Биздин бийликтегилерибиздин "өзүм билемдиги" күндөн-күнгө күчөп эле баратат. Элдин пикири менен эсептешүү дегенди таптакыр унутушту. "Орус оюндагысын кылат" болуп, эмне кааласа ошону жасай башташты. Анысын далилдей турган жүздөгөн факт-мисалдардын бир - экөөнү эле карап көрөлү.
"Ала-Тоо" аянты талкаланды...
Баш калаабыздын келбети улам оңолот десек, тескерисинче, кедери кете баштады. Арсак-терсек, башаламан түшкөн курулуштар көбөйүп, татынакай шаарыбыздын көркү бузулууда. Шаарды алты айланта салынган кепе-тамдар борбор шаарыбыздын бетине ботко чачып жибергендей элес калтырат... Эми, борбор калаабыздын как толтосундагы, Киев - Совет көчөсүнүн кесилишин карап көрүңүз. Ал жерде 18 кабаттуу турак-жай курулушунун бет маңдайын тосуп, "кыпчылган" бир дүкөн курулуп жатат. (Угушубузга караганда Т. Шайлиева салдырып жатыптыр). Кайран гана шаңкайган 18 кабаттуу үй. Асман тиреп тээ алыстан көзгө сүйкүм көрүнүп, шаар көркүн ажарлантып тураар эле. Эми ал үйдүн көркү көрүнбөй, дүкөн менен жабылып калды. Мындай өзүм билемдикти жөнгө салып тескей турган жан барбы, деги? Архитекторлор эсепке алып, жол кесилиштеринен бир аз оолагыраак салынган үйдүн алдында кооз жасалгалар бар эле. Мажүрүм тал самсаалап, эс алуу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн болчу. Кары-жаштар сейилдеп, эс алып, чет элдиктер ошол үйдүн фонунда сүрөткө түшүп жатаар эле. Эми анын бири жок. Мына ушундай көрүнүштөрдү ошол эле жерден эмес, шаардын баардык булуң-бурчтарынан көрүүгө болот. Ушуга окшогон "кыпчылма" курулуштарга уруксат бергендерди жоопко тартыш керек. Мүмкүн болсо буздуруп салса да болоор эле. Антпегенде, шаардын абасы "кысылып", транспорттордун кайрылуу амалдарына оорчулук келтирип, жөө жүргүнчүлөрдү да жүдөтө баштады.
Анысы аз келгенсип, эми, Борбордук аянтты да талкалап киришти. Шаар тургундарынын, мүлдө кыргыздын мактанычы болгон "Ала-Тоо" аянтынын бузулуп жатканын - бийлик төбөлдөрүнүн келечек үчүн кылган кыянаттык иши катары баалоого болот. Баарын бүтүрүп коюшкансып, эми Борбордук аянттын чок ортосуна фонтан курушат экен. Ой, турбайбы аянттын батыш, чыгыш тараптарында жайнаган фонтандар. Ошолорду акыр-чикирден арылтып, дамамат суу аттырып коюшпайбы, анча кыйын болсо. Жок, сопсонун, мелтиреп турган аянтты бузуш керек, буларга. Ал аянт деген нечендеген адистердин башын катырып, эсеп-чоту алынып көптөгөн эмгек, каражат менен курулган. Миллиондогон сомго талкалап, миллиондогон сомго кайра кура бергидей же биздин байманабыз ашып-ташып жатабы?! Көрөөрсүңөр, ал фонтан курулуп бүтсө, "Ала-Тоо" аянты аянт болбой эле фонтандардын көргөзмөсү болуп калат! "Айчүрөк" универмагынын батыш тарабындагы, Тарых музейинин чыгыш тарабындагы ж.б. фонтандар иштебей, сууларынын үстүн көк-жашыл балыр басып, сасып турбайбы. Токтоп турган суу чымын-чиркейлердин көбөйүшүн шарттаган, эң ыпылас жай болот. Мына ошолорду ирээтке келтирип, тратуар, көчөлөрдү мизилдетип тазалап коюшкансып, бүтүлүү оокатты бүлдүрүп жатканыңарга жол болсун! Эмне үчүн ирдене албай жатабыз? Мына ушу сыяктуу ысырапчылыкка жол берген кемчонтойлугубуз үчүн, иштин көзүн таппай, эл байлыгын сактай албагандыгыбыз үчүн ыңырчагыбыз ырдап, үрүп чыгар итибиз жок 15 союздук республиканын эң артында окшуюп отуруп калдык.
Бул - иштин бир жагы, экинчи дагы бир кокуй жагын карап көрөлү. Баардык мамлекеттердин баш калааларында ай талаадай керилген Борбордук аянттары бар. Алсак, Москвадагы "Кызыл аянт", Киевдеги "Майдан", Ташкент, Астана шаарларындагы Борбордук аянттар көз жоосун алып, ар улуттун сыймыгына айланган. Ал аянттарда мамлекеттик деңгээлдеги маанилүү жыйындар, маданий иш-чаралар, майрамдык шаан - шөкөттөр, ар кандай митингдер өткөрүлөт. Аянт ошон үчүн керек. Ал - элдин көкүрөгүндөгү толкуган кубанычты же кайнаган кыжырды билдире турган ыйык жер!
Чет элден келген туристтер алгач Борбордук аянтты көргөнгө ашыгышат. Ал жерден сүрөткө түшүшүп, сейилдеп, шаардын архитектурасы, маданий жайлары менен таанышышат. Эми алар аянттагы фонтандардын көргөзмөсүн көрөбү? "Ала-Тоо" аянтынын бузулуп жатышынын түпкү себеби эмнеде экенин бир тобу билсе, бир тобу билбейт. Анын себеби мындай: Куулугу түлкүдөн ашкан кошоматчы чиновниктердин тапкан амалы. Ал амал - фонтан курулуп, аянтты кооздойбуз деген шылтоо менен аны талкалап, көпчүлүк баса турганга орун калтырбай, "Кетсин!" деген митингдерди токтотуу. Кыянаттык кылуу. Болду. Алардын мындан башка максат - мүдөөсү жок. Митингдерден жүрөктөрү түшүп калган Ак үйдөгүлөр мындай "эврикага" дароо макул болуп, курулушка уруксаат берип, аларды колдоп жатат. Мынча акылман болбосоңор эмне болот? Аянтты талкалап салышса эле, эл митингке чыкпай калабы? Баракелде! Элди бир келесоо ойлошот. Ой, эл деген тээ таскарыныңарга чейин көрүп турат. Элдин көзү - "УЗИ". Ошону эмдигиче билбейсиңерби? Элден эч нерсени жашыра албайсыңар. Эл силерден элүү эсе акылдуу! Борбордук аянт мүлдө кыргыздын энчиси. Бир күндүк бийлик үчүн жанталашып, бардыгын садага чаап, далбас ура бергендин арты жакшы болбос. Эл деген - сел. Митингке чындап чыккысы келсе, Ак үйдүн чатырына чейин чыгып барышат. Көп эле мышык-чычкан ойной бербегилечи.
Эми, мынча башталып калгандан кийин фонтан да курулаар. Бир аз күн суу атылып, анан кайра токтоп, ар-ар жерде мулуюп тураар, шыгыраган фонтандар. Байкасаңар болот эле, элдин "кыжыр фонтаны" атылганда, кирээрге жер таппай калып жүрбөгүлө! Качандыр бир мезгилде "Ала-Тоо" аянтын калыбына келтирип, соройгон фонтаныңарды жыга чаба турган күн да келээр. Аркадан акылдуу, намыстуу жаштардын дүбүртүн уга элексиңерби? Же, алардын алкынган аргымактары тепсеп кеткенде эсиңерге келесиңерби...
Мурат Мукасов
Пенсионер




  Саясый бейне

Жогорку Кеңештин
төрагасы Айтибай Тагаев
саясатчыбы, же?..
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Айтибай Тагаевди мамлекеттик-саясий ишмерлердин катарына кошуу керекпи же кошпоо керекпи?

Парламенттин спикери расмий түрдө мамлекеттик бийликтеги экинчи адам болуп эсептелет. Кокус президент бирдеме болуп кетсе, бийлик убактылуу ЖК төрагасынын колуна өтүп, өлкөнү башкарышы керек. Демек, кызмат орду боюнча алганда, А.Тагаев өтө үлкөн саясатчы, мамлекеттик ишмер. Ал эми анын жеке натурасын, саясий-адамдык дидарын карай келсең, ал саясий-мамлекеттик ишмер деген калыпка дегеле сыя бербейт.
Көпчүлүк билгенден, ал Түштүктөгү бай адамдардын катарына кирет экен. Курулуш материалдары үчүн баалуу таш чыккан кендерге ээлик кылып, Өзбекстанга таш сатчу имиш. Мындан сырткары да пул тууй турган майда чүйдө "точкалары" арбын болсо керек. Андай "точкаларынын" көпчүлүгү Кызылкыя шаары менен Ноокат районунда жайгашкан. 2005-жылдагы март төңкөрүшүнүн Ошто тутанышына зор үмүт кошкон "революционер", милициянын полковниги Абдылда Капаров кийин Кызылкыя ШИИБинин начальниги болуп туруп, А.Тагаевдин бизнестеги мыйзамсыз иштеринин бетин ачам деп, күйүп кеткен жайы бар. Бул учурда Жогорку Кеңештин депутаты болуп, Акүйдүн колтугуна кирип алган Айтибай мырза күчкө салып, А.Капаровду каматтырып да койгон.
А.Тагаев адегенде экс-президент Аскар Акаевдин "Алга, Кыргызстан" "үй-бүлөлүк" партиясына мүчө болуп, ошонун аркасынан оңой-олтоң эле депутаттыкка шайланган эле. Андан соң "Алга, Кыргызстанды" жеңил баада сатып, "Ак жолдун" катарына секирип өтүп, Акүйдүн амири менен экинчи ирет депутат болуп келди. Депутат болгон Айтибай мырзанын түшүнө спикерлик орун дегеле кирбесе керек эле. Бирок, дагы да Акүйдүн амири менен бүгүн А.Тагаев деген "саясатчы" КР Жогорку Кеңешин башкарып, өлкөдөгү мамлекеттик бийликтин бир бутагынын башында отурат.
Эгерде Кыргызстанда Конституцияны туу кармап, эл алдындагы өз милдетин так аткарып, өлкө кызыкчылыгы үчүн иштеген бийлик болгондо, А.Тагаевге окшогон кишилердин спикер эмес, депутат болуп келиши да арсар болчу.
Кыргызстандагы азыркы кырдаал ушундай, президент башында турган "үй-бүлөлүк бийлик" системасы дүйнөдө атамзамандан түзүлүп, калыптанган парламентаризм институтун жокко чыгарып, тарпын кетирип бүттү. Бүгүн эми Жогорку Кеңешке маймылды спикер кылып койсо деле "башкара" берет. Болбосо, Жогорку Кеңешти жоюп жиберсе деле эч нерсе өзгөрбөйт. Анткени, Кыргызстан азыр мыйзам менен эмес, "по понятиям" жашаган өлкөгө айланып калбадыбы?! Дегинкиси, А.Тагаевдин саясий дидарын баштагы акаевдик, азыркы бакиевдик бийлик системасынан бөлүп, өзүнчө карай албайсың. Мүмкүн, Айтибай мырза жеке адам катары жакшы эле киши болсо керек. Адамкерчиликтүүдүр, досчулукка бекемдир, тууган-урукка карамдуудур... А бирок, саясатчы катары эч ким эмес. Ошол "эч ким эместиги" үчүн аны Акүй өзгөчө асырап, спикер катары кармап отурат. Демек, анын саясий тагдыры бүт бойдон Акүйдүн колунда. Ал 7-кабаттан чийилген сызык менен гана басып турууга аргасыз.
А.Тагаев Ноокат районунун кулуну. А өзүңөр билесиңер, Ноокат жергесинен өзүнүн жүзү, үнү бар, өз алдынча ой жүгүртүп, иш кылган саясий ишмер баш көтөрүп чыга элек эгемен Кыргызстандын тарыхында.
Айтибай мырзаны ичкилик урууларынан, ошон үчүн Акүйгө жаккан деп ойлоп жүргөндөр да бар. Тактап коелу, ал ичкилик эмес, адигинин эле баргы уруусунан.
Мирлан Токтошев