Шайлоо - 2009

Шайлоодо жеңилүүнүн 25 ыкмасы
Биз шайлоо кампаниясын жакшыртуу тууралуу кеңештерди мүмкүн болушунча жарыялап турабыз. Тилекке каршы, бир эле катаны улам-улам кайталап, көп талапкер шайлоолордо жеңилип калууда. Досторубуз жана адистер менен кеңешип, биз айрым саясатчылар жана алардын жардамчыларынын негизги каталарынын тизмесин түздүк.
Эртеңки президентттик таймашка аттанган талапкерлер үчүн биз 25 сунуштан турган материалды сунуштайбыз. Алардын бешөөсү шайлануучу орунга көрсөтүлгөн талапкерлер үчүн арналат, дагы бешөөсү - шайлоо кампанияларынын жетекчилери үчүн, дагы бешөөсү - каражат чогултуу боюнча кампаниянын жетекчилери үчүн, калган ону - басма сөз катчылары, компаниянын графигине, атаандаштарды изилдөөгө жана шайлоо кампанияларын өткөрүүгө жооптуу адамдар үчүн сунушталат.

Ошентип талапкерлер жасабай турган иштердин тизмеси:
1. Мурунку аракеттери жана позициялары тууралуу калп айтуу.
Биз маалымат доорунда жашайбыз. Бул, же тигил суроо боюнча талапкердин мурдагы позициясы тууралуу маалыматты оңой эле таап алса болот, анткени отчеттуулук, анын ичинде компьютерлештирилген отчеттуулук сакталып турат. Андан сырткары көп нерселер видео- магнит тасмаларга жазылат. Мурунку иштериңизди кайрадан жазып чыгуудан мурун атаандаштарыңыз да сиз жөнүндө толук досье бар экендигин унутпаңыз. Мурдагы багыттан кыйшаюуңуз басмасөзгө жарыяланып, шайлоочулардын Сизге болгон ишенимин бузушу мүмкүн.
2. Өзүнүн шайлоо алдындагы кампаниясын жетектөөгө аракет кылуу.
Саясий окуялардын борборуна туш келген, шайлоо алдындагы кампаниялардын көп мыкты жетекчилери кыйын абалга түшүшү мүмкүн. Башка жагынан алсак да, мыкты, билимдүү адамдар өз шайлоо кампанияларын жакшы жетектөөгө жөндөмү жок болот. Чынында, мыкты талапкер кампаниянын башында турган адамга аны жетектөөгө уруксат берет. Эсиңизде болсун: бир адам эки ишти бир эле учурда, өзгөчө суткада 12 сааттан 18 саатка чейин иштөөгө мажбур болгондо, аткара албайт.
3. Кампанияңыздын фондусуна каражат чогултуудан баш тартуу.
Кампанияны жетектөө, же анын графигин түзүү ишинен өзгөчөлөнүп, каражат топтоо сиздин катышууңузду талап кылат. Өзүнүн жактоочуларынан финансылык жардам сурагысы келбеген талапкер кимдир бирөө муну ал үчүн жасайт-деп күтө албайт.
4. Көп адам менен сапарга баруу.
Сиз популист болбогон учурда да, нефть чыгарган бай өлкөнүн эмириндей болуп, көп адам менен топурап бирге жүргөнүңүз шайлоочуларыңызды иренжитпей койбойт, бул эсиңизде болсун.
5. Эмне үчүн талапкерлигиңизди коюуну чечкениңизди кыска жана так түшүндүрө албаганыңыз.
Эгерде сиз муну кыска жана так түшүндүрө албасаңыз, анда бардыгы маанисиз болуп калат. Сиз кампанияны баштай элек жатып, жеңдирип койдуңуз. 1979-жылдагы белгилүү интервьюну эсиңизге салалы: анда Тед Кеннеди Рожер Маддга эмне үчүн президенттикке чыкканын айтып бере албай койгон?
Шайлоо кампаниясынын жетекчилери эмнелерден баш тартуулары керек?
6. Талапкердин жубайын өзүнө каршы коюу.
Эч кандай кырдаалда сиз кампаниясын өткөрүп жаткан талапкерлердин жубайынын, же үй-бүлөсүнүн башка мүчөлөрүнүн кыжырын келтирбеңиз. Антсеңиз, ал шайлоо кампаниясын өзү жетектөөгө мажбур болот. Эгер жумушуңузду сактап калгыңыз келсе, анда чыдап, дайым жылмайып туруңуз. Талапкер, албетте, бир төшөктө жаткан адамды угат.
7. Милдеттерин түшүндүрбөй адамдарды жалдоо.
Шайлоо кампаниялары ансыз деле башаламан иш-чара, полномочиелерди так эмес бөлүштүрүү убакытты бошко кетирүүгө алып келип, атаандаштык менен кастыкты түзөт. Командаңызды бири-бири менен согуштурбай, алардын күчүн атаандаштарга каршы багыттоо кыйла пайдалуу.
8. Жашыруун маалыматтарды столдун үстүндө калтыруу.
Маалымат - бул күч. Кампанияга байланыштуу маалымат жаткан бөлмөгө негизинен абдан көп адам келип турат. "Кроттор" Ле Карренин романдарында, же көп улуттук ири корпорацияларда гана болбойт. Шайлоо кампанияларынын офистери шайлоо учурунда аттандаштык талаасына айланып калат. Ошондуктан, мындай коркунучтун алдын алыңыз.
9. Шайлоо кампанияңызды "той генералдары" жетектебесин.
Ар түрдүү "уюштуруучу комитеттер" негизинен талапкерлер акчасы, же аты менен жардам берүүгө даяр таасирлүү адамдардан турат. Аларды элге көрөтүп турса болот, бирок кампаниянын ишине кийлигишүүгө аларга жол бербеңиз. Бул туруктуу негизде иштеген персоналдын жумушу.
10. Шайлоо ноябрь баштала турган болсо, мартта эле ашкере аракеттене баштабаңыз.
Кампаниянын эрте башталышы ар бир күндү шайлоо бүгүн өтө тургандай шашылууну талап кылбайт. Кампаниянын биринчи айы каражат топтоо, кампаниянын стратегиясын түзүү, жеңишке жетүү үчүн керектүү добуштун санын божомолдоого кетет. Эгерде, керектүү даярдануулар кампаниянын башкы стадиясында өткөрүлсө, мунун натыйжасын кийинчерээк көрөсүз. Ушундай кезек жана темп шайлоо баштала электе эле талапкердин күчтөн таюусуна алып келүүсү мүмкүн.

Каражат топтоого милдеттүү адам эч качан төмөндөгүлөрдү жасабашы керек:
11. Бир эле жолу акча суроо.
Ал тургай почтальон да эки жолу эшик кагат. Каражат топтоо боюнча жетекчи элге акча сурап 4 же 5 жолу кайрылууга даяр болуш керек. Эгерде "жок" деп бекем айтылбаса, анда взнос түшөт деген үмүтүңдү өчүрбө. Өзгөчө бул взносторун бергендерге тиешелүү. Сиздин донорлор талапкериңизге ишенип, акча бөлүп беришти. Такыр акча бере электерге караганда, бир жолу акчасын бергендер дагы бир жолу бериши мүмкүн.
12. Майдачыл болуу.
Жетиштүү эмес сумманы суроо, каражат чогултуу үчүн көп адамга кайрылгандан да зыян. Өтө аз сумманы сурагандан көрө, өтө көп сумманы сураган оң.
13. Акча берүүдөн баш тартышса таарынба.
Акча берүүдөн көбү баш тартат. Кээде көп адамдын акча бергиси келбейт. Бирок, сүйүүдөн уялбагандай эле каражат топтоодон да уялбаш керек. Көп адамдар "жок" деп айтарына даяр болуңуз. Мындай иштер боло берет.
14. Салым кошом деген убаданы салым кошкондой кабыл алба.
Эл жакшылык кылгысы келет, бирок айрым учурларда алардын сөздөрү иштеринен башка болот. Акча эсепке түшө электе, аны санай баштоодон алыс бол.
15. Эсепти так жана кылдат эмес жүргүзүү.
Отчеттуулукту начар жүргүзсөңүз, болочокто акча топтоо мүмкүнчүлүгүңүздү азайтасыз, андан сырткары, шайлоо боюнча текшерүү комиссиясынын куугунтугуна түшүп калышыңыз мүмкүн. Ар бир мындай окуя талапкердин абалын татаалдантат.

Басма-сөз катчысы төмөндөгүлөрдү эч качан жасабасын:
16. Бир эле массалык маалымат каражатына маалымат берип туруу.
"Куурулган фактылар" бир эле ММКга бериле бербесин, себеби ал башка ММКлардын жинин келтирет. Маалыматтын чоң бөлүктөрүн ири гезиттерге берип, айрым учурларда майда гезиттерге да, маалыматтын майда бөлүктөрүн берип тургула.
17. Кабарчыдан аттап анын башчысына кайрылуу.
Эгерде притензияңыз бар болсо, кабарчыга түз кайрылыңыз. Эгер мурда сизден өтө көп даттануулар түшпөсө жана Сиздин даттанууңуз негиздүү болсо, анда авторго түз кайрылуу Сиз үчүн пайдалуу болот. Эгерде, анын башчысына даттансаңыз, анда бул журналисттин ишине жана айлыгына кол салгандыктай кабыл алынат. Кабарчылардын айлыгын эске алсаңыз, анда бул жол берилбес ката экенин түшүнөсүз.

Кампаниянын графигине жооптуу адам эч качан төмөндөгүлөрдү кылбасын:
18. Майда-чүйдөлөргө жана талапкердин жеке каалоолоруна көңүл бурбай коюу.
Эгер талапкер бир эле күндө 12 иш-чарага катышмакчы болсо, иш-чаралардын башталыш убакыты менен орду сыяктуу майда-чүйдөнү билүүнүн мааниси көп мертебе өсүп кетет. Өтө турган иш-чара тууралуу сиз жана талапкер менен бирге жүргөн адам жакшы билерин улам тактап туруңуз. Талапкердин жеке каалоолору тууралуу унутпаңыз. Кампаниянын графиги боюнча жардамчысынын ишине нааразы болгон ар бир талапкер бул ишти өзүм эле кылсам болмок экен-деп ойлойт. Муну унутпаңыз.
19. Округду кыдырып жүргөндө талапкер дайым эле машинеде отуруп калбасын.
Элдин арасында болуп, ар бир адам менен саламдашуунун ордуна машинеде отура берүү талапкерди тынчсыздандырат. Сиздин максат - талапкер элге мүмкүн болушунча көп чыгып, убакытын бошко кетирбөөсүн камсыз кылуу.
20. Октябрда пландаштырылган иш-чарага катышууга май айында убада берүү.
Ар бир шайлоо кампаниясы шайлоого үч жума калганда ийкемдүүлүктү талап кылат. Мындай ийкемдүүлүктү көздөп, пландаштырылган иш-чараларды жоюу элдин кыжырына тийип, алардын шайлоо участкаларына барбай коюшуна алып келет.

Атаандаштарды изилдөөгө жооптуу адам эмнени кылбаш керек:
21. Атаандашка каршы даярдалып жаткан сокку тууралуу маалыматты чыгарып жибербе!
Күтүлбөстүк элементи саясатта абдан маанилүү ролду ойнойт. Ийгиликке толук жана ишенимдүү жетишүү үчүн атаандашка атаканы капыстан жасоо зарыл. Бул атака тууралуу канчалык аз адам билсе, ал ошончолук ийгиликтүү өтөт.
22. Өзүңдү башка адам катары көрсөт.
Атаандашка каршы компромат табуунун көп жолдору бар. Бирок, мен журналистмин, же мамлекеттик агентмин-деп айтпаш керек. Бул тууралуу ММКлар билип калса (алар билип алышы шексиз), бул сизге абдан чоң сокку болот.
23. Калп айтуу.
Сиздин калпыңыз билинип калса (сөзсүз), негизги соккуну талапкер алат. Келтирилген зыянды оңдоо боюнча ар бир аракетиңиз сизди жумуштан четтетүүгө алып келет. Калп айтуудан баш тартсаңыз деле жумушуңузду жоготосуз, бирок сиз абийириңизди жана келечегиңизди сактап каласыз. Бул өзгөчө басма сөз катчыларына тиешелүү. Бир жолку калпы билинип калса, шайлоо кампаниясы үчүн алардын кызматынын кереги жок болуп калат.
24. "Рахмат" деп айтууну унутуп калуу.
Эгерде кызматкерлер аларды баалаганын көрүп турса, алардын мамиле-маанайы оңолот. Муну психология доктору болбой туруп эле билебиз. Шайлоо кампаниялары узун жана алсыраткан ат салыш, штатка алынган кызматкерлер көп саат иштеп, ишине ылайык айлык албайт. Кээде жөнөкөй эле "эң сонун кылдыңыз" же "рахмат" деген сөздөр бул татаал иши үчүн сый катары кабыл алынып, адамдын иштөөгө ынтызарлыгын арттырып, кыжырланууну басат.
25. Ким кожоюн экенин унутуу.