Ак ийилет, бирок сынбайт

Петровкадагы башаламандыкты кимдер баштаган?
Москва районуна караштуу Петровка айылындагы жаңжалдын чыгышын бийлик түздөн түз оппозиция лидерлеринин иши деп айткандары жергиликтүү толкуп турган элдин жинин ого бетер кайнатып, күчөтүүгө алып бараткандай. 27-апрелде Петровка айылында Москва районунун элдери төрт жаштагы наристе кызды зордуктаган күрт улутундагы Абдулла аттуу канкорду укук коргоо органдары кармап, өз жазасын берүүсүн жана ал жерден жалпы күрт улутундагы адамдардын алыс көчүп кетүүсүн талап кылышкан. Бирок, негедир ал талаптары аткарылбастан, укук коргоо органдарынын күчү менен нааразычылыкка чыккан карапайым элди ит менен алдырып коркутуп камакка алышкан. Камакка алынгандарды эскертүү берип чыгарышкан жана эң кызыгы, алардын арасынан нааразы болгон элди мыйзамдуулуккка чакырып жүргөн Сапар Аргынбаевди, Уран Рыскуловду, Азамат Сүйүндүковду, Турат Мадылбековду, Эркин Булекбаевди камакта алышкан.

"Эй КТР, уялбайсыңарбы?"

Петровка окуясынын негизинде биз 28-апрелде Беловодск айылына иликтөө иштери менен барып, таң калыштуу окуяларга кабылдык. Керектүү кагазды көчүрмөдөн өткөрүп алуу максатында бир кеңсеге баш бактык. Мойнубузга прессанын күбөлүгүн тагып алганбыз. Кызыгы, ал кеңседе иштеген бала прессаны окуп алып эле бизге нааразы болуп, "силер КТР, Петровка боюнча элге туура эмес маалыматтарды берип жатасыңар. Көзүңөр менен көрүп туруп, кантип коомчулукка уялбай, дитиңер барып окуяны бурмалап жатасыңар? Эй КТР, уялбайсыңарбы?"-деп кирсе болобу. Мен ал балага "биз эч кандай КТР эмеспиз. Биз "Ачык саясат" гезитиненбиз" - деп түшүндүрүп, керектүү кагазымды көчүрмөдөн өткөзүп чыгып кеттим. Өспүрүм баладан жанагы сөздү уккандан кийин, КТРдеги кесиптештеримдин жоруктарына нааразы болуп, карапайым элдин көйгөйүн чагылдырыш үчүн эмес, бийликке жагыныш үчүн иштеген журналисттердин бар экенине өкүнүп турдум.

Эч нерсе билбеген Москва РИИБнүн жаңы начальниги
Күрттөрдөн ок жеген Төрөбек Исагуловду ооруканадан көрөлү деп барганыбызда, ал адамды Москва РИИБсүнө милициялар суракка алып кеткенин айтышты. Биз ооруканадан түз РИИБүгө барып, жаңы келген начальник Азамат Акматалиевичтин бөлмөсүнө баш бактык. Азамат Акматалиевич бизди күтүп туруубузду жардамчы кызынан айттырып, начальникти туура 40 минута күтүп отурдук. Бир маалда РИИБүнүн жаңы начальниги бизди кабыл алуудан баш тартып, кенедей да эч нерсе билбесин, укук коргоо органдары улам бир балдарды алып келип сурак кылып жаткандары боюнча да таптакыр маалыматы жок экенин (сурак начальник отурган ошол эле экинчи кабатта болуп жатса дагы) айтып, "жаңы прокурорго барам, мен кетишим керек"-деп, бөлмөсүн бекиткенче шашты. Эгер ал өзүндө иштеген укук коргоо органдары эмне менен алек болуп жатканын билбесе, ал кантип бир РИИБүнү жетектей алат? Мына ушундай бири-бирине окшош, адам менен сылык мамиледе сүйлөшө албаган укук коргоо кызматкерлеринин ордун алмаштырып койсо өзгөрүү болобу? Албетте, болушу мүмкүн эмес. Орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт эмеспи.

"Эркин Булекбаев жөнүндө көбүрөөк айтып бергиле"

Биз РИИБүдө иштеген кызматкерлерден "күрттөрдөн ок жеген Төрөбек Исагуловду кимдер сурап жатат?"-деп сураганыбызда алар "УККнын кызматкерлери (Улуттук Коопсуздук Комитети)"-деп жооп беришти. Карасак чын эле бир бөлмөдө УККнын кызматкерлери кызуу сурак жүргүзүп жатышыптыр. Сыртта милициялар улам бирден балдарды кармап алып келип жатышты. Бир маалда орус улутундагы аял менен эркекти мас абалында эки милиция кызматкерлери алып келишип, опер замдын бөлмөсүнө киргизип кетишти. Ал бөлмөдөн аларды оперби же тергөөчүбү айтор формасыз жаш жигит УККнын кызматкерлери сурак жүргүзүп жаткан бөлмөнүн жанына алып келип, "азыр бүт баарын айтасыңар. Эркин Булекбаев жөнүндө көбүрөөк айтып бергиле"-деп үйрөтүп жатты. "Биринчи эмне болду эле?"-деп берген опердин суроосуна орус аял "биринчи күрт аял мени жаакка чаап жиберди"-деп жооп берди. 27-апрелде биз ал орус аял менен сүйлөшүп сүрөткө тартып алганбыз. Зордукталган төрт жаштагы наристе кыз менен анын каза болгон таенеси Ольганын кошунасы экенин, ал бардык ишти билээрин айткан. Анын сөзүн жанында турган кыргыз улутундагы аял "эгер бул болбогондо биз эч нерсе билбей жабылуу аяк жабылуу бойдон калмак"-деп тастыктаган. Мына кызык. Мына сөз эркиндиги. Мына демократия! Кармап келип көргөзмө бердирип жаткан орус улутундагы адамдар өтө мас абалында, теңселип турса, кандай сүйлөштү укук коргоо органдары өздөрү үйрөтүп жатса, анан кантип биздин өлкөдө чындык орнойт? Мына ушинтип карапайым адамдардын укугу корголгондун ордуна кордолуп жатканы эмнеден кабар берет? Москва РИИБүдө болуп жаткан мыйзамсыз иштерге жакамды кармап, укук коргоо органдарынан бардыгын күтсө болооруна дагы бир жолу терең ишендим. Кичинекей РИИБүдө адырайган кемчиликтер болуп жатса, жогорку жагында андан да чоң шантаждар болоору толук мүмкүн.

УККнын кызматкерлерине сурак берип чыккан, күрттөрдөн ок жеген Төрөбек Исагуловго жолугуп, окуянын чоо-жайын сурадык.


Төрөбек Исагулов:
- Сиз бул жерге кандайча келип калдыңыз?
- Мен бүгүн ооруканага жаткам. Азыр ошол жерден РИИБнүн балдары алып келишип, УУКнын балдары сурак жүргүзүштү. "Болгон окуя боюнча көргөзмө бер" дешти.
- Окуя кандайча болуп башталган?
- Мен УККга болгонун болгондой айттым. Биз Петровка айылына тынчтык митингине барганбыз. Эл аябай көп чогулду. Биз жанагы наристени зордуктаган Абдулланы чыгарып бергиле деп талап койгонбуз. Бир маалда бир бир күрт аял орус аялды чаап жиберип, оозуна келген сөздөрдү айтып сөктү. Аны көрүп турган жаш балдар чыдабай кетишип, кызуу кандуулукка алдырып жиберишти. Таптакыр токтото албай калдык. Күрттөрдүн өкүлдөрү басып дагы келген жок. Жок дегенде кары адамдары келип калыстыгын айтып койсо болмок. Биз ошону гана күткөнбүз. Биринчи чатакты күрт аялдар баштап жиберишти. Жини келген балдар бир эки күрттүн үйүнүн терезесин талкалап салышты. Дагы бир көчөдө күрттөр куралданып турат деп укканбыз. Бир маалда күрттөр үйлөрүнөн бизди көздөй ок чыгарышты. Он он бештей адам 16-калибрдеги мылтыктар менен турушуптур. Кадимкидей тарсылдатып бизди көздөй атып киришти. Ошондо гана бир күрт чал келди.
- Ошол күрттөрдү камакка алыштыбы?
Билбейм. Бизди аткандан кийин бир үйгө кире качышкан. Мына ошол үйдү биз тараптан кыргыз, орус, карачай, өзбек иши кылып күрттөрдөн башка балдардын баарысы курчап алышып, терезелерин талкалап жиберишти.
- Ошол убакытка чейин милициялар келген жокпу?
Балдар үйдү курчап турганда келишти. Мына ошол маалда Сапар Аргынбаев балдарды тыйып, мыйзамдуулукка чакырып жаткан. Аны милициялар деле көрүшкөн. Бир маалда милициялар бир чоң машинени айдап барышып, күрттөрдүн үйүнүн аркасына токтотуп, ок чыгарып жаткан күрттөрдүн үч-төртөөнү машинеге салып кетишти. Милициялар бизге "мылтыктарын алдык, экөө гана бар экен"-дешти. Дагы бир кыргыз балага тапанчанын огу тийип колун тешип кеткен. Милициялар болсо тапанчаны "оюнчук тапанча экен"-дешти. Эмне оюнчук тапанча адамдын колун тешип кетмек беле? Ал бала да азыр УККнын кызматкерлерине сурак берип жатат.
- Эмне үчүн дароо арыз жазган жоксуз?
Арызды өзүбүздүн аксакалдар менен кеңешип туруп анан жазайын дегем. Азыр ок аткан күрттөрдүн үстүнөн арыз жазып бердим. Мен ал балдарды көрсөм тааныйм.
- Азыр УККнын балдары Эркин Булекбаев жөнүндө сураштыбы?
Ооба. "Булекбаев эмне кылды? Ошол боюнча көргөзмө бер"-дешти. Эркин Булекбаев элдерди мыйзамдуулукка чакырып, жолду тоспогула деген. Мен эч кандай көргөзмө бере албайм дедим.

29-апрелде укук коргоо органдарына жана бийликке нааразы болгон Москва районунун эли Бишкек шаарына төрт адамды Баялы Жусупов, Рустам Абдыкалыков, Айымжан Жумалиеваны жиберишип, "Акипресс" маалымат агенттигине Петровка айылындагы болуп жаткан окуя жөнүндө толук маалымат беришип, чындыкты коомчулукка бурмалабай жеткирүүнү журналисттерден суранышты. Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова сөз сүйлөп, 4 жаштагы наристе кыз зордукталып, жугуштуу ооруу менен ооруп калганын, азыркы тапта Бишкекте ооруканада жатканын, наристе психикалык ооруга чалдыкканын, азыр ошол наристенин ден соолугун чыңдоо үчүн аракет болуп жатканын айтып өттү. Жана дагы наристени ушул абалга жеткирген канкорду кармап өз жазасын бербестен, ички иштер министри Молдомуса Конгантиев "КТРден эч кандай зордуктоо болгон жок" деген сөзү министр айтчу сөз эмес экенин, керек болсо ушул сөздү айтканча өз каалоосу менен министрлик кызматынан кетсе туура болоорун айтты. Ошону менен бирге Москва районунун элдеринин атынан келген Баялы Жусупов менен Рустам Абдыкалыков наристе кызды зордуктап оор кылмыш кылган күрт Абдулла, элге карай ок чыгарган күрттөр өз жазаларын албастан, кайра элди мыйзамдуулукка чакырган Эркин Булекбаев,Сапар Аргынбаев,Уран Рыскулов жана башка күнөөсүз адамдар камалганын айтышып, керек болсо жаңы жетекчиликке келген Москва РИИБүсүнүн начальниги дагы мыйзамдын негизинде иштебестен жогорку жактын буйругун аткарып, чогулган элдин арасында тың сүйлөгөн балдарды үйлөрүнө чейин барып спецназдар кармап жатканын айтышты. Баялы Жусупов 27-апрелде түндө үйүнө спецназдар келип, аны издешип, келинчегин сөгүп кеткенин, ошол түнү ал үйдө болбогонун, эртеси келинчеги сөгүп кеткен спецназдардын үстүнөн прокуратурага арыз жазса, прокурор арызын карабай баш тартып койгонун билдирди. Эгер күнөөсүз камалгандар чыкпаса абал курчуп, чоң жаңжалга айланаарын айтып өтүштү. Рустам Абдыкалыков теле көрсөтүүлөрдөн НТС менен НБТ гана чындыкты эч бурмалабастан көрсөтүп жатканын айтып, Москва районунун элинин атынан рахматын билдирди. Ошондой эле ички иштер министринин орун басары Талантбек Исаев "Рустам Абдыкалыков менен Баялы Жусупов элди мыйзамдуулукка чакырып жатты. Буларда күнөө жок деп" айтканын билдиришти. Талантбек Исаевди туура сүйлөгөн, чындыкты сүйгөн адам экенин айтышты.
Жогорудагы адамдардын айткандарын, биз менен баарлашып, болгон окуянын кандайча башталганын айтып берген, күрттөрдөн ок жеген Төрөбек Исагуловдун маегин гезит бетинен окуп таанышкан коомчулук, кимдердин шалаакылыгынан улам жана кимдердин кесепетинен Петровкада жаңжал башталганын түшүнөт деген ойдобуз.

Назгүл МАМЫТОВА