Талаштан тактык жаралат

Т. Жаманбаеванын чүмбөтү акыры сыйрылыш керек эле...
Газетанын өткөн санында (07.04.09) "Адамдык касиетти сактасак..." аттуу материал жарыяланган. Анда УТРКнын продюсери Т.Жаманбаева УТРКда иштеген Б.Боркеевке жана УТРКнын баш директорунун экс орун басары А.Кадыровага карата бир топ катуу сөздөрүн айткан эле... Бирок, окурман журту телефон чалып А.Кадырованын да пикирин беришибизди талап кылды. Ошондуктан гезиттин талабына ылайык ал кишини маекке тарттык.

- Анаш Кадыровна, узак жылдар бою теленин жылдызы катары миңдеген көрүүчүлөрдүн эсинде калдыңыз. Кыргыз телерадио тармагында сиңирген эмгегиңиз эбегейсиз экенин элибиз жакшы билет. Эми суроого өтөйүн, "Балээнин баары 2006-жылы УТРКга ызы-чуу менен жетекчиликке келген Анаш Кадыровадан башталды…" деп Тамара Жаманбаева
айтпадыбы?
- Мен ызы-чуу менен келген жокмун. Тескерисинче, мен келгенде УТРКда Б.Сутенова бир тарап, Ж.Муслимова экинчи тарап болуп бөлүнүп, бир тарабы ачкачылык жарыялап, бири менен бири учурашпай, кырдаал оор экен. Ушул ызы-чууну мен келип токтотуп, элди ынтымакка келтирдим. Т. Жаманбаева болсо эки тараптын ортосуна улам-улам май куюп, күчөтүп турган экен…
Кызматка чыккан эле күнү башкы директор Кыяс Молдокасымов мени чакыртты. Жанында профсоюздун жетекчиси К.Калилов отуруптур.
- Анаш Кадыровна! Сиз орун басар болуп келсеңиз "Жаманбаеваны иштен кетирем!" деп Б.Сутенованын жактоочуларына убада бердим эле. Мына, кызматкерлердин колу коюлган каты да турат, - деп түз айтты. Мен чоочуп: " Эмне үчүн мен келсем, Т.Жаманбаева кетиш керек? Бул туура эмес го?! " деп Жаманбаеваны коргодум. Көрсө, бир топ кызматкерлер "Кадырова менен Жаманбаеванын мамилеси жакшы, Анашты үгүттөп, өзүнө жакпагандарды куугунтуктап, иштен кетирет, интриганы аябай жасайт" дешкен экен. К.Калилов да сөзгө аралашты эле "Сен Жаманбаеванын ордун алгың келип турабы?" деп кагып койдум. "Кетиребиз! Эл катуу талап кылып жатат. Жаманбаеваны кетирбесек экинчи тарап ачкачылыкка отуруп алат. Бир тарапты араң токтоттук. Азыр абал оор", - деди Кыяс Сатарович. Ошондо мен айлам кетип Т.Жаманбаеваны безилдеп коргоп жалдырадым: "Мага бир апта убакыт бериңиз. Эл менен сүйлөшөйүн. Экиге бөлүнгөн жамаатты жараштырууга аракет кылайын. Түшүндүрөйүн", - дедим. Ошондо башкы директор мени карап ойлонуп туруп: "Анаш Кадыровна! Өзүңүзгө өзүңүз кыласыз, кийин "Жаманбаеваны кетирип бериңиз" деп мага кайрылбаңыз!", - деди. Көрсө, ошондо ал олуялык кылган экен. (Ишенбесеңер К. Молдокасымовдон сурагыла).
Мен Т.Жны дароо чакырып: "Сизди кетсин деген катуу талап коюлуп атат. Каршы болгондорго барып жарашыңыз, өткөн-кеткен болсо унутуңуз, элдешиңиз", - дедим. Жамаатты ынтымакка келтирүү үчүн аракет жасап, эң алгач "Казынанын" коллективи менен жолугуштум. Алар: "Радио тынч, ынтымактуу элек. Т.Жаманбаева теледен радиого келди, балакет башталды. Бөлүнүп-жарылып, ызы-чуу күчөдү, ынтымак кетти. Илгертен бирге жүргөндөр Жаманбаеванын интригасынан саламдашпай да калдык", - дешип, башка да көп кемчиликтерин жандары күйүп-бышып айтышты.
- Сиз Т.Жнын айтканын кылып, ага жакпагандарды куугунтуктайсыз, себеби, ал кандай гана жетекчи келбесин чүлүктөп алат, - дешти. "Мен бирөөнүн сөзүнө кирбеймин, жетеленме эмесмин. Өз позициям бар, баарыңарга калыс боломун. Андай сөзүңөрдү койгула", - деп араңдан-зорго ийге келтирип, коллективди жумшарттым (Чогулуштун протоколу бар).
Ар бир чыгармачыл жамаат менен жолугуштум. Көпчүлүгү Т.Жаманбаева жөнүндө тескери ойлорун айтышып, аны кетирүү жөнүндө көп сөз болду. Бирок, ынтымакка келтирүү үчүн болгон күч-аракетимди жумшадым. Эгерде адилет болбосом, баарына бирдей мамиле кылбасам, мени эки айга жеткирбей иштен кетиришмек. Жагдай ошондой болчу. Менин эки тарапка бирдей мамиле жасаганым Т.Жга анча жага бербеди, чогуу чай ичип жүргөнүбүздө өзүнө каршы чыккандардын бир тобун кетирүү идеясын айтып калчу. Мен: "Тамара эже, өзүңүздүн КТРден кетпей калганыңызга кудай деңиз. Азыр баарына тең карабасам, эртең ызы-чуу чыгат", - деп сөзүнө маани бербей койчумун. Мен кызматка жаңы келгенимде Тамара Жаманбаеванын "эки жүздүү, ичи тар, көрө албас, бузуку, интриганка, желмогуз кемпир" деген псевдонимдери бар эле....
2006-жылы июнь айында ЖКнын КТРди коомдук телерадиого айлантуу боюнча токтому чыкты. Ошондо кабарчылар микрофондук кагазына кол койдурганы киришсе Т.Ж. "Жакында Молдокасымову баш болуп, Кадыровасы төш болуп, кызматтарынан кетишет, Ж.Муслимова башкы директор болуп келет", - дей баштаптыр. Ошондо бир орус тилдүү кабарчы кыз: "Эже, кантип ушинтип айтып атасыз, Вам ее не жалко?" десе: "Кетмектен кетишсин, мен өзүм жөнүндө гана ойлонушум керек!" деп көкүрөгүн ургулайт. ЖКнын токтомун көтөрүп алып сүйүнүп мага келди: "Ай, Анаш, радиого зам болуп отургандан пайда деле жок, эми сиңдим Муслимова ген.директор болуп келет, сени майлуу -сүтүү коммерческийдин директорлогуна коем" дейт, - мени какшыктагандай. "Ушундай сөзүңүздү коюңузчу эже, мен бул жерге акча жейин деп келген эмесмин!" - деп кырс жооп бердим. "Киши аласы ичинде" демекчи, ошондон кийин Т.Ж. баскан-турган жерлеринде, Акүйдө, көкүйдө, аш-тойлордо, өлүм-житимдерде, алтургай "Эркиндик" партиясына чейин барып, мен жөнүндө ар кандай ушактарды таркатып, кыскасы, мени кетирүүнүн камына кирди.
Т.Жаманбаеванын ушундай иштерге "устачылыгын" Б. Боркеев макаласында ("Ачык саясат" 31.03.09. №24-ред.) минтип таамай, так айтыптыр: "…көшөкөр-лөрүңүздүн колун топтойсуз, сиз андайга уста эмессизби, анткени, телевидениедеги чыр-чатактын баарында кол топтоону уюштургандардын башында сиз турганыңызды мен беш колдой билем…", - дегени чындык экенин УТРКнын жамааты жакшы билет.
Т.Жаманбаева болсо эч уялбай туруп, "Бири-биринин үстүнөн арыз жаздыртуу Анаш Кадыровадан башталды…" деп жаздырып атпайбы гезитке…
Тири укмуштуудай интрига жасоо, бирөөлөрдүн үстүнөн арыз жаздыртып, кол топтоо, жаманатты кылуу Т.Ж.нын негизги өнөрлөрүнүн бири экен. Көп фактылар турат. Бирок, мен азырынча 2-3 фактыны гана айтып турайын.
Жумаев Алтынбек аттуу таланттуу, мыкты журналист азыркы "Замана", мурдагы "Кутман таң" телеберүүсүндө чоң реформа жасап, бутуна тургузган жигит.
Т.Ж. ар кандай айла-амал менен анын ордун тартып алып ишке киришти. Аз убакыт өткөндөн кийин, "кокус кайра келип калбасын" деп (ошол кезде алар Т.Жны "Заманага" продюсер кылып койгондугуна байланыштуу М.Эшимкановго каршы ачкачылыкта отурушкан), өзүнүн сыноодон өткөн "ыкмасын" колдонуп, коллективдин атынан кат уюштуруп: "А.Жумаев менен К.Темиров ориентациясын жоготуп, экөө жашап жүрөт…" деген абийирдүү адам оозуна албай турган калптарды жазып, жамааттын колун койдуртуп башкы директорго кайрылышкан. А.Жумаев мага келип: "…бу кандай маразм, Жаманбаева дегеле жан койбогон неме экен, мен аны сотко беремин" деп ачууланды.
- "Алтынбек, айрым адамдар карыганда ушунтип калат, чоң энеңдей болгон немеге теңелбе!" деп сотко бердирбей койгом. Азыр ошол кол коюлган кат менин колумда, эми сотко мен беремин.
"Заманада" иштейт элем…" деп Мээркан Токтоматова деген кыз кабинетке келди. Акүйгө кат жазып алыптыр. "Эже, сизге айтып коеюн дедим, "Сенин өңү-түсүң, баскан-турганың Анашка окшош, сүйлөгөнүң да оштуктардай экен, меня раздражает" деп куугунтукка алып жатат, сизди мага көп жамандады" деп, бир топ сөздөрдү айтты. Каттын көчүрмөсү бар.
Нурийла Кожотаева деген кадыр-барктуу, УТРКга эмгеги сиңген эжени "көрө албай, атайылап жаманатты кылууга аракет жасап, иштен мыйзамды бузуу жолу менен айдатып, майыптыгын алдырып салган". Сот адилеттиги бар экен, кезинде Кожотаева кайрадан жумушка орношуп, майыптыгын калыбына келтирген. Нурийла эже жөнүндө "Кыргыз Туусуна" чыккан макалада аны шылдыңдагандыгы үчүн Жаманбаеванын үстүнөн ЖКга арызданып жүрөт. "Ушунун азабы өттү, такай давлением көтөрүлөт, сотко берип жаагын жаппасам болбой калды" дейт.
Роза Рыскелдинова деген элге кеңири таанымал өтө таланттуу диктор бар эле. Ошого ит көрбөгөн кордуктарды көрсөтүп, берилип жаткан "Маданиятка эмгек сиңирген кызматкер" деген наамын бердирбей койгон. Эже нервинен "язва" оорусуна чалдыгып, депрессия болуп, акыры кайтыш болгон. Ушул жөнүндө, жана ТЖ.нын жаш кездеги кылык-жоруктары, 30 жашынан баштап мурду менен сүйлөп дикторлукка жарабай калгандыгы ж.б. лары боюнча белгилүү жазуучу, мыкты режиссер И.Мусаев "бестселлер" жазып жатам дейт. Кыскасы, ал кишиде чоң архив бар экен.
Т.Ж. өзүн "ак, тазамын, үлгү боло турган инсанмын" деп ойлойт окшойт. Үлгүлүү, жакшы аял бирөөнүн үй-бүлөсүн бузабы?
Жаманбаев деген профессордун үй-бүлөсүн бузуп, 5 баласы менен аялын кетирип, тийип алганын бүт Кыргызстан билет. Бирөөнүн үйүн бузганы аз келгенсип, өзүнүн мурдагы күйөөсү Курумбаев Жумадилден төрөгөн эки баласынын фамилиясын өчүрүп, (өз атасын чандырып, жасалма түрдө канын алмаштырып, тукумун өчүрүп) Курумбаев Азиз Жумадилович болсо, аны Жаманбаев Азиз Акматбекович кылып өзгөрткөн. Ушул адамдык касиетти сактообу? Экинчи баласын да ошондой кылган. ЗАГСтын архивинде турат.
Эми экинчи күйөөсү Жаманбаевдин көзү өткөндөн кийин анын атын өчүрүүгө аракет кылып, кубулуп, өзгөрүп, керт башынын кызыкчылыгы үчүн өлкөнүн президенти К.Бакиевге жагынып, жакындаш үчүн "Жаманбаева" дегенди жок кылууга аракет жасап, "Тамара Бакиева" деп жаздыртып, айттырып жүрөт, кой терисин жамынган карышкырга окшоп (КТРдин 50 жылдык юбилейинде ж.б. запистерде турат). Ушундай да эки жүздүүлүк болобу?..
УТРКнын экс төрагасы А.Матисаковду кызматтан кетириш үчүн 1 ай отпуск алып, Акүйгө тынбай каттап, акыры алдырып тынганын, кийин А.Матисаков: "Тамара эже, сиз менен конфликтке барбай эле иштей берсем болмок экен" деп өкүндү" деп бир эмес бир канча жолу мага айтканын танбас.
- "... мага болбогон жерден асылып, планеркада оозго албаган сөздөр менен кемсинте баштады" деген Жаманбаеванын сөзүнө эмне дейсиз?
- Мен Жаманбаеваны кемсинткен эмесмин, ал өлкөнүн президенти К.Бакиевге каршы митинг уюштурган М.Эшимканов баштаган оппозициячыл күчтөр менен байланыш түзүп жүрдү. Мага кирген сайын минтип айта баштады: "Бакиев кетет, Кулов президент болот!" Анысы аз келгенсип, радиодогу кабарчыларды үгүттөп, тымызын, былгытып жатты. Эфирге К.Бакиевди шыбаган материалдарды даярдатып, кетирүүгө көп аракет жасады. Мен алдыртып таштап, кабарчыларга жаман-жакшы көрүнүп кетирбей отуруп, мунун акыры катуу кармашка айланды. Идеялык күрөш башталды. Жаманбаева ноябрдагы митингдин алдында кабинетке келип: "Успокойся, Анаш! Бакиев кетет! Иши бүттү!" деди. Мен чыдай албай: "Бакиевдин балакетин албай, эшикке чыгыңыз!" дедим. Уккан-көргөн күбөлөрүм бар, өзү айткандай кудай көрүп турбайбы, кимдин ниети кандай экенин.
Балээ мына ушундан башталды. Мен Бакиевди колдоп, Жаманбаева оппозицияны колдоп, өзүнө кабарчыларды тартып, үгүттөп, КТРде ызы-чуу көбөйдү. Планеркадагы уруш-талаш мына ушундай идеялык көз караштын айынан чыккан. Биз күйөө же бийлик - байлык талашып урушкан эмеспиз. Мурда ынтымактуу, эже-сиңдидей болчубуз…
- Сизди түрмөдөн чыгарууга мүнөздөмө жазып бергенмин, контрабандист ж.б. иштерди жасаган деп атат го?
- Мени жаманатты кылуу үчүн Т.Ж. ушундай жалган маалыматтарды таратып, Ж.Муслимованын колу менен "Агым" гезитине жаздырган. Газетаны 50 миң сомго, Ж.Муслимованы 5 миң сомго айыпка жыккам. (Ленин райсоттун 26.06.2007-ж. чечими №582\07 Б1).
Президент Указга кол коердон мурун жети атасына чейин болбосо дагы, өзү, ата-энеси, бир туугандары соттолгон эмеспи деп администрациясынын канцеляриясынан текшерттирет. Ушуну Т.Ж. билип туруп атайлап карасанатайлык кылып атпайбы. Т.Ж. Кыргызстанга таасирдүү адам болсо, түрмөдө отурган кыз-келиндерге мүнөздөмө жазып берип, четинен чыгара бербейби. Кандай абсурд? Калптын дагы чеги болчу эле."За мошенничество", жана 180-статья, 166-статья деп оозуна келгенди оттой бериптир. "Деги бул аялдын ден соолугу жайындабы?" деп таңгалдым. Мактанат имиш "Анаш сотко берсе, М.Эшимканов өзүм жардам берем деди" деп. Эми кудай урбадыбы өмүрү соттолбосом ал кантип жардам берет???
Оозу-мурду кыйшайбай: "жездесине тийип алган" дептир. Аймончоктой болгон 17 жаштагы кызга кантип эр табылбасын? Жалгыз жездем бар (Т.Ж. аны менен тааныш), эжем экөө 39 жылдан бери бактылуу жашайт. Күйөөмдүн көзү бар үчүн эч кимге жетелетпей машине айдап жүрөт. Т.Ж.га окшоп эки эрдин башын жуткан каражолтой катын эмесмин, кудай сактасын.
Ал жазгандай 20 айдоочу эмес, 2 айдоочу, 25 секретарь эмес, 3 секретарь, анын бирөөсү күйөөгө чыгып кеткен, бирөөсү айлыгы аз деп кетип калган, 3чүсү мен кеткенде жумушта калган. Мен түнкү 10-11ге чейин иштечү элем, ошондуктан өзүмдүн айлыгымдан 2000 сомдон берип турчумун. Шоферлорум, секретарларым ушул убакка чейин эжекелеп телефон чалып, кабар алып турушат. Кызыккан кишилер кадрлар бөлүмүндөгү буйруктары менен таанышса болот. Менин эч качан ичим эч нерсеге күйбөйт, көралбастыгым жок. Тузун өзү жалай берсин! Кыскасы, Т.Ж. "Эл артисти" деген наам алганда, эл мыйыгынан күлүштү. Раматылык М.Садыркулов анын кагазын Сыйлыктар бөлүмүнө көргөзбөй алып кирип, президенттен кол койдуруп чыккан экен. Ошол кишинин арбагына күндө куран окуп турса аздык кылат. "А.Кадырованы качан кетиресиңер?" деп М.Эшимканов менен М.Садыркуловдун кулагынын кужурун далай алды го…Өмүр бою эфирден түшпөй иштеп жүргөн дикторлордун көбү ушул аялдын "бут тосуусунан", "интригасынан" ардактуу наамды алалбай зар какшап жүрүшүп пенсияга чыгып кетишти.
- Сизге көп жакшылыктарды кылганмын дейт го?
- "Айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле" демекчи, жакшылык кылган болсо эки тараптан бирдей болот да. Негизи жакшылык кылганды айтпайт дейт. Эми айла канча ушунча болуп калды бир-эки эле жолку жакшылыгымды айтып кетейинчи. 2006-жылы апрель айында "Уулум Алишер Жаманбаев СНБнын подвалында жатат, 1000 доллар жетпей кыйналып турам, чыгарып алайын, берип тур"-деди. Мен боорум ооруп, 1000 доллар бердим. Мына, сүттөй ак кылып чыгарып, кайра эле мурунку орду "Манас" аэропортундагы таможняда иштеп жатат. Анан уялбай туруп калп айтып "прокуратура, сот, милиция менен такыр ишим жок эле"-деп атпайбы. Кантип иши болбосун? Илгери Ош телевидениесине которулуп барганда кылган жакшылыктарым гезит бетине батпайт. Эл билет. Жакшылыктарымды унутса өзүн да кудайга койдум!. Жетимишке чыкты десе эле чычалап кетет. Кыргызда жакшы карыйын деп ушак-айыңдан алыс болуп, насаат сөздөрүн айтып, небере эркелетип, балпайып төрдө отурчу эле. Бу жарыктык киши карыганда ТВданбы же гезиттенби интервью берсе эле сүйүү, күйүүдөн айтканы кызык. "Мени түндөсү машинеге салып кетишчү эле, эшикте жигиттер дайыма күтүп турушчу эле, мусор төккөнү чыкканымда келишчү эле, аябай сүйүшчү эле, түштөрүнөн ("Тамара" деп) чоочуп ойгонушчу эле" дей берет. Уят эмеспи!
- "Кыргыз рухунун" 20-марттагы санына чыккан Т.Жаманбаева жөнүндөгү чуулуу ырды сиз жаздырдыңыз беле?
- Т.Жнын тескери жоругун, ыпластыгын ашкерелеген ырды ким жазганын өзү жакшы билет. Т.Ж.нын өзү чыр-чатактан башы чыкпаган аял. Бул 1933-жылдары Германияда фашисттер бийликке келгенде өзүлөрү Рейхстагды өрттөшүп, Георгий Димитровду каматып, коммунисттерди куугунтукка алган Гитлердин ыкмасындай кеп. "Кыргыз Руху" газетасы аркылуу Президентке, ЖКга кайрылуу жазган 5 акын-жазуучунун кадыр-баркы чоң, таланттуу акындар. Аларды жок кылыш үчүн ( себеби Кадырованын колдоочулары деп) УТРКдагы башка кызматкерлерди коркутуп-үркүтүп коюш үчүн УККга чакыртып, анысы аз келгенсип, аттестациядан кулаттырып тынды. Мына сага адилеттүүлүк! Мага да чакыруу кагазын жиберген экен, ошол кезде мен 2002-жылы айылыма мечит салдырдым эле, атамдын атын койдуртуп. Ошонун чатырын оңдотуп бүтүрүү үчүн ошол жакта элем. "УКК кызматкерлери барса, эшигин ачпай коюптур" деп көз ачыктык кылып атпайбы.
Бейшенбек Асекович мага таарынбасын, беш маал намаз окуган, калп айтпаган ажы адам. Кечке жуук мага телефон чалып: "Анаш эже! Жаманбаеванын шермендесин чыгарып, Меңди Мамазаирова дастан жазып, бир нускасын Т.Ж.нын кабинетине кыстарып, калганын башка жактарга таратып, бирөөнү мага Меңди эже баш болгон "Ибаратта" иштеген үч аял алып келишиптир. Угуп туруңуз! - деп ырды окуп берди.
Эми алардын да жандары кашайганда дастан түрүндө жазып жетекчиликке жеткирели дешсе керек да. Бирок ушундай нерсени ачык кылганда оң болмок. Көп элдин убалына калышты.
"Шектүү шексинет" дегендей Б.Боркеевдин макаласынан ыза-кордугун тартып, күйбөгөн жери күл болуп, ага "лям" деп ооз ача албай, "эч кандай таарынычым жок" деп актанып, бүт күнөөнү Көркөм кеңешке түртө салыптыр. Эки жүздүүлүк деген ушул да. Боркеев деген көкжал, бирөөнүн сөзүн уга койчу жан эмес, аны менен менин эч кандай мамилем жок экенин билип эле турат... Анан жаны жоктук кылып, алжыган адамча мага асылып кирбедиби. Т.Ж. эч нерсени туура кабыл албайт, баарын кыйшык ойлоп, өзүндөй көрөт. Бул аялда дегеле ыйман жок. Жердеш инисине (М.Эшимканов) пайдасынан зыяны көп болду. 50 жыл иштеп калыстыгынын жоктугунан, чагымчылдыгынан,өзүмчүлдүгүнөн коллективге жек көрүндү болуп калган. Өч алатурган адамдары ого эле көп. Эжесинин өчүн алып берем деп отуруп М.Эшимканов өзүнө көп душман ашырды. Инисин сыйласа, жакшылык кааласа эбак эле пенсияга чыккан, кетип калса болмок...
- Сизди революцияга катышкан эмес дептир го?
2005-жылкы элдик революцияга катышмак тургай, президенттин ишенимдүү адамы катары күнү-түнү тытынып чуркап, иштегенмин. Жадакалса уулум ошол кезде Японияда окуп жүрүп, ошол жактагы президенттик шайлоо участогун жетектеген. Япониядагы эң популярдуу, элита окуй турган "ZAIKAI" (Финансы дүйнө) журналына К.Бакиев жөнүндө, япон тилинде эң сонун макала жазып чыгарган. (Мына, колумда турат, окугула.) Ошол кезде И.Болжурова Японияга барып, шайлоо участкасындагы иштин жыйынтыгын көрүп ыраазы болгон экен. Элдик революцияда акча таркатылган деген ушак сөздөр айтылып жүрбөйбү. Ош, Жалалабаддан келген аялдар үйлөрүнө кете алышпай, акча сурап кайрылганда канчасына жол кире бердим, колдору коюлган тизмеси колумда турат. Ак үйдү кайтарып жаткан сиңдилеримди моралдык -материалдык жактан жакшы эле колдодум. Революциянын биринчи талабы мени эмес, Т.Ж.га окшогондорду тазалоо эле. Ошондо Т.Ж. мага кайрылып: "КТРден кетсин деп элдик курултайыңарда атым аталыптыр го?! " деп таарынган! 24-март күнү жанын сактап, "Замананы" таштай качканын бүт КТРчилер билет. Күнөөсү болбосо эмнеге качат. Ким-ким, революция жөнүндө Т.Ж. сүйлөбөй эле койсо, анткени революцияны көрөөргө көзү жок эле. УТРКнын жамааты Т.Ж.дан жадап бүтүштү, эгер Мелис иниси кетирип ийсе, бир торпок союп, түлөө өткөрөт элек деп жүрүшөт. Ушинтип элге "желмогуз кемпир" аталып, "шүмшүк" көрүнүштүн кереги бар беле...? Мен жөнүндө макаланын чыкканына эки ай болуп калды, жооп жазбай эле коеюн десем, Т.Ж. гезитти сумкасына салып алып, көрүнгөн жерде көрсөтүп, окуп "Мына, менден коркот" ж.б.сөздөрдү айтып жүргөнүнөн аны кыйнабай, жооп берип коеюн дедим. Мага кылбаганы калган жок, ошентсе да өзүмдү көп жолу тыйып, ачуумду жутуп, эл алдында абийирибизди ачышпайлы деп жүрсөм, өзү тажаалданып жулунуп, мага асылды. Эми өзү айткандай соттун чечимдерин алып аттуу-баштуу күбөлөрүн ээрчитип сотко келсин! Соттошкон жагынан бу кишиде тажрыйба чоң. Акыры кимдир бирөө Тамара Жаманбаеванын чүмбөтүн сыйрыш керек эле, ошол вазипа мага келип калганы өтө өкүнүчтүү.

Маектешкен
Машакбай Рахманкулов


РЕДАКЦИЯДАН:
Басма сөз жөнүндөгү мыйзамдарга ылайык, элге таанымал эки айымга бири-биринин дарегине айтчу кептерине бирдей мүмкүнчүлүк бердик. КРнын Жарандык жана Кылмыш-Жаза кодекстеринин талаптарына ылайык бири-биринин кадыр-баркына, беделине шек келтирише сот аркылуу коргоп алууга укуктуу.