Таластан чыккан тайкүлүк
... Ак асаба, кызыл туу,
Айгайлаган ызы-чуу!
Көк асаба, кызыл туу,
Көктү жарган ызы-чуу! Ээ-эй!..

Эл толкуп турду. Бир саамга кулагы бүтөлүп, көз алдына Манас айтып күрпүлдөп, көздөрүн чылк жуумп алып, колдорун асманга булгалап отурган Саякбай ата тартылды. Акырек ылдый жаш кулап солкулдап алыптыр манасчы ата! О-уу, кайран жеңең Каныкей Тайторуну ат чабышка кошуп жиберип эт-жүрөгү эзилип, кош эмчеги зыркырап турган чагы экен... Төлгө ташы төп түшүп, күлүгү чыгып келсе экен! Кабыландын тукуму бөтөн жерди жердебей Таласын барып көрсө экен, оо-уу!

Сатымкулдун муун-жүүнү бир бошоп барып чыйралды. Киндик каны тамган кичи мекени Талас, Көк-Дөбө көзүнөн учту. Бир туугандары, классташтары, айылдаштары, атасы, апасы... көзүнө тартылып өттү. Ооба, элеси деле эсинде калбай калган апасынын алды жакта "айланайын кулунум" деп солкулдап ыйлап турганын карасаң! Апасынын атын гана билет - Жамийла экенин. Эки жашар бөбөк эмчек тырмалап апасынан айрылып калганда бүтүн айыл ыйлаган. Байкуш Жамийла, ушул баласынын урматын көрбөй кетти дешип кейишкен. Апасынын боз топуракка айланганынан бери эчен заман өтпөдүбү. Антсе да, бөртмө ак жоолугун артына салына кулун-тайдын байгесин кудайдан тилеп ыйлап турат тигинде... тигинде...
Акыры болгон күчү менен алга жулунду. Улам бири артта калып жатты күлүктөрдүн. Артта калгандарын санаган жок. Алдыда кетип бараткандарды санады. Жети, алты, беш, төрт, үч...
- Сат! Ты куда! - деген үн угулду зекиген капысынан. Кылчайды. Аа, анчалык катуу кетпеш керек экен. Ошону түшүндү. Мунун тренердин да, жюринин дагы буйругу эмес, замандын буйругу экенин түшүндү. Ошондой заман турган а кезде, тоталитардык-буйрукчул заман турган желкеден мыкчып. А эмне үчүн Чолпонбай Түлөбердиев биринчи болуп амбразурага төшүн тоссо да Александр Матросов биринчи болуп калат? - деген суроого жооп издебеген заман эле...
Сатымкулдун ысык сезими бир нече секундга сууй түштү. Басыгы бир саамга бошоңдоп кетти. Демек, ал кимдир бирөөлөрдөн кийин барышы керек го марага. А эмне үчүн? Ушул суроо мээсин чагылгандын отундай тилип өттү. Оо-уу, ал оюн жыйгыча, эчендеген заман өттү дүпүрөп. Кайран жеңең Каныкей көзүнүн жашын он талаа кылып күтүп турат, Тайторуну тигинде. Болбостур, күлүккө камчы чаппасаң. Чурка Тору, чурка!
Сатымкул кайра чымырканып, көзүнөн учкан марага жакындай берди. Адам эй! Баягы "күлүктөн күлүк чыкса, төрт аягы тыбырайт" - деген чын белем, эки аягы тыбырап кетти. Сыртынан караганда ошондой көрүндү, ал эми адамдын жан дүйнөсүн аңтарганда, асманды жарган үшкүрүк менен ааламды аңтарган каар, маңдай жарган сүйүнүч менен капшыты толгон кайгы - өкүнүч көк түтүнгө көөдөндү толтуруп жиберген...
Ошентип, ал 42 километр 195 метр аралыкты 2 саат 11 мүнөт 16 секундада чуркап өтүп, олимпиадалык жарышта үчүнчү орунду ээледи. Бул советтик марофончулардын олимпиадалык оюндарга катышуу тарыхында биринчи жеңиши болчу. Коло медаль колго тийип Кыргызстанга, Таласына жеңиштүү кайтты. Бул - 1980-жыл болучу. Москва шаарында XXII Олимпиадалык оюндар өткөрүлүп, жалпы он беш республиканын спортчулары улуу держава СССРдин намысын коргоп жаткан кез эле. Олимпиадалык стадион күрү-күү түшүп ак асаба кызыл туу болуп көрүнүп жаткан учур эле.
... Олимпиадалык байгенин ээси жөө күлүк Сатымкул Жуманазаров Талас областынын Киров районунун Көк-Дөбө айылында 1951-жылы жарык дүйнөгө келген. Бала күнүнөн баштап эле анын желдей жеңил жүрүш-турушу, шамдагайлыгы, ыкчамдыгы спорт адамы болорунан кабар берип турса да, элет элинин камырабастыгы менен алгач анчалык байкалбай деле келгенин жараткан алдында жашыра албайбыз го. А бирок, атылып ага турган булактын көзү өзү ачылары анык. Мектеп партасынан эле анын спортко ыкластанып турганы байкалчу. Өзгөчө, таманынан чаң чыгара эгин талааларын айлана жүгүрүп жүргөнү айыл адамдарынын күлкүсүн келтирчү. Көк-Дөбө менен Манас, Май, Богословка айылдарынын ортолорунда гектарлап, чакырымдап жаткан талааларды айланып чуркап жүргөнүн биз деле көрүп калдык.
- Анда Киров району болуп турган, - дейт Сатымкулдун биринчи машыктыруучусу Атаулда Боромбаев агай. - Кызыл-Жылдыз айылындагы СМУнун маданият үйүндө эркин күрөш боюнча райондун биринчилигин өткөрүп калдык. Ошол жерден көргөм биринчи Сатымкулду. Жаш бала экен, күрөшүп калды, он чакты баланын ичинен үчүнчү орунга чыкты. Биринчи орунду Сейталиев деген Манас жакта аты чыккан балбан бар эле, ошол алды. Ошондон кийин эле Сатымкул мага жакындай берди...
Тээ өткөн кылымдын 60-70-жылдарына үңүлүп, көз алдынан сыдыргыга тизгендей жылдарды, айларды өткөзүп узун сабак кеп куруп отурган Атаулда агай жөнүндө да кезеги келгенде жазылар. Бул агай адабият алпы, кыргыз элин ааламга тааныткан Чыңгыз Айтматов абабыздын баш каарманы Толгонай эненин небереси экенин айтып коюу эле жетиштүү болор. Чыңгыз аба менен бир короодо ойноп, жийде жыттанган Жийде айылында балалыгы өткөн. Чыңгыз абанын дүйнө саларына жыйырма чакты күн мурда эле чогуу чай үстүндө отуруп түшкөн сүрөтүн агай портрет кылып чоңойтуп, маңдайына тагып отурат. Ошол Атаулда Боромбаев агай - Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген машыктыруучусу, грек-рим күрөшү боюнча республиканын бир нече жолку чемпиону, СССР спортунун чебери, СССРдин ардактуу донору, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасынын, бир нече медаль-төш белгилеринин ээси Сатымкулдун жан дүйнөсүндө, табиятында жапан күч бар экенин баамдаганын айтат.
- Менден балбан чыгабы, менден спортчу чыгабы, агай? - деп сурап келет бала. Андагы дилгирликти, дилгирликтен мурун да өзгөчөлүктү байкаган Атаулда агайы:
- Чыгат. Эгер, аракетиңди жасап, менин айткандарымды аткарып машыксаң, чыгат! - дейт.
Ушул мелдештен үч-төрт күн өтпөй эле агайынын Киров райборборундагы үйүнө барып калат.
- Агай келдим. Спортко машыгайын, кайсы жерге, каякка барарымды билбейм, сизге келдим.
- Анда момундай кылабыз, - дейт агайы. - Бүгүн түштөн кийин саат төрттө жеңил атлетика боюнча "Комсомольская правда" гезитинин байгесине жүгүрүүгө даярдык өткөрүп жатабыз, ошого келип катышкын!
... Анда эски Киров гүлдөп турган чагы эле го! Бак-шакка курчалган стадион, парк, кинотеатр... Элес-булас кичинебизде биз да көрүп калдык. Кийин ал жер-сууга басылып, көл түбүндө эл жашаган жер калып... Абдан кооз, салкын жер эле. Ошол жерге балдарды машыктырып, чуркатып жүрдү агайы. Киров районунун эски стадионунда бир күндө эки жолу чуркап машыгат. Убакыт, саатын машыктыруучу агайы белгилеп берет.
Ошол кезде Киров районунун спорт комитетинин жана ДСО комитетинин төрагасы Атаулда Боромбаев: - Алгачкы эле күндөрдөн бул баланын мээнеткеч, эмгекчил экендиги байкалып жатты. Аны менен бирге Анатай Ибраимов деген Кайыңдынын Арал айылынан спортчу балам бар эле. Ал кезде Анатай болуп-толуп турган убагы, өзүнүн да бою узун, келбеттүү жигит болучу. Республикалык мелдештерге катышып, Москвага кросс боюнча профсоюздук, комсомолдук, бүткүл союздук уюмдарынын мелдешине катышып да келген. Анатай чуркай турган республикалык мелдеш Фрунзенин "Карагачевая рощасында" өтмөк, ал мелдешке "запасной" кылып Сатымкулду ээрчитип алдык...
Атаулда агай эскерип отурган Анатай агабыз дагы спортто ири ийгиликтерге жетишкен азаматтардын бири эмес беле! Ошол, 1966-жылы эле "Правда" газетасынын байгесине ээ болуп, СССР спортунун чебери деген ардактуу наамга жеткен. 1973-жылы Индияда өткөн эл аралык мелдеште алтын медалды жеңип алган. 1979-жылы СССР элдеринин Спартакиадасында коло медалга татыган. 5 километрге жүгүрүү боюнча Кыргыз ССРинин чемпиондугун 15 ирет эч кимге бербей жеңип келген. Аты таш жарган жөө күлүгүбүздү мындан 20 жыл мурун шум ажалга жулдуруп жибербедикпи! Эмине, "жакшы адамдардын өмүрү кыска болот" деген сөздүн чындыгы ушубу дейсиң, айласыздан. Эмесе, кырктын кырынан жаңы эле оогон адамды кантип ажалга кыясың? Мээнетинин үзүрүн көрүп, дагы-дагы далай кыргыз кыраандарын таптап байгеге кошпойт беле, катыгүн! - деп кейийсиң.
Мына ошол Анатай агасын ээрчип "запасной" болуп жүгүрүп жүргөн Сатымкул кыргыздын кырааны болгонун ким танат?
Устат агайы убакыттын бүктөмдөрүндө калган окуялардын улам бирин жерге чачылып кеткен акак мончоктой терип айтып отурду. Ооба, ал өткөн жылдар чын эле асыл ташка окшоп эскирбей келет, айтылып келет, айтыла берет окшобойбу. Убагында анчалык деле маани-маңызга ээ болбогондой көрүнгөнү менен мээнеткеч жандын ар бир өткөн күнү, сааты, мүнөтү, керек болсо секундалык көз ирмемин эми биз кантип айтып түгөтөөрүбүздү билбей отурбайбызбы...

Нурбүбү Бөдөшова