Петровкадагы жаңжалдын жаңырыгы

Улут аралык ынтымакка от ыргытпайлы
(Башталышы 9-бетте)
Калык РУСТАМОВ,
айыл тургуну:
- Хочу сказать одну вещь. Я госслужащий. С сегодняшнего дня я ухожу с госслужбы. Товарищии сотрудники правоохранительных органов! Вы не можете говорит правду, потому что завтра вас уволят. А я хочу мыслить свободно, говорит правду. Больше я так не могу жить

Ольга ВАСИЛЬЕВА,
кырсыктуу окуяга күбө
болгон айыл тургуну:
- Все знают, что девочка была изнасилована, бабушка была убита. А сейчас что делают они? Девочке экспертизу не сделали, ее вчера только отправили. Я не политик. Вчера зам министр выступает и говорит: факт износилования не подтвердился. Теперь вот что получается: родители бедные, медицина платная. Государство не могло лечить искалеченную девочку? Огромное спасибо киргизам, что собрались и защитили русскую девочку. Власть специально тянет лечение, чтобы не подтвердился факт износилования. Они организуют арест невинных ребят, потом их освобождают, потом опять проводят собрание, чтобы тянуть время. Нам поступает сведения, что в это время насильника в СИЗО интенсивно лечить от гонореи и прочих, и девочка постепенно выздоровливает. А потом докажите, что он насиловал. Вот что получается. А зам министр нас как дураков водят за нос. Нас пугают тем, что организовали погромы. Какие погромы? Если народ сам на этот шаг не пошел бы, тогда насильника не поймали бы. У нас есть один полковник -курд. Все они прячутся за этим
полковником.

Азамат МОЛДОБАЕВ,
Москва районунун
жаңы прокурору:
- Мен 27-апрелде ишке дайындалдым. Милициялардын үстүнөн иш козголду. Өлгөн чоң энеси боюнча да иш ачылды.Комиссия эксгумация кылат. Мен силердин талаптарды обл жана генпрокурорго жеткизем. Эшигим силер үчүн дайыма ачык, келгиле, иштешели.

Белла МАХМУДОВА,
айылдын тургуну:
- В сельском сходе никаких лидеров не было. Нас обвиняют в этом. Это было в пятницу. К нам обратились жители и сказали, что на их жалобы никто внимание не обращают, нам стало жить трудно. Мы, как народное обьединение совместно работаем с айыл окмоту, с органами. Мы решаем только сельские вопросы, у нас политики абсолютно нет. Мы должны были отреагировать на эти заявления. К нам приехали из посольство России в Кыргызстане. Мы передали необходимые документы. Они обещали, что передаст эти документы президенту и генпрокурору. Они передали или нет-мы не знаем. Но мы сами собрались и пошли к курдам, вот так, как сегодня. Но к нам вышла молодая курдчанка и послала нас матом. Я не сочиняю, говорю правду. Рядом стоял молодой парень, с ним началась словесная перепалка. Рядом с ними стояли русские. И она зонтиком ударила в их сторону. И пошло, поехало. Все искали дом насильника. Кто-то показал его дом. Но там его не нашли. И народ начал бунтовать. Мы сообщили милицию, вызвали айыл окмоту. В это время насильник убегал через огород. Люди могли его истерзать. Но мы этого не сделали. Отдали милицию. Теперь пускают разные слухи, но вы не верьте этим слухам. Среди курдов есть и наши друзья, хорошие товарищи. Не поддавайтесь провокациям. Мы должны все вопросы решить разумно. Сейчас есть в районе другая власть. Надеемся, что меры будут справедливыми. Мы открываем штаб. Все, кто пострадал от курдов-пишите заявления. Мы передадим это президенту.
Теперь послушайте наши требования. 1.Просим выселить семью курдов, причастные к насилию девочки и смертью ее бабушки.2. Провести эксгумацию трупа Ольги Ященко и установить истинную причину смерти 3.Провести открытый суд над насильником. 4. Открыть уголовное дело на мать и сестру Абдуллы за укрывательство преступления.
Вчера мы были в Жогорку Кенеше, там создается спецкомиссия.Надеемся на их добросовестный труд. Пишите заявления, кто вас спровоцировал. У нас не было лидеров, мы все сами пошли на такой отчаянный шаг.

Ирина КАРАМУШКИНА,
ЖК депутаты, СДПК фракциясы:
- Ваши требования справедливы и они должны выполнится властью. Я как бывший учитель истории знаю, что когда власть хочеть отвлечь внимания народа от большой политики, она травит народ друг против друга. Но вы не поддавайтесь таким провокациям. Уважаемые мужчины, женщины. Я вижу много пожилых людей. Здесь много молодежи. Я вижу, что ваши сердца бьется так, чтобы поменять такую власть. Поэтому в наших рядак нужна дисциплина. Не поддавайтесь провокациям. И мы вместе с вами будем сделать так, что в будущем Кыргызстане обстановка была более спокойно, более справедливо. Мы только что вышли из сессии ЖК. И опять там депутаты от фракции "Ак жол" обвиняют оппозицию, что мы тут устраиваем эти хулиганские действия. Один из депутатов по радио выступает и говорить Розе Отунбаевой, что заткните уши и не слушайте, и говорит, что оппозиция вечно устраивает такой дебош. Но мы этому не верим.

Машакбай РАХМАНКУЛОВ

  Шайлоонун шайтан оюндары

Эл добушу кантип уурдалат?
Ажолукка жол Арашандан башталдыбы?
Ошентип бийликтин "оппозиция президенттик шайлоого кимди аттантаар экен" деген аңдуусу аяктады шекилдүү. "Ажолукка жол Арашандан башталат" кыязында, оппозиция ак боз бээни курмандыкка чалып элден бата алды да, ушул айылдын кулуну Алмаз Атамбаевди аргымакка отургузуп, артына Исмаил Исаковду учкаштырып аламан байгеге аттантты. БЭКтин мүчөлөрү ушул пикирге токтолуп, ары-бери тартышканча арадан бир топ убакыт өтүп, шайлоого даярдык иштери кечигип жатканын сезип жатышат. Неси болсо да чабал өрдөк эрте учканы менен коноор жерине аман-эсен жетип, жолдо мылтыктары октолуу жүргөн мергенчилердин бутасына илинбей өтүп кетсе эле болгону. Азыркы мергенчилерде ок көп - илгеркиге окшоп бирден атпай, ар кимиси көрүнгөн кокту-колоттон автомат менен татыратып жиберишет.
"Ак жолдун" 11-апрелдеги курултайын Ак үйдүн "стратегдери" 1-майга бекер жылдырышкан жок. Анын көп себептеринин бири-оппозициядан күрөшкө кайсы өрдөк учуп чыгаар экен, ошонун чама-чаркына карап куш салалы деп күтүп жатышканы. Анткени бийлик ошого жараша 1-турда эле жеңишти камсыз кылса болобу деген вариантты да ойлонуштуруп жатса керек. Элдин добушун кокту-колотко бөлүп-жаруу үчүн өлкөнүн ар кайсы аймактарынан төрт жылдан бери бийликте жүрүп, "хоп, аканы" мыкты өздөштүргөн пионерлерден бир нече "дүжүр" талапкерлерди башкы талапкерине "пасовщик" кылып чыгараары бышык. Алиги кокту-колоттогу мергенчилер ошолор да.
Ал ортодо "Ак жол" да курултайын өткөрүп, президенттикке талапкер кылып К.Бакиевди көрсөтүп жиберди. Баш мыйзамдын 43-беренесинин 5-пунктундагы " КРнын президенти өзүнүн бийлик укуктарын аткарып жаткан мөөнөттө кийинки президенттик шайлоо башталганга чейин саясий партиялардагы жана уюмдардагы өз ишмердүүлүгүн токтото турууга тийиш" деген талабын Президент өзү тебелеп жаткандан кийин "ак жолчуларга" эмне шам каршы чыгып.
Азыркы бийлик элдин добушун толук бойдон бул жолу да менчиктеп алгысы келип турат. Эл да өз укугун парламенттик шайлоодо оозунан жулдуруп, сызга отуруп калганын унута элек. Демек бул жолу да шайлоочулар берген добуштарын, б.а. Конституциялык укуктарын коргой албашы турган иш. Алар бул маселеде оппозиция лидерлеринин көч баштаганына эки көзү төрт.
Жети дубандан келген элдин батасын алып, ажолукка Арашан айылынан аттанган Атамбаев кылкылдаган эл алдында "бу сапар добушуңарды уурдатпайбыз" деп убаданы да, антты да бек берди. Кантип уурдатпаштын сырын ачкан жок. Мейли, ал БЭКтин ички сыры болуп кала берсин. Оппозиция ичинде биттин ичегисине кан куйган аналитиктер, бүргөнү такалай ала турган тапандар арбын эмеспи-өз аракеттерин көрүшөөр да. Биз болсо бийлик элдин добушун кантип уурдайт-ошону кайра бир жолу кулак кагыш кылалы.

"Сен билесиңби же сельсовет билеби?"
Ооба, СССР убагында айылдын чоңу сельсовет эле. Ал бардык ишке жооп берчи. Ошондон улам ушул кеп лакап болуп унутулбай жүрөт. Анын сыңарындай, шайлоону бурмалоонун башаты сельсоветтин иниси, азыркы айыл өкмөтүнөн, анын кичи абысыны айылдык кеңештен - шайлоочулардын тизмесин түзүүдөн башталат. Ал тизмеге тирүүсү деле, көзү өткөнү деле жазыла берет. Тизмени кимэле үймө-үй кыдырып тактап жазып чыкмак эле. Иш так уюштурулса бийлик будуң-чаң кылалбай калбайбы. Колу сулуу деген 2-3 кыз-келинге өткөн шайлоодогу тизме берилет да, алар алфавит боюнча көчүрүп чыгышат. Иш издеп же окууга деп айылдан кетип калгандардын бардыгы тизмеге жазыла берет. Участкалык комиссияга шайлоочулардын санынын көп болгону жакшы-себеби ар бир участоктогу тизмедеги болжол менен 3 миңдей шайлоочунун 700-800ү келип берсе эле болду. Калганын алар эч коркпостон "добуш бердиртип" коет. Акаев доорунан бери канча жолу парламенттик жана президенттик шайлоо өтүп жатат - кана, жок дегенде бир участоктун протоколу бузулуп, шайлоочулардын тизмелери менен добуш берген бюллетендер салыштырылып чыкканын көрдүңөр беле? Жок! Демек шайлоочулардын тизмеси бул жолу деле ушундай ыкма менен түзүлөт. "Сен билесиңби же сельсовет билеби" дегенибиз ошол. Ошентип элдин добушун уурдоого айыл өкмөтү, шаарларда аймактык өз алдынча башкаруу органдары (ТОС) же кварталдык комитеттер эң сонун "плацдарм" түзүп берет.
Андан кийинки добуш уурдоонун аки-чүкүлөрүн ийне-жибине чейин майдалабай, дүңүнөн айтсак - мөөнөтүнөн мурда добуш берүү, ооруп жаткандарга барып добуш бердиртүү дегендер бар. Байкоочулар менен комиссия мүчөлөрүнө "обед" ичиртүү операциясы да камырдан кыл сууругандай уюштурулат. Мөөнөтүнөн мурда добуш берүүнү биздин кудалар Сочи шаарынын мэрин шайлаганда кандай уюштурганын угуп-билип жаткандырсыңар. Бир мезгилде шайлоо Кодексинен бул норманы алып ташташ керек деп чыккан орус туугандар эми тескерисинче муну ого бетер өнүктүрдү. Орустарда өнүксө бизде гүлдөйт.
"Тегирмен" деген операцияны айыл жеринде уюштурса болбойт, себеби эл бири-бирин тааныйт. Бул бири-бирин анча тааныбаган шаар жериндеги ийгиликтүү операция. Атайын дайындалган "бети жокторду" чакан автобустар менен участокторду кыдырттырып добуш бердиртип чыгышат.
Ушул былыңгыттардан кийинки чечүүчү "чоң казатты" участкалык комиссия мүчөлөрү добуштарды эсептеп бүтүп, протоколдорго кол коюшкандан кийин башташат. Алар ишибиз бүттү, чарчадык деп калган чай-пайларын ичкенге киришет. Комиссиянын чарчабаган төрагасы, катчысы, чарчабаган бир-экөө райондук же шаардык комиссияга келишет да, ал жерде мурдатан эле берилген тапшырмага ылайыктап протоколду оңдоп кайра жазып чыгышат. "Жазбайм, бул мыйзам бузуучулук" дегендер дээрлик аз чыгат. Себеби андай адамдарды башынан эле бул короого кошушпайт. Болбой эле чокчоңдой бергендерди "майли" деп кое беришет да, анын ордуна өздөрү эле кол коюп коюшат. Чокчоңдогон чоюке бир-эки айдан кийин же иштен алынат же төмөндөйт.
Эгемен мезгилден берки элдин эрки менен эсештешпей келаткан механизм ушул. Азыркы оппозиция алдыдагы президенттик шайлоодо адамды эмес, заманды шайлайлы деп ураан таштап жатат. Демек, эл буйруса алдыдагы шайлоодо элдик добуштарды уурдоонун, аны менен кошуп мамлекетте түзүлгөн системанын белин сындырабыз деп белсенип жатат. Тилегиңер ишке ашсын.
Бирок бийлик да текей терип отурган жок да. Алар да бир нерсенин белин сындырабыз, "Ауди" жар боорундагы "Лексусту" акырын эле түртүп коет экен, эмкисинде "Мерседес" менен түрттүрөбүз деп жатышкандыр. Өзүңдү эр ойлосоң бирөөнү шер ойло дечү беле. Бел сындырбай жашашка болбой калды.
Бул эми катардагы бир шайлоочунун жолбун ойлору да.