Айдаганың мерседес...

Техникалык текшерүүдөн кимдер өтөт: адамдарбы же автоунааларбы?
Бүгүн айдоочулардын көйгөйүнө айланган техникалык текшерүү тууралуу айтпай кое албайбыз. Ал автосүйүүчүлөрдүн бир топ нааразычылыгын жаратып отурат. Бишкек шаарында болжол менен ар бир үйдө бирден автомашина бар экенин эске алсак, анда бул Бишкектин ар бир үйбүлөөсүнө адамына тиешелүү маселе. Ушул жылдын 27-апрелинде Кыргыз Республикасынын Салыктар жана Жыйымдар комитети менен Ички иштер министрлиги биргелешип чыгарган "Транспорт каражаттарын жана прицептерди мамлекеттик техникалык текшерүүдөн өткөрүү боюнча салык төлөөчүлөргө салык төлөөнүн тартиби" деген буйругу күчүнө кирген.

Ошондон бери айдоочулар арасында бул тартип-шарттын жакшысынан жаманы көп экени айтылууда. Аталган тартип боюнча, транспорт каражаттарын техникалык текшерүүдөн өткөрүү бир топ жөнөкөйлөтүлгөн жана салык төлөөчү жашаган жери боюнча салык кызматкерин издеп убара болбойт. Бишкек шаары боюнча алты техникалык пункт бар болсо, алардын баары бир чатырдын алдына жайгаштырылып, бирдиктүү пункт түзүлгөн. Алар Салык Кодексинин негизинде иш жүргүзүүлөрү керек. Бирок, барып унааңды тиешелүү текшерүүдөн өткөргөндөн кийин, булар кайсы кодекс менен иштеп жатышат болду экен деген ойдо каласың. Мисалы, жекшемби күнү барганыбызда мурда 80 сом деп жаткан экологияга төлөнүүчү акча 215 сомго көтөрүлүп кетиптир. Мунун себебин билүү максатында ишеним телефонго байланышка чыксак, эч нерсе түшүндүрүп бералышкан жок. Болгону иштеп жаткандар гана 80 сомдон 215 сомго көтөрүү боюнча оозеки буйрук болгонун айтышты. Бирок, ал кимдин буйругу экенин так билалбадык.
1-июнга чейин бул техникалык кароодон өтүү боюнча эсептик билдирүүнү салык кызматкерлерине берүү керек. Ал эми салыктын өзүн төлөө 1-июлга, техникалык текшерүдөн өтүү болсо 31-июлга чейин узартылды. Эгер машина ээлери 1-июнга чейин эсептик билдирүүнү тапшырганга жетише алышпаса, эки миң сом өлчөмүндөгү айып пул төлөөгө камына беришсин.
Техникалык кароодон өтүү тартибин быйылкы жылы эмне үчүн жылдагы убактысынан алдыга жылдырып, машина ээлерин шаштырып жатат? Бул дагы шайлоого байланышкан маселе болуп жүрбөсүн деген аргасыз ой пайда болот. Себеби, шайлоого оңбогондой акча кетээри белгилүү. Ал эми азыркы президенттин шансы административдик колдоону эске албаганда анчалык жогору эмес экенин айтсак, анда запаста дайым акча каражаты болгону жакшы.
Төмөндө бизден башка дагы техникалык кароодон өтүүнү өз жон терилери менен сезген адамдардын пикирлерин сунуш этебиз. Бул материалдарды окугандан кийин бул техникалык кароонун канчалык ыңгайлуу жана жөнөкөй экенин түшүнүктүү болот. Эскерте кетсек, бул адамдар техникалык кароого 25-майга чейин барышкан. Биз сунуш эте турган пикирдин автору Юрий Копытин.
"Салыкты 1-июнга чейин төлөш керек, болбосо айдоочуларга эки миң сом өлчөмүндө айып пул төлөөгө туура келет. Ал эми көрсөтүлгөн мезгилге бир жума гана убакыт калды. Бул кандай "тартип" жана ал "тартип" кандайча ишке ашырылып жатканын биз өз көзүбүз менен көрөлү дедик. Биз редакциянын машинасына отуруп алып, текшерүү пункту карай бет алдык. Эң эле биринчи "жагымдуу" жагдай, ал пункт кайсы бир түпкүрдө-Щербаков-Белинский көчөлөрүндө жайгашкан экен. Биздин машина жолубуздагы түрдүү аң-чуңкурга карабастан аталган жайга жетип барды.
Саат 8:00
(Мындан ары убакытка көңүл буруңуз).
Келгенде эле бизди спорттук кийимчен, колунда таягы бар тескөөчү жигит тосуп алды. Ал колу менен ишарат кылып, биз издеген техникалык текшерүү тарапты көрсөттү. Мындан ары сервис кызматчысын көралбадык. Автобазанын аймагында биз таңкалычтуу жагдайга учурадык. Машиналардын саны автобазардан кем эмес экен. Мында биринчи эле тартип жана ыңгайлуулук. Унаабызды токтотуп, базанын ичинде жортуп жөнөдүк. Максатыбыз - салык төлөмөй. Кир жана чаң баскан бетон бастырманын алдында жайгашкан үстөлдөрдө салыкчылар кардарларды күтүп жатышат. Кыжылдаган адамдар тобу кирпич дубалдарга сүйөнгөн абалдарында кагаздарды толтурушууда. Кезекке турдук. Күтүүдөбүз, убакыт болсо өтүүдө...Дагы эле турабыз.
Орточо бир адам үчүн беш мүнөт убакыт талап кылынат. Биз кезекке 5-болуп турганбыз. Мына, жарым саат өттү. Акыры, абдан күткөн салык инспекторунун бет маңдайына жеттик. Ал документтерди текшерип жаткан учурда паспорттун көчүрмөсү керек болуп чыкты. Ал жерде көчүрмө жасоочу бар, бирок жагдайдан пайдаланып, куулук менен айдоочулардын акчаларын кагып алуу кызматына айлантып жиберишиптир. Бишкекте көчүрмө жасоонун орточо баасы бир сом. Бул жерде эки бет кагазды 10 сом-го жасоого туура келди.
Саат 9:00
Салык кызматкерине кайтып келип, тиешелүү квитанцияларды алдык. Автоунаа үчүн салык төлөө анын кыймылдаткычынын күчүнө жараша болот. Бул үчүн толгон-токой сандардан турган баалардын түрү иштелип чыккан. Биздин машина үчүн 1200 сом төлөш керек. Ушул жерден "кайда төлөш керек?" деген дагы бир суроо пайда болот. Касса кайда? Үч-төрт адамдан сурагандан кийин гана касса эки кабаттуу имараттын ичинде жайгашканын билдик. Ал жерге киргенден кийин тыштагы кыйынчылыктар тозоктун биринчи гана тепкичи экени анык болду. Кичинекей имаратка 150-200 адам толуп алган. Автосүйүүчүлөр адамдардын жандуу тыгынына айланып калыптыр. Демди кысат, ачык айнектер жетишпейт. Түртүшүп кассага жылуудабыз. Бул жандуу агымда акыркы адам жок. Тагыраагы-тургандардын баары кезектин эң акыркысы десек болот. Төрт саатча кезекте туруп, бир нече чатакташуулардан кийин гана айнекчеге жеттик. Бул жерден дагы бир тагдырдын тамашасына кабылдык.Түшкү тыныгуу! Чыккыла!
Кайрадан күтмөй. Бир сааттан кийин баары башынан башталды. Түртүшмөй, урушмай. Дагы бир саат күтүп отуруп, акыры аталган сумманы төлөдүк.
Саат 15:30
Сыноо муну менен эле токтоп калган жок. Документтерди салыштыруу жасатыш керек. Бул дагы бекер эмес-80 сом. Ушул эле имаратта бул сумманы төлөш үчүн башка бир касса иштейт. Дагы эки саат убакыт кетти, эми биз башка айнекчеде турабыз. Кассир ышынып, көңүлсүз документтерди текшерип жатат Акыры кабыл алып, биз көптөн күткөн " 2009-жылдын техникалык кароосунан өттү" деген чаптаманы колубузга карматты. Толтурулган, башкача айтканда "өтө эле кымбат" кагаздарды алдык да, кайрадан салыкчыларга жөнөдүк. Кезек күтүүдөбүз. Дагы жарым саат өттү. Мөөр басылды. Мына, биздин канчадан берки күтүүбүздүн туу чокусу. Азыр инспектор келип, унаабызга текшерүү жүргүзөт деп турабыз. Чындап эле инспектор пайда болду. Камуфуляж кийген жигит капотту ачып да койгон жок. Талонго колун коюп, мөөрүн басты да, "жолуң болсун, кете бер" деди. Текшербейсиңби? Карап көрбөйсүңбү? Суроолорубузга кол шилтеген жигит 130 сомду алды да, өзүнүн табышмактуу ишине жөнөдү.
Базадан жөнөөр алдында бизге бир жигит (базанын кызматкери го) жолукту. Көп сүйлөп отурбай эле "техникалык текшерүүдөн тез өтүүнүн ыкмасын" сунуш кылды. Ал өз кызматы үчүн жеңил машиналарга 200 сом, маршруттук таксилерге 400 сом алат экен. Эртең менен эле билгенимде, мыйзамдуулукту жана тартипти издебестен эле, ушул жигитти табат элем деп аргасыз алакан жайдым.
Саат 18:00
Мына, баары бүттү. Чарчап - чаалыккан жаныбыз машинанын орундуктарына куладык. Кулакта ызы-чуу, башыбызда болсо жүздөгөн суроолор. Жөнөкөй текшерүүнү коркунучтуу атракционго айлантып жиберет деп ким ойлоптур. Техникалык текшерүүдөн кимдер өтөт: адамдарбы же машиналарбы? Булардын баарынан кийин жетекчилер мындай жолго эмне үчүн баргандыктарын билүү кыйын эмес. Бул деген-ишин бүткөрүш үчүн адамдар өздөрү эле кубанып пара бере турган абалга жеткирген чечим эмеспи?! Мына, мыйзам жана тартип. Машина айдаганды жакшы көрөсүңбү, демек бардыгына даяр бол!

Заирбек Бактыбаев