Жеңишбек Назаралиев:

"Жалгыз - майданда баатыр!"
- Жеңишбек Болсунбекович сизди баары, адамдарды ийгиликтүү дарылап жаткан, белгилүү нарколог катары таанышат. Анан эле капыстан саясатка аралаштыңыз. Кандай түшүнсө болот?
- Ооба, көпчүлүгү түшүнбөй:"Назаралиев жана саясат?! Бул кандай болсун? Ал деген врач эмеспи!"- деп жатышат. Мен врачмын, бирок мен окулист же акушер-гинеколог эмесмин да. Мен деген психиатрмын. Биз болсо баамчылдыгыбыз, коомчулукта болуп жаткан окуяларды таразалап, кетип жаткан кемчиликтерин көрүп турабыз.
Адам өз алдына "минимум" жана "максимум" максаттарды коет эмеспи. Анын сыңары мен минимум максаттарыма 2000-жылдын башында 15 миңден ашуун жакынкы жана алыскы чет элден келген аракечтик менен баңгиликтен жабыр тарткан адамдарды дарылоо менен жеткем десем жаңылышпайм. Дүйнөнүн 47ден ашуун өлкөсүн кыдырып, көптөгөн тилде, "Ажал сепкен апийим" аттуу китебин чыгардым. "Аң сезим баңгизатка каршы" дүйнөлүк лигасын түздүм. 40 жашка келип, жалган жашоонун баарын түшүндүм. Бул убакта Кыргызстандын саясат айдыңын да талдап билип, ак менен карасын толук айырмалап калган элем. Ал кезде мени саясатка өлкөдөгү кошоматчылык, трайбализм, кландык башкаруу, биринчи президент Акаевдин башкаруучулук жөндөмүн жоготкону, элибиздин жакырдыгы жана Кыргызстандын эл аралык аренада аброюнун жоктугу алып келген. Мен бул көйгөйлөрдү, татаал маселелерди узак убак өзүмдө сактап келип, 2005-жылдын февраль айында бул маселелерге чыгынып киришүүгө бел байлагам. Аягы биринчи президентти кетирүү менен аяктап, менин алдымда жакынкы 20-25 жылда максимум максатыма жетүү үчүн эмне кылуу керек деген суроо пайда болгон. Бул максатыма жетүүдө менде эки жол бар эле. Биринчиси, докторлук кесибимди улантып, дүйнөнү кыдырып, "ар бир адамдан бир доллар" деген ураан менен кайрымдуулук иштерге 6 миллиард доллар чогултуу. Ал эми экинчиси болсо, мамлекет башында туруп өз күчүмдү, билимимди кыргыз элине жумшоо. Мен ойлонуп отуруп, элим жарыксыз жашап, балдарыбыздын келечеги бүдөмүк болуп турган кезде мамлекет башында турууну чечтим.
- Анда эмнеге оппозиция күчтөрүнө кошулбадыңыз? Алар бүгүнкү күндө биригип эле калышпадыбы.
- Мен акыркы партиялык тизме менен өткөн парламенттик шайлоодо оппозиция катарында болуп, алардын "логикасын" толук түшүндүм. Биздин оппозиционерлер мурдагы эле оппозиция боюнча калышкан. Интеллегенттик сапаттары жок, билими жетишсиз. Алардын арасында ач көздүк, көрө албастык, кошоматчылык жана тууганчылык сапаттар ар дайым жүрөт. Оппозиция лидерлери өнөктөштөрүн уга билишпей, өздөрүн гана угушат. Аларга ишенүүгө болбойт. Биринчи эле ыңгайлуу абалда сени сатып кетишет. Бирөөсүндө да мамлекетти алдыга жылдыруу программасы жок. Ар биринин "Президент болсом- анан калганы болот" - деген принципти карманышат. Бардык талаш тартышы элдин кызыкчылыгы эмес, портфель тартыш. Мен парламенттик шайлоодон кийин, мындай оппозиция бийликке келсе эч нерсе өзгөрбөй эле, Акаев менен Бакиев заманынан да начар жашап калабыз деп жазам. Ошондуктан мен аларга кошулуп, бир жолдо барбайм.
- 2005-жылдын жаз айы... Жеңишбек Назаралиев Акаев режимин кулатуудагы активдүү катышуучуларынын бири. Катышуучу да эмес, өзү менен миңдеген адамдарды алып келген башкы каармандардын бири. Ошол кезде эмнелер жөнүндө кыялданып, эмнелерге жетүүнү көздөдүңүз эле. Эмнеге алар ишке ашпай калды?
- Ошол кездеги системаны жок кылууну гана кыялдангам. Мен жашообуздун ар бир тармагында революциялык реформаларды жасап, элибизге жаркын келечек ачып беребиз деген чоң үмүттөрдү жүрөгүмдө жандырган элем. А өлкөнүн өнүкпөй калышына орусчаны толук билбеген, дүйнө таанымы өнүкпөгөн кыштактык лидерлердин бийликке келип алышында деп ойлойм.
- Айтсаңыз, мурдагы санаалаштар эмнеге бири-бирине каршы чыгып жатышат? Айтайын дегеним, А.Атамбаев, И.Исаков, А.Бекназаров жана сиз болуп К.Бакиевди бийликке алып келгенсиңер. Азыр болсо жолдоруңар ар башка кетти. Эмне үчүн?
- Мен Бакиевди элди өзү менен кошо сүйрөгөн, Ататүрк сыяктуу улуттук баатыр болот го деп ойлогом. Бирок, андай боло албады. Хан жалгыз болгусу келет экен. Бийликти колуна алганда эле, өзүн сулуу, акылдуу сезип калат экен. Ал баарынан кудуреттүү. Кыргыз мансапкорунда патологиялык ач көздүк, көрө албастык, билими тайкы экени байкалат. Мындай адамдардын азыркы бийликте жана оппозицияда бары адамды өкүндүрөт. Бүгүнкү күнү оппозиция бириккендей болду, бирок, эртеңки күнү алардын бири бийликке келип калса, санаалаштарынын 90 пайызын "кидать" этет жана да саясатта достук жок, келишпеген же келишкен кызыкчылыктар гана болот. Менимче кызыкчылыктарыбыз келишпей калды окшойт.
- 2005-жылдагы революциядан кийин, өзүңүзгө кандай орун берет элеңиз? Көпчүлүк революционерлер министр, премьер министр, генпрокурор сыяктуу кызматтарга отурушпадыбы, а сизди болсо таарынтып коюшту. Же доктор Назаралиев мындай таарынычтардан жогору турабы?
- Мен кызмат ээлөө кызыкчылыгын көздөгөн эмесмин. Бир гана Акаев режимин кулатууну көздөгөм. Ал кезде көп нерсени аңдай бербеген окшойм да. Саясат деген- эрежесиз сасык оюн. Ким куурак болсо, такка отуруп калмай. Менин болсо, адамзатка керектүү Кыргызстандын кызыкчылыктарынан жогору турган эл аралык долбоорлорум бар. Ошондуктан мени кеменин сыртына тыштап коюшканда, таарынбастан эле өз ишим менен алек болуп, саясатта быша бердим.
- Сиз өзүңүз жөнөкөй адам эмессиз. Ал эми сиздин идеяларыңыз ого бетер өзгөчө идеялар. Мисалга, ар бир кыргызстандык үй-бүлөгө 100 миң сомдон таратып берүү. Кандай жол менен жана кандай максатта?
- "Ар бир үйбүлөгө 100 миң сом" программасы биринчиден, биздин өлкөнү сазга тартып бараткан жумушсуздук менен күрөшүүгө арналган программа. Мамлекет инвестиция катары 10 же 100 үйбүлөгө бириккен, бизнес-планы даяр бирикмеге акчаларды бөлүп берет. Ар бир бирикме тегирмен, тигүү цех, чач тарач сыяктуу чакан ишканаларды кура алат. Ошентип ар биринде, балык кармоочу кайырмак пайда болот. Мындай программанын жалпы бюджети 1млрд 250 млн доллар. Мынча каражатты, каалоо болсо, тапса болот. Мындай үй-бүлөлөрдөн салык алынмак эмес. Анткени мамлекет, өз партнерунан салык алмак беле?!
- Ысык - Көлдө апийим өстүрүү дегенди, доктор-наркологдун өз оозунан угуу, көпчүлүккө табышмактай туюлат?
- Биринчиден мен, дүйнө кыдырып жүргөн кезимде баңги бизнеси жана баңгиликти дарылоону изилдөөдөн сырткары, Индиядагы апийим өстүрүүгө күбө боло алдым. Ал жерде 13 миң гектардан ашуун жерге чийки-апийим өстүрүшүп мамлекетке жылына 750 миң тонна чийки-апийим тапшырышат. Австралияда болсо, 60-жылдардан бери Тасмания аралында "Жонсон жана Жонсон" фирмасы өзүнүн фармакологиялык жана косметологиялык тармагы үчүн БУУнун уруксаты менен 3 миң гектардан ашуун жерге чийки-апийим өстүрүшөт.
Экинчиден, Кудай айрым өлкөлөргө нефть, газ сыяктуу кен байлыктарын, айрымдарына көптөгөн жан-жаныбарлары менен деңиз, океандарды берген. Кыргыздарга болсо жогорку сапаттагы чийки-апийим өстүрүүгө мүмкүн болгон жаратылыш шарттарын бериптир. А эмнеге биз аны колдонуп, медициналык тармак үчүн колдончу чийки-апийим өстүрүп, экономикабызды көтөрүүгө болбойт. Бул деген жылына 20-30 миллиард киреше апкелчү нерсе. Андай акчаны бизге ким бермек эле? Эч ким.
- Сиз жер шарын айланып чыктыңыз? Кыргызстан кайсы өнүккөн өлкөгө түзөлүп, өнүгүү жолун алыш керек? Же биздин өлкө эч кимге окшобогон өз жолу менен кетиши керекпи?
- Биз үчүн, Швейцария да, Малайзия да, Чукотка да туура келбейт. Кыргызстан кечээги, бүгүнкү жана эртенки турмушун эске алып өзүнүн уникалдуу жана кайталангыс жолун тандап алып, ошол гана жол менен кетиш керек.
- Сиздин Евразия Инвестициялык банкы тууралуу айттыңыз эле. Ал эмне болгон түзүлүш? Анын бизге эмне кереги бар?
- Мен айлантуу каражаты 100 млрд долларды түзгөн Евразиялык финансылык борбор тууралуу айткам. Бул ишке ашчу нерсе. Биз деген материктик кызыкчылыктарыбызды биригип коргошубуз керек. Биз Россия, Кытай, Иран жана ислам өлкөлөрүн өзүбүзгө тартышыбыз керек. Ошондо бул өлкөлөр бизди инвестиция жана кредиттер менен каалашыбызча камсыз кылышат. Долбоор "Кыргыз коридору" деп аталат. Биз ШОС өлкөлөрүнүн өкүлдөрүн, ислам мамлекеттерин, тагыраак айтканда Евразия континентинде жашап жаткан мамлекеттерди Евразиялык инвестициялык банк түзүүгө каражат чогултууну сунуштайбыз. Кошоматтык негизде мамиле түзө бербей, конкреттүү партнердук кызматташууга өтүшүбүз керек. Чогулган каражатка катышкан өлкөлөрдү бири-бири менен байланыштыруучу темир жол, автомагистралдарды куруу зарыл. Жана башка дагы ири экономикалык долбоорлор бар. 6-8 ири жана 30-40 чакан ГЭСтерин куруп, суу байлыгыбызды орустардын газпрому сыяктуу деңгээлге көтөрүү.
- Кыргызстанда коррупция жөнүндө айтуудан баары чарчады. Коррупцияны өз ордуна коюп, менталитетибиздин бир бөлүгү деген наам берсекпи? Анткени бизде коррупцияны жеңүү мүмкүн эмес болуп калбадыбы? Же сиздин оюңуз башкабы? Коррупцияны жок кылчу бир нерсе сунуш кыласызбы?
- Коррупцияны түп тамыры менен жок кылууга мүмкүн эмес. Бирок, анын күчүн азайтып, аны жеңүүгө болгон биринчи кадамды жасаса болот. Ал үчүн 1991-жылдан бери өлкөбүздү тоноп келе жаткан чиновниктерибизди тескеп, текшерүүгө алышыбыз керек. Алардын баарын камакка отургузушубуз керек. Саны 1500-2000 адамдан ашпаса керек. Камалган чиновниктерди алмаштырууга келген жаш муун, камалгандарды көрүшүп 7-8 жыл таза иштешет. Бул убакыт ичинде өлкөбүз канча эсе көтөрүлүп калат. А андан ары болсо, кыргыз элинин өзгөчө касиетин эске алып, бардык тармактарга чет элдик менеджерлерди кошуп иштетишибиз керек.
- Кечиресиз, анда деген улуттук өз алдынчалуулук эмне болот? Чет элдик киришүүдөн жабыр тартып калбайбы?
- Кыргызстан өз алдынчалуулукту, маданиятын, тилин азыркы ыкмалар менен эмес, башкача ыкмаларга салып, коргоп, сакташ керек. Шаарларда фольклор таңуулап, Манасты даңазалоонун кереги жок. Бул көрүнүш өлкөнү артка сүрөт. Ислам дүйнөсүнүн алдында жашап жаткандан кийин, Мухаммед пайгамбарга жалынышыбыз керек. Кыргыз тилин болсо жашоо-тиричиликте колдонуудан башка жаңы тепкичке көтөрүшүбүз керек. Сөздүк запасын 200 000 сөзгө жеткирүү кажет. Окутуу системасын өзгөртүү керек. Тилди 2-3 жылда өнүктүрүп салуу болбогон кеп. Ал үчүн 40-50 жыл кетет.
- Сизге ат салышып жаткан президенттик так ушулар үчүн керекпи?
- Булар үчүн дагы. Президенттик орун гана бул долбоорлорумду ишке ашырууга шарт берет. Азырынча бул жактан сунуштап жатам. Бирок, биздин жетекчилер мени көргүсү, уккусу келбейт. Өздөрүнө жакындатпайт дагы. Коркуп жатышат.
Адамзаттын коомчулукта эки түрү бар. Цивилизациялык жана варвардык. Цивилизациялуу коомдо интеллект кубаныч менен кабыл алынат, а варвардык коомдо болсо акылдуу адамдарды түшүнүшпөйт, кооптонушат, апенди деп эсептешет. Мен дагы көпчүлүктүн түшүнүгү боюнча апендимин. Эгер бизде бир чыныгы личностту президенттикке талапкер кылып алып чыгышканда, мен президенттикке талапкерликке барбайт болчум. Баарын ошол адамга берет элем. Бирок, андай личносттор биздин арабызда жок болуп жатпайбы.
- Бизге белгилүү болгондой, сиз философия менен алектенет экенсиз. Саясат менен анын кандай байланыштырса болот?
- Философия- ой-жүгүртүү, дүйнөнү түшүнүү маданияты. Ансыз туура чечим кабыл алууга болбойт. Философиядан сырткары, жалпы жана трансперсоналдык психология жана чыгыш психо машыгуулары менен алектенем. Мен узак мезгилге жалгыз жашадым. А жалгыздык болсо, эң жакшы кеңешчи. Мунун баары аң-сезимди кеңейтип, өлкөбүздүн бүт ааламдын өйдө-ылдыйын, ак-карасын талдап, андан жол табууга жардам берет.
- Сиз оппозиция позициясына да кошулбасаңыз... Сиз жалгыз баатыр экенсиз да? Бирок, айтышат эмеспи, жалгыз - майданда баатыр эмес деп. Же баатырбы?
- Тарыхты личносттор жасайт. Мүмкүн кээ бир адамдар, бул жашоодо өз идеяларын ишке ашырганга жетишпей калаттыр. Бирок алардын идеяларын урпактары ишке ашырышат. Идеялар түбөлүктүү, адамдар жок. Бирок, дагы бир жолу айтам, тарыхты личносттор жасайт. Ошондуктан, жалгыз - майданда баатыр!
"Дело №" гезитинин 29.04.09ж чыккан санынан кыргызчаланды.
Маалымат булагы www.312kg.ru