ДЧ-2010

Африкага карай жол
Ушул жумада Африканын эң түштүгүндө жайгашкан Түшкү Африка мамлекетинде 2010-жылы өтүүчү футбол боюнча дүйнө чемпионатына жолдомо алууга ашыккан УЕФА зонасындагы улуттук курама командаларынын кезектеги беттештери аяктады.

Алардын ичинен Орусия курама командасы үчүн жан тартышкан, КМШдагы эски мекендештерибизге зор кубаныч тартуулаган мыкты матч талашсыз түрдө Орусия-Финляндия беттеши болду десек эч жаңылышпайбыз.
Хельсинки шаарындагы 40 миң скандинавиялык-орусиялык футбол күйөрмандары чогулган стадиондо "сыйкырчы Хиддинктин" насаатчылары жогорку чеберчиликтеги футбол салтанатын тартуулоого жетишти. Албетте, мындай футболдук салтанат өз үйүндө катары менен үч голго күбө болушкан Финляндия улуттук курама командасынын күйөрмандары үчүн эмес, акыркы жылдары дүйнөдөгү мен-мен деген кубаттуу командаларды чөгөлөтүүгө жарап калган Орусиянын улуттук курама командасынын футбол күйөрмандары үчүн чыныгы салтанатка айланды.
Оюндун 27-мүнөтүндө Хиддинктин командасындагы кубаттуу чабуулчулардын бири Александр Кержаков тарабынан эсеп тактасы ачылып, 53-мүнөттө ошол эле Кержаков тарабынан экинчи гол жаратылды.
Ал эми орусиялыктардын көңүл кушун көкөлөткөн жогорку чеберчиликте аткарылган мыкты голду орустардын дагы бир ишенген чабуулчусу Константин Зырянов жаратып, эсеп тактасын дагы бир голго көбөйттү. Ошентип, Финляндия курама командасын үйдө да, конокто да 3:0 менен сызга отургузган Орусия өз тобунда 15 упай менен экинчи орунга ишенимдүү түрдө отура алды.

Эрнис Балбаков