Эл тараза, эл сынчы

Президенттик шайлоодо кимге добуш бересиз?
Шайлоо жакындаган сайын ким президент болот? деген суроо туулат. Албетте, эгер таза шайлоо болуп, татыктуу президент такка келсе, мамлекетибиздин келечеги үчүн жакшы нерсе. Эгер баягы көнгөн адатыбызча карапайым калктын көзүн бурмалап, шантаж кылып ийишсе, ар кандай күтүлбөстүктөр болуп кетиши толук мүмкүн. Себеби, азыркы учурда шайлоо дегенде элдин каны кайнап, чындык жок экенин айтышууда. Алдыдагы шайлоого аттанган талапкерлер көп. БЭКтен Алмазбек Атамбаев менен Исмаил Исаков көргөзүлдү. Президентибиз Курманбек Бакиев экинчи шайлоо мөөнөтүнө бараарын билдирди. Андан сырткары белгилүү саясатчы Темир Сариев дагы өз талапкерлигин көрсөттү. Мына ушул талапкерлердин ичинен кимге добуш бересиз? деген суроо менен адамдарга кайрылып, ой пикирин угуудабыз.

Үсөн Касыбеков,
эркин журналист:
- Атамбаевди колдойм. Президент болуп шайланып, иштесин. Азыр ал иштеп, күчкө толуп турган убагы. БЭКтен Атамбаев менен Исаков президенттикке талапкер болуп көргөзүлдү. Бакиевдин эмне кылганын төрт жылда көрбөдүкпү. Экономикабыз төмөндөп, кризистин сазына баттык. Эми уяты болсо экинчи мөөнөткө барбай деле койсо болмок. Азыр элдин жашоосу абдан кыйын болду. Бакиев экинчи мөөнөткө калса, билбейм кандай болот?

Бакай Акулов,
39 жашта:
- Баары бир Бакиев өтөт. Атамбаевди колдосоң дагы колдобосоң дагы бардыгы чечилип калган. Дагы бир нерсе, бизде президенттикке татыктуу адам жок. Азырынча бизден андай инсандар чыга элек. Бизге азыркы бийликтен дагы, оппозициядан дагы таптакыр башка акылдуу адам керек. Негедир өлкөбүздө булганыч саясатчылар көбөйдү. Кыргызстандын жараны болгондон кийин, шайлоого чейин ойлонуп көрүп, балким татыктуу дагы бир талапкер болуп калса өз добушумду берем.

Марс Кабалов,
39 жашта:
- Кыргызстандын келечегин ойлоп, мен өз добушумду бириккен оппозиция сунуш кылган талапкер Алмаз Атамбаевге берем. Себеби, оппозициянын талаптарын колдойм. БЭК кайсыл талапкерди көрсөтсө, демек ошол талапкер президенттикке татыктуу деп ойлойм. Эгер Темир Сариев президенттикке талапкерлигин БЭКтен көргөзсө мен добушумду Сариевге берет элем. Андан сырткары биздин Кыргызстанда шайлоо таза өтпөгөндүктөн, элдин баарысы толук шайлоого катыша алат деп айта албайм. Себеби, бийлик элдин ишеничинен кеткен. Шайлоого барбаган адамдардын добушун өз кызыкчылыктарына жумшаары адаттагыдай көнүмүш нерсе. Эч ким эч нерсе кыла албайт. Мына ошого жол бербешибиз үчүн аракет жасашыбыз керек деп ойлойм.

Жаңыл Алиева,
31 жашта:
- Негизи мен Текебаевди колдомокмун. Бирок, тилекке каршы ал адам президенттикке өз кандидатурасын койбой калды. Ал адамды бүткүл кыргыз эли шайламак. Бирок, Текебаев Атамбаевди колдоп жатат. Мен буга кошула албайм. Биздин мамлекетибиздин келечеги үчүн ойлонсок, Темир Сариев президенттикке татыктуу. Кыргызстанды азыркы оор кырдаалдан бир гана Сариев чыгарып кете алат деп толук ишенем.

Азамат Муктаров,
27 жашта:
- Менин оюмча шайлоонун деле кереги жок го дейм. Убара болуп, канчалаган акчаларды коротуп эмне кереги бар? Кыргыз эли момун эл. Болбосо, биздин өлкөгө келип, тайраңдап жашоо кечирип, кыргыздарды малай кылып иштеткен башка улуттардын, азыркы күндө өз каалаганын жасаган бийликтин көзүн ачып, татыктуу жашоо үчүн күрөшөт элек. Ошондо көрөт элем өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илген бийликти.
Чынында жашоо кыйындап кетти. Башка өлкөлөр дүйнөлүк кризистен чыгуу жолдорун издеп, аларда иштеп жүргөн башка улуттардын жарандарын кетирип жатышат. Канчалаган кыргыздар мекенине кайтып келүүдө. Эми алар кайсы жумушка иштешет? Менин оюмча бизге билимдүү, акылдуу жана байлыкка азгырылбаган чечкиндүү преөткөрдү аты кылышат. Менин добушумду өзүлөрү каалаган талапкерге салып коюшсун.

Бурул Жакыпова,
44 жашта:
- Мурдатан эле бурмаланып өтчү шайлообуз азыр таптакыр ишеничтен кетти. Эгер демократиялуу таза шайлоо өтсө, Сариевге добуш берет элем. Атамбаевди, Бакиевди көрдүк. Эми Сариев элдин үмүтүн актайт деп ойлойм. Менин оюмча БЭК бул жолу эл менен эсептешкен жок. Аларды эл колдоп жаткандан кийин, элдин каалоосу менен президенттикке талапкерди тандашса туура болмок.

Адилет Даулетов,
20 жашта:
- Менин оюмча президенттикке өз талапкерлигин койгондордун бирөөсү дагы президенттикке татыктуу эмес. Бийликке келгенден кийин баягы эле талап-тоноо башталып, өз кызыкчылыктары үчүн гана иштешет. Ортодо эл кыйналат. Ким президент болсо дагы азыр элге баары бир болуп калды. Оппозиция менен бийликке гана кызыктуу болууда.

Талант Мушеков,
23 жашта:
- Мен Атамбаевге өз добушумду берем. Себеби, ал көрүнүктүү саясатчы жана иштин көзүн билген инсан. Башка талапкерлерди айта албайм. Бакиевди болсо көрдүк. Атамбаев мурда премьер-министр болуп иштеген. Эгер өз кызыкчылыгын ойлосо азыркыга чейин иштемек. Бийликтин кандайдыр бир туура эмес жүргүзгөн саясатына макул болбогондуктан премьер-министрлик кызматынан кеткен деп ойлойм.

Эсен Бекназаров,
19 жашта:
- Атамбаевди шайлайм. Биринчиден, ал адамга өзүнүн байлыгы жетиштүү. Мамлекеттик казынага кол салбайт деп ойлойм.
Экинчиден, Атамбаев акыл күчкө толуп, иштей турган кези. Үй бүлөбүз менен ушул талапкерди колдойбуз. Келечекте Кыргызстан өнүгүп, өсүшү керек. Эгер Атамбаев президент болуп калса айланасындагы кадрларды туура тандаса деп ойлойм. Кыргызстан жаңылануусу керек. Жаңы президент келгенден кийин өлкөбүздө кичине дагы болсо өзгөрүү болот. Азыр бизде таптакыр өзгөрүү болбой жатат.

Биз эл арасындагы сын-пикирге кулак салсак, көпчүлүк адамдар бийлик өз билгенин жасап, шайлоону каалагандай калчайт дешүүдө. Кандай болгон күндө дагы адамдын багынан болот эмеспи. Үмүт үзбөстөн татыктуу талапкерге өз добушубузду берели. Ошондой эле татыктуу талапкер жөнүндө окурмандардын пикирин улантып, ар саныбызда берип турабыз.

Назгүл Мамытова