Эй, Россия, Россия, бир боор энем!

Мигранттын күндөлүгү
Москвада кыргыздардан башка да өзбектер, тажиктер, армяндар, молдавандар жана азербажандар көп. Бир орус киши айтат: "Мен бул жактан кара жумушта иштеген казак менен түркмөндү гана көргөн жокмун"-деп. Чындап эле казактарды мындай жумуштардан кезиктирүү кыйын. Алар Москванын мыкты жогорку окуу жайларында окушат же болбосо бизнес тармагында иштешет. Ал эми түркмөндөрдү болсо, дегеле ит менен издеп табалбайсың. Мен Москвада жүрүп бир нерсени байкадым. Жүз өзбек ынтымактуу иштеп жүргөн жерге, эки кыргыз батпай калган учурлар болот. Көралбастык, ичи тарлык сапаттар биздин каныбызда, күрөө тамырыбызда айланып жүрөт окшойт. Кыргыздар Москвада жүрүп өзүбүздү-өзүбүз алдайбыз. "Мени баланча акам алдап кетти"-деген эле балдар. Бири-бирин көтөрмөлөө, жардам берүү дегенге келгенде биз анчалык март эмес экенбиз. Орустар дагы да болсо гумандуу эл, жумушун жакшы аткарсаң сөзүнө турат, акчасын берет.

"Восток - дело тонкое". Таамай айтылган окшобойбу. Азиядан барган поездер токточу Казан вокзалындагы ызы-чууну көргөндө, Кара-Суу базарында, же Андижандын дагы бир базарында жүргөндөй болосуң. Мас, урушкан кыргыз, өзбектер. Бир адам келсе, он адам тосуп алат. бир адам кетсе, он адам узатат. Бир поезде 700-800 адам кеткенде эле узатуучулар менен жок эле дегенде 4-5 миң киши болуп кетет. Ушунча азиаттын бир вокзалда жүргөнүн элестетиңиз, сөзсүз уруш - чатак.

Жаңы жыл. Бишкекте жаштар жаңы-жылды кандай тосот, бардыгыңыздар эле билесиздер. Ушул жактагы адатыбыз менен жаңы жыл күнү Кызыл аянтка чыктык. Бизге окшогон өзбек, тажиктер дагы бар. Бир орус айтып жатпайбы: "Булар кайдан келген адамдар"-деп. Байкасак, чындап эле аянтта жүргөн орустарга караганда азиаттар эки-үч эсе көп экен. Анын үстүнө маданияттуу да эмеспиз. Лейлектен шыр эле Москвага барып калган тоолукту элестетип көрүңүз.

Өзбектер менен тажиктердин алдында минтип мактанып жаткан кыргыз балдарды көрдүм: "Биз өзүбүздүн президентти "кет" деп айталабыз. Силер болсо коркуп, эч нерсе дей албайсыңар" . Ушул да мактанычпы? Билбейм башкалар эмне дейт? Мен муну мактаныч деп айталбайм...

Бүгүн жумушка чыкпай үйдө эс алуудабыз. Анткени, 22-апрель - Гитлердин туулган күнү. Германияда бул датага кандай мамиле кылышат, билбейм, бирок Орусияда бул күн унутта калбайт. 22-апрелде Мосвада иштеген жана жашаган азиаттар менен кавказдыктарды көчөлөрдөн чанда гана көрөсүз. Анткени, ашынган улутчулдар 22-апрелди кызуу майрамдашат жана алар бул күндүн урматына ар түрдүү курмандыктарды жасоого дагы милдеткер. Ошондон улам, Москвада окуган чет элдик студенттерге көчөгө чыкпоо жана абайлап жүрүү атайын бийлик адамдары тарабынан эскертилет. Ал турсун иштегендерди эки-үч күн жумуштан бошоткондор да бар.Ушунун өзү эле бул датанын кандай кооптуу экенинин далили.

Мен өзүм түндүктөн болгондуктан Москвада көп деле танышым жок. Ал эми 20 миллион адам жашаган Москвада эки тааныш (айылдаш же класташ) кыргыз жолугуп кала берет. Башында аябай таңкалып жүрдүм. Керек болсо, Бишкектен да тааныштарыңа дайым эле жолуга бербейсиң да. Москвада түштүк жергесинен ар бир үй-бүлөдөн жок эле дегенде экиден адам бар. Ошондо канча кыргыз Орусияда жүргөнүн болжолдосок болот.

Жакында бир кыргызды өлтүрүп кетишиптир. Оштук экен. Акча чогултуп бердик. Мындай окуялар көбүрөөк кайталанчу болду. Бирок, кыргыздардын Орусияга болгон агымын мындай кооптуу жагдай да токтото албай турат. "Өлсөк да мейли, эптеп иштесек болду"- дегендей мамиле. Бир жагынан орустарды да түшүнсө болот. Москвада анчалык байкалбаганы менен, аймактарда азиаттардын жана кавказдыктардын экономикалык анклавдары пайда боло баштады. Бул Орусиянын мамлекеттик коопсуздугуна доо кетире турган жагдай. Демография көйгөйү дагы бычак мизиндеги маселе болуп турат. Орус улутчулдарынын пайда болушунун дагы бир себеби, азияттардын жана кавказдыктардын жумушчу күчүн арзандатып жибергендери. Мисалы, 1000 доллардык жумушка орус жаштары иштебейт. Кыргыздар үчүн бул көктөн табылган нерсе. А бирок, орустар ал жумушту бүтүрүү үчүн 2000 миң доллар төлөгөнгө да мүмкүнчүлүгү бар. Кыргыздар же тажиктер жок болгондо, Орустар 200 миң доллар төлөп, ал жумушту жергиликтүү адамдарга жасатат эле да...

Бетти даярдаган Заирбек Бактыбаев