Эсен болуп, эстей жүр

Раатбектин жеңиштери
1994-жыл. Хельсинки, Гран-при, 1-орун, баш байге.
1994-жыл. Хиросимада Азия чемпионаты, күмүш медаль.
1995-жыл. Манилада Азия чемпионаты, күмүш медаль.
1996-жыл. Шанхайда Азия чемпионаты, 3-орун.
1997-жыл. Тегеранда Азия чемпионаты, күмүш медаль.
1998-жыл. Бангкокто Азия оюндары боюнча күмүш байге.
1999-жыл. Грецияда "Акрополис" эл аралык Гран-при мелдешинде алтын медаль.
1999-жыл. Ташкентте Азия чемпионаты, алтын байге, Азия чемпиону.
2000-жыл. Кореяда Азия чемпионаты алтын медаль. Грек-рим күрөшү боюнча жыйырманчы кылымдын эң мыкты балбаны аталган.
"Даңк" медалы, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
Казакстандын "Кайсар" медалы менен сыйланган.
Кыргыз-Россиялык (Славян) университетинин юридика факультетин бүтүргөн.
Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитетинин Олимпиадалык ордени менен сыйланган.
Кыргызстан жаштар сыйлыгынын лауреаты.

Раатбек "
тирүү болгондо президент болмок"
2006-жылдын 8-январында кыргыздын белгилүү, чыгаан уулдарынын бири Раатбек Санатбаев белгисиз кылмышкердин колунан ок жеп, кыргыз элин, үй-бүлөсүн, туугандарын, досторун боздотуп, жарык дүйнө менен кош айтышып кете берген. Бирок, ушул кезге чейин Раатбекти өлтүргөн кылмышкер табылбастан, жабылуу аяк жабылуу бойдон калып келет. Улам жаңы буйрутма адам өлтүрүүлөр адатка айланып, Раатбекти өлтүргөндөр унутулуп барат. Кыргыз элин дүйнөгө тааныткан балбан Раатбек Санатбаевдин дүйнөдөн кайтканына үч жылдын жүзү болду. Эгер Раатбек азыр тирүү болгондо 7-майда 40 жашка толмок. Биздин редакциябызга Раатбек Санатбаевдин эң жакын адамдарынын бири, акын Рабиха Алыбаева келип, баатырды эскерип, көз жашын төгүп, төмөндөгүлөрдү баян кылды.

Раатбек иним менен таанышкан күн
Мен иним Раатбек менен 2001-жылдын күзүндө таанышкам. Демейдегидей иш күнүм. Финансы техникумунун тушунан өтүп баратып, мамыда маңдайынан нур чачыраган жылдыздуу жаш жигиттин сүрөтү илинип турганын көрдүм. Кызыгып окусам спорттун белгилүү чебери Раатбек Санатбаев экен. Атайын бир "Тарбия башаты-үй бүлө" деген көрсөтүү даярдап жаткам. Ал көрсөтүүдө балдарды спортко тартуу боюнча сөз жүрмөк. Мына ошол көрсөтүүгө Раатбекти чакырууну туура көрүп, спорт комитетине телофон чалып сүйлөшсөм, ал дароо макул болду. Көрсөтүү тартыла турган убактан жарым саат эрте келбети келишкен, чымыр денелүү, узун бойлуу, сүрөттөгүдөн да жылдыздуу Раатбек Санатбаев АСК-600 студиясына кирип келди. Жанында өзүнүн эң жакшы көргөн устаттарынын бири Касенов Алмазбек Апышович бар экен. Мына ошондо Раатбек айрыкча балдарды спортко көбүрөөк тартсак, дени сак коом, дени сак мамлекет болоорун күйүп - бышып айтып отурду. Ошондон тарта атактуу балбан Раатбек Санатбаев экөөбүздүн ортобузда бир туугандык, чыгармачылык мамилебиз башталган. Ал мени бир тууган эжесиндей терең сыйлачу. Телевидениенин ар түрдүү көрсөтүүлөрүнө чакырсам, эч качан сунушумду четке какпастан, жарк этип эшик ачып кирип келүүчү. Басып баратса кыздар суктанып карашып, аны менен жакындан таанышууну самашчу. Раатбек кандайдыр бир маселе жөнүндө сүйлөшкөндө өз оюн толук айтып, анан: "Туурабы, эже?"-деп, аягында өз оюн бекемдечү. Сүйлөгөндө ашыкпай, ар бир кебин акыл чыпкасынан өткөрүп айтаар эле.

Раатбекти жарык дүйнөгө алып келген ата-энеси
Алмустактан келаткан сөз бар: "Туулган жердин топурагы алтын" деген. Раатбек Санатбаев алтын топурактуу, негедир балбандар көп чыккан касиеттүү Көкарттын кулуну. Атасы Санатбаев Калыбек илим-билимдүү, өз заманына татыктуу интеллигенттердин бири болгон экен. Атасын айтып, Раатбек көп эскерчү.
"Түндүн бир оокумуна чейин чырак өчпөй, атам залда ыр жазып, китеп окуп отурчу. Өзүнчө бир китеп чыгарсам деген күчтүү тилеги бар эле. Атам кол жазмасын бир белгилүү акынга окуганга берет. Кийин жоголуп кетти деген жооп алып, көпкө капа болуп жүрдү"-деп айткан эле. Атасы 1990-жылы 52 жаш курагында жарык дүйнөдөн узаптыр. Раатбек атасын жоготкону оңойго турбаганын көп айтып калаар эле. Даңазалуу балбан Раатбекти жарык дүйнөгө алып келген энеси Дилбар Санатбаева айтылуу Алайдын кызы. Жолдошун жоготкондон кийин алты баласын атасы жок экенин билгизбестен, алардын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, эрезеге жеткирген.

"Ата балага сынчы" дейт го элибизде. Анын сыңарындай атанын тилеги да орундалганбы деп ойлоп кетем. Анткени Раатбектин бир окуяны айтып бергени эске түшөт…

Раатбектин
айткан сөзү:
"Бир жолу атам жана анын бир топ достору болуп Жалалабаттан айылга бара жатканбыз. Ошондо атам досторуна мактанып, "Кудай буюрса көрөсүңөр. Раатбегим атактуу адам дүйнөнү дүңгүрөткөн чемпион болот" деген. Анда спорт дегенден кенедей кабарым жок, атама жиним келип араң бараттым. Кийин чоңойгонумда, спорт менен алектенип, чоң спортко аралаша баштаганымда атамдын тилеги келдиби билбейм, адегенде Кыргызстанга, анан бүткүл дүйнөгө тааныла баштадым. Айылга барып, баягы мени атам мактаган досторуна жолукканда алар "Кудай Таала атаңдын оозуна сала берген экен. Досубуз Калыбектин атасы Санатбай балбандын арбагы ар дайым колдоп жүрсүн" дешип, көздөрүнө жаш алып, сүйүнүп бата беришкен. Апамды, атамдын курбу-курдаштарын, досторун тез-тез көргүм келе берет" деген Раатбек.

Үй бүлөсү,
бир туугандары
Бир туугандары Орун, Нурлан, Бакыт, Акылай, Айсалкын. Келинчеги Сайра, уулдары Бексултан, Даулет, кызы Асема. Раатбектин келинчеги Сайра Раатбекке татыктуу жар. Балдарына мээримдүү эне. Раатбек менен тааныш болгон күндөн тарта, ушул кезге чейин Сайранын көңүл калтырарлык мамилесин көрбөдүм. Раатбек иним өзүнө куп келишкен жубай тандап алганына абдан ыраазы болуп, бактылуу болууларын тилечүмүн.

Казактын атактуу балбаны Даулет Турлыханов менен достошуусу
Тагдыр деген өтө сырдуу нерсе го. Кээде алдыңда эмне күтүп турганын билбейсиң. Жакшылыкпы же касиеттүү окуяларбы? Бул жагынан алып караганда, Раатбектин спорттогу тагдыры адам суктанарлык. Мелдештердин биринде таанышып, сырдашып, бири-бирине пейилдери түз болуп калган эки элдин балбаны Раатбек Санатбаев менен Даулет Турлыхановдун бир туугандык мамилелери түбөлүк болду. Мына ошол казактын атактуу балбаны Даулет Раатбекке "Раатбек карагым. Сенден келечекте үлкөн спортчу чыгат. Сага тулпарды табына келтирип, сууткандай саяпкер керек. Андай саяпкерлер бизде жетиштүү. Жүрү, мени менен Алматыга барып машыгалы" деген сунушун айтат. Мына ошондо 1992-жыл эле. Жаш балбан Раатбек Даулеттин сунушун четке какпастан, макулдугун берген. 1993-жылдан тарта Раатбек чоң спортко кадам таштады. Анын атагы алыска угулду. Кыргыз эли Раатбек Санатбаев менен сыймыктанды.

Достору
Раатбектин адамкерчилиги чексиз эле. Анын жан дүйнөсүн, адамга болгон мамилесин айтып берүүгө сөз жетпейт. Боорукерлиги, эч кимден жардамын аябастан, ар бир адам менен тил табышып, түшүнүп мамиле кылганы аны ого бетер жылдыздуу кылып, кең пейилдигин көрсөтчү. Мен билгенден Раатбектин Мерген, Алмамбет, Талант, Дөөлөт, Анарбек, Эсен, Жолдош, Мурас, Бакыт, Надыр, Эмил, Касый деген достору бар эле. Алар да убагында Раатбекти сыйлап, өбөк-жөлөк болуп жүрүшчү. Ошондой кымбат досторунун бири Кабыл эле. Кабыл досун жоготкондо Раатбек аябай ыйлап, көпкө унута албай жүрдү.

Каргашалуу
8-январь, 2006-жыл
Бул күн Раатбектин туугандарына, үй бүлөсүнө, досторуна жана кыргыз элине оор кайгылуу күн болду. Кыргыз эли сыймыктуу уулун шум ажалга алдырды. Раатбекке көрө албаган душмандары кол салып, өз мүдөөлөрүнө жетишти. Балбанды акыркы сапарга узаткан 10-январь Курман айт күнүнө туш келди. Зал толо эл жыйылып, муңдуу музыка угулуп, баатырды акыркы сапарга узатып турдук. Мен бул кайгылуу күндү тасмага түшүрүп койгом. Ал тасманы көргөнгө эч кимдин алы жетпес. Сай сөөгү зыркыраган эненин, көз жашын жамгырдай төккөн сүйгөн жарынын, козудай окшош эки баласынын, муңга баткан кыргыз элинин ошондогу абалын айтып берүүгө кудуретим жетпес… Маркум менен коштошууга казактар келип, устаты Ахмедов Эржан Койчубаевич сакалын жашка жууп:
- "Оо кыргыз боорлорум! Бир баатырыңар болсо, аны да сактап кала албадыңар. Раатбек менин канатым эле. Канатым кайрылды"-деп ыйлап турду. Болгон бою, турган турпаты менен эл үчүн эмгек кылып, мына ошол эмгегинин үзүрүн көрөөрдүн алдында, кайран жигиттин күлгүндөй өмүрү гүлдөй соолуду. Ал болгону 36 гана жыл өмүр сүрдү. Раатбегин жоготкон Дилбар эненин кайгысын сөз менен айтып жеткирүүгө мүмкүн эмес. Баатырды ким өлтүргөндүгү да белгисиз. Эгер Раатбек тирүү болгондо президент болмок.
Раатбек Санатбаевдин элеси түбөлүккө өчпөстөн жашай берет. Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун Раатбек иним!

Эмгек жолунун башаты
Раатбек Санатбаев 1969-жылы 7-майда Ош шаарында төрөлгөн. Грек-рим күрөшү менен 1979-жылдан тарта Жалалабаттагы спорт мектебинде машыга баштаган. Аскердик милдетин Эстонияда өтөгөн. 1986-жылдан 1992-жылга чейин Кыргыз Мамлекеттик дене тарбия институтунда окуп, аны ийгиликтүү аяктаган соң, ошол эле окуу жайында күрөш кафедрасынын мугалими болуп эмгектенген. Спорттогу бийик көрсөткүчтөрү үчүн 1994-жылдан 2001-жылга чейин жети жыл бою Кыргыз Республикасынын эң мыкты он спортчусунун катарынан түшпөй келген. Өмүрүнүн акырына чейин Кыргызстандын улуттук тандалма спортчуларын даярдоочу Олимпиадалык даярдоо борборунун директорунун орун басары болуп иштеген. Раатбек Санатбаев өзүнүн бүт өнөрүн Кыргызстанда грек-рим күрөшүн жайылтууга, аны өркүндөтүүгө арнаган жана зор салым кошкон.

Кыргыз элнин чыгаан уулу Раатбек Санатбаевдин өлүмүнө себепкер кылмышкердин табылбаганы чоң өкүнүч жаратат. Негедир акыркы кездерде чоң кылмыштардын бети ачылбай келет. Мына ошол себептүү кылмыштар күчөгөндөн күчөп барат. Раатбек Санатбаев эгер тирүү болгондо кыргыз элине кызмат кылып, азыркы кыйын кырдаалда элинин көйгөйүн тең бөлүшкөн, ыймандуу инсан болмок. Балким Рабиха эже айткандай президент болуп, кыргыз элине кызмат кылмак.
Назгүл МАМЫТОВА