(Башталышы 11-бетте)
Соттун чечими аткарылабы?..
2002-жылдын ноябрь айында Бешли оглы Махмуд Кара-Буура райондук сотуна "Динара" эстрада тобунан 26420 сом өндүрүп берүү жөнүндө кайрылат. 18-ноябрда райондук сот тарабынан доо "юридикалык жактын органынын жайгашкан жери же анын мүлкү турган жери боюнча коюлат" - дегенди негиз кылып, арыз каралбайт. Мыйзам кимдин кызыкчылыгын көздөй турганы ушундан улам ачык көрүнүп турбайбы? Иш кылмыш жасалган жеринде каралбай, жабыр тартуучунун жайгашкан жеринен каралбай, айыптуу жайгашкан тарапка жабыркоочулардын "сүйрөлүшүн" биздин өлкөдө укуктук маселенин калыс чечилиши катары кароого болобу?
Ошентип, жабырлануучу Бешли оглы Махмуд эки жылга жакын убагын ар түрдүү инстанцияларга кайрылып, акыры 2004-жылдын 22-сентябрында иш Бишкек шаарындагы Октябрь райондук соту "Динара" фирмасынан жабырлануучунун тарткан зыянын калыбына келтирүү маселесин ачык сот заседаниесинде карады. Көрсө укук коргоо уюмдарында деле ишти калыс кароочулар бар экен.
ИИМдин МАИ башкармалыгынын РЭОсунун маалыматы менен ТАРЗ - 3270 маркасындагы 832 ВС мамлекеттик номерлүү автобус "Динара" фирмасына таандык экенин, аварияга күнөөлүү бул автобусту айдаган А.Сартбаев болгонун, аварияда кыйроого дуушар болгон ВАЗ - 2106 маркадагы Т 31-76 мамлекеттик номерлүү жеңил автоунаанын жараксыз болуп калгандыгын, аны калыбына келтирүүгө 74630 сомдук запастык бөлүктөрдү сатып алуу керектигин "Кудайберген" автомобиль базарынын 2004-жылдын 17-апрелиндеги тактамасы (справкасы) аркылуу басым жасайт.
Калыбына келтирүү ремонт ишине ОсОО "Автомобилдерди оңдоочу станциясы" 7000 сом сарпталарын аныктаган. Ошентип, автомобилди калыбына келтирүү 81630 сом түзөөрүн доо арызда көргөзүлгөн. Жоопкер келтирилген зыянды өз ыктыяры менен калыбына келтирүүдөн баш тарткандан кийин узак убакытка ар түрдүү инстанцияларга кайрылууга, Динара Акуловага жолугууга Бишкекке, А.Сартбаевге доосун билдирүүгө Ысык-Атага келип-кетип тургандыгын жана 5(беш) баласы бар экендигин эске алып, моралдык зыянды 10 миң сомго баалаган. Ошентип, доогер "Динара" фирмасынан 91630 сом өндүрүп берүүгө доо койгон.
Динара Акулова, А.Сартбаев же фирманын ишенимдүү адамдары сот процессине келбей коюшкандыктан чечим (решение) сырттан чыгарылып, Бешли оглы Махмудга 91630 сом, мамлекеттик пошлинага 9163 сом өндүрүлүшү тууралуу чечим кабыл алынган.
Албетте, сот калыс чечимин чыгарды. Ушул менен иш жыйынтыкталды деген пикир пайда болот. Тилекке каршы, соттун бул чечими ушул кезге чейин аткарылбай келе жаткандыгын Бешли оглы Махмуд каңырыгын түтөтө баяндады.
Жол кырсыгы фактысы боюнча доогердин пайдасына 91630 сомду өндүрүү жөнүндө чечимди аткаруу барагы 2004-жылдын 1-ноябрында Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сот аткаруучулар кызматына аткарылууга жөнөтүлгөн, аткаруу барагы сот аткаруучу Сабитова Лариса Михайловнага тапшырылат. Ал "Динара" фирмасынын мүлктөрүн тактоого иш кагаздарын тиешелүү уюмдарга жиберип, алар аталган фирманын укукка ээ болгон мүлкү "жоктугу аныкталат". Натыйжада, Л.Сабитова тарабынан Бешли оглы Махмудга негизги көп тетиктери таланган ТАРЗ - 3270 маркадагы 832 ВС мамлекеттик номерлүү 1993-жылдагы автобусту 20 миң сомго баалап, аны алууга сунуштайт. Бирок, капиталдык ремонтту талап кылган автобусту Бешли оглы Махмуд алуудан баш тартат. Ушундан улам, өндүрүү үчүн "Динара" фирмасынын мүлкү жетишсиз экендиги жана башка мүлкү аныкталбагандыгына байланыштуу аткаруу барагы өндүрүштөн кыскартылат.
Ушул жерде Динара Акулованын мүлкү бар экендиги аныкталбагандыгы күмөндүү. Анын Восток-5 кичирайонундагы №5 үйдөгү 21-квартирасы эмнеликтен анын мүлкү болуп каралбагандыгын кандайча түшүнүүгө болот?
Окуя 1998-жылы болсо, сот аны 2004-жылы гана карап Бешли оглы Махмуддун пайдасына чечкен менен ушул алты жыл аралыгында күнөөлүү экендигин билген Динара Акулова фирмасын формалдуу жоюп жүрбөсүн?
Азыркы күндө З.Парманкуловдун үстүнөн бийлик кафедеби же ресторандабы, бир кружканы сындырганы үчүн кылмыш ишин козгоп отурат? Ал эми күнүмдүк турмушта бир үй бүлөнүн кирешесинин булагы болгон "Жигули" автомашинасынын кыйрашына себепкер болгон айдоочу А.Сартбаевдин жана ошол автобустун ээси Динара Акулованын иши неге козголбой отурат? Ушул мезгилге чейин Бешли оглы Махмуд тарткан материалдык жана моралдык зыяндар төлөтүлбөй келе жатканында бир "мандем" бар болуп жүрбөсүн? "Динара" фирмасы жоюлса, ырчы Динара Акулова бар экенин, акыркы (2004-2009 ж.ж.) 5 жыл аралыгында 91630 сомду бир канча концерттик программасы менен толук төлөөгө мүмкүнчүлүгү неге сот аткаруучулар тарабынан эске алынбай отурат?
Акырында айтарыбыз, бийликке сын айткандардын айрымдарын "эзелки карызын" төлөбөгөндүгү үчүн кылмыш ишин козгогон мамлекеттик укук органдары Бешли оглы Махмудду оор зыянга учураткан Динара Акуловага жана айдоочу А.Сартбаевге кайрадан кылмыш ишин козгоор бекен же "жабылуу аяк жабылуу бойдон" калып, дагы эле жабыркоочу Бешли оглы Махмуддун укугу тебелене береби? Анын арыз-муңун адилет карап, мыйзам чегинде чечеби, ага ишенүү кыйын. Ал эми Махмуд акыры чындык бир жерден "жарк"-деп чыгаар бекен - деп үмүт менен көрүнгөн мамлекеттик мекемелердин эшигин "түрткүлөп" жүрөт...
Соттун 2004-жылдын 22-сентябрындагы чечим аткарылабы, же "жең ичинен" чечилип кала береби? Күтө туралы!
Эртабылды Аттокуров





  Посткриптум

Эх бийлик, неге мынча ырахаттуу,
Бүгүндөн эртеңкиси улам таттуу
Посткриптум, латынча кыскартканда P.S. - бул айтылган ойдон кийинки кыстырма сөз дегенди билдирет. Ушул рубриканы ачып жатып, замандын бийликтеги, оппозициядагы кечээ, бүгүн айтылган залкар ойлорун алып, анан сөз кыстырма жасап кетсекпи дедик.
Эмесе посткриптумда сөз кезеги бийлик тууралуу айтылган ойлор тууралуу.

Напалеон Бонапарт:
"Великие правители должны быть великим артистом"
P.S. Улуу эл башкаруучулар, улуу артист болушса, кичинекей эл башкаруучулар, кичкинтай артист болушабы?
Азил түрмөктөрүнөн:
Аялың тоскоол болсо, кетирип кутуласың,
Досторуң тоскоол болсо, бекинип кутуласың,
Батиңкең тоскоол болсо, чечинип кутуласың,
Бийлик тоскоол болсо, кантип кутуласың?
P.S. Бийлик тоскоол болсо камалчу жерге камалып же чет элге барып жайланып кутулбаса, башка жол жок калды.

Владимир Ильич Ленин:
"Баардык бийлик - кеңештерге!"
P.S. Кудай урбадыбы Владимир Ильич, мавзолейде да жөн жатпайсыз. Кокус бул сөзүңдү бийликтегилер укса камап коет, камап. Ошондуктан, "Баардык бийлик - Бакиевдерге!" - деп эле туруңуз.

Топчубек Тургуналиев:
"Эл мурдагы бийликти сындап келген болсо, азыркы бийликти каргап жатышат"
P.S. Ай, Топчуке ай! "Кыз кезинде баары жакшы, жаман катын кайдан чыгат?"-деп бекеринен кыргыз эли айткан эмес да. Далай ирээт сүткө оозуңузду күйгүздүңүз, эмки жолу "Талапкер кезинде баары жакшы, жаман президент кайдан чыгат" деген сөздү эсиңизге алып коюңузчу.

Өмүрбек Текебаев:
"Бүгүнкү бийлик адамды физикалык жактан өлтүрө албаса да, информациялык өлтүрүү ыкмасын колдонуп жатат. Бул информациянын жетишсиздигинен келип чыккан нерсе. Көз каранды эмес массалык маалымат каражаттарынын саны күндөн-күнгө азайып баратат"
P.S. "Ыйлаар бала атасынын сакалы менен ойнойт" деп койчу беле же "Өлөөр эчки койчунун таягына сүйкөнөт" дечү беле? Эптеп Акаев бийликтен кетээр алдында массалык маалымат каражаттарына асыла баштаганы али унутула элек.

Курманбек Бакиев:
"Бүгүнкү президент Конституциянын гаранты болуп, элди туура башкарган президент болбой калды. Демек, президент отставкага кетиши керек.
Ошону менен бирге ушул жерде турган укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кайрылгым келет. Силердин да ата-энеңер бар, силердин да араңарда деле нааразычылыктар бар. Аны айта албай эле турасыңар.
Силерге айтаарым, өзүңөрдүн аталарыңарга, өзүңөрдүн агаларыңарга, өзүңөрдүн инилериңерге күч, курал колдонбогула. Күч колдонгондо деле силер жеңе албайсыңар! Бул биринчиден. Экинчиден уят болуп каласыңар. Кудайдын астында да, элдин астында да, мыйзамдын астында да".
2005-жыл.
P.S. Бүгүнкү президентчи? 2009-жыл

Ташкул Керексизов:
"Бийлик бутагына конгум келбейт. Мына, бийлик силерде. Журналисттер төртүнчү бийлик өкүлүсүңөр. Силер кандай иштеп атасыңар? Элдин рухун-духун көтөрүүгө, багытын оңдоого, ой-тилегин тазартууга, акмагы менен жакшысын ылгап, чыркырап чындыкты айтууга милдеттүүсүңөр. Азыр гезиттер бийликтеги 5-6, оппозициядагы 5-6 кишинин аңдышмайын, чатагын эле сая түшүп жазып калды. Бийлик да майда тирешүүлөрдөн өйдө турса дейм"
P.S. Бийлик бутагына конбогонуңуз менен бир килтейген облусту "заочно" "сотка" менен башкарып, дүйнөдө жаңы эксперименталдуу метод ойлоп таптыңыз.

Аликбек Жекшенкулов:
"Биз бир адам, бир үй-бүлө башында турган жана эл-журттун, өлкөнүн келечегине зыян алып келе турган бийлик системасы менен эч качан келише албайбыз! Биз эл шайлаган деген шылтоо менен карапайым калкка каршы конституцияны жана мыйзамдарды кабыл алып, бурмалаган саясий оюндарды жүргүзүп жаткан күчтөргө каршы турабыз"
P.S. Бийлик менен келише албасаңыз, бийлик сиз менен "келише алат". Темир тордун артынан терең ойлонуп талдашыңызга кенен убакыт берүүгө мүмкүнчүлүгү бар.
Азизбек Келдибеков

Бириң эрдир, бириң - жер, муфтий болчу кимиңер?
("Ачык саясат" гезитинин №30(66) санында жарыяланган макаладагы муфтийликке көрсөтүлгөн талапкерлерге келип түшкөн жалпы СМС добуштар - 2744)

1. Cүйүн ажы Кулиев - КМДБ муфтийдин биринчи орун басары
2. Абдышүкүр ажы Нарматов - Ислам Университетинин ректору
3. Ильязбек Назарбеков (Максат казы уулу) - "Сүннөт" коомунун жетекчиси
4. Мураталы ажы Жуманов - КМДБ азрети муфтийи
5. Шамсуддин Абдыкалык уулу - "Ассалям" коомунун жетекчиси
6. Умар ажы Кулов - диний - ишмер, вице-президент "Халал" индустрия
7. Абдылдаев Дүйшөн ажы - Акыл - Эс, Рух жана Ыйман коомунун жетекчиси
8. Озбек ажы Чотонов - "Дил- Мүрөгү" маданий борборунун жетекчиси
9. Чубак ажы Жалилов - КМДБ фатва бөлүмүнүн башчысы
10. Мыктыбек Арстанбек - КТР тележурналист
11. Кадыр Маликов - эксперт - теолог, диний илилий доктору
12. Акин ажы Токталиев - укук коргоочу - адвокат
13. Жумабаев Абдуллатиф - диний ишмер
14. Кимсанбай ажы Абдрахманов - диний ишмер, экс-КМДБ муфтийи
15. Садыкжан ажы Камалов - диний ишмер

- 651 добуш
- 339 добуш
- 273 добуш
- 267 добуш
- 248 добуш
- 235 добуш
- 137 добуш
- 133 добуш
- 112 добуш
- 110 добуш
- 101 добуш
- 51 добуш
- 49 добуш
- 21 добуш
- 17 добуш