Адамзат Ата сөзүн Мурас тутат,
Ак байлык көр оокатты жүз эсе утат
Өз уулуна осуят айтты ата,
"Насаатымды эске тут болбой капа,
Өз элиңди жакшылап сыйлабасаң,
Бакыт эмес, аласың тетири бата".

* * *
Туура бийде тууган жок,
Туугандуу бийде ыйман жок,
Кыдыр аке

* * *
Кайратты элден ал,
Келбетти жерден ал.
Элдин кайраты сел, эл колдогон
адамдын түркүгү бекем.
Мойт аке

* * *
Бийден калыстык кетсе,
Элден тынчтык кетет.
Шапак уулу Шералы

* * *
Элинин беги болсо -адилет түз.
Бузукка андай жерде табылбайт иш.

* * *
Адамдарда жакшы киши баш болсо,
Кызматчы да андай жерде, оң жолдо.

* * *
Жакшы адамга бийлик тийсе оңолот,
Эли жыргап, жери гүлгө оронот.



Бири түзбү, түзөлөт калгандары,
Адилетби оңолот элдин баары.
Жусуп Баласагын

* * *
Эр энеден төрөлөт, элге кызмат кылат,
Баатырды намыс жаратат.
Торгой чечен

* * *
Ыйык сөздү ой келди айта бербе,
Ата журтту сүйөм деп ооз көптүрбө.
андан көрө анын бакты таалайы,
жыргалчылыгы, күч-кубаттуулугу
үчүн күрөш.

* * *
Адамдардын жашоо шартын оңдогула,
алар ага татыктуу болуу үчүн
жакшырууга умтулат.
Б.Алымов

Жарыя!
Пригородное айылынан үй сатылат, чоң тамдын фундаменти м-н, 4 сотых
Т. (700) 69-46-96, (777) 23-66-22
- ----------------------------------------------------------
ЮМЗ маркасындагы экскаватор (запас мотору менен) сатылат. Баасы 10 000 доллар Т. (0 555) 00 76 00
- ----------------------------------------------------------
Пригородное айылынан 4 сотых участок сатылат. Кызыл китеби бар.
Т. (0772) 68-10-50, (0700) 69-46-96
- ----------------------------------------------------------
"Ак-Ордо" жаңы конушунда 5 сотых участок сатылат. Кызыл китеби бар.
Т. (0550) 19-33-05
- ----------------------------------------------------------
Участок времянкасы менен шашылыш түрдө сатылат (Тополек аймагы, эки бөлмөлүү) 4 сотых жери бар
Т. (0312) 67 09 49
- ----------------------------------------------------------
"Ак-Ордо" жаңы конушунда 5 сотых участок сатылат. Кызыл китеби бар.
Келишим баада Т. (0770) 770 -778
- ----------------------------------------------------------
Центрде 2 чоң үй сатылат, жалпы аянты 250 кв метр, 22 сотых жери бар. бизнеске да ылайыктуу
Т: (0312) 67-97-90 (0770) 770-779
- ----------------------------------------------------------
Алтын-Ордо (Кара-Жыгач-3) жаңы конушунан времянка сатылат. Участогу 5 сотых, документтери даяр (варианттар бар) Т: (555) 044-996
- ----------------------------------------------------------
Сантехникалык бардык жумуштарды аткарабыз. Т: (0555) 77-09-27





Белгилүү акын,
журналист, котормочу
Аскер Карыбаевдин
мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө, жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.
"Ачык саясат" гезитинин жамааты