Шайлоо - 2009

БШК кыркымга аттанды...
Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо башталбай жатып бөйрөктөн шыйрак чыгарууга өттү. Башкасын айтпасак да, биздин гезитке эскертүү бергени зээнди кейитет. БШКнын айтымында, биздин гезит эрте эле үгүт иштерине үңүлүп кеткен имиш. Бириккен Элдик Кыймылдын президенттикке бирдиктүү талапкер катары Алмазбек Атамбаевди көрсөткөн курултайын баяндап койгонубуз үчүн балакетке кабылып жатабыз. Ал курултайда Алмазбек Шаршеновичтин президенттикке бара турганы калайык калкка кабарланып, аттуу-баштуу аксакалдарыбыздын батасы берилген.

Ошол жерге барып сүйлөгөн адамдардын оозунан чыккан сөздөрдү орчундуу окуя катары бергенбиз. Болгону ошол. Ал кезде ажолукка аттанган Атамбаевдин БШКга арызы катталмак турсун, тактала элек болчу. Эмнеге эскертүү берип жатышкандарына түшүнбөй, эсибиз катып отурат. "Айтылган сөз, атылган ок" демекчи, ал жерде айтылган ар бир сөз абага эмес, атайын барган адамдардын жүрөгүнө сиңип кеткен. Арашан айылындагы курултайда айтылган ачуу сөздөрдү бүгүнкү бийлик биринчи ирет угуп жатты беле? Бул биринчиден.
Экинчиден, биз ошол жерде айтылган сөздөрдү алымча-кошумчасы жок эле өзгөртүүсүз бергенбиз. Күйүт сөздөрдүн арасына үгүт сөздөр аралашып кеткен болсо сотко беришсин, далилдеп бергенге дарманыбыз жетет. Үндөө сөздөрдөн турган үгүт материалдары кандай болоорун биз деле билсек керек. Айтайын дегеним, "эрке" БШК жөнү жок эле эскерте бербесе.
"Учурунда айтылбаган сөз жетим" демекчи, ушунча болгондон кийин мен дагы айтчу сөзүмдү айтып калайын. Өткөн аптада "Азаттык" үналгысына мурдагы "адилет" министрибиз Марат Кайыпов маек куруптур. Өткөн парламенттик шайлоолор тууралуу "Азаттыктын" кабарчысынын суроосуна берген жообунда Марат Таштанович, "Мен, мисалы, ошол учурда министр болуп иштечүмүн. Отпуска алып, Өзгөн, Сузак, Кара-Суу райондоруна, Жалал-Абат шаарына барып үгүт иштерин жүргүзүп келгем"-дептир. Көрдүңүздөрбү? Агездеги Адилет министри айтып жатат. "Ак жол" партиясына элдерди үндөп, үгүт иштерин жүргүзгөнүн мойнуна алып жатат. Жалпак тил менен айтканда, ошол шайлоодо административдик ресурстар колдонулганын "кобурап" койду. Ал эми, БШК жетекчиликке алган Шайлоо Кодекси мамлекеттик жанан муниципалдык кызматчыларга үгүт иштерин жүргүзгөнгө тыюу салат. Ал кезде Марат мырза жөнөкөй мамлекеттик кызматчы эмес, жогорку деңгээлдеги мамлекеттик кызматчы болчу. 1-майда өткөрүлгөн "Ак жол" партиясынын курултайына чогулгандардын дээрлик 100 пайызы мамлекеттик кызматчылар болду. Курултайга катышкандардын баарысы "Бакиевди колдогула" кыязында кыйкырып чыгышты. Кой-ай деген эч ким болгон эмес. Атамбаевдин талапкерлиги көрсөтүлгөн Арашандагы оппозициянын курултайын "Улуттук Каналдын" журналисттери бир мүнөттөй гана көрсөтсө, "Ак жолдун" курултайын апталап көргөзүштү. Адилеттик үчүн, БШК аларга деле эскертүү берип койсо болмок. Болуптур, "Ак жолдун" курултайын айтып, башыңарды оорута бербейин. Өткөн апта этегинде ажобуз Сокулук айылына барып, Социалисттик эмгектин Баатыры Керимбүбү Шопокова энебизге саат жана самовар белекке тартуулап келди. Аны дагы УТРК аябай көргөздү. Шайлоо Кодексинин 36-беренесинде, "Талапкерлерге….шайлоочуларды сатып алууга, белектерди жана башка материалдык байлыктарды тапшырууга… тыюу салынат" деген жери бар. "Берешен" ажобуздун ал белеги "подкуп" болуп калган жокпу? 9-майда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине берген акчалай жардамдары жарлык аркылуу кеткендиктен, аларды "подкупка" кошпой туралы. Ажобуздун пенсия көлөмүн көтөрүп жатканы, пенсионерлердин добушуна куда түшүп жатканы эмеспи?
БШК бизди оппозициялык талапкерлерге жан тарткандыгыбыз үчүн жарга такап жатканы жашыруун эмес дечи. Антейин десең, ажого жан тарткандар деле арбын экен. Үсөн Сыдыков, "Курманбек Салиевичти экинчи мөөнөткө сүрөп турабыз. Анткени, төрт жыл ичинде бир топ такшалды, каныкты, көп нерсеге үйрөндү. Мындан ары бирөөнүн кеп-кеңешисиз тыянак чыгарганга кудурети жетет. Демек, кийинки беш жылда, менин оюмча, өлкө жаман болбойт"-деп, "Азаттыкка" маек бериптир. 2005-жылы биз ажобузду үйрөнсүн, такшалсын деп шайладык беле? Аягында "аксакалыбыз" ачык эле айтып жатпайбы, "кийинки беш жылда жаман болбойбуз" деп. Шайлоо боло электе эле ушинтип жатат. БШК муну дагы "байкабайт". Депутат Исхак Масалиев, "…Бирок бүгүн реалдуу айтыш керек, иштеп аткан президентке каршы күрөшө турган күчтөр чыкпайт"-деп, ажосуна аябай эле жан тартыптыр. БШК муну дагы "уккан" эмес.
Кыргызда жакшы сөз бар эмеспи, "өз башындагы төөнү көрбөгөн, бирөөнүн башындагы чөптү көрөт" деген. Андыктан, бири-бирибизди аңдыгыча, биргелешип иштегенибиз ийги эмеспи. "Ала койду бөлө кырккан" адам жүнгө жарыбай койчу эле. "Өз", "өзгө" деп отуруп БШК бир балээнин үстүнөн чыкпаса болду.
Рыскелди МОМБЕКОВ




Кабилова калп айтты беле?
БШКнын мурдагы төрайымы Клара Саматовнанын Кыргызстанга кайта келгенин өткөн саныбызда жазган элек. Арадан эки күн өтпөй жатып апчекебиз "24 kg" маалымат агенттигине маек куруптур. Клара айымдын ал маегин окуган адам оңкосунан сайылчудай. "Ажобуздун уулу Максим мени коркутту" дегенин азыртан эле тана баштаптыр. Анан калса, алдыдагы президенттик шайлоо да бурмаланат деп жаткан оппозициянын божомолу тууа эместигин билдирип, шайлоонун таза өтүшүнө ишенбеген саясатчы ага катышпасы керек деп белгилептир. Экс-төрайым мурдагы кайрылуусунун артында эч ким турбагандыгын жана аны өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн жасаганын айткандай болуптур. Былтыркы жылдын октябрында ойт берип кеткен Клара эжебиздин айтымында, ал акыркы кезде Москвада жашынбай эле жашап жүрүптүр. Эгер мени кимдир бирөөлөр издеген болсо , жөн эле табышмак дейт. Эсиңиздерге сала кетсек, Качып кеткен Кабилованын кайрылуусу боюнча кылмыш иши козголуп, жабырлануучу жок болгондон кийин иш жабылып калган. Бирок, БШКнын азыркы төрагасы Дамир Лисовский Кабилованын ашыкча акча каражаттарын чыгымдап койгонун айткан жери бар. Коопсуздук Кеңешинин мурдагы катчысы Исмаил Исаков биздин гезитке берген маегинде, Кабилованын кайрылуусун ага азыркы Коопсуздук Кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров алып келгенин айткан жери бар. Эмне үчүн Адахан Кимсанбаевич азыркы тапта унчукпай отурат. Балким Клара Саматовнанын кайрылып келишине дал ушул киши себепкер болуп жүрбөсүн?. Адахан Кимсанбаевич менен маркум Медет Садыркуловдун ортосунда тирешүүлөр бар экенин башы бар адамдын барысы байкашчу. Мүмкүн Адахан мырза маркум Садыркуловду ажодон алыстатыш үчүн ушул ишти жасап жүрбөсүн? Эмне үчүн Клара айым Садыркулов өлгөндөн кийин Кыргызстанга кайрылып келди? Акыйкатчыбыз Турсунбек Акун дагы Клара айым менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн айткан жайы бар. Ал киши эмне унчукпай отурат? Кыргыз оппозиция лидерлери Москвага болгон сапарында Кабилова менен жолукканын айтышкан эле. Эмне үчүн алар ооз ачпай отурат? Айтор, Кабилованын кайрылып келишинде бир чоң мандем бар экени жалпыга жашыруун эмес. "Эркелеген" эжекебиздин эмнеге чуу чыгарганын элибиз билиши керек.