Кокого баткан "кокуйбек" кризис…

Дүйнөлүк кризис
"General Motors"ту
да банкрот кылды
Америка Кошмо Штаттарындагы ири автоунаа өндүрүшүнүн бири "General Motors" 1-июнда банкрот болгондугу жөнүндө Ак үйгө расмий түрдө арыз берди. Бул АКШ өнөр-жайынын тарыхында банкротко учуроонун эң ири окуясы болуп калды . "General Motors" мындан 100 жыл мурда негизделген. Жүз жылдык тарыхы бар бул компания Япониянын "Toyota" компаниясынан кийинки дүйнөдө экинчи орундагы ири компания катары эсептелип келген. Компаниянын жеңил жана жүк ташуучу ар түрдүү автоунаа чыгаруу жана аларды дүйнөнүн төрт бурчуна сатуу менен шугулданган атайы бөлүмдөрү дүйнөнүн 30дан ашуун өлкөсүндө бар. "General Motors" техника жана жасалголоо жагынан үлгү көрсөтүү боюнча башка компанияларды алдына салбай келген. Компаниянын кубаты артып, гүлдөп турган жылдары анын жеңил жана жүк ташуучу автоунаалары эң жогорку баага татып турган жана сатып алууга ашыккан кардарлары оголе көп болчу.
Бирок, 1970-жылдардан тарта АКШнын автомобиль жасоочу башка ишканалары сыяктуу эле "General Motors" да үнөмдүүлүк факторуна, башкача айтканда, күйүүчү майды аз керектеген кыймылдаткычтарды жасоого талаптагыдай көңүл бура алган эмес. Натыйжада эл аралык базарлардагы жана Американын өзүндөгү үлүшүн азайтууга "Toyota", "Honda" өңдүү жапон компанияларына кенен жол ачып берип койгондой болду.
"General Motors" компаниясынын банкротко учурай тургандыгы көптөн күтүлгөндөй эле окуя болду. Акыркы бир жыл аралыгында автоунаалардын сатылышы кескин түрдө кыскарып, компания карызга белчесинен батып кеткен болчу. Тактап айтканда (болжол менен) 170 миллиард долларга жеткен. Бул концерндин өзүнүн базар баасынан да эки эсе көптүк кылат. 1999-жылы компаниянын 1 акциясы 87 долларга сатылса, майдын этегинде анын баасы 1 долларга да жеткен жок. Америкалыктар компанияны АКШ экономикасынын символу катары баалап келишкен.
Банкрот болуп жарыяланган "General Motors"тун баш кеңсеси Детройтто жайгашкан. Бул шаар Америкалык авто өндүрүштүн борбору катары эсептелет.
Бул окуя дүйнөгө дүң болгон күнү "General Motors" АКШнын эң ири 30 компаниясын камтыган "Dow Jonesтун" өнөр жай индексинен алынып салды.
Май айынын этегине карата "GMдин" автомашиналарын саткан 2 миң 500дөй ишкана жабылып, миңдеген киши жумушунан айрылды. Компаниянын бир катар адистери "компания майга үнөмдүү машина чыгарууну талап кылган жаңы шарттарга көнө алган жок" деп, "General Motors"тун туура эмес жүргүзүлгөн экономикалык саясатынын үлгүсү катары баа беришти. Бирок, компания банкрот болгонго чейин азиялык атаандаштарынан айырмаланып, кирешесинин ири бөлүгүн мурдагы кызматкерлерине ар кандай жеңилдиктер түрүндө сарптап келгенин айта кетүү керек.

Компанияны Барак Обама колдоп чыкты
Барак Обама бул ири компаниянын банкрот болгонун туура түшүнүп, колдон келген жардамын көрсөтөөрүн айтып, Америка коомчулугуна атайы кайрылуу менен чыкты.
"Бул өнөр-жай башкаларга окшош эмес. Бул - Америка мамлекетинин рухунун эн тамгасы. Америкалык ийгиликтин бир кездеги жана келечектеги символу. Ал ортоңку классты калыптоого чоң салым кошуп, аны ХХ кылымдын ичинде кемчиликсиз кармап келди. Америкалык жумушчулардын мууну үчүн терең канааттануунун булагы болуп эсептелет. . Алардын кажыбас эмгеги жана кыялын бир кезде бүт дүйнө билген, мыкты автоунаалардын жаралуусуна алып келди. Бул, - биздин экономиканын миллиондогон адамдардын кыялын орундаткан таянычы"- Обама өз кайрылуусунда ушундай сөздөр менен бүткүл америка коомунун көңүлүн бурууга жетишти.
Эми "General Motors" өзүн кредиторлордун дооматтарынан коргоого мүмкүнчүлүк алат. Компаниянын акцияларынын 60 пайызы АКШнын федералдык өкмөтүнүн колуна өтөөрү күтүлүүдө. Мунун ордуна өкмөт "General Motors"ко 60 миллиард доллар өлчөмүндө жардам көргөзөт. Мындан сырткары компаниянын 12%акциясы Канада өкмөтүнүн колуна өтүп, ал "General Motorsко" 9,5 миллиард доллар насыя бөлгөнү турат.
Компания расмий түрдө банкрот деп табылгандан кийин, тышкы башкаруу 60-90 күндүн ичинде аяктайт. Бул жарыядан кийин "General Motors" мурдагыдай гигант ишкана болуу кудуретинен ажырайт. Жумушчуларынын, заводдорунун өкүлчүлүктөрүнүн саны дагы кыскарууга туш болот. АКШ өкмөтү "General Motors"ко (эгер жардам алгысы келсе) быйылкы жылдын 1-июлда чейин компанияны реструктуризациялоо боюнча турмушка жарамдуу планды сунуш кылуусу үчүн мөөнөт берди. Финансылык кризистин залакаларына каршы компания буга чейин өкмөттүк бюджеттен 20 миллиард доллар карыз алган эле. Жалпы бул суммадан "GM" келечекте казынага болгону тогуз миллиард доллар гана акча төлөйт, калганын өкмөт концерндин акцияларын сатуу аркылуу өзүнө кайтарып алат.
АКШнын автоөнөржай кызматкерлеринин бириккен профсоюзу (UAW) жаңы "General Motors"тун 17,5 пайыз акциясын алганы турат.
Компанияны кайра куруу иши эки-үч айга созулат, андан чыкканда "GMтун" мурдагы абалында калбайт: болжолдуу эсептерде 20 миңдей киши жумуштан бошотулаары күтүлүүдө. Мындан тышкары "GM", президент Обама ырастагандай, "эски" жана "жаңы" компания болуп экиге бөлүнгөнү жатат. "Эскилерге" чыгашалуу жана жабылып жаткан заводдор кирет, "жаңысына" аздыр-көптүр киреше берип турган активдер бириктирилет. .
План боюнча компания "Chevrolet", "Cadillac", "Buick" жана "GMC" автомобилдерин чыгарууну уланта бермекчи. Мындан бир айдай мурун америкалык дагы бир автомобил чыгаруучу - "Crysler" кредиторлордон куткарууну өтүнүп, өкмөткө кайрылган. Cryslerдин банкроттук жарыясын көзөмөлдөгөн судья анын активдеринин басымдуу бөлүгүн италиялык "FIAT" компаниясына сатууну туура көрүштү. Ошентип, "Детройттун Чоң үчилтигинен" жалгыз "Ford" азырынча кризис каатчылыгына туруштук берип келатат.
Даярдаган Айбек Шамшыкеев






Кыргыз Республикасынын эл артисти, композитор, белгилүү коомдук ишмер жана "КТР-Обо" гезитинин башкы редактору Түгөлбай Казаковго кызы
Мунаранын
узакка созулган оорудан кийин каза болгондугуна байланыштуу терең кайгырып, азасын тең бөлүшөбүз. Кырчынында кыйылган чырпыктын чынары аман болуп, арты кайырлуу болсун! Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Кайрат кылыңыз, Түкө!
"Ачык саясат" гезитинин эмгек жамааты.

Кыргыз эл жазуучусу, И.Арабаев атындагы университеттин профессору Кеңеш Жусуповго бир тууган иниси
Мураттын
дүйнө салганына байланыштуу көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.
Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! Арты кайырлуу болсун!
"Ачык саясат" гезитинин эмгек жамааты.