Тоодой убадалар, томсорткон жашоо
"...Бир гана суроо туулат. Эмне үчүн биз бүгүн бийликке нааразычылыгыбызды билдирип отурабыз? Курманбек Бакиев президент болгондо эл алдында кандай гана убадаларды берген жок эле. Анын минтип айтканы бар: "Турмушту бир-эки жылда, ашып кетсе үч жылда оңдойм".Иш жүзүндө үчүнчү жылы Кыргызстанды кымбатчылык, төртүнчү жылы караңгылык каптады.

Дагы бир айтканы бар: "Мурдагы бийлик 15 жылда 2 миллиард доллар карыз болуп, белчебизден карызга баттык. Эми бир да тыйын карыз албай өсүп-өнүгөбүз". Бүгүн болсо Россиядан 2 миллиард доллар карыз алып жатат.
"Мен бийликке келээрим менен Конституцияны өзгөртөм"-деген убадасын баарыбыз укканбыз. Анысын аткарбай, эл көчөгө чыгып талап кылганда Конституцияны үч жолу алмаштырып, ашмалтайын чыгарып салды.
"Президент болсом, бир гана мөөнөткө барам. Ушул парламент, өкмөт менен беш жыл иштейм. Мамлекеттик телевидение, гезиттер элдик болот. Мен оппозициядан келдим. Оппозицияга жол ачам"-дегени да бар. Ошол айткандары бүгүн ишке аштыбы? Тескерисинче, оппозициядагылар куугунтукталып, камалып атат. Демек, мамлекет башчысы айтканын аткарбаса эмне кылуу керек?
Урматтуу Курманбек Салиевич! "Өзүңүздүн сөзүңүздү тансаңыз, чынчылдыгыңызды көрсөтпөсөңүз, өзүңүздү да кыйнабай, ансыз деле ден-соолугуңуз кыйналып жатат, элди да кыйнабай, алдыдагы шайлоодо чыр-чатак чыгарбай президенттик шайлоого катышпай эле коюңуз".
2009 жылдын 27-мартында баш калаабыз Бишкекте, БЭКтин демилгеси менен өткөн митингде, Коомдук парламенттин спикери, окумуштуу Абдыганы Эркебаевдин сүйлөгөн сөзүнөн.
Мен өткөн айлардын биринде билим берүү тармагы, милиция кызматкерлери жана башка уюмдар менен биргелешип жүргүзгөн көчөө жүрүшүн (рейдин) телевидениеден учкай көргөнүм эсимде. Ошондо жан дүйнөм куурулса дагы калем алууга убакыт бөлгүм келген эмес. Бирок, ошол көрсөтүү таптакыр эсимден чыкпай, анын чоо жайын териштирүүгө дагы эле ниет чаппай турганда, минтип чыгаан жазуучу Максим Горькийдин эстелигинин жанында өткөн митинг калем кармоого аргасыз кылды. Айтчу оюмдун башына белгилүү саясий ишмер А. Эркебаевдин сөзүнөн үзүндү кыстарган себебим дагы ушул болду. Минтип тынчымдын кеткени - жаңы бийлик келгенден бери айлар айга, жылдар жылга таянып өр тартканына карабай, күн санап күргүштөп, ого бетер күчөнүп бараткан паракорлук (коррупция), кадрлар билими, кесипкерлик жөндөмү, социалдык-экономикалык түшүнүгү, саясий деңгээли жана башкалары менен бааланбастан, "бөрк ал десе баш алган" зөөкүрлүгү, бийликке кошомат кылуунун ашынган "намыяндык" жол-жобосун үйрөнүп алгандыгы жана анын чып - чыргасын коротпой пайдалана билгендиги менен бааланып жаткандыгында болуп жүрбөсүн?!
Менимче мунун кейиштүү жактары биз баамдагандан алда канча көбүрөөк окшойт. Оюбузду бекемдөө үчүн орчундуу, калкыбыздын бүйүрүн кызыткан бир эле мисалдын учугун улайлы. Баарыбызга белгилүү болгондой, бийлик тагындагы адамыбыздын мурдагы админстрация башчысы Мыктыбыек Абдылдаев түз жүргөн жигит болгондуктан "Барбарос" амалы (планы) жөнүндө укканда, ошол замат кыйыр ишке аралашуудан баш тартып, кызматын таштап кеткени эсибизде. Анын ордуна админстрация башчылыгына келген Медет Садыркулов уюштуруучулук жана айлакерлик жагынан алдына адам салбаган, кыйыр ишке ашкере машыккан пенде экен. Башка эч кимдин колунан келбей турган "Барбарос" амалын (планын) ишке ашырууда, "чу" деген жерден эле, Борбордук аянттагы миңдеген элди кучагына алган, бийликке нааразылык уюштургандардын катарында туруп: "Бакиев кетсин, Бакиев кетсин" деген ачуу кыйкырыкты кайра-кайра тамагы бүткүчө кайталап ачууланган, болгондо да жөн адамдар эмес - журналисттерди "жүгөндөп" (алардын атын айтпай эле коёюн, ансыз деле аттын кашкасындай таанымал жигиттер), конституциялык сотко арыз жаздырууга жетишкенин карабайсызбы! Экөөнү журналист - деп бөлө көрсөтүп жатканым - калемгерлердин жүрөгү сүттөй ак, тунук булактай таза болушу керек эле дегеним го! Анткени, "Барбарос" амалынын бет ачаары болуп ушул эки журналист тарыхта калып отурбайбы! Өздөрү "Бакиев кетсин" деп ач кыйкырык салып жатып кабыл алдырган эки конституциянын тып-тыйпыл кылынышына себеп болуп, "күн карама" конституциялык сотко арыз жазып, кайра өздөрү кара көшөгөнүн артына кирип кетип жатпайбы! Муну эмне дечү эле кыргыздар? Эки жүздүүлүк дечү беле?...
Мына ушул сыяктуу окуялар эл ичиндеги таза адамдардын жүрөгүн оорутпай койбойт экен.
Деги, бул эмнени билдирет?! Бул тарыхтын тээ түпкүр-түбүнөн бери кыргыз деген атын жоготпой, каада-салты, абийир-адеби, элин-жерин коргоодогу өзгөчөлөнгөн жоокерлиги менен дүңгүрөп келген улуттун, мындан дагы кыйын кезеңдерге моюн бербей жеңип келген элдин майтарыла, майдалана баштаганынан кабар берет. Үлдүрөгөн, ыймансыз турмуштан жүдөп, ага туруштук бере албай моюнсунуп, ата-бабаларыбыздан калган асыл, ыйык, кол тийгис касиеттерибизден кол жууп, жада калса нечендеген кылымдардан бери өзүнүн ыйыктыгы жана биийиктиги менен "Манас" өңдүү дастандарды жаратып, укумдан-тукумга мурас калтырып келген эне тилибизди дагы толук кандуу сактап калууга чарк-чамабыз жетпей, алсырап баратканыбызды түшүндүрөт!!!
Азыр, карап туруп, элим-жерим деп белсене турган адамдар арабызда калбай калгансып жуукурайсың. Бийлик, байлык үчүн абийрин, адебин талаага ыргытып, элин-жерин сатуудан дагы кайра тартпаган журт башындагылардын пайда болуп жатканын көрүп төбө чачың тик турат. Алар жасап жаткан жоруктардын ушунчалык ыпыластыгынан уламбы, аны элге жеткиликтүү баяндап берүүгө ылайыктуу сөз табалбай айлаң кетет.
Өзүңүз баамдасаңыз! Кечээ эле бийлик тагындагы адам үчүн төө көтөргүс жүк көтөрүп, "Ак жол" партиясынын пайдубалын түптөп, референдумду, конституцияны будамайлоого жөпжөнөкөй эле жол таап, ага шарт түзгөн Медет Садыркуловдун мисалы эмнени таңуулоодо? Кийинки кездерде күбө калтырбай көзүн тазалаш керек деген дагы кылмыш чөйрөсүнүн өзүнчө мыйзамы бар экенин кулагым чалып жүрөт. Ушул мыйзам бул жерде өз өкүмүн аркалап кеткен жокпу? Анткени, Медет Садыркулов президенттин "ашканасынын" башкалар билбеген мерчемдүү жерлерин беш колундай билгендиги жөнүндө эч кимдин күмөндүгү жок. Балким, маркумдун "капилет кырсыктан" каза болушуна ушул жагдайлар себеп болгондур? Же, бул жерге элдин убалына калуудан ашкан күнөө жок деген кеп ылайык келээр. (Барбарос планын Гитлер СССРди ойрон кылуу үчүн колдонсо, М. Садыркулов элдин мүдөө-талабын талкалоону ишке ашырып отурбайбы). Айтор, жаңы бийликтин жолу кандуу башталды. Башкасын айтпаганда дагы катарлаган депутаттар киши колдуу болуп өлтүрүлүп, бул кылмыштардын биринин дагы бети ачылбай, кылмыш чөйрөсүнө байланыштырылып изинин суутулушу үмүттү өчүрүп, көп нерседен көңүлдүн калышына алып келип отурат.
Мына ушундай дүрбөлөңү дүңгүрөгөн шартта жашап жаткан элибизде бийликке кайсыл ишенич, суроо-талап болот эле деген ой-пикир мээңди жанчып, башыңды маң кылат.
Эсимде, 1996 - жылы 15-мартта "Билим" деген ат менен "Улуттук билим берүү программасынын негизги Багыттары" жөнүндө мурунку президенттин Указы жарык көргөн. Программадагы студенттер менен окуучулар жогорку жана атайын орто билим алуу үчүн өкмөттөн узак мөөнөттүү карыз ала турган өбөлгөлөр иштелип чыга тургандыгы тууралуу маалымат берилген. Албетте, бул карапайым калктын, өзгөчө жаштардын көңүлүн ошол эле замат өзүнө буруп, келечекке ишеним тартуулаган. Анткени, ушундай жол менен гана биз билим менен илимге чындап башын байлап коё турган жаштарыбыздын жаркын келечегине жол ачып, колдоо көрсөтмөкпүз.Алар күнүмдүк жакырчылыктын тузагынан жеңил чыгып, карыз алган жетиштүү каражатынын эсебинен көз каранды болбой, жакшы билимге жана кесипке ээ болууга мүмкүнчүлүк түзүлмөк.
Оюбузду бекемдей кетели. Республикабызда менчиктештирүү башталган алгачкы учурда, баш калаабыздын калкына кеңири таанымал, кадимки эле "Айчүрөк" дүр-дүнүйө дүкөнүнүн үстүңкү кабатында, бул жумуш боюнча кеңеш берүүчү чет элдик адистер иштешти. Бир жолу, ошолордун бир канатын түзгөн "Прайс Уотерхаустун" жетекчиси Майкл Лондон менен маектешип калдым. Ал тоголок жетим экен. Америка Кошмо Штаттарында төрөлүп-өскөндүгүн, өкмөттөн узак мөөнөттүү карыз алып, окуусун бүткөндүгүн айтты. Анан, ишке орношоору менен ал карызын бир жылга жеткирбей төлөп бериптир. Болбосо карызды төлөө мөөнөтү ишке киргенден кийин алты жыл экен. Азыр өзүн гана бакканга эмес, жардыларга кайрымдуулук көрсөтүүгө жетишерлик акчасы бар экендигин айтып, менин көңүлүмдү өзүнө бурган. Байлык жөнүндө айтпай кайрымдуулукту алдыңкы орунга койгон, узун бойлуу, көзүндөгү анча-мынча чалырды жаркылдаган, шайыр, ак ниет мүнөзү менен жайкаган бул жаш адам мага жылуу маанай тартуулаган.
Ага котормо жагынан жардамчылык кылган Жалал-Абаддык жигит Сабыр Саипов: "Булардын бир артыкчылыгы байлыкка кызыкпайт. Ишинин майнабына, сапатына маани берет. Ушунчалык так, мүнөтүнөн бери эсептелүү. Биз жалкоо, кенебес келет эмеспизби. Адегенде көнө албай жүрдүм. Көнүп кеткенден кийин, чынын айтайын, ушуларга аралашып калган тагдырыма ыраазымын. Көптү үйрөндүм. Кадр деп мына ушуларды айт. Мектептен эле ошондой тарбияланышат экен. Буларда кымындай дагы "самопал" болбойт"-деп күлгөн.
Ооба, мектептен алган тарбия-таалим ар бир окуучунун келечегинин пайдубалы экендиги талашсыз, Ал мугалимдердин даярдыгына, окутуу ыкмасына, окуучуларына жасаган мамилесине, турмуштук жана педагогдук тажрыйбасына, эң башкысы ошонун бардыгын кошул-ташыл сабагына колдонуп, балдардын кызыкчылыгын арттыра алгандыгы менен түптөлөт эмеспи. Бул жаңылык деле эмес. Белгилүү орус педагогдору В. А. Сухомлинский, К. Д. Ушинский жана башкалар жакшы мугалимдин сабагына балдар кызыгып катышаарын, ынтымактуу үй бүлөдөй мугалим менен окуучунун ортосунда урматташуу мамилеси болоорун небак эле далилдеп коюшканы белгилүү го.
Бирок, эмнегедир эркиндикти алып, өз алдыбызча өлкө болуп түтүн булата баштаганыбыздан бери мектептердин, анда иштеген мугалимдердин кадыр-баркы төмөндөп кеткенсийт. Балдарга ашкере ыдык көрсөтүү байкалгансыйт. Мындай көрүнүш, акыры барып, балдардын окуусун таштап коюусуна негизги себептердин бири болуп калууда. Бул кыргыз элинин келечегин каптап келе жаткан жөө туман, кайгылуу трагедия эмей эмне?!
"Билим" программасы ушундай кайгылуу жагдайдын алдын алууну көздөгөн. Бирок, президенттин Указын илгиртпей илип кете тургандар чыкпады. Кубана түшкөн эл, өзгөчө жаштар бийликтин атка минээрликтен, капчыгын толтурууга жанталаша жан үрөөдөн башкага дарамети жок экендигин көрүп, үмүтү үзүлүп, супсуну сууп кайра эле томсоргон турмуштун босогосун айланчыктоого аргасыз болушту.
Андан дагы өкүнүчтүүсү, жаңы бийликтин тушунда көч башында олтургандар элди экиге бөлүп түндүк, түштүк маселесин бычактын мизине такап койду. "Башынан сасыган балыктын" колоңсодой коңурсуган балит жыты куйругунун учуна чейин жетти. Иштин көзүн билбеген, оң сөзүңдү тетири түшүнгөн, бирдеме дейин десең "мен түштүктөн экенимди билбейсиңби" деп атырылган жетекчилер көчбашылыктан төмөнкү орундарды акырындык менен текшилей ээлеп, "көң баш, дөң баш" билермандыгын жүргүзө баштады. Бул ынтымакты бөрк тутуп келген кыргыз калкына дагы бир коркунучтун - жарандык бөлүнүп-жарылуунун ыпылас жыт-жыбырын кабарлап тургансыйт. Антейин десең, кеп элде эмес анын башчылыгына капилет келген журт "сасыткыларынын" коомду коркунучка кептеген саясатында экенин көзүң менен көрүп, туюмуң менен туюп жакаңды карманасың. Болбосо ошол эле Исхак Разаков, Төрөбай Кулатов өңдүү, бир кезде мамлекет башчылыгында отурган түштүктүктөр кайра элди бириктирип, чакан кыргыз калкынын тагдыры үчүн жанын курмандыкка чалууга даяр болушкан эмес беле.
(Уландысы 11-бетте)