Мүрзөгүл

Биздин асыл Докебиз
Өткөн жуманын ишембисинде "Ала-Арча" көрүстөнүндө айтылуу акын, залкар кинорежиссер жана коомдук ишмер Дооронбек Садырбаевдин эстелигин ачуу аземи болуп өттү. Анда анын таламдаш курбулары, замандаш калемдештери ал жөнүндө эскерип, мүрзөсүнө гүл коюп кайтышты.

"Бир тал чөп жулсаң аалам титирейт" - дешет. Ошол чөптү жулдурбай канаты менен калкалап, дан аттууга жанын бөлүп, баарын өзүндөй көрүп жашады, алпейим Докебиз. Атын ким койсо да, сонун коюптур. Кайран киши атына затын жараштырып, келбес өмүрүн кербез жашап өттү. Мындай залкарлар заман алмашкан доордо, жол айры мезгилде караңгыны жарыткан чагылган сыңары "жарк" этип келип, жарыктын жолун көрсөтүп кете берет окшобойбу. Соолорду сокур жетелегендей, аласапыраңда "элим" деп коюп элин эзген көөдөнү көрлөрдүн көйгөйүндө, "Көзүңдү ач!" - деп тоо жаңырта кыйкырган, калыстык үчүн кылымдарга кагылган, дат баспаган добулбас эле.
Эли үчүн өтүгү менен суу кечип, кан кечкен эрлердин кайраты бар эле жүрөгүндө. Аксы окуясын уюштурган чулдур тил, чучук бет өкүмдарларды абийир сотуна койду. Жолу кандуу башталган өкүмдарга сөөлөт менен сөөмөй кезеди. "Үзөңгү-Кууш" үчүн үзүлүп түштү. Топчубекке ТОО болуп берди. Көөдөнү бош депутаттар өз көйгөйүн айтса, Докебиз эл көйгөйүн айтты. 1916-жылы орус кылычына туруштук бере албаган эл Кытайга үрксө, бүгүн элине бата, пайдасы тийбеген өлөсөлүүлөрдүн реформасынан орус менен казакка үрккөн элдин ташка тийген тагдырын айтты.
"Чындыкты айтсаң, тогуз айыл сабайт" - дешет түрктөр. Аларды тогуз эле айыл сабаса, кыргызда бүт айыл сабайт. Өкүмдары баш болуп, өкмөтү төш болот. Кошоматчылардын күнү тууйт. Киши эмес кишилер сөз эмес кептерди айтышат. Кесирлүү гезиттер кесепет кептерин аяшпайт. Айтканга көнүп, айдаганга жүрбөгөндү жүдөтөт, командага кол бала болуп кошулбаганды кордошот. Сасыктардын салты ошондой. Бирок, биздин Докебиз жалындан бүткөн жан эле. Көп иттердин талаганын көкжалдыгына салып көтөрүп жүрдү. Ачууга алдырып, ызага жеңдирген жок. Айтканынан кайтпады. Майтарылбады. Сатылбады. Эл жеген командага кошулбай, эл дегендердин жолун баштады. "Бүлөөгө бергис өгөө бар, экөөгө бергис бирөө бар" - деген турбайбы. Эгерде Докебиздей дагы экөө-үчөө болгондо, кыргыз азыркыдай итке минбейт эле…
Кудай Таала Докеме өнөрдү өлчөөсүз бериптир. Артист, режиссер, акын, сценарист, кеп кетирбес чечен, элин сүйгөн коомдук ишмер. Эл байлыгы эпсиз желип жатканда, элин сүйүү өнөргө кирет. А дагы талантка окшоп ата каны, эне сүтү менен тең бүтөт. Илгертен ушундай. Окугандын канын дүргүтүп, боюна от бүтүргөн ырлары бар, таңдайынан бал тамган акын эле. Адамдын көзүнөн сөзүн окуган - дили таза, зили асыл, ынтымакка данакер, ырыскыга дабагер изги инсан эле.
Баары сатылса да Тагдыр, Абийир, Ар-намыс сатылбайт. Аны ар бир адам өзү жасаган эмгеги, бүтүргөн иши менен далилдейт. Докем да ошентти. Адилеттиктин, калыстыктын өлүм торун, ажал арбап турган жолун тандады. Дарчы алабаканын кармап, бийикте калтылдаган жолдо кетип баратат. "Визиткасындагы" өзү тарткан сүрөттү эстелигинин капталына тартып койгону жакшы болуптур. Бул Докемдин жашоо принциби эле. Чындыгында өзү ушундай калтылдак кылкөпүрө үстүндө жашап өттү. Баарыбыз тең ушундай калтылдак жолдун үстүндөбүз. Бул сүрөттүн айтпай - айткан осуяты ушундай эле.
Ал бизден конок эмес, кул эмес - өз өлкөсүнүн кожоюну болгон элди көрүүнү эңседи. Ал бизден эки жүздүү эл бийлегендерге эмес - кудайдын кудуретине кулдук уруп, калыстыкты курандай ыйык туткан элди көргүсү келген эле.
Биз анын мезгилинен эрте келген улуулугун түшүнбөй калдык. Аны менен депутат болгондордун көпчүлүгү Ханга салам бербегендей байыды. Арамын арамдай, адалын адалдай "прихватташтырды". Элди "Тойотанын" кара айнегинен карап калды. Эл ага эл эмес эле караан болуп көрүнүп калды. Докем гана кандай келсе, так ошондой таза кетти. Баягы костюм, баягы мүштөк, баягы арча таяк, бирок атуулдук абийир, ар-намысы көктө турду. Каркын мээнеттин жаркын зейнетин байлык менен өлчөбөдү. Өлчөлүү өмүрүнүн ченелүү ырысыкысы мүлдө кыргыз көтөрө алгыз болду. Жер шарынын бир жериндеги адилетсиздик - дүйнө жүзүндөгү адилеттүүлүккө коркунуч келтирерин айтты. Сак болууга чакырды. Таза болууга үндөдү. "Унчукпай кое албайм" - деди. Бизге элге эмгек өтөөнүн үлгүсүн көрсөтүп кетти.
Тууганына туу болгон, душманына уу болгон биздин асыл Докебиз. Өмүрү менен эл өмүрүн жаркыткан агабыз, жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун! Аксаганда акылыңды, кейигенде кебиңди угуш үчүн дагы көп келебиз. Сага келчү жол дагы узарат, дагы кеңейе берет.

Анатай Өмүрканов




Түптүктөр түртүп чыгарышса, балыкчылыктар басынтышты
31-майда боло турган Бириккен Элдик Кыймылдын Түптөгү Курултайы куугунтукка учурады. Курултайга барышкан оппозиция өкүлдөрүн жергиликтүү милиция кызматкерлери кармап камакка алышса, башка облустардан барган делегаттарды жергиликтүү бийлик тукурган "ажаан аялдар" менен "ак кепкачан" жигиттер кубалап, жулмалап, Түптөн күч менен чыгарып салышкан. Айрым оппозиция лидерлерин Түпкө жеткирбей эле жолдон-белден кармап, Балыкчы шаарына чейин сүрүп чыгарышкан. Түптөгү Курултайдан түңүлгөн оппозиция лидерлери менен активисттери Балыкчы шаарынан баштарын жыйнашып, каршылык митингин өткөрүүгө кам көрүшкөн.

Түп менен Ысык-Көл районунун жетекчилеринин эстафетасы колуна тийгенби, айтор, Балыкчы шаарынын жетекчилери дагы ажаан аялдар менен ак кепкачандарды оппозиция лидерлерине карата "агытышкан". Чымыр денелүү элүүдөй Балыкчылык "баатыр" жигиттер эпке-сөзгө келбей эле, ар жак-бер жактан чогулган 300дөй адамдын чакчелекейин чыгарып, туш тарапка таркатып салышкан. Атайын уюштурулган чагымчы "эркек жигиттерди" шаардын милиция башчысы Кандыбек Дегенбаев, ажаан аялдарды шаардын мэри Талант Өмүркулов баштап жүргөнүн жергиликтүү тургундар "Азаттык" үналгысына кабарлашкан. Өз бийлигин сактап калыш үчүн өз элине өзгөчө зордук-зомбулук көрсөткөн өкүмзар бийликтин өкүлдөрү, убагы келгенде ушундай уятсыз иштери үчүн өз "шыбагасын" алаар. Ал күндөр деле алыс эмес жерде жатса керек. "Өлбөгөн жанга жаз келет" - демекчи, балыкчылык "башкармалардын" балит саясаты жана "дегендери" менен "жегендери" жең ичинде унутулуп калбаса керек.
Эки жылга жетпей эки жолу кайталанган "Түп окуясы" элибизге эмнени берди? Дегеле, бул окуянын кимге кереги бар эле? Жергиликтүү бийликтин "желкелемей" саясаты азыркы бийликтин аброюн дагы бир ирет кетирип, эл менен бийликтин ортосундагы оңурайган жараканы чоңойтуп жиберди. Акыйкат айтса коргологон, Акүй айтса жоргологон жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн мындай ыплас саясатынан ким упай топтоду? Албетте, оппозиция өкүлдөрү. Анткени, эл оппозицияны ээрчип кетээрин билгендиктен, бийлик бут тосуп жатканын билгизип коюшту. Бийликчи? Бийлик бул жерден упайга учкашмак турсун, колундагы упайын коротуп алды. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ансыз дагы азайып калган азыркы бийликтин эл алдындагы аброюн ого бетер азайтып салды. Мындайча айтканда, артык кылабыз дегендер тыртык кылышты. Алардын ашынган саясатын азыркы ажобуз билээр бекен? Билсе, бир-экөөсүн жумуштан айдап салса, бир топ упай алмак. Эл дагы муну туура көрмөк. Ажобуздун андай аракети алдыдагы шайлоого аздыр-көптүр пайдасын бермек.
"Азаттык" үналгысы өздөрүнүн сайтка койгон ар бир макаласынын астына "пикир" деген рубриканы ачып койгон. Ошол макаланы окуган адам, ал макала боюнча өзүнүн пикирин жазуу түрүндө калтырса болот. Түптөгү акыркы окуя боюнча түркүн пикирлер түшүптүр. Талант деген таластык бала минтип жазат: "Оппозиция дагы 1000 спортсмен балдарды топтошу керек, коргонуу үчүн. Күчкө - күч колдонуш керек. Ансыз болбойт. Ошондо эл дагы коркпой чыгат. Ошондо бийлик сестенет. Атамбаев Аламүдүндөн 200 атчан даярдап коюшу керек, мыйзамдын чегинде, бийлик мыйзамды бузса ошондой жооп болушу керек"-деп.
Таланттан кийин пикир калтыргандардын көпчүлүгү анын сунушун туура көрүшүүдө. Редакциябызга баш баккан Турат Мадылбеков мындай сунушту колдоорун жана аны планга киргизүүнү болжоп жатканын жашырган жок. Демек, оппозициялык талапкерлер эртең элге чыкканда, артынан албууттанган жигиттерди ээрчитип жүрөөрүн азыртан айта берсек болчудай. Президенттикке теминген Темир Сариевди тегеректеген спортсмендер оголе көп. Күрөш өнөрүнүн мекени болгон Талас жергесинин балбандарынын көпчүлүгү "Ак шумкар" партиясынын мүчөлөрү. Эгерде Түптөгү окуя Талас жергесинде Сариев барганда кайталана турган болсо, балакет башталаарын азыртан баамдап койсоңор болот. Айтор, "таза шайлоонун" башы таза эмес саясаттан башталганы жакшылыктын жышааны эмес.

Рыскелди МОМБЕКОВ