Эл эмне дейт?

Биз президенттик шайлоого барбайбыз
Кыргыз Республикасынын Президенти
Курманбек Салиевич Бакиевге!
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин Төрагасы А.Тагаевге!
Кыргыз Республикасынын
Судьяларынын улуттук кеңешине!
Кыргыз Республикасынын
Жогорку сотунун төрайымы Ж.Алиевага
Урматтуу Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Салиевич Бакиев!
Сизге кайрылуубуздун себеби, Сизди бизге - карапайым элге жаманатты кылып көргөзүп, Сиздин аброюңузга шек келтирип, мамлекеттик түзүлүштү бошоңдотуп, өзүлөрүнүн коррупциялашкан мамилелери менен элдин кыжырдануусуна алып келип жатканын Сизге кабарлайбыз.
Ошондуктан, Сизди Конституциянын гаранты катары элдин кызыкчылыгын сактап берет деп ишенип, Жогорку Кеңештин кабыл алган мыйзамдары эл үчүн иштээрин, кээ бир чиновниктерге паракорлуктун да чеги болоорун көзгө сайып көрсөтүп, мыйзамды улуу тутуп сактаган мамлекет экенибизди таанытат деп түшүнөбүз.
Себеби, биз Ысык-Көл районундагы беш айылдан: Чок-Тал, Өрнөк, Чоң-Сары-Ой, Сары-Ой, Бает айылдарынын тургундары жашаган жерде мурунку миллионер-"Карл Маркс" атындагы колхоз, кийинки "Ынтымак" кооперативинин 70 жыл маңдай тери менен чогулткан байлыгын (кыймылсыз мүлк, бодо мал, жылкы, кой, кочкорлор, техника, складдагы шаймандар, эгин, тегирмен ж.б.) элге таратам-деп өз командасы, туугандары менен Дүйшалиев Досумбай сатып жеп алган.
Ошол кылмыш ишти (он томдон турат), соттор сегиз жыл атайылап созуп жүрүшүп, элдин эмгегин, мамлекетке болгон карыздарды төлөтпөстөн, жылы эскирди деп, Дүйшалиев Досумбайды командасы менен кылмыш жообунан куткарып салды. Соттук кароодо жүргөн убакыттарды соттор атайын созгондору аз келгенсип, ошол убакытты кошо эсептеп, жылы эскирди дегенине жол болсун!
ИИМ, КР эсептөө палатасы, прокуратура 2003-жылы "Ынтымак" кооперативин баскынчылык жолу менен басып алып, өзүн жоюу комиссиясынын төрагасымын деген Дүйшалиевдин 1999-2003 - жылдары жасаган кылмыш иштерин тергеп, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 169 ст., 166 ст. 3-б, 171 ст. 3-б, 35 ст. 3-б, 221 ст. 1,2-б, боюнча баш. бух. Р.Коноева, баш.зоотехник Т.Доолотбаков, май куюучу А.Орозобековдорду айыптоо боюнча жазык иши 2004-жылдын 20-апрелинде Ысык-Көл райсотуна өткөрүлгөн. Ошондон бери Дүйшалиевдин адвокаты, ЖК экс-спикери М.Ш.Чолпонбаев мурунку таасири менен кадырын сатып, элдин эмгегин жеп-ичкен Дүйшалиев Досумбайды командасы менен куткарууда.
1. Ысык-Көл райсотунун кароосуна 20.04.2004-ж. түшкөн жазык иши каралган эмес.
2. Балыкчы шаардык соту 01.07.2005-ж. Дүйшалиев Досумбайды - 15 жылга, Т.Доолотбаковду - 17 жылга, Р.Коноеваны - 13 жылга, А.Орозобековду - 5 жылга соттогон.
3. Ысык-Көл областтык сотунда аппеляциялык арыз менен иш каралбастан, Чүй облустуна жиберилген.
4. Сегиз айдан кийин 24.01.2006-ж. Бишкек СИЗОсунан Чүй облустук сот Ш.Астаркулов тарабынан Дүйшалиев командасы менен кайра тергелсин-деп "подпискага" чыгарган.
5. Иш Жогорку сотто каралбастан Аламүдүн райсотуна 26-апрель 2006-ж. кайра жиберилген.
6. Свердлов райсоту 2006-жылдан 2008-жылга чейин бухгалтердик экспертизага шылтап, эки жыл бою убакытты созуп, кармады. Эксперттер кассалык китепти бергиле деп убакытты чоюп (аны атайлап жоготкону үчүн бухгалтер Р.Коноева алты жылга кесилгенин билип туруп) кассалык китеп жок, жегендерин далилдөөгө мүмкүнчүлүк жок-деп өкүм чыгарышты.
7. Ал эми Октябрь райсоту июнь 2008-жылы сот отурумдарын баштап жана созуп келип 28-декабрь 2008-жылга чейин төрт жолу Чолпон-Ата шаарында, жыйырма жолу Бишкек шаарында соттук отурумдарын өткөзүп, "сегиз жыл өттү, жылы эскирди" деп ишти кыскартып салды (айыпталуучулардын ичинде мурда соттолгондору турса дагы). Алтымыштай киши күбө катары суралды. Улам-улам 10-15 тен жабыр тарткандар келип жаттык. Жол кире, тамак-аш эмне деген гана чыгымга дуушар кылды, ансыз деле куурап пенсия менен күн өткөрүп жетишпей жатканда.
Биздин талабыбыз: Октябрь райсоту Абылкасымовдун ж.б. соттордун үстүнөн кылмыш ишин козгоп, сотторду соттоп бериңиз, анткени соттордун элдин пайдасына өндүрүлбөй калган 23 миллиондон ашык акчасын мамлекетке: Налогго 1 миллион сомго жакын карызды, Соцфондго 977048 сом карыздарды Дүйшалиев Досумбайдан өндүрүп бере албасаңар, соттордон өндүрүп бериңиздер. Эгер мамлекеттик бийлик бар болсо!
Эгер аткарбасаңар 23-июль 2009-жылы өтүүчү Кыргыз Республикасынын президенттик шайлоосуна барбайбыз.
Ошондуктан үлүшүбүздү алып берип, мамлекетке карызды төлөтүп бергиле-деп.

Ысык-Көл районунун
Чоң-Сары-Ой, Чоктал, Бает, Өрнөк, Сары-Ой айылдарынын тургундары





Элди сыйлаган - тилди сыйлаар
"Кыргыз тилинде эптеп-септеп сүйлөймүн" дейт ЖКнын бакыйган депутаты Галина Куликова айым. Кыргыз элинин тагдырын чечип, Кыргызстанда жашаган элдин жашоо мыйзамын жазууга активдүү катышып, ушул креслодон бала-чакасын багып аткан айымдын кыргыздын тилине жасаган мындай мамилеси - башканы билбейм, мени катуу ирээнжитти.

Ооба, жетимиш жыл СССР деген улуу державанын тутумунда турган он беш республиканын атуулдары өз ара пикир алышканда, орус тилин официалдуу пайдаланып келишти. Бул көрүнүш - ошол мезгил, ошол түзүлүш менен шартташкан. Эми, андан бери канчалаган мезгил өтүп, суулар агылбадыбы. СССР ыдырап, өз алдыбызча мамлекет болгонубузга жыйырма жылга жакындап барат. Өзүбүзчө эгемендик алгандан бери өз эне тилибиз деп какшап-сайрап эле келе жатабыз, а бирок аныбыздан мактанаарлык майнап чыкпай келет…
Кыргыз тили мамлекеттик тил - деп кабыл алынганы менен, аны менен параллель официалдуу тил болуп орус тили тизгиндешип келет. Анысына деле ичтарлык жок деңизчи, көнүмүш көрүнүш. Бирок, айрым бир учурларда баары бир дал ушул тил жаатында кыргыз тили орус тилине басынып калган учурлар кездешип, ичиңди туз куйгандай ачыштырат.
Баарыбыз эле көрүп жүрбөйбүзбү, айрым бир салтанаттарда орус туугандарыбыз бир-эки ооз куттуктоо сөзүн кыргызча баштап койсо, баарыбыз алакан чаап кубанабыз. "Ой, бул кыргызча сүйлөдү!" деп терибизге батпай тердеп чыгабыз. А тиги орус тууганыбыз да акцент менен алты сөздү айтканына маашырланып компоюп калат. А эмне үчүн ошол мезгилде биз, кыргыздар, алардын сөзүн угуп ыйлабайбыз?! Ой, керек болсо, биз кубанбай эле - кубара турган, сүйүнбөй эле - күйүнө тургандай нерсе болуп жатпайбы! - деп ким айтат, өзүбүз айтпасак өзүбүзгө.
Баарыбыз эле билебиз, шаарда кызматка орношуп көр. Алгач, жашыңды чектейт, анан билимиңди сурайт. Сөзсүз компьютерди, сөзсүз орус тилин, анан англис тилин билишиң керек. А сенин кыргыз тилиң жөнүндө кеп да болбойт. Мындайча айтканда, кыргыз тили мамлекеттик тил деңгээлинен түшүп, жалаң эле кыргыздардын өз ара пикирлешүүчү "бытовой" тилине айланып калганын айттырбай эле түшүнүп, а бирок ошол эле мезгилде эч нерсе болбогондой түр көрсөтүп отуруп беребиз.
Албетте, Бириккен Улуттар Уюму тарабынан бекитилген англис, француз, испан, араб, кытай тилдеринин катарында турган орус тилинин дүйнөлүк кадыр-баркын ылдый түшүрүү дегеле ойго келбеген нерсе. Тескерисинче, дүйнө элдеринин пикир алышуусунда официалдуулук статусуна ээ болгон орус тилинде кыргыз эли саймедиреп турганына сыймыктаналы. А бирок, ал дүйнөлүк деңгээлден алып караганда ошондой көрүнөт. Тоголок жер шары эмес, нокоттой болгон кыргыз мамлекетинин деңгээлинен алып караганда "А эмне үчүн кыргыз тили өз жеринде, өз элинде кемсинет?" деген суроону бетке чаап эле берсе болот. Эгер кыргыз тили кыргыз мамлекетинде сүйлөнбөсө, башка жерде анын кимге кереги бар?
Илимпоздордун айтымында, дүйнө жүзүндө 4-5 миң тил бар экен. Анын баары колдонулуп жатканы кана? БУУ бекиткен официалдуу тилдерден башка кытай, бенгал, япон, немец, индонезия тилдери менен баары кошулуп 12 тил өз ара пикир алмашуучу, жумушчу тилине кирет. А биздин кыргыз тилин жакынкы 200 жылдын аралыгында жоголуп кетчү тилдердин катарына эбак киргизип коюшкан илимпоздор. Чын-чынына келгенде, мобул түрүбүз менен отурсак, эки жүз жылга чейин эле өзүбүздөн өзүбүз жоголуп бүтөйүн деп
калбадыкпы.
Президент болгусу келгендердин улам бири кыргыз тилинен экзамен тапшырып жатканына кулак салып турдук. Улам бири өтсө, "Азамат, өттү" деп сүрөп калабыз. Керек болсо, депутаттар дагы кыргыз тилинде эптеп-септеп сүйлөбөй, шар сүйлөп, шар окуганга жетишиши керек болучу. Кыргыз Өкмөтүндө, кыргыз парламентинде отуруп, кыргыз тилин билбеген, эптеп-септеп сүйлөгөн чиновниктерге "сиздин мунуңуз натуура, сиз кыргыз тилин сыйлашыңыз керек, сиз кыргыз тилин билишиңиз керек" деп эле айтуу керек. "Балык башынан сасыйт" дегендей, жалпы кыргыз элинин төбөсүндө турган төбөлдөр элге үлгү болуп берсе, көчөдө жүргөн бозбаштар "киргизы" деп сүйлөгөндөн тартынаар эле. Чын эле кыргыз менталитетин, кыргыз дилин, кыргыз тилин билбей туруп Кыргызстандын эли үчүн мыйзам чыгарып жаткандар өзүнүн кайсы жерде эмне жумуш аткарып жатканын билээр бекен? Болбосо, парламент эмес, кичинекей эле фирмаларга ишке кирүү үчүн сөзсүз керектүү болгон орус, англис тилинин барк-баасы күндөн-күнгө көтөрүлүп баратканын айт. А кыргыз тили мектептин деңгээлинен көтөрүлө албай жатпайбы. Билбейм, ушул мезгилге чейин бир дагы бирөөдөн "бул кызматка кыргыз тилин билбесең албайт экен" деген сөздү эшите элекмин. Же кыргыз тили "эптеп-септеп сүйлөп турууга" эле керекпи?

Нурбүбү Бөдөшова