"Өзүбүздүн кыргыздардан запкы жегени арманга салат"
(Дооронбек Садырбаевдин бир туугандарынын эскерүүсү)
Ырысбүбү Садырбаева, эжеси:
- Дооронбек төрөлгөндө 9 күн өткөндөн кийин атабыз дүңгүрөтө той берген. Анткени, беш кыздан соң Кудайдан тилеп алган эркек уулу эле. Баарыбыз анын көзүн карап бөпөлөп турчубуз. Мектеп жашына келгенче аркама көтөрүп алып, "бас"- деген жагына басчумун. Эгер тилин албай койсом, желкемди тиштеп алчу. Экөөбүз магазинчи акамдыкына барсак, ал апам атайын Дооронбекке кызыл-тазыл жиптер менен кооздоп тигип берген калпагына толтура конфет салып берет. Үйгө жеткиче жолдо ойноп жүргөн балдарга таратат да, мага бербей койчу. Үйдөн жейт деп ойлочу окшойт.
Канчалык эркелетсек да суу куйду эмес, акылдуу тендек болчу. Атам иштен келгенде шоктонбой созулуп калат. "Сабактарыңды дайында, үй тапшырмаңды жаз"- деп убара болчу эмеспиз. Өзү эле сабакка өтө дилгир болгондуктанбы, айтор айттырбай - дедирбей эле мектепте жакшы окуду. Атасы магазинден жапжаңы велосипед сатып берсе, ошол эле күнү чачып кайра жыйначу. Биз урушсак "Мейли, заводдон туура эмес жасап коюшуптур. Менин балам оңдоп жатат"- деп коер эле. Атабыз колхоздо башкарма, башкы бухгалтер болуп эмгектенген салабаттуу киши болгон. Андыктан, чогуу иштеген кишилер үйгө конокко көп келишкен. Алар келгенде Дооронбекти атам жанына чакырып алчу. Биз "жаман үйрөнөт"- деп ойлоор элек. Азыр ойлосом, улуулардын сөзүн угуп, таалим-тарбия алсын дечү тура. Дооронбек 14 жашка толгондо, атабыз оорунун айынан көз жумду. Ал мезгилде эң кичүү инибиз жаңыдан жөрмөлөп жүргөн. Ошол күндөн баштап жетимчиликтин азабын тартып чоңойду.

Гүласал Садырбаева, карындашы:
- Акамдын ден-соолугу тың, күүлүү-күчтүү жүргөн. Кимдир бирөөлөр тарабынан тамактан ууланып, ошондон кийин оңбой калды. Бир жарым ай реанимацияда, бир жылдан ашык ооруканада жатып, жаны кыйналып арыктап, бат картайып кетпедиби. Болбосо, Чеченстанда согуш болуп жатса, "Дудаев досума жардам берем"- деп, камерасын көтөрүп алып тасма тартып канча жүрдү. Дооронбек акам менен Чеченстандын президенти Дудаев менен достук мамилелери болгону ырас. Ошол от күйгөн согушта эч нерсе болбой, өзүбүздүн кыргыздардын колунан запкы жегени бизди арманга салат. Эгер көзү тирүү болсо, жакшы ырларды жазып, калыс сөзүн айтып, кыргыз элинин дагы далай керегине жарамак. Биз мектепти аяктаганда ар түрдүү тармак боюнча суроо берип, деңгээлибизди өзү сынап, "Башыңарда бирдеме болсо гана борборго барып билим алгыла. Мына бул карындашымдын, инимдин башында эч нерсе жок, жардам берип койчу деп жалдырабайм"-дечү. Акамдын катуу талабы менен баарыбыз өз күчүбүз менен жогорку окуу жайларын бүттүк. Атабыздан эрте калгандыктан ата ордуна тарбия берип, баарыбызга арка-жөлөк боло алды. Учурда тообуз кулагандай эле болуп турабыз. Ал өзүнүн бир туугандарын эле эмес, азыр мамлекеттик кызматта олтурган Адахан Мадумаровго да көп жардамын берген. Шайлоолордун алдында "ушул жигитти шайлап алгыла"- деп улуу башын күчүү кылып, ортого түшүп берген. Ар бир адамдын өз абийиринде экен, Адахан жада калса топурак салганга жараган жок.

Адылбек Кыргызбаев, күйөө баласы:
- Дооронбек акемди өзгөчө сыйлачубуз. Ал эки жүздүү, кошоматчы адамдарды жактырчу эмес. Ошондуктан, бизге "башыңарды алам десе да, чындыкты бетке айтып, туура сүйлөгүлө"- дечү. Өзү калыс, түз сүйлөгөн, анан өтө тамашакөй киши эле. Бир жолу кайнимдин жумушуна барып калат. Кубанычбек анда парторг болуп иштечү. Кабинетинен Лениндин бюсттун көрүп калып, "кереги жок болсо мага бер"- деп сурап алат. Жолдо келатса өзбектердин МАИ инспекторлору тосуп, "Кайда барасыз?" -деп сураса:- "Шеф кайда десе ошол жакка"- дейт. Тигилер машиненин эшигин ачса, Лениндин бюсттуна ак калпак кийгизип олтургузуп коюптур. МАИ кызматкерлери боору эзилгенче күлүп, акамдын тамашакөйлүгүнө таң берип, азыркыга чейин айтып жүрүшөт.

Кубанычбек Садырбаев, иниси:
- Атамдан эрте жетим калып, акамдын колунда тарбияландым. Сонунбүбү жеңеме да абдан ыраазымын. Азыр 55 жашка чыктым. Ушул кезге чейин үйүнө келсем, тамагымды белендеп өз баласындай көрөт. Дооронбек акам, кичинемде кандай бейбаштык кылсам да урушчу эмес. Кайсыл жерде кино тартылса кошо ээрчите кетээр эле. Армиядан жаңы келгенимде акам менен жеңем мотоцикл сатып беришип, "айда"-деп машиненин алдына салып алып Чуңкурчак жайлоосуна барганыбыз эч убакта эсимден кетпейт.
Арак ичкен адамды абдан жаман көрчү. Бир жолу ичип келип, жашынып жатып алсам, жеңем айтып койсо керек, бир маалда бөлмөгө кирип келди. Башымды көтөрбөй уктамыш болуп жата бердим. Ошондо да урушпай акырын тургузуп алып: -"Сен арак ичип бирдемеге чалынсаң мен коргоп кала албайм"- деп кейиди. Ошондон кийин арак ичкен жокмун.

- Аптоокан, келини:
- Акабыз абдан кичи пейил, боорукер киши эле. Келиниби, небересиби айтор баарыбызга айланып-кагылып турчу. Атабыздай көрүп, келээр жолун карап күтөөр элек. Ал келгенде үйүбүз шаңга бөлөнүп, Суусамырдан көтөрө келген кымызын, балдарга деген татты-паттысын дасторконго жайнатып, бапырап эле жатып калчубуз. Бир жылдан бери ошол күндөрдү сагынып куса болдук. Аттиң, ал күндөр кайрылып келбейт тура!
Жазып алган,
Гүлниза Молдокулова