Эл тараза, эл сынчы

Бакиевдин кайрадан президент болушун эл каалайбы?..
Жакында өтө турган президенттик шайлоого талапкерлер көп экени билинди. Б"ириңерден бириң эр, президент болчу кимиңер" дегендей, бириккен оппозициядан Алмазбек Атамбаев менен Исмаил Исаковдун талапкерлиги көргөзүлдү. Президентибиз Курманбек Бакиев өзүнүн экинчи шайлоо мөөнөтүнө бараарын "Ак жол" партиясынын курултайынан кийин ачык билдирди. Президенттикке талапкерлердин кимисин эл колдойт жана Бакиевдин экинчи шайлоо мөөнөтүнө барышын эл кандай кабыл алат? Мына ушул суроо боюнча коомчулуктун пикирин угуп, ойлорун ортого салдык.
Алиман Мамасалиева, 52 жашта:
- Кимиси президент болом десе өзүнүн эрки. Азыркы бийлик бюджетте өсүү, мамлекетте алдыга жылыштар бар деп жатышат. Бирок, карапайым элге эч кандай өсүү же алдыга жылыштар көрүнбөйт. Мен жеке оюмда кичине да болсо өсүү бар деп ойлойм. Себеби,өзүм мамлекеттик кызматта иштегенден кийин ошол кызматымдагы болуп жаткан иштерди айтсам, мурдагы жылдарга салыштырмалуу, пенсия, пособиелер убагында берилип калды десем болот. Курманбек Бакиев экинчи шайлоо мөөнөтүнө барышы мен үчүн туура. Себеби, дагы кичине убакыт берсек, азыркы бийликтин чыныгы жүзүн көрөбүз го деп ойлойм. Бакиевден башка дагы бирөө келип, ал тоюнуп, андан сырткары бала-чакасын, туугандарын тойгузгучакты мамлекетибизде эч нерсе калбай калат го. Орун алмашуудан сумма өзгөрбөй жатпайбы. Ушунча жыл чыдагандан кийин дагы кичине чыдап турсак, балким, азыркы бийликтен бир жыйынтык чыгып калаар. Эгер эч жыйынтык чыкпаса өзүлөрү деле уялып, кызматтарынан кетишээр. Менин коркконум мамлекетибиз урап калбаса эле болду. Жаштарыбызга орун берсек абдан жакшы болоор эле. Негедир кыргыз жаштары артта, көмүскөдө калып жаткандай. Мамлекетибиздин келечеги жаштардын колунда экенин унутпай жүрөлү. Алдыдагы президенттик шайлоодо өз добушумду кимге берээрим сыр болсун.

Акжол Бакашов, 30 жашта:
- Мен президенттикке койгон талапкерлердин баарысын тең президенттикке татыктуу деп айта албайм. Алмазбек Атамбаев, Исмаил Исаков, Курманбек Бакиев мына ушул үчөө татыктуу талапкерлер. Бакиевдин экинчи шайлоо мөөнөтүнө барышы мен үчүн туура. Мен анын саясатын, жүргүзгөн иштерин колдойм. Бакиевди анын жанындагылар эле бузуп жатышат. Эгер айланасындагыларды коррупциядан тазаласа абдан жакшы болмок. Азыркы учурда бизде коррупция гүлдөп, кылмыштуулук күчөп кетти. Бул өзү өтө коркунучтуу нерсе. Эгер мына ушул эки нерседен тез аранын ичинде арыла албасак, биздин өлкө чачыранды мамлекетке айланышы толук мүмкүн. Биз башында эле президентти туура тандообуз керек эле. Эми түштөн кийин, Кыргызстан четинен кемирилип бүткөндөн кийин башка президенттин кереги жок го деп ойлойм. Темир Сариев да президенттикке татыктуу инсан. Эгер Сариев талапкерлигин көрсөтсө мен өз добушумду ушул адамга берет элем.

Кенжегүл Мамыралиева, 60 жашта:
- Кечээ мен Ак жол партиясынын жыйналышын атайын телевизордон көрдүм. Бир "дүжүр" чал чыгып алып, "таш куласа Ташиевден көрөбүз, кылмыш күчөсө Конгантиевден көрөбүз, жалкоо көбөйсө Жапаровдон көрөбүз. Бакиевде эч күнөө жок"-деди. Эмне Ташиев таштарды атайын өзү кулатмак беле. Конгантиев кылмышты өзү күчөтүп жатыптырбы. Ал кимдин буйругун аткарып жатканы бештен белгилүү болуп жатпайбы. Жалкоолор азыр жок. Учурда бир дагы адам, карапайым эл мамлекеттен эч нерсе сурабайт. Мамлекетибиз элин бакпай эле, эл мамлекетти, бийликтегилерди, жеп ичкен чоңдорду бала-чакасы, туугандары менен багып жатат. Жанагы "дүжүр" чал кошомат кылса дагы абайлап, ойлонуп кошомат кылса болмок. Сакалдуу башы менен калыстыгын айтпайбы. Мен Курманбек Бакиевди биринчи жолу президент болгондо эле жактырган эмесмин. Бакиев жыргатпайт дегем. Атамбаев татыктуу президент боло алат. Адамды жүзүнөн тааны дейт эмеспи. Атамбаев президенттикке татыктуу талапкер. Акаевдин учурунда дагы президенттикке талапкерлигин койгондо мен абдан колдогом. Бирок, таза шайлоо болбостон Атамбаев өтпөй калган. Эгер кыргыз эли келечегибизди ойлосок, Атамбаевден үмүт үзбөй, өз добушубузду берели демекмин.

Венера Базарбаева, 33 жашта:
- Биринчиден, мен Бакиевдин экинчи шайлоого барышына таптакыр каршымын. Өзү деле уялса болмок. Канчалаган кылмыштар күчөгөндөн күчөп, жаш өсүп келе жаткан депутаттарыбыздан айрылып жатабыз. Биз Акаевди экономикабыз түшүп, кризиске батканыбыз үчүн кетирген эмеспиз. Ал адамды үй бүлөлүк бийлик орнотуп алганы үчүн кетиргенбиз. Азыркы учурда электр энергиясын эле алсак, Токтогул суу сактагычындагы суунун кескин түрдө, кыска мөөнөттүн ичинде азайышы эмнеден улам болуп жатат? Өлкөбүздүн кылмыш дүйнөсүнө айланып баратышына ким күнөөлүү? Албетте, бийлик төбөлдөрүбүздүн кылган кызматтарына кайдыгер карап, кош көңүлдүгүнөн улам, мына ушундай чоң жоготууларга учурап жатабыз. Деги, качан бизге президенттикке татыктуу, байлыкка жулунбаган адам келет? Кечээ Бакиев экинчи мөөнөткө бараарын укканда аябай жиним келди. Бакиевдин кайрадан президент болушун эч ким каалабайт. Өзү деле уялса болмок.

Тунук Тайиева, 32 жашта:
- Мен Атамбаевге өз добушумду берем. Жана ошондой эле бир туугандарымдын, тааныштарымдын өз добуштарын Атамбаевге беришине үгүттөйм. Бакиевдин экинчи шайлоо мөөнөтүнө барышы уят. Бирок, президент Бакиев эле болот. Себеби, бизде шайлоо таза өтпөйт жана добуш бергени барган адамдар бекер эле убара болушат. Бийлик шайлоонун жыйынтыгын өз кызыкчылыгына чечип алаары бештен белгилүү. Эгер Бакиев экинчи мөөнөткө президенттикке шайланса, ал өз кадырын кыргыз элинин арасынан жоготуп алышы мүмкүн. Бакиев экинчи жолу президент болсо, Кыргызстанга Каримовдукундай системаны орнотот. Бул өтө коркунучтуу.

Жазгүл Туратбекова, 28 жашта:
- Мен президент Темир Сариев болсо деп ойлойм. Сариевди бардык жагынан бышкан билимдүү, акылдуу Кыргызстанды кризистин сазынан сууруп кете турган эң керектүү бирден бир инсан катары эсептейм. Бирок, тилекке каршы ал адам негедир өз талапкерлигин көрсөткөн жок. Коомчулук Текебаевден дагы көп нерсени үмүт кылышкан. Бирок, бириккен оппозициядан Исмаил Исаков менен Алмазбек Атамбаевдин талапкерлигин көргөзүштү. Оппозициянын жүргүзгөн саясатын колдоп, мен өз добушумду Алмазбек Атамбаевге берем. Бакиевдин экинчи президенттик тактыга барышын туура көрбөйм. Бирок, мен Кыргызстанда шайлоонун таза өтөөрүнө көзүм жетпей турат. Кандай болгон күндө дагы Бакиев экинчи мөөнөткө калат. Карапайым калкка кимиси президент болсо дагы баары бир болуп калды көрүнөт. Эгер Кыргызтандын жаранымын деген ар бир адам элинин жакшы жашоосун кааласа, жаңылбастан татыктуу талапкерге өз добуштарын берет деп ишенем.

Сарыгул Самудинов, 60 жашта:
- Бакиевдин экинчи шайлоого барышы анын өзүнүн иши. Эмне кылып жатканын ал өзү жакшы билет. Экинчи шайлоого кандай максат менен барып жатканы да белгилүү. Эгер өзүнүн кылган иштерине жакшылап баам салса, ойлонуп көрөөр. Мен силердин гезитке өзүмчө жакшы бир маалыматтарды берем. Азыркы менменсинген көрүнүктүү, бирөөнүн аркасынан пайда көргөн, коркок адамдардын жана партиялардын жүзүн ачыш керек. Жакында боло турган шайлоодо кимге добуш берээримди азырынча айтпайм. Бирок, Бакиевге эмес. Шайлоонун таза өтүшүнөн күмөн санап турам.

Азат Татаев, 22 жашта:
- Конституция боюнча президент экинчи жолу президенттикке талапкерлигин коюуга укугу бар. Бакиев мына ошону пайдаланды. Негедир Бакиевдин сүйлөгөн сөздөрүн уксаң эли үчүн күйгөн адамдай эле көрүнөт. Мен ойлойм аны тегерегиндеги адамдар жаман көрсөтүп жатат деп. Буга мисал, кечээги Петровкадан чыккан жаңжалды айтсак болот. Конгантиев менен Сатыбалдиев КТРден президентке "кылмыш иши болгон эмес, бул оппозициянын кылган иши"-деп туура эмес маалыматтарды берип жатышты. Мына ушундай маалыматтар менен президент менен элдин, оппозиция менен президенттин ортосунда пикир келишпестиктер болуп жатат. Бакиевди айланасындагылар бурмалап, анын иштөөсүнө тоскоол болуп жаткандай. Бирок, мен алдыдагы шайлоодо өз добушумду Исмаил Исаковго берем жана жакындарымды дагы Исаковго добуштарын берүүсүн суранам.

Курчуп турган кырдаалда калк арасындагы каңырыш кептерге кулак салсак, эмитен эле таза шайлоо өтпөсү билинип, алдыдагы шайлоодо көптөгөн мыйзам бузуулар болоору айкын болууда. Өткөн шайлоо боюнча Боршайкомдун мурдагы төрайымы Клара Кабилованын өлкөсүн таштап качып кеткенин эске алсак, таза шайлоо болоору чындыгында күмөндүү ойлорду жаратат. Кандай болгон күндө шайлоонун таза өтүшүнөн үмүт үзбөстөн, татыктуу талапкер жөнүндө окурмандардын пикирин ар саныбызда берип турмакчыбыз.
Назгүл МАМЫТОВА