Шайлоо - 2009

Президенттикке талапкерлердин кимисин колдойсуз?
Президенттик так талашка 17 талапкер аттанып, аламан байгеде кимиси биринчи келээри азырынча арсар. Анын үстүнө "административдик ресурс"- деген кулакка тааныш мамлекеттик машиненин күрүлдөгөн үнү шайлоо жакындаган сайын күчтөнө баштады. Айрым саресепчилердин айтканына караганда бул жолку таймаш оңой болбой калды окшойт. Неси болсо да Кудайдын буйруган күнүн көрөөрбүз. Бирок, бир чындыкты эсибизден чыгарбашыбыз керек. Кимдин - ким болоорун эл чечет эмеспи.
Эмесе элдин оюн ортого салып көрөлү.

Турар Эсеналиев, айдоочу:
- Бириккен Элдик Кыймыл Алмаз Атамбаевдин талапкерлигин колдоп чыгышпадыбы. Ким билет? Балким, ошол БЭКтин мүчөлөрү айткандай, бул жигиттин келечеги алдыда чыгаар. Өлкөнүн кадыр-барктуу оппозиционерлери ишеним көрсөтүп жаткандан кийин мен деле Атамбаевге жан тартып турам. Мамлекет башына жаңы бийлик келсе, "Жаңы шыпыргы жаңыча шыпырат"- дегендей оңолуп кетээрбиз. Азыр отурсам-турсам Кудайдан шайлоонун тынч өтүшүн тилеп калдым. Уруш-талашы жок акыйкат шайлоо болсо, кыргыздын келечеги да тумандабай бир багытка түшөөр эле. Иши кылып көзүбүз жамандыкты көрбөсүн, акылдуу, жүрөгүндө ыйманы бар, Мекенине болгон сүйүүсү күчтүү азамат жигиттерибиздин бири келсе экен.

- Айдар Абдралиев, куруучу:
- Мен Кыргызстандын келээрки президенттигине Алмаз Атамбаевди татыктуу-деп эсептейм. Анткени, башынан жаман да, жакшы да, көп нерселер өттү. Кыска убакыт болсо да, премьер-министрлик кызматты аркалап, аз жерден ууланып өлүп кала сактады. Учурдагы бийликтин ириген саясатын ичинен көрүп калбадыбы. Ошондуктан, кыргыз элинин азыркы абалын түшүнсө, ошол киши түшүнөт.

Калиман Абдылдаева, сатуучу:
- Талапкерлердин ичинен президенттик кызматка татыктуу- деп, ар ким ар кандай айтат. Бирок, мен Темир Сариевди эле колдойм. Анткени ал жигит намыска бек. Оппозициячыл адамдардын арасынан азыркы күнгө чейин сөзүнөн жаңылбай, артынан жаман сөз ээрчитпей таза келе жатат. Байлыкка, бийликке азгырылбай өзүнүн намысын коргой алган адам, элинин да, намысын коргоп берет-деп ишенсе болот. Болбосо, кыргыздар намыс-тарды унутуп, куураган куу оокаттын айынан кошуна мамлекеттерде кор болуп жүрүшөт. Чет өлкөгө кеткен улан-кыздар бирөөнүн үйүн жыйнап, короосун шыпырып жаңы замандын малайларына айланды. Качанкыга чейин биз ушинтип жашай беребиз? Келээрки президент элдин камын ойлогон, чачылганды жыйнаган акылдуу адам болсо экен.

Майрамбек Садыбакас уулу, студент:
- Алдыдагы ажолук ат салышка "Алыңа карап иш кыл, жылкыңа карап ышкыр"- дебей эле, ары жоктор да аттанып алганына бир чети таң калып, бир чети күлкүм келет. Мисалы, мен Мотуевге добуш бере албайм. Ошолордун ичинен элге төбөсү көрүнүп калган талапкер-деп, Атамбаевди айта алам. Бирок, бизде бир коркунуч бар. Шайланып алгандан кийин эле президенттерибиз элин унутуп, эсирип кетмей оорулары кармайт. Бул жугуштуу оору Алмаз Атамбаевге да жугар-жукпасы азырынча белгисиз. Ошентсе да "Оозун сүткө күйгүзгөн, айранды үйлөп ичет"- дегендей добушубузду туура тандап берсек өзүбүзгө эле жакшы.

- Осмон Исманкулов, пенсионер:
- Азыркы ажолук ат салышка чыгып жаткандардын ичинен өтө тыңдарын көргөн жокмун. Мүмкүн үгүт иштери башталса, мен жакшы тааныбаган жигиттердин ичинен камчыга сап болчулары чыгаар. Эмнеси болсо да, түндүк-түштүккө бөлүнбөй, эли үчүн чын пейили менен иштеп бере турган кыргыздын чыныгы азаматын журт башына көтөрүп алсак жаман болбойбуз.

- Айгүл Жусубалиева, жеке ишкер:
- Алмаз Атамбаевди Акаевдин заманынан бери эле колдоп келе жатам. Мага анын ишкердик сапаты жагат. Өнөр-жайыбыз өнүкмөйүнчө кайдагы жыргал жашоо, кайдагы байлык? Жада калса ичкен тамагыбыз да, чет өлкөдөн келет. Биздин тапкан-ташыганыбыздын баары башка өлкөнүн жарандарынын чөнтөгүнө кетип жатпайбы, өзүбүз өндүргөн товарды кайра иштеткенге завод-фабрикаларды ишке киргизсе, эл муктаждыгына жараша товар да, жумуш да, болуп калмак. Атамбаев Кыргызстандын өнөр-жайын өркүндөтүп өстүрүп кете алат деп ишенем. Азыркы президентибизден көптү үмүттөндүк эле, тилекке каршы үмүтүбүз акталган жок.

Анара Акилова, студент:
- Мен шайлоонун таза өтөөрүнө ишенбейм. Биз кимге добуш бербейли, баары бир К;урманбек Бакиев өтүп кетиши мүмкүн.

Мээрим Абирова, сатуучу:
- Бул жолку шайлоодо мамлекет башчысын адашпай, алданбай туура тандап албасак дагы беш жыл "аттиң"- деп бармак тиштеп олтуруп калабыз. Ошондуктан мен көпчүлүк талапкерлердин ичинен Атамбаевге өз добушумду берсемби- деп чечтим. Анткени, Кыргыз мамлекетинин анын ичинде жашап жаткан жарандардын келечеги президенттен көз каранды экен. Алмаз мырза, мекенибиздин көп жылдардан бери чечилбей келе жаткан чек ара маселелерин оң жагына чечип, кошуна мамлекеттер менен тең ата өнүгүп кетебиз-деп ишенем.

Мирлан Кеңешбеков, таксист:
- Президенттик шайлоого аз эле убакыт калды. Менин билишиме караганда 17 талапкер чыгыптыр. Алардын ичинен Темир Сариевди колдодум. Себеби, 2007-жылдагы апрель митингинде уюштуруп жүргөн оппозиционерлердин көпчүлүгү качып кетип, эл менен жалгыз Темир Сариев эле жүрдү. Ошондо мен ал кишиге абдан ыраазы болуп калгам. Мындай эр жүрөк азаматтарды колдоп койсок жаман болбойбуз.

Анарбү Жолдошева, сатуучу:
- Биздин келечегибиз балдар да, Курманбек Бакиев кудум союз маалындагыдай балдарга кам көрүп, кенже класстардын окуучуларына ысык тамак уюштуруп берди. Мен мисалы кечке жумушта жүргөндүктөн, балдарымдан көңүлүм тынч болуп калды. Бакиев жөнүндө ар кандай кептер айтылып келүүдө, анысына карабай балдарым үнүн Бакиевге добуш берем.

Шейшен Токтогулов, студент:
- Менин жеке көз карашымда шайлоо эл эңсегендей, эл каалагандай өтпөйт. Өткөн парламенттик шайлоодо кандай шайтан оюндар болгонун өз көзүбүз менен көрүп калбадыкпы. Кээлерки президенттик шайлоо деле андан өзгөчөлөнүп кетпейт. Ошондуктан, Нурлан Мотуевге добушумду берем. Ал акыркы күндөрү ыйман жолуна түшүп жүрбөйбү. Кыргызстандын оор жүгүн тартып кете албаса да, элди ыйман жолуна чакырат-деп ойлойм.

Суроо салган,
Гүлниза Молдокулова