Тандоо… Шайлоо...

Сүйүнбай Эралиев, Кыргыз Республикасынын Баатыры:

"Атамбаевдин президенттикке көрсөтүлүшү эң туура"
Убакыт өткөн сайын, президенттик шайлоо жакындап, ага элдин кызыгуусу күчөп турган кез. Бул "баш оорутма" бараандуу маселе боюнча карапайым элдин "белгилүү аттуу-баштуу инсандарыбыздын пикирлери кандай болду экен?"- деген кызыгуулары күч экендиги жашыруун эмес. Биз ушуну эске алып, бүгүнкү саныбыздан баштап шайлоо тууралуу өз пикирин жашырбай-жаппай ачык айткан, ачуу чындыкка жалтанбай тике караган атактуу аксакалыбыз менен маектерди назарыңыздарга сунуштай баштайбыз. Алгачкы коногубуз - заманыбыздын залкар инсаны жана адабиятыбыздын тирүү классиги, Кыргыз Республикасынын Баатыры Сүйүнбай Эралиев.

- Сүйүнбай ага, кезектеги маегибизди эки багытта жүргүзсөк. Алгач, учурда көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып жаткан президенттик шайлоо жөнүндө кеп козгосок. Жакында оппозициянын өткөзгөн курултайына өзүңүз баштаган эл баатырлары, башка белгилүү адамдар катышышты. Эл үчүн бул бир чоң жагымдуу жаңылык болуп калды. Курултай жөнүндө ойлоруңузду билсек дедик эле.
- Бизди өткөндө Алмаз Атамбаевдин талапкерлигин президенттикке көрсөтүү иш чарасына катышуу үчүн Арашан айылына чакырышты. Курултайды жакшы деңгээлде уюштурушуптур. Эл көп чогулуптур. Элге жакшы таанымал көп инсандар сөз сүйлөштү. Алмаздын талапкерлигин колдошуп, көп жакшы ойлор айтылды. Сөз кезеги келгенде, мен дагы: " Биз, жазуучулар, Алмаз Атамбаевди жакшы билебиз. Анткени, ал көп жылдардан бери Жазуучулар Союзунда иштеп келди. Алмаз өз каражатын аябастан көптөгөн жазуучуларга бекер жолдомо берип, аларды "Арашан" жазуучулар үйүндө эс алдырып жүрөт. Ушундай кыйын заманда мындай иш ар кимдин эле колунан келе бербейт. Алмаз мырзанын президенттикке көрсөтүлүп жатканы эң туура. Ал эл үчүн иштей турган инсан"- деп айттым. Негизи, Алмаз президент болуп шайланып калса, эл үчүн жакшы иштеп берерине ишенем. Алмаздын адамкерчилик деңгээли да, ишмердик деңгээли да бийик . Элди кыйын күнгө калтырбай, колунан келишинче жакшы иштерди бүткөрөт деген ишеничтемин. Дайым элдин камын ойлоп, эли үчүн чапкылап жүрөт. Алмаз жаш кезинде бир уюмда иштеп жүргөндө Жазуучулар союзуна мен алып келгем. Ал келгенде эч ким каршы болгон эмес, ошентип жазуучулар союзунда иштеп калган.
- Курманбек Бакиевдин президенттикке кайрадан аттанышына кандай көз караштасыз? Деги эле, Курманбек мырзанын жүргүзгөн саясаты купулуңузга толобу?
- А кишинин кайрадан талапкер болуп жатканын ар ким ар кандай түшүнүп жатса керек. Өзүнүн конституциялык укугунан пайдаланып, кайрадан талапкерлигин койду. Бул кишилерден башка талапкерлер дагы чыгып жатышат. Канча талапкер чыкпасын, алардын кимиси президент болоорун жалпы шайлоочулар чечет. Анан ар бир кишиден, ар бир жетекчиден ар кандай деңгээлдеги кемчиликтер кетет. Кемчилиги жок адам болбойт. Курманбек мырзадан да бир топ кемчиликтер кетүүдө. Өлкөнү көтөрүү ниетинде ал дагы болгон мүмкүнчүлүктөрүн жумшап жатат. Иш такыр жок дегенге кошулбайм. Мен Курманбек мырзаны адам катары сыйлайм. А бирок, карапайым элдин абалы оор. Чындык канчалык ачуу болсо да, жашырбай ачык айтышыбыз керек. Айтпаска чара жок. Элдин турмушу оңолгон жок. Жашоо кыйындап баратат. Кандай болгон күндөдагы, элдин келечеги, Ата- Журттун тагдыры баарыбызга кымбат! Биз ушуну эске алышыбыз керек. "Мамлекетти башкаруу багытында, азыркы бийликтин бардык ресурстары түгөндү"- деп, оппозициянынын айтканы жөндүү. Себеби, коррупция, криминал, трайбализим дегендер жашообузду алдыга жылдырбай, артка тартууда. Чындап эле жаңы саясый- экономикалык ресурстар ойлонулуп, мамлекетти башкаруунун жаңы системасына тезирээк бел байлоо керек. Эми мунун баары жаңы шайланган президентке түздөн-түз байланыштуу болот.
Убакыттын өтүшү менен баары такталат. Кимдин ким экенин мезгил гана даана көрсөтөт. Кандай болгон күндө дагы, президент болуп эл үчүн жаны менен чыркырап күйгөн, элдин тагдырын тереңден ойлогон адам келиши керек. Андай адам келбесе, турмушубуз оңолбойт. Тескерисинче, кыйындагандан кыйындай берет. Чынында, азыр жашообуз кыйын, оңоло албай жатабыз. Казактарга тең келалбай калдык. Казактар бизден кийин жаралган эл. Алар кыргыздарды "атабыз" - дешет. Ошол аталык парасатыбызды аткаралбай, начар болуп жатабыз. Дүйнөлүк изилдөөчүлөр бизди өнүкпөй жаткан арткы өлкөлөрдүн катарына кошуп койгону жанды абдан кейитет. Өлкөбүздүн башына Раззаковдой таза иштеген, келечекти көрө билген, кыраакы адам келиши керек. Кыргыз эли биринчи кезекте өзүн сыйлашы абзел. Карасанатайлыкка барбай, кырдаалга туура баа берип, келечекти терең ойлонбосок болбойт.
Негизи, талапкерлердин чыгып жатканы башка кеп, шайлоонун өтүшү башка кеп болуп жатпайбы? Шайлоо кандай учур болсо да сөзсүз таза өтүшү керек. Элде "бийлик шайлоонун жыйынтыктарын бурмалап коёт"- деген түшүнүк орун алган. Бул пикирдин дагы жогорку деңгээлде чындыгы бар. Баары бийликтин колунда болгондон кийин өз билгенин кылса кылып коёт экен. Элдин добушун уурдаган өтө жаман, ыплас иш. Бийлик ушуну түшүнүшү зарыл. Шайлоодо ким канча добуш алса, ошол добуш ачык көрүнүп турушу керек. Шайлоонун туура эмес жыйынтыктарынан улам ар кандай чатактар чыгып кетиши толук мүмкүн. Оппозиция кыйкырып чыкканы менен аларды укпай, күчкө салып басып коюп жатпайбы. Жалпы эл шайлоого активдүү катышуусу зарыл. Кайдыгер карап, кол шилтеп коюу жарабайт. Негизи, президенттик шайлоонун мааниси абдан зор. Президенттикке кандай адамды тандап алсак, өлкөбүздүн келечеги ошол президент болгон адамдын деңгээлине жараша (жакшы жагына же начар жагына) өзгөрүүсүн эстен чыгарбашыбыз керек.
- Сиз, "Атамбевди, көптөн бери жакшы билем"- деп баса белгилеп айтып жүрөсүз. Сөз башында "кемчилиги жок киши болбойт"- деп айтып өттүңүз. Көптөн бери билген Алмаз мырзанын кемчиликтерин дагы жакшы билсеңиз керек?
- Андай деле чоң кемчилигин байкай алган жокмун. Кээ бирөөлөрдөн (ал киши өкмөт башчысы болуп турганда) "Алмаз мырза бой көтөрүп калыптыр"- деп укканым бар. Ал сөз канчалык деңгээлде чындыкка жакындайт, билбейм. Чынын айтканда, мен Алмаздын кемчиликтеринен кабарым жок. А киши президент болуп калсын деген ниетте өткөндө курултайда ак батабызды бердик. Элдин батасы тийип президент болуп калса Кыргызстанды алдыга сүрөп кетет деген ишеничим да, үмүтүм да чоң.

(Уландысы 8-бетте)