл нааразы. Ашыгып, алдыга чыгып, талапкерлигин коюп жаткандар элдин купулуна анчейин толбой турганы белгилүү деңизчи. Калк терең ишеним артып жаткан, БЭКтин чечими "бышканча" элдин чыдамы кетип, башы "маң" болгонсуп турат. Бирок, элдин бул жолу Курманбек мырзаны кийинки мөөнөткө шайлоо ниети көрүнмөк тургай, "жыттанбай" да турат. Андыктан ажобуз президенттик шайлоого бир эмес, миң жолу аттанса да, "маарага" жетпей, ара жолдо "акактап" калары белгилүү болгону менен, анын колундагы бийлик күчү, тиешелүү "маарага" көтөрүп болсо да жеткирүүгө камдана баштаганы байкалгансыйт.
Элди санаага салган, жакында өтүүчү "шайтандуу" шайлоо маселеси тууралуу калкыбыздын айрым кадырман инсандарын кепке тарттык.




Сүйүнбай Эралиев, Кыргыз Республикасынын Баатыры:
"Президент болуп,
кеменгер адам шайланышы керек"
- Эми кыргыз мамлекетине президент болуп кеменгер, кыргызга жан дили менен күйгөн, кыргыз рухун көтөрө турган адам шайланышы керек. Андай адам келбесе болбойт. Кандай болгон учурда да, кыргыз элинин жашоосун оңдой турган, жаңыча багыт менен жаңылай турган адамды тандашыбыз керек. Бүгүнкү элдин, мезгилдин талабы ушундай. Биздин мамлекет жетекчилери талапка ылайык иш кылышы зарыл болуп турат. Чоңдорубуз ушуну ар дайым эске алышса жакшы болот эле. Шайлоо бурмаланбай, бийик деңгээлде, таза жана жакшы уюшкандыкта өтүшү керек. Эгер шайлоо андай деңгээлде өтпөсө, бул жолу эл анын жыйынтыктары менен макул болбойт.
Эл президенттикке барат деп күтүп жүргөн Текебаев мырза "президенттике барбайм"- деди. Эми ал барбаса, эл колунан жетелеп баргызмак беле? Биз ар кимдин укугун сыйлоого милдеттүүбүз. Ар бир инсанга өз деңгээлине жараша баа беришибиз керек. Кыргызда президенттикке жарай турган мыкты жигиттер көп. Ошолордун бирин шайлап алсак, ал шайланган президент элдин турмушун оңдоп берсе деген пикирдемин.




Мамбет Мамакеев, Кыргыз Республикасынын Баатыры:
"Бийлик элдин добушун уурдаса, чоң чатак болот"
- Эми буга чейин болуп келген шайлоолорду көрүп жүрбөйбүзбү. Баардык балээнин баардыгы ушул шайлоодон чыгып жатат. Азыр Грузияда, Молдовада шайлоонун шайтан оюндарынан улам, кандай жаңжал болуп жатат. Бизде, 2005- жылдагы бийликтин алмашуусу мына ошондой "шайтандуу" шайлоолордон улам келип чыккан. Кийинки парламенттик шайлоо дагы ошондой жол менен өттү. Менимче, ал парламенттик шайлоонун жыйынтыгын бечара, маркум М. Садыркулов каалагандай бурмалап койду окшойт. Аткаруу бийлиги, Жогорку сот жана тийиштүү чара көрө турган органдын баары Ак үйдү карап, өздөрүнчө чечим чыгара алышпаса, добушун уурдаткан карапайым калк кайда барып арызданат? Бийлик шайлоонун жыйынтыктарын бурмалагандын жакшы ыгын таап алды. Алдыдагы президенттик шайлоодо ошол көнүп калган "ыкманы" колдонушса, анда эле чоң чатак болот. Элдин добушун уурдап, өз билгенин жасаса, балээнин баары башталат.
Азыр күн өткөн сайын президент болом дегендер көбөйүп жатат. Эми бул табигый көрүнүш болуп калды. Бирок, президенттикке талапкер болгондор "эл мени шайлайбы"- деп бир жолу ойлонуп койсо жакшы болот эле. Мисалы, азыр президент болом деп жатышкан Мотуевди, доктор Апасты ким шайлайт? "Мания величия" деген бир оору бар. Бул оору менен ооруган адамдар өздөрүн өтө акылдуу сезип, тамтырап оюна келгенди сүйлөй берет. Аларды ошондой оору менен ооруган адамдар десек болот. Апас деген, менин алдымда иштеп кеткен. Өз ишин жакшы билбегенинен улам, мен аны иштен бошотуп жибергем. Москвада солидный кийинип жүрсө эле, эл аны кыйын деп ойлосо керек. Мен ал жөнүндө: "Акаевдин денесинен чыккан "отходуна" да тең келбейт"- деп жазгам. Чынында ал ошондой эле жигит.
Кыргызда президентикке жарай турган мыкты инсандар көп. Бирок, бийлик мыкты жигиттерибизге "саясый куугунтукту" күчөтүп жиберди. Эмне үчүн алар мамлекеттик кызматта иштеп жатканда, кылмыш ишин козгошпойт? Оппозицияга өтүп, чындыкты айта баштаганда, болбогон шылтоолор менен тынымсыз сурактарды башташты. Эгер алар ооздорун басып, унчукпай жүрө беришсе, кылмыш козгошпойт эле. Бул эми курулай шылтоо. Мен күнүгө үч-төрт кишиге операция кылам. Мага бычак менен сайышып, мылтык менен атышып келишет. Аларды сураган киши жок. Дагы бир айтчу бир кеп бар. Эл Текебаевдин президенттикке аттанбай калышына нааразы болуп жатат. Мен деле нааразы болуп турам. Оппозициянын эң эле тыңы ушу жигит. Түз сүйлөп, түз жүргөн, кыргызга күйгөн адам. Мен Өмүрбек менен эки чакырылышта депутат болуп иштегем. Ал убакта ал жаш эле, үй-бүлө да күтө элек эле. Текебаевден кем калбаган дагы бир жигит бар. . Ал Темир Сариев. Бул жигит өзгөчө экономикалык иштердин майын чыгара билгендиги менен көпчүлүктөн айырмаланып жүрөт.




Сооронбай Жусуев,
Кыргыз Республикасынын Баатыры:
"Эл азыр кимди шайлашты билет"
- Чынында эл шайлоодон абдан тажап да, жалкып да калды. Таза өтөөрүн да кудай билет? Түндүк-түштүк маселеси да дал ушул шайлоо убагында курчуп кетет. Эл азыр президенттик шайлоого даяр болгону менен, кимди шайлаарын жакшы билбей жатат окшойт. Себеби, Бириккен Элдик Кыймылдын лидерлери өздөрүнүн арасынан "бирди көрсөтүбүз"- деген чечимдерин, өтө кеч кабыл алышты. Алар эртерээк өз ара келишип, эл баалаган кадыр-барктуу бир адамды улуттук лидер катары көрсөтүшүп, колдоп чыгышса, эл деле алардын чечиминен алыс кетпейт деп ойлойм. Жалпы эл кимди тандаса, биз аксакалдар деле,ошол лидерлерге токтолобуз да. Ал эми учурда Текебаевдин "президенттик шайлоого барбайм"- деген билдирүүсү көпчүлүккө жакпай тургансыйт. Канткен менен Текебаев кыргыз саясатчыларынын арасынан бир да жолу "кыйшык жолго" түшүп кетпеген, принципиалдуу оппозиционер.
Акыркы убактарда саны көп, сапаты жок партиялар көбөйүп кетти. Кыйратып иш жүргүзбөгөндөн кийин элдин башын айлантып, мынча көп партиянын эмне кереги бар? Биз кичинекей эле өлкөбүз. Партиялар азыраак жана сазыраак болсо жакшы болмок. Азыр күндөн-күнгө президент болом деп талпынгандар көбөйүп жатат. Эл аны шайлайбы, шайлабайбы ойлонуп да коюшкан жок. Бирок, канча көп адам ат салышканы менен, акыры арасынан чыныгы бир "күлүк" алдыга озуп чыгаары белгилүү дечи. Ошентсе, эл азыр мурункудай өз укугун тебелетпей, сабаттуу болуп калды. Кыскасы, эл кимди шайлашты терең түшүнүп калды.




Айылчы Сарыбаев, Экономика илимдеринин доктуру:
"Шайлоо Бакиев кааласа таза өтөт, каалабаса таза өтпөйт"
- Азыр Бакиевге атаандашып, ат салышып чыга турган татыктуу бир лидер көрүнө элек. Мамлекетке өз үй-бүлөсүнө күйүп-бышкандай, күйө турган адам жоктой сезилет. Атамбаев президенттикке ат салышам деп тургансыйт. Ал мырза оппозицияда жүрүп, бийликке өтүп, бир жылча премьер-министр болуп иштеди. Кайра оппозицияга өттү. Эмне үчүн бийликтен, бир канча убакыт чогуу иштеген Бакиевден көңүлү калды? Муну тактаган киши жок. Эми анын президенттикке ат салышам дешин юмор катары караса болот. Текебаев жөнүндө айта турган болсок, ал мырзанын жакшы жери ар дайым өзүнүн саясаттагы ордун, салмагын сезе билет. Коомдогу ар кандай кырдаалга туура талдоо жүргүзө билет. Эми анын "президенттикке барбайм"- дешинин дагы бир башка жүйөөлүү себептери болсо керек.
Деги эле шайлоо таза өтөбү же таза өтпөйбү? Эң башкы маселе ушунда. Президенттик шайлоо Бакиев кааласа таза өтөт, каалабаса таза өтпөйт. Ошондуктан бул маселе, ал кишинин өзүнүн жеке чечимине байланыштуу. Ушу себептүү эл бул маселеге терең көңүл бөлүп, жакшы байкашы керек. Негизи кыргызда президенттикке жарай турган мыкты жигиттер көп эле. Биздин эл көпчүлүк учурда кемчилигибизди чукуй берип, бирөөлөрдү басынта берип, ушул адатка кадимкидей көнүп калдык. Бул адатыбыздан арылбасак болбойт. Элди бага турган, элге күйүп иштей турган жигиттерибизди негизсиз эле басынта бергенди токтотуп, баарына тең карасак жакшы болот эле.

Түгөлбай Казаков, Кыргыз Республикасынын эл артисти:
"Шайлоодо Курманбек Бакиев утат"
- Шайлоо элдин активдүүлүгүнө жараша болот. Жайында ушул активдүүлүк болобу, болбойбу кудай билет? Себеби, жайкы-талаа учурунда иштер көп болуп, элдин бир тобунун колу бошобой калат. Бирок, эл башка шайлоого келбесе да, ушу президенттик шайлоого келет эле болушу керек. Анан шайлоонун жүрүшү, кандай уюштурулушуна жараша да болот. Негизи, мен өзүм 1997- жылдан бери шайлоолорго катыша элекмин. Менимче, бул шайлоодо Курманбек Бакиев утат. Себеби, азыр элдин баары 2005-жылдагыдай "шайлабайбыз"-деп бир добуштан кыйкырып турган жок. Экинчиден, жакындагы нааразычылык акциялар анчалык бийик деңгээлде болгон жок. Массалык деңгээлге айланган жок. Оппоцизия бир кишини алып чыгышы мүмкүн. Бирок, оппозиция лидерлеринин "президент болом"- деген дымагы күчтүү болсо, араларынан бир кишиге токтолушу кыйын. Азыр партиянын кызыкчылыгы, региондук кызыкчылыктар бар. Бул да эске алынат. Саясатчылар жана саясатка кызыккан адамдар коомдогу баардык окуяны анализдеп, өзүнчө баа берет. Ал эми жөнөкөй адамдар эч кандай анализдебейт, баа да бербейт. Мына ушундан улам шайлоо учурунда кимдин ким экенин жакшы билбей туруп деле, добуш берип коюшат. Айтор, ар бир киши саясатчынын деңгээлинде эмес, өзүнүн деңгээлинине жараша анализ кылат. Анан дагы бир нерсе бар. Ким бирөөнүн жакын тууганы келип, "жүрү тигини шайлап коёлу"- десе сөзсүз макул болот. Бул нерсе кыргыздын канында бар. Муну эч ким жок кыла албайт.
Айбек Шамшыкеев