Ак ийилет, бирок...

Башталган чырдын башаты,
Бүтпөгөн акча казаты...
Чырылдап чындык издегендердин "кирбеген эшиги, түртпөгөн тешиги" калбайт. Мамлекеттик чиновниктер мындай адамдардын арыз-дартын "убактысын аябай" угат. Маселенин "сөзсүз мыйзам чегинде чечилерине" ишендирип, даттанган тараптан да, "айыпталгандардын" да тирөөчү бары-жогун, алардын ким жана кайда иштерин аныктаганга аракет кылат. Албетте, башына күн түшкөн адамдын эң жакшы "таанышы" ошол текшерүүчү чиновникти чакырыппы же телефон чалыппы, териштирүүнүн багытын өзгөртүүгө көмөк көргөзүп коюунун жолун табууну гана "өтүнүп" коет да, андан кийин бүтүндөй далилдер даттануучуга каршы кызмат кылат көрүнбөйбү?!

Сайра Омукеева буга чейин Бишкек шаарындагы №12 ЦСМде материалдык бухгалтер болуп иштеп, бейкапар күн кечирип жаткан. Төбөсүнө кара булут уюлгуп, ушул үй-бүлөлүк медициналык поликлиниканын жетекчилери менен тирешип калаары үч уктаса түшүнө да кирген эмес. Жолдошу (күйөөсү) кайтыш болгондон кийин турмуштун эң оор сыноосуна тушуккан Сайра Омукеева 3 баласын белине таңуу кылып, аларга жетимдин ашын ичирбей багып, ишенээр адамы болбогон соң ишин так аткарып келген.
2008-жылдын 18-сентябрында №12 ЦСМге жаңы башкы бухгалтер келет. Жукеш кызы Кундуз бул кызматты колго алаары менен поликлиникада эмгек акы төлөөнүн системасы өзгөрүлөт. Башкы врач А.К.Алсеитованын буйругу менен 8-9 адамдын ар бирине 12-15 миң сомго чейин сыйлык эмгек акы (премия) төлөө киргизилип, "сыйлангандардын" тизмеси башкы бухгалтерде сакталат. Ошентип, 2008-жылдын ноябрь айында 2 ирет жана декабрь айына сыйлык акы төлөнүп берилет.
Албетте, эмгегине жараша сыйлоого эч ким деле каршы эмес, бирок кайсы негизде жана сиңирген кандай эмгегине төлөнөөрүндө эмеспи. Ал эми 2009-жылдын март айында башкы врачтын, башкы врачтын орун басарынын, башкы бухгалтердин, улуу мээрман айымдын акчалай сыйлыкка татыктуу болушу да бир кыйла күмөндүү көрүнүштү пайда кылып отурат. Мүмкүн, сыйлыкка төлөнгөн акча каражаттардын кандайдыр бир бөлүгү поликлиниканын жетекчилерине "белекке" берилип жүрбөсүн? Муну далилдөө биздин компетенцияга кирбесе да, буга жеке пикир айтууга кырдаал мажбурлап жатканын окурмандар туура түшүнүшөөр...
Мындай тескери пикирдин жаралышына себепкер Сайра Омукееванын 2008-жылдын 29-декабрында иштен "табышмактуу" бошотулушу. Сайра Омукеева да жогорудагы "акчалай сыйлыкка татыктуулардын" бири болот. Бирок, ал берилген "сыйлыкка" кол коюп берип, куру кол калганына ыза болот. Ошол эле учурда поликлиникада финансылык оор тартип бузуулар болуп жаткандыгын сындайт да, бул маселе жөн калбасын, тиешелүү уюмдарга кайрылаарын билдирет.
Ошентип, 2009-жылы январда БТУ ФОМС департаментине, Саламаттык сактоо министрлигине, Бишкек шаардык каржы полициясына, коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнө, КРнын мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине чейин кайрылат. Адатта текшерүүчүлөр алгач жаалы катуу келишет. Бир канча күн териштирүү иштерин жүргүзүшүп, жетекчилер менен жаза тайып "түштөнүшөт", дагы башка жолдору пайдаланылат да, иш "жабылат" эмеспи. Ал эми даттанган тарап жообун күтүп, убакыттан уттурат, ошону менен катар "күнөөлүү башка эмес" ошол даттанган адам болуп кала берери Сайра Омукееванын тагдырынан ачык көрүнөт.
ЦСМ №12ни текшерүү алгач катуу жүргүзүлөт. Анткени, бул поликлиникада элге медициналык кызмат көргөзүүдө "кош касса" иштетилери тууралуу маалымат бар болчу. Бир кызмат көргөзүүдө кайрылган адамдар каттодон өткөрүлүп, атайын журналга түшүрүлүп, акча каражаты кассага кириштелип турган. Бул жакка түшкөн каражат мамлекет тарабынан катуу көзөмөлгө алынган. Ал эми экинчи касса башкы бухгалтердин "кол астында" болгон. Мында медициналык жардам алган адамдар журналга түшүрүлбөйт, каттоого алынбайт. Акча төлөнгөндүгү тууралуу дүмүрчөк клиентке берилгени менен ал каттоодон өткөрүлбөй, поликлиниканын башкы бухгалтеринин гана көзөмөлүндө болуп, чогулган каражат поликлиниканын "жетекчилеринин жем жеген акырына" же "кирешелүү булагына" айланган.
Ошол учурда материалдык бухгалтердин "ишенимдүү адам" болушу зарыл болдубу, же башка себептер да барбы, айтор, Сайра Омукеева 2008-жылдын 29-декабрында иштен бошотулат, бирок иштен бошотууга Сайра Омукеева арыз жазып берүүдөн баш тартат. Катуу стресске дуушар болгон Сайра Омукееваны участкалык врач Жусупбекова келип көрүп, убактылуу ишке жараксыз бюллетенин ачуудан баш тартат. Себеби, башкы врач С.Омукеевага бюллетень ачууга тыюу салат.
Жаңы жылдан кийин С.Омукееваны Галина Осмоналиева текшерүүдөн өткөрүп, 2-январдан 5-январга чейин убактылуу ишке жараксыз баракчасын ачат да, үч күн өткөндөн кийин "барганда үйүндө жок экен" - деген шылтоо менен баракчаны жаап салат. Ошентип, С.Омукеева ЦСМ №12нин жетекчилеринин куугунтуктоосуна туш келет. Ооруп жатканын билсе да, бир да врач ага баракча ачууга батына албайт, батына да алмак эмес.
Алгач С.Омукееванын арызын катуу текшерген комиссия, 2009-жылдын январь айында көптөгөн каржылык жана эмгек тартиби бузулганын аныктап, каржы полициясы иштен бошотулган С.Омукееваны кайрадан ордуна кызматка алууну сунуштайт. Ошентип, 22-январда башкы врач А.К.Алсеитованын кайрадан ишке киришүүгө чакырганын улуу мээрман айым Зуура Омуракунова, оператор Сайра Даировалар барып кабарлашат. Эми кысым болбойт го - деп ишенген С.Омукеева кайрадан кызмат ишин баштайт. Ошол эле учурда алар текшерүүчүлөрдөгү негизги документациялардын алынганы, поликлиникада одоно тартип бузуулар болбогондугу тууралуу сөздөр кеңири таркатылат. Негизги коркунучтар четтетилди - деген ишеним пайда болот. Такталбаган маалыматка таянсак, БТУ ФОМС департаментинде Жукеш кызы Кундуздун кайын эжеси, монополияга каршы күрөшүү бөлүмүндө А.К.Алсеитованын кайниси иштеп, алар бул ишти "басып" коюуга жардам берүү мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон сыяктанат. Өз максаттарына жеткен поликлиниканын жетекчилери "ушунча убарага салган" С.Омукеевадан өч алыш керек эле. Аны "акча каражаттары жана баалуу товарлар менен тейлөөгө ишенимди жоготконуна" байланыштуу КРнын Эмгек Кодексинин 83-беренесинин 6-пунктунун А подпунктуна ылайык иштен бошотууга милдетүү медициналык камсыздандыруу фондунун Бишкек аймактык башкармалыгынын №12 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун профсоюзунун заседаниесинин протоколуна "ылайыктап", А.К.Алсеитова 2009-жылдын 1-апрелинде №41 токтомун токуду.
Ушул жерден бул дарыгерлер борборунда мурдагы материалдык бухгалтер С.Омукееваны иштен бошотууга профсоюздун комитетинин чечими деле башкы врач А.К.Алсеитованын кысымы алдында алынганына аргасыз ишенесиң. Алып көрөлү. С.Омукеева 2009-жылдын 5-январынан 21-январына чейин 14 күн ишке чыкпай эмгек тартибин бузгандыгы боюнча актыга 22 адам кол койсо, анын 2009-жылдын 3-мартында жазылып отурушунун түпкү сыры эмнеде болду экен?
Профсоюз комитети администрация менен өзүнүн мүчөсүнүн ортосунда карама-каршылыктардын түпкү себебин эң жакшы билген. Ушул аралыктарда каржы полициясы, монополияга каршы күрөшүү бөлүмү, саламаттык сактоо министрлиги, республикалык БТУ ФОМСтун жана КРнын улуттук коопсуздук комитетинин текшерүүсүнүн жыйынтыгы чыга электигине карабай "по выявленным фактам фиктивных приходных кассовых ордеров передать в правоохранительные органы для расследования и определение тяжести содеянного и за ложный донос, по поводу премирования" - деп аныктама чыгарышын кандай түшүнсөк болот?
Таң каларлыгы, "фиктивных приходных кассовых ордеров" - үчүн материалдык бухгалтер С.Омукееванын кандай катышы бар? Ошол ордерлерге тегерек мөөрдү С.Омукеева басабы же башкы врач басабы? Анын түпкү нускасы каржы полициясына тапшырылган менен бүтүндөй көчүрмөсү даттануучу тарабынан сакталып отурат. Эгер түп нуска жок кылынса, анда бул ишке экинчи тараптын да "кызыкчылыгы" бар, - деп эсептөөгө болот.
Фактылар далилденбесе эмне үчүн КР ГКНБсы (коопсуздук комитети) тарабынан №082-09-0036 кылмыш иши козголуп отурат? Ошол эле учурда А.К.Алсеитованын үстүнөн кылмыш иши козголгондугуна байланыштуу тергөө амалы бүткөнчө ага чара көрүү убактылуу токтолуп турганы тууралуу БТУ ФОМСунун департаментинин директору маалымат берген. Же муну деңизге чөгүп бараткан кемедеги чычкандын жыйынтыксыз аракети катары санасак болобу?
Тилекке каршы, бул маселелер боюнча текшерүүчүлөрдүн баары эле мыйзам чегинде иш алып барган деп айтуудан аргасыз айбыгасың. Улам бир шылтоо менен ЦСМ №12нин жетекчилеринин кысымына дуушар болуп, даттанууга мажбур болгон С.Омукеева ушул мезгилге чейин шаардык финполициядан, монополияга каршы күрөш башкармасынан, саламаттык сактоо министрлигинен жана БТУ ФОМС тарабынан тиешелүү жообун ала албай келет. Ал эми КР ГКНБ тарабынан жүргүзүлгөн териштирүүлөрдүн жыйынтыгын кат түрүндө билдиргендиги үчүн жабырлануучу коопсуздук комитетине ыраазылыгын билдирет.
Ошентип, С.Омукеева менен мурдагы жетекчисинин ортосунда тирешүү өз апогейине жетти. Анын салдары экинчи тарапка да терс таасирин тийгизди. Бишкек шаарынын финполициясынын начальнигинин кеңешчиси полковник М.Б.Абдрахмановго ЦСМ №12де кассир болуп иштеген Ырыс Мамырканова өз ыктыяры менен кассага кириштөөчү ордерлерди 4-мартта өткөрүп берген. Ошол эле учурда ал башкалардан өзгөчөлөнүп, С.Омукееванын козгогон маселелери чындык дегени үчүн 6-апрелде анын арызын жаздырып албай, иштен бошотуп отурат. Ушундан улам, буга финполициянын катышы барбы - деген шектенүү пайда болот.
Үмүт, чиркин, эмнеге гана мажбурлабайт. Чындык издеген С.Омукеева, Ы.Мамырканова УТРКнын "Адилет" телеберүүсүнө да кайрылышкан экен. "Адилет" ЦСМ №12ге барат. Жетекчилери менен кең-кесири маектештиби, же алыш-бериш мамиле түздүбү, айтор, арыз ээлери менен жолугушкандан качып, эми ал ишти эмнеге жаап койгону белгисиз калды.
Адамдык абийир, ар-намыс ар дайым чындык үчүн күрөштө аныкталат. "Ар бир каттын артында тирүү адам бар экенин" эстешсе, анда каржы полициясы, коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгы, саламаттык сактоо министрлиги, "Адилет" телеберүүсү арыз-муңун айтышкан С.Омукеевага жана Ы.Мамыркановага козгогон маселелеринин кайсы аракеттери туура жана эмнеден чекилик кетиришкенин, мыйзам кайсы жерден жана кимден бузулганын, буга кандай чара көрүлөөрүн билдирген жооп берүүнү "унутуп койгону" көбүбүзгө түшүнүксүз калды. Ошентип башталган чырдын башаты, бүтпөгөн акча чатагы менен коштолуп, маселе кайсы өңүттө чечилери күмөн бойдон калып отурат...

Эртабылды Аттокуров,