Калк тагдырына кайдыгерлик

Бийликтин калпыс чечими, же ишке ашпас "улуттук патриотизм"
Биздин "лидерлер" болобу, партиялык боссторбу, же бийликтин бир бутагына "даражасы" көтөрүлгөн чиновникпи, өзүн өзгөлөрдөн акылман сезип калаарына калкыбыз күбө болуп келе жатат. Өкүнүчтүүсү -алар "өткөнгө тапанчадан ок чыгарсаң, келечек сени замбирек менен атаарын" унуткандар. Алардын саны күн санап өсүп жатканын кантип танабыз?

Ар бир мезгилдин артыкчылыгы да, кемчилиги да болот. Өсөөр эл өткөндүн жакшы жактарын өркүндөтүп, терс жактарын кантип жоюунун жолун издейт. А бизде, тетирисинче, доордун жакшы-жаман жактарына калыс пикир айтылбай, калпыс жана бир беткей пикирлер айтылып келет.
Алып көрөлүчү. Азыркы кыргыз интеллигенциясынын дээрлик басымдуу бөлүгү СССРдин учурунда жогорку окуу жайларынан терең билимге ээ болгонун кантип танабыз? Ал эми азыркы дипломду жаштарыбыздын көбүнүн "чала сабаттуулугуна" "союздун" билим берүү тармагын бир рамкага салып койгону күнөөлүү - деп оозу-мурдубуз кыйшайбай айтып жүрбөйбүзбү?
Кыргызстандын экономикалык жактан артта калышына да "социалисттик түзүлүш" "күнөөлүү" - деген түшүнүк турмушубузга улам терең сиңип барат. Бирок, ошол эле учурда Кыргыз ССРиндеги завод-фабрикалардын, капиталдык ири курулуштардын жетиштүү өлчөмдө болгондугун, айыл чарбасында мелиорацияга жана ирригацияга айрыкча көңүл бурулганын, механизациялаштыруу ишке ашырылганын, бул аракеттерди четке кагып, жаңылыштык кетиргенибизди моюнга алууга, эртеби-кечпи, аргасыз болорубуз шексиз. Экономиканы өнүктүрүүгө ушул жолду чанбай, аны тереңдетүүбүз зарыл болчу.
Ар бир доордун көтөргөн маселеси, тарткан жүгү өз учуруна туура келет. Доор алмашканда айрым идеялар эскирип, ал пайдалануудан чыгып калат. Мындай пайдаланылуудан калган идеянын бири - интернационалдык достук. Айрыкча, "жазуучулар, журналисттер, артисттер акча мешогунун кулуна айланган" заманда, "алдуулар алсызын айыптуу кылат", "мансаптуулар карапайым калкка манчыркап" мамиле жасаган "жапайы капитализмде" ар бир эл же улут өзүн сактап калуу үчүн "улутчул" болууга тийиш болоорун бийлик мунарасындагылар унутпашы керек эле.
Кыргыз Республикасынын калкы - кыргыздар, болгондо да "кара кыргыздар". Калган эл КРнын жөн гана жашоочулары - жарандары. Жергиликтүү калк менен жарандардын ортосунда кескин чоң айрымачылыктар бар. Башка элдер жарандык укук алган күндө да кыргыз болуп бербейт, кыргыз элине же кыргыз жерине күйбөйт. Жаман айтпай, жакшы жок, кокус чек ара боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда чатак чыкса, өзбектер кыргыз жерин коргошобу? Ошондой оор кырдаал түзүлсө, дунгандар, уйгурлар, күрттөр жана башка элдер Кыргызстандын туусу алдында биригеби? Жок, дагы да жок - деп тайманбай айта алам.
Атти-иң! Ушул пикирим жаңылыштык болуп калса, же түштөгү көрүнүш болсо гана... бирок, бул далилдөөнү деле талап кылбаган аксиомага айланууда. Буга бир мисал, Жалал-Абад облусундагы Чек айылындагы чек арадагы кыргыздарга "Өзбекстандын мыйзамын" окутканы буга айкын мисал боло албайбы? Ушул көйгөйлүү маселе коңшулаш Тажикстан, Казакстан сыяктуу "бир тууган" өлкөлөргө да таандык болоорун кыргыз бийлиги ойлоноор бекен?
Эгемендүүлүккө ээ болгондо эле биздин бийлик бутактары ээрге кыйшык отуруп, эл менен кеңешип чечпестен, "Кыргызстан - жалпыбыздын үйүбүз" - деп жарыялады. Элибизде: - "Көп суур ийин казбайт, ийин казса терең казбайт" - дегендей кеп болду. "Жалпы үйүбүзгө" жабыла кытай элинен агылып келгендер көбөйдү. Бишкек шаарындагы көп үйлөрдү казактар сатып ала баштады. Өзүбүздүн кыргыздар паспорт ала албай кыйналса, чет элдиктер КРнын "жалпы үйүндө" жарандык укук алуу үчүн кыргыздаргабы же киргиздергеби "үйлөнүп" жатышты. Ошентип, азыркы күндө казак, уйгур, дунган, түрк, кытай "жээндерибиз" да көбөйдү. Бирок, алар эртең кыргыз элине жакшылык кылаары күмөн экенин какшап тил тешилбеди беле...
Экономиканы өнүктүрүүнүн ишенимдүү жолдорун кыйратып, өлкөбүз жарга такалганда, "улуттар аралык достукту" шылтоолоп, улуттук патриотизмге оңолбос сокку урдук. Мындай "бир туугандык" сезим казак элинде ойгонгон жок. Алар "канча кыргыз кулуң бар?" - деп сурап калышты. Тажик, өзбек эли "кыргыз" деген "тууганы" бар экенин эстеринен чыгарып койгон. Чиркин дүйнө, кыргыздар эгеменге ээ болгондон баштап көлүн да, төрүн да, көрүн да, жерин да сатты. Ал аздык кылгансып тилин да, дилин да сатты. Абийирин аялы менен кошуп сатты... Акырында Ата-Журтун кертип сатууга өттү...
Сатылган жерге бийликтин шылтоосу көп: - "Жер сатылган жок, 49 жылга арендага берилди". Бирок, ошол арендага берилген кайсы жерди кыргыз бийлиги кайрып ала алабы? Ошол арендага берилген жерде кыргыздар эркин жашай алабы же Кыргызстан ошол аймакка өзүнүн туруктуу жана күчтүү көзөмөлүн жүргүзө алабы? Же бул жерлер анклавга айланып, ошол "арендага" алган мамлекеттин менчигине өтөбү?
Элементардык бир мисал: Ысык-Көлдөгү Казакстанга берилген 4 пансионат белгилүү өлчөмдө жергиликтүү калкка жумушчу орун берет - деп тил эмизилген. Азыр бул пансионаттарда канча кыргыз кайсы кызматта иштерин бийлик өкүлдөрүнүн кимиси так айта алат? Ошол пансионаттардын аймагына кыргыздар кирип, сууга түшүп чыга алышабы? Бул КРнын бийлиги чече албаган зор маселе болуп кала берди, кала берет. Мына ушунун өзүндө биздин бийлик бутактарында "кыргыз" - деп күйгөн улуттук патриоттун жоктугу отурат.
Кыргыз эли эл аралык маалымат майданында жок болуп кетүү коркунучунда экендиги белгиленип келет. Бирок, айрым "ура-патриоттор" бул билдирүүлөрдү жалган маалымат катары баалашат да, эң байыркы замандан бери кыргыз эли сакталып келгенин, бүтүндөй дүйнөнү "былк" этпей кармай турган эл кыргыз гана болоорун саймедиреп, жалган ишенимди жаратууга умтулууда.
Ал эми элибиздин айрым бөлүгү мусулманчылык менен гана жок болуудан арылабыз деген түшүнүктө экенин өкүнүчтүү түрдө айтууга туура келет.
Биз танбайбыз, жогорудагылар өткөн тарыхтагы баскан жолдорубуз экени талашсыз. Ошондой болсо да жок болуп кеткен элдердин тарыхына көз салып, алардын жок болушунун түпкү себептерине баам салсак, улуттук патриоттук сезимин кыйраткандар жер менен жексен болгонуна ишенесиң. Байыркы маданияттын өнүккөн деңгээлине жеткен инктердин, майялардын, 18-19-кылымдардагы индеецтердин тагдыры муну аныктап да, ырастап да отурат.
Бүтүндөй бир элди жок кылуунун ишенимдүү жолу - дилин бузуу, тилин жоготуу. Сибирь аймагында тилин унуткандардын жан дили бузулуп, маңкуртка айланганын кантип тана алабыз? Ушул тагдыр да кыргыз элинин башына түшүү коркунучу түзүлдү.
Алып көрөлү. Азыркы күндө эле тилибиздин абалы "ит ыйлаар" деңгээлге тушукту. Эгемендүүлүктү алганда эне тилибиз мамлекеттик тил статусун алып, он жыл аралыгында өлкөбүздө башка чет элдиктер кыргыз тилинде сүйлөп калаары, бүтүндөй документациялар эне тилинде жүргүзүлөөрү жар салынган. Бирок, бир канча жыл өтүп-өтпөй орус тили расмий тил деп жарыяланып, мамлекеттик тилибиз эс нерсеге жарабай калды. Ачык айталы, президент К.Бакиевден тарта бүтүндөй мамлекеттик ири чиновниктер кыргыз тилин жээрип калганын кантип көрмөксөнгө салабыз?
Азыркы күндө англис тили да "моданын тилине" айланды. Бара-бара дагы бир муун өткөн соң орус тилин англис тили алмаштыраар учур келет. Демек, бул дүйнөлүк эки тил кыргыз тилин "жутуп" кое турган шартка ээ болот. Ага далил, азыр ишке орношууда сенин кыргыз тилди билериң маанилүү эмес. Ал эми жогорку эки чет тилди билген адам кыргызча билбесе да "престиждүү" ишке орношо алат. Демек, КРнын кыргыз тили келечексиз тилге өтүп баратат.
Жан дилибиздин бузулушу - бул биздин рухий дүйнөбүздүн жакырданышы менен улуттук патриотизмибиздин жоголушу менен айкалышууда. Кыргызстан католик, христиан жана ислам диндеринин тирешүүсүнүн очогуна айланды. Ошентип, кыргыздарда орусташуу, англистешүү жана арабдашуу мүнөздүк касиетке ээ болуп, ар тараптан жан дүйнөбүз "ааламдашуунун" таасири алдында рухий жактан кыйроого багыт алууда.
Ушул коркунучтар баарыбызга белгилүү, баарыбыз көрүп отурабыз да, ага кайдыгер мамиле жасап келебиз. Бул камырабастык биздин айкөлдүгүбүз же эрдигибиз эмес, бул улуттук ар-намысыбыздын, улуттук аруу сезимибиздин таш-талканга учурагандыгынын белгиси экендигин айгинелеп отурат. А бизде улуттук патриотизмге үндөсөң, демократиянын душманы болуп чыга келесиң.
Аргасыз социализмдин практик-негиздөөчүсү В.И.Лениндин: - "Абсолюттук эркиндик болбойт" - деген сөзүн "абсолюттук демократия болбойт" - деп өзгөртүүгө туура келип отурат. Бүтүндөй бир элдин же бир улуттун жок болуп кетүү коркунучун четтеткен улуттук патриотизм азыркы мезгилде жат көрүнүштөй болуп отурбайбы?
Демек, башка элдер КРнын жараны болуп эсептелгени менен алар жердин жана элдин тагдырына ошол өлкөнүн жергиликтүү калкы сыяктуу күйбөй турганы эске алынышы керек. Дагы кайталайм, кыргыз жери, андагы бүтүндөй кен байлыктар, мекеме-ишканалардын азыркы Конституциясындагы "сатылышы мүмкүн" деген жерлерин алып салуу керек. Ошону менен катар жер, суу, андагы кен байлыктар жана өнөр жай ишканалары мамлекеттик эмес, "жалпы кыргыз элинин менчиги" экендигин таануу керек. Улуттук мамлекеттин деңгээлинде көтөрүлгөндө гана кыргыз элинин жок болуп кетүү коркунучу жоюлат.
Кыргызстандын бүтүндөй байлыгы - жарандардыкы эмес, жалпы кыргыз элиники!
Кыргызстан - улуттук мамлекет деп жарыяланып, анын өзөгүн кыргыздар гана түзөөрү белгиленүүгө тийиш... Мамлекет - кыргыз элинин кызыкчылыгына кызмат кылышы зарыл...
Эртабылды Аттокуров