Текөөрү курч теңтайлашат,
тайманбаган ашуу ашат...
Бийлик элдин үнүн, эл бийликтин жарлыгын укпай калган учур келди. Өлкөдө баш аламандыктын башталаары, анын аягы мансап талашуу менен аяктаары мурда эле белгилүү болуп калган. Саясий шоулар башталганда күтүүсүз "жүрүштөр" көбөйөөрүн эл деле билип, бирок мындай "жүрүштөр" качан жана ким тарабынан жүргүзүлөөрү гана табышмак эле.

Элибиздин эсинен эч нерсе чыга элек. Мамлекет башчысы К.Бакиев алгач президенттик шайлоодо экинчи мөөнөткө барбай тургандыгын билдирген. Бирок, мансап кумарынын күчүн карачы, шайлоо мөөнөтү жакындаар менен бул пенденин да пикири 180 градуска айланып, "өлкөдө стабилдүүлүктүн сакталышы, экономикалык өсүштүн байкалышы" менен экинчи мөөнөткө шайлоого бараарын шашылыш билдирип, президенттин "менчик" партиясы анын кандидатурасын "бир добуштан" көтөрүп чыкты.
Бул аракет саясатчылардын элегинен эчен ирет өткөрүлүп, чечим андан кийин кабыл алынганы менен өзгөчөлөнөт. Бул К.Бакиевдин бактысыбы, же тайгүлүк тагдырдын дагы бир тамашасыбы, айтор, түндүк-түштүккө кадыр-баркы бирдей оппозиция лидеринин жоктугу анын кайрадан президенттик постко ат салышуусуна мүмкүнчүлүк түзүп берди. Ошентип, мамлекет башчысы менен теңтайлаша алуучу атаандаш жок деп табылгандан кийин гана ушул кадамга барды деген жыйынтык чыгарсак жаңылышпайбыз. Ошентип, К.Бакиевдин "ташы өйдө кулап", кайрадан бийлик мунарасынын ээси болуучу мүмкүнчүлүктөрү бар экендиги далилдөөнү талап кылбай калды.
Оппозиция тарабынан көргөзүлгөн кандидатураларды жеңээрине ишеними күч алган менен бийликтин "жүрөгү" да опколжуп турган учуру. БЭК тарабынан көргөзүлгөн А.Атамбаев, тамтыгы чыккан КРнын Куралдуу Күчтөрүн тартипке келтирген И.Исаков, бийликтин көкөйүнө көк туздай тийген, өзүнүн туруктуу принцибине ээ болгон, кемчиликти көзүнө тик жана курч айткан, "Ак Шумкар" партиясынын лидери Темир Сариевдер бийлик мунарасындагыларга чыныгы чыгаан атаандаш боло алабы? Калктын ишенимине канчалык деңгээлде ээ? Кимисинин мамлекет башчысы К.Бакиев менен теңтайлашуу мүмкүнчүлүгү бар? Бул элге али белгисиз.
Оппозициядан президенттикке ат салышкандардын эң начар жери - региондук жактан чектелгендигинде. Кеп чынынан бузулбайт демекчи, Атамбаев, Сариевдер түштүк региондордон, И.Исаков түндүк региондорунан жетиштүү өлчөмдө добуш алууга канчалык мүмкүнчүлүгү бар экендигин дагы бир ирет талдап көрүүлөрү керек. Бул жалаң кандидаттарга эмес, жалпы кыргыз журтчулугуна керек экендигин унутпообуз зарыл.
Президенттик шайлоодо бийлик менен оппозициянын күрөшүндө күчтөрдүн катышында тең салмактуулук болооруна ишеним жок. Мында бийлик жана бийликтин партиясынын үстөмдүгү орнойт. Бийлик К.Бакиевди кайрадан президенттик такка отургузуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдоноору жашыруун сыр эмес. Шайлоо учурунда бийлик ресурстарынын рычагдары толук ишке киргизилет. Добушту сатып алуу, шайлоочуларга жана шайлоо комиссияларына ар тараптан кысым жасоо адаттагы көрүнүшкө айланат.
Бийликтин партиясына башка партиялар "тең келе албайт". Бул шайлоого чейин эле элге белгилүү болгон. Мисалы, "Ата Мекен", СДПК, "Ак Шумкар" партияларына жер-жерлерде эл менен жолугушууга, партконференцияларды өткөрүүгө жергиликтүү бийликтер тоскоолдук жасап, күч структуралары зөөкүрлүккө чейин барышса да, мамлекет башчысы менен Өкмөт бул тартип бузууларды билмексенге салып отурат. Аларга катар "акжолчуларга" бардык ыңгайлуулуктарды түзүп, ал гана эмес элди күч менен алардын чогулушуна айдап барган учурларга эл өзү күбө болуп келди. Ал гана эмес кечээ эле Бишкектеги филармониядагы "акжолчулардын" чогулушу өткөрүлгөндө, канча милиция кызматкерлери "жардамга" чакырылып, аларга төлөнүүчү каражаттар мамлекет тарабынан сарпталганын алар кантип танышат?
Эң эле жөнөкөй маселе - партконференцияларды өткөрүүдө бийлик бутактарынын өң карама ушул мамилеси жүзү каралыктын жеткен чеги болуп жүрбөсүн?
Жөн эле партиялык чогулуштагы "өзгөчө мамиле жасагандар" президенттик тактыга ат салышууда калыс мамиле жасап, шайлоо калыс жана таза өтүшүнө салым кошооруна акыл-эстүү адам ишенбес...
Шайлоонун жүрүшүндө жергиликтүү бийликке К.Бакиевдин утушун камсыз кылууга буйрук берилип калгандыгы азыртан эле айтыла баштады. Аны ишке ашыруунун ыкмалары терең өздөштүрүлгөн. Шайлоо комиссиялары эсепке алынбаган кошумча бюллетендерди кандай жол менен ишке киргизилээри ар тараптан сыноодон өткөрүлүп бүткөн. Шайлоонун жүрүшүндө биздин өлкөдө эч качан бийлик менен оппозициянын ортосунда тең салмактуулук, калыс атаандаштык болгон эмес, болбойт дагы.
Шайлоонун жүрүшү регионалдык гана мүнөзгө ээ эмес. Электораттардын шайлоонун калыс өтүшүнө ишенбөөчүлүгүнөн улам бул саясий кампанияга катышуусунун төмөндөшү менен айкалышат. Бийлик муну да өз пайдасына колдонот да, шайлоого катышпагандардын эсебинен өздөрүнө көп добуш топтойт.
Мындан тышкары, жек-жаатчылык, урук-тууганчылык, жердешчилик күчтүү өнүккөн биздин өлкөдө "жаман да болсо, өз улагымдан теке салам" принциби бекем кармалат. Демек, бул шайлоодо оппозиция ич ара тирешүүсүн токтотуп, чыныгы кадыр-баркка, элдин чыныгы ишенимине ээ болгон адамга жол бошотуп бериши эң маанилүү. Маселе, кимдин канча акчасында эмес, ага калкыбыздын канчалык даражада ишенимге татыктуу болгондугу менен аныкталышы зарыл. Ансыз бүтүндөй бийлик ресурсун колдонуу мүмкүнчүлүгү бар мамлекет башчысын утуп чыгуу мүмкүн эмес.
"Регионалдык өзгөчөлүктөрдү" эске албагандык - билип туруп өз ыктыяры менен кыйроого багыт алгандыкка жатат. Бир нерсени унутпасак: -Текөөрү курч теңтайлашат, тайманбаган адам гана ашуу ашат.
Күч теңдешсиз болгон шартта, акыл-эс жактан жеңишке жетишүү гана оппозициянын бийлик менен теңтайлашуусуна мүмкүнчүлүк түзөөрүн эстен чыгарбоосу керек...
Эртабылды Аттокуров