Экономиканы көтөрсө болот

Көмүрдүн үстүндө жашасак "көң жак" дейт
Кудай жалгап, аяктаган кыш аркы кышка караганда бир топ жылуу болду. Ошентсе да элибиз суткасына 8-10 сааттан электр энергиясыз калып жатты. Айыл жери турмак, борбор шаардын эли да караңгылыкка аргасыз көндү. Көмүрдүн үстүндө жашап жатып көң жаккан элибиздин абалын көрүп туруп, таш көмүрдү кайра иштетүү боюнча айрым ойлорумду ортого салгым келди.

Калкаш БАТЫРКАНОВ - инженер-гидротехник. 1958-63-жж. Жети-Өгүз районундагы Покровка айылында колхоздун гидротехниги, 1963-71-жж.Төртгүл СМУсунда башкы инженер, начальник, 1971-1979-жж. Кыргыз ССРинин курулуш министринин орун басары, 1979-1988-жж. Кыргыз ССРинин мелиорация жана суу чарба министри, 1989-1991-жж. Йемен Араб Республикасындагы контракт менен иштөөчүлөрдүн жетекчиси, 2000-2002-жж. Суу чарба департаментинин башчысы, Мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан жана Өзбекстан ортосундагы мамлекеттер аралык комиссиянын мүчөсү болуп иштеп келген. Кыргыз Республикасына өзгөчө эмгек сиңирген пенсионер, КРнын эмгек сиңирген куруучусу, илим жана техника боюнча Кыргыз ССРинин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.

Көмүрдөн күйүүчү майларды пиролиз ыкмасы менен алуу өткөн кылымдын башында эле иштелип чыккан. Германия экинчи дүйнөлүк согуш маалында бул ыкманы ийгиликтүү колдонгон. СССР болсо бул технологияга 1950-жылдарда арзан нефти булактары ачылганына байланыштуу өтө чоң маани бере баштады. Ал убакта нефтинин бир баррелинин баасы эки доллар гана болчу. Тилекке каршы, бул технология колдонууга ээ боло алган жок. Азыркы учурда нефтинин баасы ошол мезгилге караганда он -он беш эсе кымбаттап кетти. Ошондуктан көмүрдөн күйүүчү май алуу айрыкча биздин республика үчүн өтө орчундуу.
Ушундай технология менен иштөөчү заводдор Түштүк Африка Республикасында, Индонезияда, Малайзияда, Кытайда , АКШ ж.б. өлкөлөрдө ийгиликтүү иштеп жатат. Россиянын Алтай крайына караштуу Бийск шаарындагы "Полимер" деп аталган илимий - өндүрүштүк бирикме "Энергия" илимий - өндүрүштүк ишканасы жана Ыраакы Чыгыш академиясы менен бирдикте 2006-жылы күрөң көмүрдү кайра иштетүү жана андан бензин, дизель отунун, мазут алуу үчүн тез ылдамдыктагы , жогорку температурадагы пиролиз ыкмасынын жабдуусун иштеп чыкты жана патентин алды. Биздин республикага газ, бензин, солярка жетишпей жатканда бул маселени технологиялык жактан чечүүнүн бир гана ыкмасы бар. Ал - таш көмүрдү пиролиз ыкмасы менен кайра иштетүү жана өлкөнү кеңири масштабда газдаштыруу. Биздин республика бир убактарда коңшу республикаларды жана өзүбүздүн ички керектөөлөрүбүздү көмүр менен камсыз кылып турган "Орто Азиянын көмүрчүсү" деген атка конуп, көптөгөн кендерден таш көмүр казып алынып турган. Геологдор биздин өлкөнү көмүр запастарына өтө бай жана алар көптөгөн жылдарга, бир нече муундарга жетет деп белгилешүүдө. Тилекке каршы, көптөгөн белгилүү кен чыккан жайлар, шахталар ишти, өндүрүштү туура уюштура албагандыктан, чет элдик инвесторлорду кызыктырып тартып келалбагандыктан иштебей турат. Ал эми иштеп жаткандары толук кубаттуулукта эмес. Кара алтындын өтө чоң запасына ээ болуп туруп, эмне үчүн тилемчи болуп газ жана нефть продуктыларды дүйнөлүк баада "тууганбыз" деген кошуналардан сатып алабыз? Окумуштуулардын жүргүзгөн эсептөөлөрүндө, Жер шарында нефтинин реалдуу запасы 40-50 жылга, табигый газдыкы 30-40 жылга, ал эми көмүрдүкү 200-250 жылга жетет. Көмүрдүн геологиялык запасы жер жүзүндөгү күйүүчү ресурстардын 90 пайызын , ал эми газ менен нефтинин запасы 3 жана 10 пайызды түзөт.
Таш көмүрдү кайра иштетүүнүн экологиялык ыңгайлуу ыкмалары бир нече. Аны кайра иштетип, газга айландыруу ыкмасы универсалдуу ыкмалардын бири.
Пиролиз - жылуулук жана электр энергиясын алуу үчүн катуу отунду газ түрүндөгү отунга айландыруу процесси.
Газ генераторун иштетүүнүн негизи - катуу отунду эң аз кислород аралаштырып, жогорку температуранын күчү менен газга айландыруу болуп эсептелет.Пиролиз деп аталган ушул процесстин натыйжасында генератордук, жыгач же көмүр газдары иштелип чыгат. Газдын эсептелинген кубаттуулугу 1100 килокалорий куб метрди түзөт.
Газ иштеп чыгаруучу генератордун конструкциясы өтө эле жөнөкөй, аны иштетүүгө атайын окуп келген адистин деле кереги жок. Газ генератору үч негизги бөлүктөн турат: газ пайда кылуу камерасы, күйүү камерасы жана көмүр салынуучу бункер.
Жогорку температурада иштөөчү деталдар ысыкка өтө чыдамдуу материалдардан жасалат. Азыркы мезгилде газ-дизелдик электро станцияларда жылуулук жана электр энергияларын алуу үчүн генератордук газ иштеп чыгууга багытталган газогенератордук эксперименталдык жабдуу иштелип чыккан.
Ошондой эле турмуш - тиричилик, тамак даярдоо жана турак үйдү жылытуу үчүн табигый газды иштеп бере турган жабдуу да бар.
Азыркы учурда катуу отундун бардык түрүн: чым көңдү, күрөң көмүрдү, таш көмүрдү, антрацитти химиялык составы, күлдүүлүгү канча, күкүрттүн кошулмасынын өлчөмү канча, чоң-кичинелигине карабастан газдаштырууга болот. Катуу отундарды газдаштыруу ыкмасы аркылуу таза водороддон баштап (Н), углероддун оксидин (СО), метанды (N) жана алардын ар кандай пропорциядагы аралашмаларын алып жүрүшөт. Ал аралашмалардын жардамы аркылуу аммиакты, метанолду, оксосинтезди жана генератордук газды синтездеп, бардык типтеги жана максаттагы энергетикалык жабдууларды иштетүүгө пайдаланса болот.Газ менен иштөөчү генератордук жабдуулар химиялык комбинаттарды, ири жылуулук электр борборлорун тейлей алат жана бир эле мезгилде анча чоң эмес өз алдынча иштеп жаткан энергетикалык жана химиялык жабдууларды газ менен камсыз кылалат.
Республикабызда электр энергиясы түшүнүксүз жагдайларда жетишпей жаткан азыркы ыңгайсыз шарттарда эң көп өлчөмдөгү таш көмүрдүн бай запастарын пайдалануу, аларды кайра иштетип газ жана нефть продуктыларын алуу азыркы учурдун эң маанилүү маселеси. Ар бир областта таш көмүрдү кайра иштетүүчү жок дегенде бир ишкана курулуп, ачылып калса, электр энергиясын ар күнү өчүрүп, элдин кыжырын келтирип жаткан азыркы шартта мунун өзү нааразылыкты аз да болсо жеңилдетмек. Шахталардагы ишти жандандырсак, ал жерлерде биз айткан жабдууларды орнотуп, ишти уюштурсак, элди иш менен камсыз кылуу, газ жана нефть продуктыларын туш тарапка ташып жеткирүүнү уюштуруу, иштеп жаткандардын турмуш-тиричилик, социалдык шарттарын түзүү сыяктуу көптөгөн көйгөй маселелер чечилмек. Мунун өзү республикабызга жарымынан көбү сырттан ташылып келип жаткан энергия кубаттуулуктарын пайдаланып иштеген завод-фабрикалардын үзгүлтүксүз иштөөсүн жандандырмак. Бул деген импортту азайтуу жана үнөмдөлгөн көптөгөн каражатты өзүбүздүн өлкөбүздүн экономикасына жумшоо дегендик. Россия берген 300 млн доллар кредиттин бардыгын болбосо да негизги бөлүгүн ушул максаттарга жумшоо керек.Ошондой эле, айрыкча өлкөнүн алыскы аймактарында экономикалык себептерден улам ири электр линияларын тартуу же чакан ГЭСтерди куруу мүмкүн болбогон жерлерде энергия алуунун кошумча булактары болгон күндүн, шамалдын энергиясын иштеп чыгарууга, биогаз жабдууларын орнотууга да жумшалышы зарыл. Маселе ушундай чечилсе, Кыргыз Республикасы жакынкы бир-эки жыл ичинде кымбат баада сунушталып жаткан өзбек газы менен нефть продуктыларынан баш тартаар эле.
Калкаш Батырканов,
эмгек ардагери

РЕДАКЦИЯДАН:
Ушул маселе боюнча өкмөттүн тийиштүү тармагынын жетекчилеринин, көмүрдү кайра иштетүү боюнча адистердин ой-пикирлерине да орун беребиз.