"Бармак басты, көз кыстыбы?.."

Алаңгазарлык менен алынса чечим, буга жоопкер болбойт эч ким
Биздин өлкөдө чындыкка жетүү жеңилге турбайт. Карапайым калк канчалык какшаса да, алардын жүйөөлүү сөзү, мыйзамдуу укугу бийлик мунарасындагылар тарабынан эске алынбайт. Ал гана түгүл мамлекеттик бир чиновниктин мыйзамды көз көрүнөө бурмалагандыгы оркоюп көрүнүп турса да, "жабылуу иш жабык боюнча" калтырылат. Чыдамы кеткен адамдардын тобунун бийликке жазган арыз-муңу каралбай, анын акыры митингге же пикетке чыгууга мажбур кылат. Албетте, мунун арты жакшылыкка алып барбайт. Окуянын катышуучуларынын кимдир бирөөлөрү "лидер" деп табылат да, айтор, күч структурасы анын үстүнөн маалымат (досье) топтоп, "кылмыш иши" козголот. Бул бизде азыр көндүм адатка айланганын элдин өзү көрүп отурат.

Алдын ала белгилеп кетели. Борборубуздагы жаңы конуштарда "бармак басты, көз кысты" мамиле менен мыйзамсыз жерлер сатылып келет. Мындай көрүнүштөн шаарыбыздын Ленин районуна караштуу "Арча-Бешик" жаңы конушу да куру калбаптыр. Чаташкан түйүндү түйгөн Бишкек шаарынын башкы архитектурасыбы, же Ленин райондук администрациясыбы, айтор, чындыкты издеген Арча-Бешиктин жашоочулары мамлекет башчысына чейин даттанууга аргасыз болушууда. Талаштын очогу Бишкек шаардык башкы архитектурасы тарабынан 2007-жылдын 3-октябрында Арча-Бешик конушунун башкы планынын схемасына өзгөртүүлөрдү киргизип, проектинин авторунун макулдугусуз КРнын Мамкурулушу 2007-жылдын 1-октябрындагы кеңешменин протоколунун 3 пунктун негиз кылып, 32 А кичи районун түзгөнүнө байланыштуу болуп отурат.
Чынында Арча-Бешиктеги 32 А кичи району мыйзамды жана архитектуралык башкы планды одоно бузуу менен түзүлгөн. Атап айтканда, 2005-жылдын апрелине чейинки документацияларда 32 А кичи району эч жерде белгиленбеген. Арча-Бешик жаңы конушунун курулуш башкы планын түзүүдө 2003-жылдын 30-июлунда 32-кичи районун топографиялык картасында (түзгөн Каплан), 2005-жылдын 4-февралындагы архитектуралык чиймесинде (архитектор О.Абдыкадыров) 32 А кичи районунун "аты түгүл жыты жок" экендиги ачык көрүнөт.
Тилекке каршы, Бишкек шаардык башкы архитектурасы 32 А микрорайонундагы турак-жай салуучу жерлерди аныктап берүүнү талап кылган арыздар 2005-жылга чейин эле түшкөнүн, ошондон улам бул жерлер бөлүнүп берилгенин жана Бишкек шаарынын башкы планында да киргизилгенин белгилешет. Тилекке каршы, 1990-жылдардагы шаардын башкы планынын чиймеси "жоголуп кеткенине" шылтоолошот.
Бирок, кептин чыны башкада көрүнөт. "Сарай төңкөрүшүнөн" кийин Жал кичи районуна чектеш, азыркы күндө жаңы конуштардын ичинен эң "престиждүүсү", инфраструктуранын негизги бөлүгү чечилген бул жаңы конушка көптөгөн мамчиновниктер фальсификациялык жол менен жер бөлдүрүп алышкан сыяктанат. Болбосо, 32 А кичи району 2000-жылдарда эле түзүлсө, 2005-жылга чейин эле бул аймактардагы үйлөрдүн негизги бөлүгү курулуп бүтмөк.
Дагы бир күнөмдүү көрүнүш. Шаардын башкы архитектуралык картасынын ичинен башка кичи райондордун эмес, 32 А кичи районунун схемасы гана "жоголуп" отурат. Ошол эле учурда Бишкек шаарынын өнүгүүсүнүн башкы планынын оригиналынын көчүрмөсүн анда неге Кыргыз НИИПтен сурап алган жок?
Нааразылыктын очогу болгон 32 А кичи районунун аймагында 110 киловаттык ЛЭП линиясы өткөрүлгөн. Мыйзам чегинде бул кубаттуулуктагы электролиниясы өткөн аймакта турак-жай курулушу андан кеминде 20 метр аралыкта сыртта болууга тийиш. ЛЭПтин линиясы Арча-Бешиктеги 32 А кичи районунда жеке үй куруучулардын короосуна кирип кеткенин өз көзүбүз менен көрүп келдик.
Мындан тышкары, Тынчтык проспектисинен Бах көчөсүнө чейин кенендиги 20-30 метрге чейинки кеңдиктеги Южная магистралы, ушул магистралдын жээгин бойлой жергиликтүү маанидеги автожол жана тротуар салынмак. Шаардын мындай өнүгүүсүнүн башкы планы четке кагылып, жергиликтүү маанидеги жолго жана тротуарга бөлүнгөн аймак да турак-жай курууга бөлүнүп берилген экен. Ал түгүл Жал кичи району менен Арча-Бешиктин Южная магистралынын күн чыгыш бөлүгү менчик үйдүн короосу менен тосулуп алынганы анык болду.
Айрым адамдар менен аңгемелешүүдө (алар өз аты-жөнүн гезитке ачык жарыялоого макул болушкан жок) ЛЭП линиясын жер алды менен алып өтөөрүнө бийлик убада бергендигине басым жасашат. Бирок, бул убада качан аткарылаарын эч кимиси так айта алган эмес. Албетте, муну ишке ашырууга азыркы күндө мүмкүнчүлүк жок. Кымбат баадагы кабелдер, аларды алып өтүүгө курулуучу тоннелдер үчүн канча каражаттар жумшалат? Буга сарпталуучу миллиондогон акча каражатын чечүүгө өлкөбүздүн мүмкүнчүлүгү барбы? Ошол каражаттарды башка максаттарга жумшаса, элге да, өлкөгө да пайдалуу болмок?!
Жогорку Кеңештин депутаты, Ленин райондук администрациясынын мурдагы башчысы Н.И.Байло бул маселе боюнча Арча-Бешикте турак-жай курууга жер бөлүштүрүү жана чечим чыгаруу мыйзамсыз жана жасалма мүнөзгө ээ экендигин, ошол себептен айрым жер тилкесиндеги курулуштарды мыйзам негизинде токтотуу зарылдыгын бир нече жолу козгогон менен бийликтин жыйынтык чыгарбай келе жатканы өкүнүчтүү.
Президентибиз К.Бакиев кайсы бир сөзүндө коррупционерлерди билгендер аны көргөзүп берүүгө тийиш экендигин белгилеген эле. Тилекке жараша, мындай коррупционерлер жөнүндө маалыматтар гезиттер аркылуу мамлекет башчысына кайрылуусунда ачык көргөзүлүп келген. Бирок, президентке багытталган бул каттар ошол мыйзамды бузгандардын же аларды коргоочулардын колуна тийип, алар бул үчүн чындыкты айткандарга кысым көргөзүүгө шарт түзүп келе жатканы жашыруун эмес.
Алып көрөлү, 2009-жылдын 22-апрелинде "Трибуна" газетасына Р.Сакеевдин, Т.Жайыловдун, Ж.Борбиевдин турак-жай курууга жер тилкесин алуу үчүн мурдагы айыл өкмөтү Айткуловго, азыркы айыл өкмөтүм Жумабек уулу Талантка жер тилкеси үчүн 10 миң долларды ТОС №9дун төрагасы А.Сатыбеков аркылуу беришкенин белгилешет. Күтүүсүз жерден оорулуу А.Сатыбеков 5-майда дүйнөдөн кайтат. Анын орун басары А.Бакыбаев бул үчөөнү Арча-Бешик айыл өкмөтүнүн башчысы Жумабек уулу Талантка алып келет. Ал үч жер тилкеси даяр экендигин, жерди Дамир Жамакеев көргөзөрүн айтып, кошуп берет. Дамир Жумакеев "кызыл китеп" алуу үчүн 3000 сом төлөтүп алат.
Жер операциясы толук аяктады. Тиешелүү акчалар алынган соң булар менен эч кимдин сүйлөшкүсү келбей калат. Ошентип, бул маселени мен эмес, тигил чечет, бул чечет шылтоосу менен алган акчаларын сиңирип алды көрүнөт. эми аны ким, качан, кантип далилдери табышмак болуп отурат.
Кызмат абалына таянып, күнөөсү үчүн жазаланбасына көзү жеткенби, жер мамилесин жөнгө салуу милдетин толук колуна алган Жумабек уулу Талант №32 кичи районундагы мектеп, балдар бакчасы, турмуш-тиричилик жактан тейлөө мекемелери үчүн бөлүнгөн жер тилкесине өзүнө үй куруп, калганын сатып жибергендиги тууралуу ошол аймактын эли өз арыздарында ачык белгилешет. Бул маалыматтар, баяндалган каттар мамлекет башчысына 3 ирет жөнөтүлгөнү менен, бийлик тарабынан кандай иш-чаралар көрүлүп жатканы элге белгисиз калып, так жообу берилбей келет. Ушундан улам, коррупцияга үндөш окуялар тууралуу маалыматтарга назар салынбагандан кийин, мамлекет башчыбыздын кеби ишке ашпаган куру сөз боюнча калышына шарт түзүлүп жатпасын? Ал эми 15тен ашуун жаңы конуштарда салынган үйлөрдүн архитектуралык табитке туура келбесин, сейсмологиялык жактан талапка жооп бербесин, буга көзөмөл жүргүзүлбөгөндүгүн кан какшап келген Бишкек шаардык башкы архитектуралык башкармасы эми өзү нечен жылдан бери так эсептелинген Бишкек шаарын өнүктүрүүнүн негизги планына каршы иш жүргүзүүсүн кандай түшүнүүгө болот? Мүмкүн, мына ушунун өзүндө коррупциялык баш аламандыкты уюштуруу максаты бар болуп жүрбөсүн?
Арча-Бешиктеги №32 А кичи районунун кандайча кийин уюштурулганын, ал кубаттуулугу 110 киловаттык ЛЭПтен 20 метр сырттан эмес, курулуш курууга тыюу салынуучу "кызыл сызыктын" өзүнөн бөлүнүп берилгенин, жергиликтүү бийлик аны менен гана чектелип калбастан, Южная автоунаа магистралынын бир бөлүгү менчик турак-жайга бөлүнүп кеткенин тийиштүү уюмдар терең изилдеп чыгып,, күнөөлүүлөр жазасын тартуусу зарыл.
Кайдыгер караган адам үчүн мындай өзгөртүүлөр боло берет деген түшүнүк болушу мүмкүн. Бирок, шаарыбыздын жаңы райондорунун көрүнүшүн эл аралык стандартка жеткирүүдө, автоунаалардын шаардын борбордук бөлүгүнө чексиз топтолушун азайтууда, эң негизгиси, жүргүнчүлөрдүн жана бул аймактагы жашоочулардын өмүрүнүн коопсуздугун камсыз кылууда мурдагы архитектуралык негизги пландын сакталышын камсыз кылуу маанилүү.

Эртабылды АТТОКУРОВ
- -------------------------------------------
Редакциядан:
Акырында айтарыбыз, бул маселени бийлик кыска мөөнөттө мыйзам чегинде чечпесе, арчабешиктиктер үстүбүздөгү жылдын 15-июнунда шаарыбыздагы Ленин райондук администрациясынын алдында тынч митинг өткөрүүнү пландап отурушат. Жогорудагы айрым маселелерди Ленин райондук администрациясы менен сүйлөшүп, тактоого жасаган аракетим да ишке ашкан жок. Буга бийлик бутактарынын каршы аргументтери болсо, гезит бетине жарыялоого мүмкүнчүлүк берилерин эмитен белгилемекчибиз.