Балалык кезден бир элес

Эскергенге көп нерселер бар экен…
Бизге сабак бергендер чыгаан педагогдор эле…
Биз улгайган сайын мезгил жашара берет көрүнөт…
Балалык курактагы бейкут учур өтүп, турмуштун агымына аралашкан сайын, нечен тоскоолдуктарга учурап, турмуштун оор-жеңил жүгүн тартып, жашоонун түйшүгү менен алпурушуп, ортодон нечен жылдар өткөнүнө назар салбаптырбыз. Мектеп босогосунан турмуштун узак сапарына аттанганыбызга эле 42 жыл толгон экен.
… Өткөн өмүр-учкан куш, бирок ар бир учурдун кайталанбас өзгөчөлүгү бар. Ушуларды ойлогондо эң алгач аруу дүйнө-наристе кезиң, мектепке барган алгачкы учуруң, дагы… акыркы коңгуроо күнү көз алдыңан кинокадрдай чубап өтөт.
… Оо, ал кезде азыркыдай жер жайнаган информация булагы жок болчу. Биздин көзүбүзгө сабак берген мугалимдер бир өзгөчө адамдар сыяктуу сезилчү. Өткөндөргө азыр саресеп салып, өзүбүзгө сабак берген эжей-агайларыбызды эскергенде, алар өз кесибин ыйык туткан, жоопкерчиликти жону менен сезген, ар бир окуучусуна терең билим берүүгө умтулган, таасирдүү тарбия берген чыныгы педагогдор экенине ынанам.
Биз эс тартканда мектептин директору Болотбек Токтогулов агай болчу. Ал балдарга аяр, токтоо мамиле жасаса да, апкаарып ыйбаа кылаар элек. Бизге сабак берген мугалимдер да ар куракта болчу.
Эң улуу муундагы мугалимдерден Имаш Садаев агайыбыз сүрөттөн, чийүүдөн сабак берген, адамга катуу айтпаган бир сырдуу адам. Анын катарында кыргыз тили жана адабият мугалими, 1-класста алгачкы класс жетекчибиз Кадыр Жумашев, кийин Теңге Өмүралиева эжекебизге өткөрүп берген. Тарых, географиядан Совет Мамбетов, дене тарбиядан Эсенбек Өмүралиев агайларыбыз сабак өтөөр эле.
Биздин багыбызга мугалимдерибиздин баары өз кесибин терең өздөштүргөндөр экен. Математикадан Мырзакул Абдыкадыров, Мискена эжей, Амантай Алтымышев, Зарлык Айткулов агайларыбыз сабак беришкен. Бардыгы күчтүү мугалимдер экен. Айрыкча, Зарлык Айткулов агай бизге сабактан тышкары кечки мектептерге, үйүнө чейин чакырып, кошумча сабак өткөнү эстен кетпейт. Ошол учурда биздин мектепте математикага кызыккан окуучулардын кескин көбөйүшүнө Зарлык агайыбыздын зор мээнети сиңген.
Окуучулук күндөрдө мектебибизге келген жаш кадрлар да бизге сабак берип калды. Физикадан жана трактор айдоодон Ыдырыс Өзүбеков, биологиядан Ильяс Дуулатов, химиядан Лида Мойдинова, орус тилинен Казыбек Мүсүралиев сыяктуу мыкты мугалимдердин бизге таасири күчтүү тийген.
… Биз мектептин директору, завучтарынан эмес, пионер вожатый менен комсомол комитетинин секретарынан ыйбагар элек. Бала кезде пионер вожатыйыбыз Темир Алыбаев болсо, кийин мыкты педагогдордун катарына кошулган. Комсомол комитетин Мыктыбек Жакыпбеков жетектеген.
Ошол учурдагы биздин муундагылар билимге суусап турган кези, сабак берген агай-эжелерибиз да учурдун талабына туура түшүнгөн, өз кесибинин чыныгы устаттары болгон тура!





Кадыр агай сабак өтөт
Адабият сабагын эңсеп, самап,
Дем алыш ошол кезде унут калат.
Ар сөзү көкүрөктү уялаган,
А бүгүн Кадыр агай өтөт сабак.

Класс тынч... Окуучулар кулак салган,
Чымындын үнү угулат дыңылдаган.
Көп сырдуу чыгарманын окуясы,
Сыйкырлап көңүлдөрдү ээлеп алган.

Көөнүндө көңүл сырын төгүп баарын,
Ачылып жан дүйнөсү каармандын.
Кайгысын, кубанычын тең бөлүшүү,
Канга бүткөн адаты эле бул адамдын.

Бирөөлөр байлык менен мансап көксөп,
Адамдык касиетин жүрсө тепсеп.
Күнүмдүк көр оокаттын кулу болбой,
Кадыр агай кызыктуу сабак өтөт.




Биринчи класстагы биринчи күн
Бейтааныш балдар-кыздар момпоюшуп,
Сыртынан сыр алдырбай компоюшуп.
Көнбөгөн чоочун дүйнө чоочуркатып,
Энелерин издешет мойнун созуп.

Эс кирип, өзгөрсө да кыял-жорук,
Элейип, чопулдатып манжа соруп.
Энесинен бөлүнгөн козу сымал,
Элеңдеп эки жагын карап коюп.

Мектептин босогосун алгач аттап,
Кадыр агай класска бизди баштап.
"Курсак ачты, үйүмө кетемин" - деп,
Аманбек бурчта отуруп ыйлап жатат.

Кошулуп Бакбү дагы төккөн жашын,
Сооротуп, эркелете сылап чачын.
Эшимбек, Жокен, Нурбек уйкусурайт,
Эскертип Кадыр агай атайт атын.

Көңүлүмө сакталып эстейм бүгүн,
Мен дагы жашылдантып көздөрүмдү.
Биринчи класстагы биринчи күн,
Сабактын бүтөр кезин күткөнүмдү.




"Бала болгум келет, эх, бала болгум…"
… Акыркы коңгуроо.
Аты менен заты айкалышып, ар нерсени эске салат. Аман-эсен көрүшкөнүбүздө көп нерсени көңүлүбүзгө түшүрөөрбүз. Ал эми… эң оору арабыздан бөлүнүп кеткендерди эскерүү болуп отурат.
… Бир гана нерсе менен көңүл жубатабыз: - "Орду толгус жоготууларды артында калган урпактары толуктап отурат".
… Классыбызда сабакты эң мыкты окуганы да, ар ишке активдүү катышканы да Бакбү эле. Анын математикалык жактан жөндөмдүүлүгү мектепте эле ачык көрүнгөн. Зарыл иш чыккан математик агай-эжелерибиз кийинки класстарга сабак өткөнгө Бакбүгө ишеним көргөзүшөөр эле.
… Жеңишбек, Мансур, Майрамбек, Марифат, Элен (Караказак), Жокен (Бошкой), Сүкөн (Сулайман)… Ортобуз да суюлуп бара жатат, чиркин дүйнө, көрсө түбөлүктүү эч нерсе жок экендиги ушундан улам билинет тура!
… Биз өзүбүздүн доордун патриоту экенбиз. Мектептин гана эмес, чарбанын бүтпөгөн ишине ишембиликке алып чыкканда, өзүбүздүн милдеттүү ишибиздей мамиле жасоочубуз.
"Учур келгенде..." учкан куштай туш тарапка тарадык. Айрымдарыбыз тез-тез жолугушуп турсак да, кээ бирөөлөрүбүз 42 жылдан бери көрүшө элек экенбиз. Атти-иң, "жакын жүргөн менен алыспыз"…
… Көбүбүз сыртта, айылда жашагандарыбыз деле сый мамиледе калган көрүнөбүз. Келгиле, классташтар! Кайрадан мектеп босогосунан башыбызды чогултуп, бир үйдө балалык күндөрдү эскерүүгө чогулалы! Өзүбүз улгайсак да, жан дүйнөбүздү дагы бир ирет жашарталы!
… Көбүбүз алыстабыз. Кээде айрымдардан элди сагындым дегенин угуп калам. Ошондо классташ агам Автандилдин: "- Сыртта жүргөндө эң алгач бала кезде ойногон жерди, андан кийин өзүң менен ойногон балдар-кыздарды эстейт экенсиң", - деген сөзүн эстейм. Чынында, ар кимибиздин ыйык тутканыбыз баео сезим балалык курак экен!
… Айтууга сөз, эскерүүгө көп нерселер бар экен. Аны бетме-бет отуруп сүйлөшөлү. Ал үчүн кайрадан балалыкка кайрылалы!
... Кайрадан жолугушканга чейин казактын акыны Мукагали Макатаевдин бир ырын баарыңарга, улгайганда кайрадан балалыгын эскергиси келгендерге багыттасам капа болбос…
"… Болгум келбейт куш дагы!
Канатым бар.
Канатым бар күмүштөн жаратылган.
Бала болгум келет, эх, бала болгум,
Бул өмүрдөн кабарсыз, жаңы туулган…"
Мурадил ТУТКУЧОВ