Кайдыгерлик

Кайдыгерлик-калктын кайгысы, акылдын тайкысы
"Бийлик менен байлыктын жетегинде жүргөндөр,
бул жашоодо убактылуу өмүр сүргөндөр"

Өткөн замандагы бир аалымдын кеңкелес адамды да ойлонто турган мындай деген кеби бар экен: "Бийлик башындагыларга кошомат кылып, көзүн карап, таманын жалап, баш уруп, жалган болсо да алардын сөзүн сүйлөп, эки жүздүүлүк кылып узак жашагандан көрө, ачык айтып ак сүйлөп, кемчилигин так сүйлөп, бул дүйнөдөн эрте өтүп кеткен артык…" деп.
Эл арасында мекендин тагдырына кайдыгер карабаган, эл жери үчүн кан-жанын берип, чындап күйгөн эр-азаматтарыбыз арбын экендигин көрүп-билип келебиз. Аларга "бар болгула" деген сөздөн башка сөз айта албайсың.
Бирок, ошол эле учурда олку-солку ортодо ойногон, калп эле эл-жерге күйүмүш болгон түр көрсөтүп, кресло, бийлик үчүн тымызын күрөш жүргүзүп, бийликке келгенден кийин элдин байлыгын жеп-ичип, көмүскөдө, республиканын чегинде билинбей убакыт өткөрүп, жашынып жүргөндөр жана чет элдерде иштемиш болуп, изин жашырып качып жүргөндөр да бар экендиги баарыбызга маалым. Эртели-кеч бул адамдар мыйзам алдында жооп беришээри анык. Мындай адамдарга наалат гана айтасың.
Ал эми үчүнчүсү, кошоматчылар (дежурлар)-буларга баары бир. Эл-жердин тагдырын, мамлекеттин мыйзамын уруп ойношпойт. Бийлик, байлык үчүн үй-бүлөсүн да алмашып ийгенге барат. Бул адамдардан таптакыр күдөр үзүп, түңүлөсүң.
Мына, президенттик шайлоо жакындаган сайын өлкөнүн, элдин тагдырына кайдыгер карабаган, турмушка тири-карак карап, замандын агымына жараша туура ой жүгүрткөн ар бир атуул сарсанаага тушуккан учур. Убагында Калыгул олуя: "Келип-келип эле арты тумандап кетти. Элдин келечек тагдыры кандай болот, акылым жетпей калды, балдар" дептир. Биз азыр ошол тумандын арасында жашап жаткандай сезип келебиз өзүбүздү. Элдин жашоо тиричилиги менен эсептешкен жан жоктой. Бийлик башындагылар өз арбайлары менен алек болушуп, өз көмөчтөрүнө күл тартып жатышкандай картина элестейт көзгө. Билим деңгээлибизге, баш терибизге, дараметибизге карабай алдыдагы президенттик шайлоого тобубуз менен ат салышканы турабыз. Булардын арасында канчасы байлык, бийлик алмай, соодалашмай оюнуна катышат, билбей башыбыз маң. Шайлоо да мыйзамга туура келбей, төрт жылда эле өткөрүлгөнү турат деген айрым юридикалык маалыматтардан улам эртең кайра чуру-чуу болуп, эл арасы тынчыбай, баш-аламандык болот го деген ой бушайман кылат баарыбызды. Депутаттарыбыздын кейпи болсо бул, туурабы, туура эмеспи "Ак жол" фракциясы көпчүлүк кылып, кабыл алынуучу мыйзамдарды, иш-чараларды өздөрү чечип, келишет, убактылуу кошоматчылык. Эртең тарых тастыктайт, тарых таразалайт-деп ойлошпойт окшобойбу буларың.
Дегеле илгертен "акыл башкарган жерде ынтымак үрөнүн чачат"деп коюшат. Ардактуу агайын туугандар, замандаштар! Акыл менен иш кылып, ынтымакка келип, эл - жерибиздин келечеги үчүн убактылуу эмес, түбөлүктүү заманбап жашоонун жолун тандап алалы, татыктуу эл башчысын тандайлы. "Башчынын жакшысы-элдин бактысы" демекчи, эл-жердин, балдарыбыздын, неберелерибиздин эртеңкиси үчүн кайдыгерлик кылбайлы.

Азган эл

Качандыр бир заманда,
Каада күтүп ташкан эл.
Кадыр-баркы артылып,
Кан кызыкка баткан эл.
Ала-Тоо, Алтай жер-жерлеп,
Келме-кезек, "кел-кел"-деп,
Түгөнбөгөн түйшүктү
Түп көтөрө тарткан эл.

Адыр-түздү аралап,
Айлап-жылдап баскан эл.
Алгыр тайган, алгыр куш,
Айкайлатып салган эл.
Бүгүн көрсөң бүлүнүп,
Бүлөсүнөн бөлүнүп,
Бүт түрүлө иш издеп,
Өз элинен азган эл.

Айта берсек арман дээр,
Азап күнгө калган эл.
Көтөрүнүп жер безип,
Көчүп-конуп жаткан эл.
Көзөл чоңдор серейип,
Көйгөйү элдин көбөйүп,
Көшөгөнүн артында,
"Көкөй кести" чалган эл.

Жалил Сыдыков,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, "Өнөр ордо" коомдук бирикмесинин төрагасы




  Басмачылыкпы?

Чарчы жердин чатагы
Өлкөбүздө жеке менчикти кайра бөлүштүрүү жана басып алуу аракеттери дагы эле уланууда. Бул жакын арада токтобойт да көрүнөт. "Басма сөз" акционердик коомунун жаңы жетекчилери мурдагы жетекчинин учурунда эле менчикке сатылып кеткен күркөлөрдү жаптырып, ордуна өздөрү жаңы күркөлөрдү ачтырышууда. "Басма сөздүн" АКнын мындай аракеттерине нааразы болушкан жеке менчик күркөлөрдүн ээлери алты айдан бери тийешелүү жетекчилерге кайрылышып, бирок оңчулуктуу жооп алалбай келишет.
"Басма сөз" акционердик коомуна тийешелүү бул күркөлөр мурдагы жетекчи Садык Турсуналиевдин мезгилинде жеке менчикке сатылган. Ошол мезгилде 1000 доллардан 2000 долларга чейинки акчага сатып алышкан адамдар бүгүн өз менчиктеринен ажырап калуу коркунучунда турушат. С.Турсуналиев каза болуп калгандан кийин, "Басма сөздүн" акциялары сатылган. "Басма сөздүн" жаңы жетекчилери күркө ээлеринин колдорунда жеке менчикке сатып алган документтери турганына карабай кайра келишим түзүүгө мажбурлашып, жаңы ижара акысын киргизишет. Ижара акысы алардын жайгашкан жерлерине жараша сунуш кылынган-төрт миңден сегиз миңге чейин. Буга макул болбосоңор күркөлөрдү күч менен тартып алабыз-деп ачык эле опузага өтүшөт. Жеке менчигибиз үчүн бирөөгө эмнеге ижара беришибиз керек деген күркөлөрдүн ээлери акыйкаттык издеп жатышкан учуру. Бирок, С.Турсуналиев дагы өз мезгилинде күркөлөрдү сатууда маселени чиелентип, айрымдарына "сатып алуу үчүн" акча төлөдү деген квитанцияларды берген эмес. "Эмнеге" деп сурашканда, "салык инспекциясынан "проблемалар" болуп калышы мүмкүн" деген. Ал эле эмес, күркө ээлеринин соцфондко жана башка нерселерге деп төлөгөн акчалары дагы өз даректерине жеткен эмес. Бирок, мунун баары кийин гана билинип отурат.. Ушундан улам, С.Турсуналиев дагы күркөлөрдү менчикке сатууну кандайдыр бир мыйзамсыз аракеттер менен ишке ашырганбы деген ой келет. Антсе да, ал пайда боло калган түрдүү маселелерди эч кимге жеткирбей өз учурунда чечип турган өңдөнөт. Колдогон кожосу чо-оң болгон го, сыягы. Бирок, бир жетекчинин мындай аракети үчүн эмнеге жүздөгөн адамдар жапа чегиш керек?! Эң башкысы аларда сатып алган келишимдери боюнча документтери колунда турат. С.Турсуналиев дагы акчаларын төлөбөсө, эч убакта "сатуу - сатып алуу келишимине" колун коюп, мөөр басып бермек эмес. Бул баарына түшүнүктүү.
Жаңы акционерлердин ким экендигине кызыгышкан күркө ээлеринин аракеттери майнапсыз болууда. Улам бир адам "Басма сөздүн" өкүлүмүн деп келет экен, бирок чыныгы кожоюндары кимдер белгисиз. Мынчалык ормон опузага өткөндөрүнө караганда, "Басма сөздүн" жаңы жетекчилери азыркы бийликке жакын адамдар көрүнөт. Алар күркөлөрдүн баарын өздөрүнө көз каранды кылгылары келип жатат. Муну менен эл арасындагы көп өтүмдүү оппозициялык гезиттерди саттырбай коюулары мүмкүн, өкмөттүк гезиттерди сатуудан болсо пайда түшпөйт дешет, күркөчүлөр.
Жазгүл Атагелдиева Абдрахманов жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишиндеги күркөнү 2007-жылы сатып алган. Колунда сатып алганын тастыктаган документтери бар, болгону акчасын төлөдү деген квитанцияны алган эмес. 2008-жылдын декабрь айында күркөсүнө сатуучусун калтырып, өзү айылга кетсе, "Басма сөздүн" адамдары келип, сатуучусун чыгарып башка адамдарга ижарага берип салышкан экен. Ал кезде Жазгүлдүн боюнда да бар эле. Тийешелүү жерлерге кайрылган бул келин бүгүнкүгө чейин күркөсүн кайтарып алалбай келет. Эмчектеги баласын көтөрүп 25-майда дагы мэрияга келди. 6-июнга чейин чечип беребиз деп убада кылышкан экен, Жазгүл Атагелдиева үмүтүн үзбөй күтүп жатат.
Чынара Мырзабекованын Чүй жана Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан күркөсүн да 26-майда "Басма сөз" АКсынын адамдары күч менен ордунан көчүрүп салууга аркет кылышты, сатуучу Темирлан кызы Фариданын ичинен бекитип алганына карабай эшикти темир менен зордоп ачышкан. Натыйжада сатуучу кыздын колу темир менен каалганын ортосуна кыпчылып калып, чыдатпай оорутканынан улам тез жардам чакырууга аргасыз болушту. Жакындарын жана тааныштарынын жардамы менен Чынара Мырзабекова күркөсүн сактап калды, бирок бул биротоло маселе чечилди дегенди түшүнүрбөйт.
"Басма сөз" АК менен күркө ээлеринин бул талашы азырынча райондор аралык сотто каралып жатат. Бирок, соттун чечими күтпөй эле "Басма сөз" Аксынын адамдарынын басып алууга аракет кылгандары эмненин негизинде экенин билалбадык. Бул жерде негизги маселе, күркөлөрдүн жайгашкан ордулары, аны сот кайсы тарапка чечип берсе ошолорго таандык болот. Эгер, сот "Басма сөздүн" пайдасына чечсе, күркөлөрдүн азыркы ээлерине "күркөңдү ал да каалаган жагыңа бара бер" деген сөз. Антсе да, күркөчүлөр сотко чоң үмүт артып, өздөрүнүн пайдасына чечип берет деп күтүшүүдө.
Укук коргоочулар оппозиция лидерлерин аңдыганды коюп укугу тебеленген бул адамдардын тагдырлары менен алпурушпайбы десең. Мамлекеттеги чычкан жоргологонуна чейин кулак төшөп турушкан Президенттин Секретариаты "шайлоо алдында ушул маселелерди чечсек, утушубуз мүмкүн" деп тийешелүү адамдарга кеңеш берип койушса жакшы болбойт беле?!
Заирбек Бактыбаев