Президентиң ким?

"Багы жок элдин баатыры ким?"
"Багы жок элдин баатыры көп" деген чукугандай сөз бар кыргызда
Бүгүн ошол сөздү ар бир кыргыздын жылаңач бучкагына чапкылап, кайра-кайра кайталап айтуунун ыңгайы келип турат. Башкасын айтпаганда да, эртеңки президенттик шайлоого аттанган "баатырларды" карап отурсаң "олда шордуу кыргызым ай" деп өзүңдөн өзүң түтөп бүтчүдөйсүң.
Деги, кыргыздын "так талашкан" бүгүнкү "күлүктөрү" кимдер? Ушулардын кимиси элдин маңдайын жаркытып, үмүттүү жашоого үндөп, артынан ээрчите алат? Кимиси бүгүнкү күнгө чейин элдин назарын сындырбай, астейдил иш-аракеттери, айткан сөздөрү менен купулуна толуп турду? Колуна калк тагдыры берилсе ушулардын кимиси элдин үмүтүн актап, "бири Урумга, бири Кырымга, бири Эренге, бири тереңге" чачылып кеткен кыргыздарды чогултуп, баштарын бириктирип, көкжал Манас болуп бере алат?
Өзүбүзгө-өзүбүз ушул суроолорду берип отуруп бүгүнкү президенттикке талапкерлердин ичинен Темир Сариев жөнүндө көп ойлондук.
Акыркы кездерде айрым гезиттердин нускасын жасалма көтөрүп, Т.Сариевди "көрдөн алып жерге, жерден алып көргө" салган аракеттердин максаты эмнеде? Аларды кимдер жасоодо?
Чынын айтсак, кимдер жасагандыгына кызыгуунун өзү пастыкка алып барчудай. Бул жерде Темир Сариевди элге жаман көрсөтөбүз менен алек болгондор анын атак-даңкын ашырууда, атын элге кеңири жайылтууда, Топчубек Тургуналиев айткандай, "эбегейсиз" эмгек сиңирип жатышат. "Антиреклама - рекламанын эле бир түрү" деген ошол турбайбы.
Темир Сариев жөнүндө ар кандай макалаларды (жакшысын да, жаманын да) окуп отуруп, айласыздан көз алдыбызга 2007-жылдын 19-апрель күнү тартылды.
Бишкек шаары. Ала-Тоо аянты. Кылкылдаган эл. Феликс Куловдун "жомогуна" алданып аянтка чыккан "фронтчулар".
Генерал Б.Ногойбаевдин буйругу менен элге газ атып, боз үйлөрдүн түндүктөрүн тебелеткен кыргыз милициясы.
Аба жетпей көкүрөк кыстыгып, борбордук аянттан качкан пикетчилер.
Борбордук трибунада оппозиция лидерлеринен ошондо кимдер калды эле? Бүгүн баары эле баатыр болуп чыгып жатышпайбы.
Ошол учурдун бир элеси, көз ирмеми катары мобул сүрөттөгү жигиттерге көз салып койгулачы.
Өздөрү муунуп баратканына кайыл болуп элдин камын көрүп, микрофон аркылуу пикетчилерге бир нерселерди айтып жаткан Темир Сариев, аны тегеректеп курчап турган жаш жигиттер жөнүндө бүгүн эмнелерди айтууга болот? (Бул жигиттерди редакция менен байланышып, ошол коогалаң учур тууралуу азын-оолак аңгеме куруп берүүсүн өтүнөбүз)

Ушул сүрөттү көргөн адам, 19-апрелдеги окуяларга күбө болгон адам Темир Сариев жөнүндө айрым гезиттерде айтылып жаткандарга ишенеби?
Сен кандай дейсиң, окурман?
Редакция мына ушул сүрөт жөнүндө жазылган мыкты макалага, ырга, аңгемеге конкурс жарыялайт.
Биринчи сыйлык - 5 миң сом
Экинчи сыйлык - 3 миң сом
Үчүнчү 3 сыйлык - 1 миң сомдон.
Конкурстук материалдар гезит беттерине жарыяланып, жыйынтыгы 21-июлда чыгарылат. Бүгүндөн баштап жазгыла, бизге жөнөткүлө.




  Дүжүрүңөр барбы?

Ормон Шаршенов,
"Ай тамга" коомунун мүчөсү:
"Чүй элинин ой-тилегин "дүжүрлөр туюндурбайт"
Өткөн аптада "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Чүй облусунун атынан барган жоон топ өкүлдөрдү президентибиз кабыл алып, чүйлүктөргө абдан ыраазы болгону көпчүлүккө белгилүү. Бирок, эң кызыгы, чүйлүктөрдүн атынан барган аксакалдарды Сары-Өзөн аймагынын тургундары атайын ат арытып жөнөтпөптүр. Калк атынан барган кайран "аксакалдар" бири Москвадан, бири Казакстандан учуп келип, калдайган эл менен кеңешип-кептешпей эле "Чүй эли сизди 100 пайыз колдойт!" -деп аша чапкан кошоматчылыгы жергиликтүү тургундардын нааразычылыгын жаратууда. Андай нааразычылык жаңыдан уюшулуп жаткан "Сары-Өзөн" коомунун негиздөөчүлөрү менен ушул уюмга мүчө болгусу келген облустун тургундарынын жыйынында айтылды. Алар мындай жосунсуз жорукту жактырбай, "уят болдук" деп жерге түкүрүп жатышат.

- Ормон мырза, Чүй облусунун атынан президент менен жолугушууга барган өкүлдөрдү кимдер жөнөткөн? Эмне себептен аталган аймактын таламын талашып жүргөн коомдук уюмдардын өкүлдөрү кошо барган эмес?
- Биз бул жолугушууну телевизордон көрүп, "Ачык саясат" гезитинен окуп, өтө таң калуу менен кабыл алдык. Кыргызда "аксакал" дегендердин орду башка болчу эле. Ата-бабаларыбыз сөзгө маани берип, сөз баккан байыркы эл эмеспи. Бизде аксакалдан башка "чал, абышка, карыя" деген да түшүнүк бар. Мисалы "чал"- деген күнүмдүк көр тирилигинен башканы ойлобогон киши. Купшуңдап эки сүйлөгөн, сөзүнө турбаган адамды "алжыган абышка" деп коет. Ал эми "аксакал" деп ак менен караны ажырата билген, улуу-кичүүгө акыл-насаатын айткан, калыстыгы кара кылды как жарган адамды билебиз. Тигилердин жаш балдардай болуп бири Москвадан, бири Казакстандан, бири тоодо жүргөн жеринен түшө калып, шаша-буша эл атынан сүйлөгөндөрү аксакалдык касиетке жатпай калды.
Жалпы Чүй элинин атынан облустун губернатору сүйлөсө жарашмак. Анткени, ага мыйзам жол берет. Губернатордон башка адамдардын жалпы элдин атынан сүйлөгөнгө укугу да жок. Эгер облустун батыш-чыгышындагы калк жыш жашаган айылдарда жамааттык жыйын өткөрүп, "Кеңешип кескен бармак оорубайт"- дегендей: "Жакында жаңы президент шайлайт экенбиз. Баланча талапкерди колдойсуңарбы?"- деп элден сурап, жарыш сөзгө чыгарып, кеңешип-кептешип, аягында добушка койсо: "Апас Жумагулович же Фелик Шаршенбаевич, ажого айта барыңыз аны биз 100% колдойбуз!" деп көпчүлүк ишеним көрсөтүп жөнөтсө бир жөн. Анан аксакалдар "жамааттардын уруксатын алып келдик"- деп айтышса, мамлекет башчынын алдында жүздөрү жарык, сөздөрү ишенимдүү болмок.
Гүлниза кызым, өзүң айткандай, Сары Өзөн Чүйдө 3-4 жылдын аралыгында бир топ коомдук уюмдар пайда болду. Чүй элинин ой-тилегин жалаң ошол аксакалдардын айтканы туюндурбайт.
Жер соорусу Сары-Өзөн Чүйдө 80ден ашуун улуттун өкүлдөрү жашайт. Улуттар аралык ассамблеясына баш багып, алардан 2-3 кишини кошуп алса деле болбойт беле? Алар деле Чүйдүн эли. Жүздөгөн жылдардан бери чогуу жашап келе жаткан ар улуттун өкүлдөрүн "Чүйдүн эли эмес"- деп танганга акылары жок.
Силер гезитеңерге "Чүйдүн "дүжүрлөрүбү" же "күзүрлөрүбү?" -деп суроону кабыргасынан коюптурсуңар. Биздин аксакалдар "дүжүр чалдарга" айланып кеткенби? деген өкүнүч калды менде.
- Кыргызстандын бөлөк өлкөдөгү элчилеринин бул "үгүт акциясына" чүйлүктөрдүн атынан катышканына кандай баа бересиз?
- Жаныш Рустенбеков Астанадан бир күндүн ичинде учуп келип: "Эл ичин кыдырып, сүйлөшүп чыктым. Биздин эл сиз менен!"- деп айтканы үч жылдан бери элчилик милдетти аткарып жүргөн кишиге кечиримсиз. Элчинин элчилик милдети- мамлекеттин тышкы саясатын жүргүзүп, барган жеринде эки өлкөнүн социалдык-экономикалык, маданий байлыктарын чыңдап, Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоо. Ошол тапта убактылуу иштеп, жашап жаткан мигрант жердештерибиздин көйгөйлүү маселелерин чечип, анан "президенттикке талапкерлерге өз ыктыярыңар менен добуш бергенге мен шарт түзүп берейин" десе, ким деле болсо кубаттайт. Мамлекеттик кызматкер кызмат абалынан пайдаланып үгүт ишин жүргүзүшү мыйзамга сыйбай турган иш. Ушинтип олтурушуп бир ажобуз кошоматчылардын айынан элинен безип кетпеди беле. Биз ал саясый сабакты унутпашыбыз керек.
- "Эмне эле Сары-Өзөн Чүйдүн аксакалдары эртеңки шайлоонун алдында Ак үйдү акмалап калды?"- деген бүдөмүк ойлор жаралууда. Себеби, "Ала-Тоо ынтымагы" коомунун өкүлдөрү да президент менен жолукпады беле?
- Ооба, жакында "Ай тамга", "Ала-Тоо ынтымагы" коомдорунун өкүлдөрү да президенттин кабыл алуусунда болду. Бирок, ал жолугушууда шайлоо жөнүндө сөз козголгон эмес. Анда Чүй облусуна гана эмес, бардык облустардын көңүл борборунда чечилбей жаткан көйгөйлүү талаш-тартыш маселелер көтөрүлдү. Мисалы, Кара-Балтадагы тоо-кен комбинатынын, Орловкадагы таштандылар көйгөйү, "Ганси" жана Канттагы авиа базалар Чүй обусунда жайгашкандыктан, алардан түшкөн каражаттын өлчөмдүү бир пайызы облустун инфрастуктурасын оңдоого бөлүнүшү керек деген талаптарды койгонбуз.
- Кандай жооп алдыңыздар?
- Эки жылдан бери кайрылып, талап коюп келатабыз. Бирок, ачык жооп ала албай койдук.

Маектешкен
Гүлниза Молдокулова