Азимбек Бекназаров:
"Зөөкүрлүк менен ээнбаштыкка теңелген жокпуз"
Бириккен Элдик Кыймыл 31 - май күнү Түптө курултай өткөрө албады. Кыймылдын лидерлерин жана мүчөлөрүн жолдон милиция күчтөрү жана башка уюшкан топтор тосуп, басмырлап, Көл аймагынан сүрүп чыгарышты. Бириккен оппозиция туш болгон кыйынчылыктар жана тоскоолдуктар жөнүндө "Азаттыкка" БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров айтып берди.

- Азимбек Анаркулович, Түптө элдик жыйын эмне себептен болбой калды, ага кандай каршылыктар жана тоскоолдуктар болду?
- Көлдүн түштүгүндө да, түндүгүндө да ар бир округдун чек арасында элүүдөн жүзгө чейин бюджеттик кызматкерлерди, аялдарды, спецназды, мас балдарды таш-паш менен куралдандырып коюп, Түпкө өткөрбөй коюшту. Ошондон кийин Тоңдон, Балыкчыдан, Кочкордон келген делегаттар Балыкчыга жыйналууга аргасыз болушту. Мен мисалы, Даркандан өтө албай, кайра Балыкчыга кайрылып келдим.
Ошол жерге топтолгон элге ар кандай чагымчылык жасашып, баягы эле көнүмүш аялдарды агытып, ызы-чуу, кыйкырык салып, ушунчалык зөөкүрлүк, ушунчалык акмакчылыкка жол беришти. Аларга теңелип ал жерде тургуң да келбейт, сүйлөбөй кетип калгың келет. Ошого карабастан ал жерде депутат Иса Өмүркулов, Топчубек Тургуналиев, мен жана башка укук коргоочулар эл менен жолугушуу өткөрүп, курултайдын маани-маңызын айттык, булардын (бийликтин) бир сутка бою кылган ишин айттык.
- Балыкчы шаарынын башчысы "Азаттыкка" оппозиция уруксатсыз, мыйзамсыз митинг өткөрүп жаткандыктан таркатылды деп айтты. Ошол жактагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тартип коргоо органдары кеп-сөзгө келгенге жараган жокпу?
- Алар бизге чейин эле БЭКтин бир топ активисттерин камап салган экен. Эртең менен барып, Иса Өмүркулов, Азиза Абдрасулова, Эркин Алымбековдор ортого түшүп жатып аларды араң бошотуп алышты.
Биз Балыкчыда митинг өткөрөлү деп чогулткан жокпуз элди. Эмне үчүн Түптө курултай болбой калган себептерин айтып, мындан ары эмне кылабыз деген маселени сүйлөшөлү деп чогулдук. Бирок мэр, шаардын милиция башчылары өздөрү провокацияга барып жатышпайбы.
Бир топ аялдарды алып келип ызы-чуу салганда, биз эми болду, тарайлы - деп жатсак, менин машинамын алдына милициянын начальниги өзү отуруп албадыбы. Мен элдин көзүнчө айттым, "мына провокация кылып атат, көрүп атасыңар, машина менен уруп кетти - деп айтат, үч жолу эскертем, качпаса урам, Бакиев үчүн жанын берди деп айтам" - дегенде, машина менен кичине түрткөндө гана милиция начальниги араң качты. Анын ордуна башка орун басары келип жабышып атпайбы. Алар бизди провокацияга түртүп атышты, эптеп эле биз бирдеме жасасак, мына ушундай кылды деп камаганга аракет кылышты.
- Азыркы учурда БЭКтин мүчөлөрүнөн кимдер милициянын колунда кармалып-камалып турат?
- Азырынча жок. Ушул курултайдын жооптуу адамы Асанбек Сарыбаевдин эки күндөн бери дайыны жок. Телефону өчүрүлгөн. Кайда экенин эч ким билбейт. Эки саат мурда Эмил Каптагаевдин телефону иштебей, дайынсыз болуп калды. Мукар Чолпонбаев Өрүктүдөгү үйүнөн чыга албай отурат. Ары өтүп кеткен бир топ кишилер Түп менен Караколдун ортосунда камалып отурушат. Биз азыр телефон аркылуу кабар бердик, тарай берсеңер болот деп.
Балыкчыда жыйын болуп атканда бир адамды камаганга аракет кылышты, бирок журналисттерге ырахмат, алар болушуп, Сагынбек Момбеков анын ордуна мени камагыла, бул түштүктөн келген мейман болчу - деп атып араң чыгарып кетишти. Аны милициянын начальнигине кичине каяша айтып койду деп эле камаганы жатышкан.
- Азимбек Анаркулович, өткөн жылы деле башыңыздардан өткөн эле, мындай кейиштүү көрүнүш, быйыл деле каршылыктар жана тоскоолдуктар болорун сиздер билген элеңиздер да. Ошонун баарын билип туруп, кандай ой менен бардыңыздар?
- Курултай болбогону менен, Көлдүн ар бир айылы боюнча иштеп, курултайга бара турган адамдарды губернатор, акими баш болуп, милициясы кошулуп үймө-үй кыдырып, машиналарды камап, айдоо күбөлүктөрүн тартып алып, ушундай кылган аракеттери бийликтин ким экенин шайлоонун алдында элге дагы бир жолу көрсөтүп койду. Эл өзү деле түшүндү. Балким, курултайга жыйналганда мынчалык эффект болбойт беле.
Кубат Чекиров, Азаттык