Ат башын буруп…

БЭКтин белин Б.Жээнбеков сындырдыбы?
"Ак Шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев президенттикке өз талапкерлигин койгондон баштап эле айрым жалпыга маалымдоо каражаттары аны ур-тепкиге алып жатып калышты.
________________________

Же, Т.Сариев чындап эле Бакиев бийлиги менен өз ара жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Ак үйдүн долбоору менен иштеген саткын, же аны "долбоорго" айланткан басылмалардын өзү Т.Сариевди каралоого далбас урган бирөөлөрдүн "долбоору". "Макалаларды" окуп отуруп мындан башка пикирге келүү мүмкүн эмес.
Ушул маселенин тегерегинде БЭКтин саясий бюросунун бир мүчөсү менен сүйлөшүп отуруп, айрым олку-солку адамдардын ишенимин алыш үчүн Темир Сариев эмне кылыш керек? - деген суроо узатсам "тез аранын ичинде чечкиндүү аракеттерге барып, бийлик менен теке маңдай чыгууга тийиш, башкача айтканда Петровка окуясына окшогон окуяларды пайдаланып, элди күрөшкө көтөрүү зарыл" - десе болобу. "Бул жеке адамдын пикириби, же саясий бюродо айтылган сөзбү?"-десем "Темирге жан тарткан бюро мүчөлөрүнүн жеке пикири" - деп кутулду.
Кандай болгон күндө да БЭКтин саясий бюросу бүгүнкү күндө Темир Сариев тарапка көз кырын агытууга аргасыз. Себеби, "Ачык саясат" гезитинин башкы редактору Бабырбек Жээнбековдун Темир Сариев тарабына ачык өтүшү БЭКти бир топ алсыздандырып, карта жүрүштөрүн чаташтырып салды.
Биринчиден, БЭКтин саясий бюро мүчөлөрү моюндайбы же моюндагысы келбейби, бирок Бабырбек Жээнбеков жетектеген "Ачык саясат" гезити бүгүнкү күндө Кыргызстандын саясат айдыңында эң таасирдүү, эң кубаттуу гезит экендиги талашсыз факт. Гезит жумасына эки жолу 15-18 миң даана тираж менен басылып чыгып, Кыргызстандын бүткүл буллуң-бурчуна таркайт.
Экинчиден, макалаларынын курчтугу, фактылардын талашсыз чындык экендиги "Ачык саясатка" окурман журтунун бекем ишенимин алып берип койгон. Гезит өз окурмандарынын мындай ишенимин өтө эле дыкаттык, жоопкерчилик менен актап келатат. Жумасына эки ирет чыгуу менен "Ачык саясат" өзүнүн оперативдүүлүгүн да көрсөтүүдө.
Үчүнчүдөн, "Ачык саясат" гезитинин башкы редактору болуп иштеп туруп Бабырбек Жээнбеков өзүн адам катары да, кесипкөй катары да көрсөтө алды. Ал көптөрдөн айырмаланып өзүн чыр-чатактан оолак кармады. Адилеттик, чындык үчүн жанын тиштеп иштеди. Бийлик менен криминалдык күчтөрдүн кысымынан, коркутуп-үркүтүүлөрүнөн коркуп, алдастап калбастан гезиттин окумдуулугун ого бетер көчөттү. Бүгүнкү күндө Б.Жээнбековдун атак-даңкы, абройу алдыңкы бешиликтен орун алаары талашсыз.
Төртүнчүдөн, Б.Жээнбеков акырындап жүрүп отуруп, таластык жигиттердин башын бириктирип, "Манастын урпактары" аттуу кыймыл уюштуруп, анын башында өзү турду. Бүгүнкү күндө бул кыймылдын күйөрмандары бир гана Талас областында эмес Кыргызстандын бүткүл областтарында арбууда. "Манастын урпактары" кыймылы кыргыздын патриоттук аң-сезимин, намысын ойготуучу, козгоочу массалык ири күчкө айлануусу күтүлүүдө
Мына ушул фактылардан улам Бабырбек Жээнбеков бүткүл Кыргызстан деп айтпай туралы, Талас өрөөнүнүн эли бир сөзүнө кулак салган, бир да сөзүн жерге таштабаган кадырлуу адамга айланып отурат.
Жеке амбициялары башынан ашкан БЭКтин саясий бюросу ушул убакка чейин оппозицияга, айрыкча БЭКке атан төөдөй иштеп келген Б.Жээнбековго, анын "Ачык саясат" гезитине жеткиликтүү көңүл бурмак тургай, БЭКтин кызыкчылыгын көздөгөн иштиктүү сунуштарын четке кагып, өзүнө жетим баладай мамиле кылып койгондугу анык.
Кандай болгон күндө дагы БЭКтин дейбизби, Атамбаевдин дейбизби, командасы салмактуу бир оюнчусунан айрылды. Бул деген, убагында он төрт таластык жигит-кыздардын убалына калып, түрмөгө кестирген Алмаз Атамбаев эртеңки президенттик таймашта Талас элинин колдоосуна ээ боло албайт деген эле сөз.
Алмаз Атамбаев ишеним көрсөтүп, таластыктардын колдоосун алып берет деп координаторлукка шайлаган Болот Шерниязовдун деле таластыктардын арасында абройу жок дешет. Алтын маселеси боюнча эки ача сөздөрдү сүйлөп жүрүп элдин ишеничинен ажырап бүткөн окшойт ал экс-депутатыбыз дагы.
Билген таластыктар Жээнбеков, Шерниязов маселесине келгенде 2007-жылдын декабрындагы парламенттик шайлоолорду бетке кармашууда. Шерниязовдор иштеген райондорго караганда Жээнбековдор иштеген райондордо "Ата Мекен" партиясы арбын добуш алган. Ал негизинен Бабырбек Жээнбеков менен партиянын област боюнча штаб жетекчиси Дооронбеков Акматтын эмгеги болчу дешет аралашып жүргөндөр.
Мына ушундай кырдаалда пайда болгон Сариев, Жээнбеков биримдиги президенттикке талапкер Темир Сариевдин эртеңкиге сереп сала билген сергектигинен кабар берет.
Аналитиктердин айтымында Б.Жээнбеков Сариевдин акыркы табылгасы эмес. БЭКтин Улуттук кеңеши жөнүндө сөз кылбай койсок деле болот. Себеби, БЭКтин саясий бюросу Улуттук кеңештин мүчөлөрүнө бир нерсени чечүүчү саясий күч катары мамиле кылган да эмес, кылбайт дагы. Аларың керек болсо, Темир Сариевдин тарабына пачка - пачкасы менен өтүүгө даяр деген сөздөр таралууда.
Кеп бүгүн саясий бюронун өзүндө жатат. Угушубузга караганда Бабырбек Жээнбековдун жолун жолдоочулар ал жерде да арбын. 23-июлга чейин шайлоочуларга сөзү өткөн салмактуу саясатчылардын жайгашуу тартиби бир топ өзгөрүүлөргө дуушар болору эмитеден эле ачыкка чыгууда.
"Чындык ким тарапта болсо, эл ошол тарапта болот"-деп айтылчу беле элде?
Күтө туралы.
Акылбек Иманбаев,
Бишкек шаары




  Анвар Артыков:

"Мен акчага сатылбаган эркин адаммын"
"Бириңерден бириң эр, президент болчу кимиңер?" дегендей, алдыдагы президенттик шайлоо көптөгөн кызыктуу окуяларга бай болоору белгилүү болуп калды. Калайык калк азыркы бийликтен ишеничи кетип карайлап отурганда, бириккен оппозициянын дагы эл ишеничин актаары көптөгөн күмөн ойлорду жаратууда. Буга себеп - шайлоо жакындаган сайын БЭКтин жүргүзгөн иштерине көңүлү толбогон белгилүү инсандардын саны арбып барат. Экс-губернатор Анвар Артыков дагы БЭКтен баш тартып жатканын кулагыбыз чалып, анын чын-төгүнүн аныктоого туура келди.
- -------------------------------------
- Анвар мырза Сизди БЭКтен чыгат деп уктук?
- Буга чейин БЭК тууралуу өзүмдүн оюмду гезиттер аркылуу айтып келгем. Биринчиден, БЭКте карала турган маселени үч-төрт гана адам чечип калды. Улуттук кеңешке салынбастан, тымызын иштер жүргүзүлүүдө. Эң негизгиси алдыга коюлган максаттарынан тайып кетти.
Экинчиден, Бириккен Элдик Кыймылдын "президенттикке талапкер"-деп алып чыккан адамын мен татыктуу эмес деп эсептейм. Муну менен келечекте БЭК оппозиция деген наамды жаманатты кылууга алып келүүдө. Айткандары бир, жасагандары таптакыр башка болууда. Булар "акчасы бар гана адам бийликке келүүсү керек"-деп жатышат. Ошол эле Азимбек Бекназаров Бакиевди дагы "акчасы бар"-деп президенттикке алып келген. Эми Атамбаевди так ошондой жол менен алып келүүдө. Эгер Атамбаев шайлоодон утуп чыкса, азыркы бийликтен эч айырмасы болбойт. Анткени, булар бийликке арам акча менен келип жатышат. Анын "Анвар Артыков БЭКтен чыкса болот эле" деп, "Учур" гезити аркылуу айтыптыр. Мен "Ачык саясат" гезити аркылуу Азимбек Анаркуловичтин сөзүн эске алып, ага жана жалпы элге бүгүнкү күндөн баштап БЭКтен чыктым деп билдирем!
- Эмне үчүн сизди БЭКтен кетиргилери келди деп ойлойсуз?
- БЭКтин туура эмес иштерине мен ачык сын-пикирлерди айтып келгендиктен.
- Эмнеге?
- Анткени, алар алдамчы болуп алышты. Азимбек Анаркулович калп сүйлөгөндү өтө жакшы үйрөнүп алды. Мурда Бакиев менен иштеп жүрүп үйрөнсө, азыр Атамбаевден үйрөнүп жатат. Мен Бекназаровду духу бар, бетке ачык айткан адам деп сыйлачумун. Өткөндө Бекназаров мага "Сариев бийлик менен сүйлөшүп, түштүктөн Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов кол чогултуп жүрөт"-деп айтканынан, мен: "Азимбек Анаркулович, түштүктөн Сариевге колду бийлик эмес, мына мен чогултуп бердим" дедим. Чындыгында, Сариевге колду түштүктөн мен чогултуп бергем. Себеби, ал менден суранган. Эгер Бекназаров суранса деле чогултуп бермекмин. Анын калп сүйлөгөндөрү мени жийиркентип салды. Азимбек Бекназаров мен тууралуу көптөгөн калп сөздөрдү таратууда. Ал сөздөрүнүн ар бирине мен сөзсүз түрдө жооп берем. Мен акчага эч качан сатылбаган эркин адаммын. Эч убакта бирөөгө көз каранды болуп жашап же бирөөгө карыз болуп көргөн эмесмин. Эгер мага каршы далилдүү нерселерди айтса, мен мойнума алам. Азимбек Анаркуловичке айтаарым: бирден-бир калыс, чындыкты таамай жазган "Ачык саясат" гезитинин бетинен жолугуп, ачык сүйлөшүүгө чакырам.
Суроо салган
Назгүл Мамытова