Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы
Турсунбек Акундун
Ысык-Көл облусунда болгон окуялар боюнча билдирүүсү
Кыргызстан өзүнүн эгемендүүлүгүнүн дээрлик 18 жыл ичинде демократиялык кайра түзүүлөр, плюрализм жана сөз эркиндиги чөйрөсүндө бир топ жетишкендиктерге ээ болду. Бул көп жагынан биздин укук коргоочулардын, жарандык сектордун активисттеринин жана коомчулуктун өкүлдөрүнүн аракетине ылайык болду. Мунун айкын далили катары 2009-жылы 12- майда Кыргызстан биринчи жолу Бириккен Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешине мүчө болгону эсептелет.

Бирок ошого карабастан бизге кубанууга али эрте. Алдыда бизди чоң жана талыкпаган иштер күтүп турат, аларды биз мыйзамды бузбастан жана цивилдүү усулдар менен укуктук айдыңда гана жүргүзүүбүз керек. Кыргызстанда тилекке каршы, тигил же бул бийликтин айрым өкүлдөрү биздин өлкөнүн негизги мыйзамы болгон - Конституцияда бекитилген жарандарыбыздын укуктарын бузган учурлар бар.
Мунун айкын далили-2009-жылы 31-майда Ысык-Көл облусунда болгон окуя эсептелет, мында жергиликтүү бийликтер укук коргоо органдарынын активдүү катышуусунда Бириккен элдик кыймылдын лидерлеринин курултай өткөрүүсүнө тоскоолдук кылышкан. Курултайды уюштуруучулар өз убагында тийиштүү билдирме бергенине карабастан баш тартуу болгон. Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык баш тартуу тууралуу мындай чечим соттук тартипте гана кабыл алынышы керек эле. Жергиликтүү бийликтердин жана милициянын бул аракеттери-жарандарыбыздын тынч митингдерди жана жыйындарды өткөрүүгө укуктарын одоно түрдө бузууга жатат. Атап айтканда "Жарандардын тынч, куралсыз митингдерди жана демонстрацияларды эркин өткөрүү тууралуу" Мыйзамынын 5,7,9,10-статьяларынын талаптарын одоно бузууга жатат.
Бул аз келгенсип, курултайды өткөрүү үчүн бара жаткан жолдо ага катышуу үчүн бараткан адамдар кармалды, муну менен жарандардын эркин жылып жүрүү укуктары бузулду. Жергиликтүү бийликтер тарабынан кетирилген укук бузуулардын катарына Бириккен элдик кыймылдын активисттерин кармоо боюнча мыйзамсыз чаралар көрүлүп, алардын эркин жүрүүсүнө тоскоолдуктар көрсөтүлдү, ошондой эле "Ата-Мекен" партиясынын лидерлери Ө.Текебаев жана Б.Шерниязовдорго карата хулигандык кол салуулар болгонун биздин байкоочулар аныктады.
Атап айтканда, Б.Шерниязовдун көйнөгүн бир топ аялдар айрып салышкан. Күч колдонуу менен хулигандык кылуу КСДП фракциясынан КР ЖК депутаты К.Кадыровго карата да ишке ашырылган. Экс-депутат Э.Алымбековго да кол көтөрүү болуп, анын машинасын оодарууга аракеттер болгон.
Көрсөтүлгөн фактыларга байланыштуу, Акыйкатчыга Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан берилген ыйгарым укуктарга ылайык өлкөдө келип чыккан коомдук-саясий жагдайга тынчсыздануу менен, төмөнкүлөрдү билдирем:
Кыргызстан демократиялык кайра түзүүлөрдүн татаал жолунда турат. Жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо чөйрөсүндө жетишилген жупуну ийгиликтер - коомдун демократиялык маанайдагы бөлүгүнүн, укук коргоочулардын, коомчулуктун жана саясий күчтөрдүн активдүү аракеттеринин натыйжасы болуп саналат.
Ал эми Ысык-Көл облусунда болгон окуялар, жергиликтүү бийликтин аракетинен айрым күч түзүмдөрү өзүлөрүнүн ыйгарымдарынан ашкере аша чабышып, биздин жарандарыбыздын укуктарын ачыктан ачык бузууга барышкан. Айрым кызмат адамдары өлкөбүздүн мыйзамдарын тебеленди кылышкан, ал эми айрымдарынын аракеттерин Кылмыш-жаза кодексинин статьяларынын негизинде жоопкерчиликке тартууга туура келет.
Андан да өкүнүчтүүсү, өзүлөрүнүн укукка жат чечимдери жана ойлонулбаган жүрүм-турумдары менен бийликтин буга окшогон өкүлдөрү кыргызстандыктардын кыжырданууларын жаратып, Кыргызстандын бийлик органдарына гана эмес мамлекет башчысынын беделине да доо кетиришет. Жогорудагы укукка жат аракеттер Президенттин же Премьер-министрдин жеке көрсөтмөсү боюнча болду деп ойлобойм, анткени алар андай көрсөтмө беришпейт.
Бул инцидентти карап чыгып, талдай келгенде курултайды өткөрүүдөн баш тартууда демократиялык принциптерден тайыгандык, ошондой эле демократиялык мамлекет курулуучу маанилүү негиздерди бузуу катары кароого болот. Болуп өткөндөрдүн баарысын тынч жыйындарды, митингдерди өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын тебелөө жана дүйнөлүк коомчулуктун алдында мамлекетибиздин алган милдеттенмелеринен тайыгандык катары эсептөөгө болот.
Жабыр тарткандар айрым жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана укук коргоо органдары тарабынан тебеленди болгон өзүлөрүнүн мыйзамдык укуктарын коргоо маселелери боюнча сот органдарына кайрыла алышат жана кайрылууга тийиш деп эсептейм. Бул маселени сот органдарында кароо учурунда Акыйкатчы Аппаратынын кызматкерлери байкоочу катары катышышып, дыкат мониторинг жүргүзөт деп ынандырып кете алам.
Ошондой эле бийликтин бардык бутактарынын өкүлдөрүнүн эсине салаарым, алар ар качан, айрыкча ар кайсы деңгээлдеги шайлоону даярдоо жана өткөрүү учурунда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерин кыйшаюусуз сактоого тийиш.
Мен, өлкөнүн Акыйкатчысы (Омбудсмени) катары быйылкы жылдын 31-май күнү болгон окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиевге, Жогорку Кеңештин төрагасы А.Тагаевге, Башкы прокурор Э.Сатыбалдиевге кайрылып, бул окуяны өзгөчө көзөмөлгө алуусун суранам. Жарандардын Конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин бузууга күнөөлүүлөр мыйзам чегинде тийешелүү жазалануусу керек.




Эл тараза, эл сынчы…
Жайдын мээ кайнаткан аптаптуу күндөрү ортологон сайын өлкөбүздөгү саясат да күндөн-күнгө өз кызуусуна кирип баратат. Кыргызстандын кийинки беш жылдыктагы келечек тагдырын аныктоочу ошол маанилүү саясий өнөктүккө байланыштуу шаарыбыздын бир катар тургундарынын пикирин билген элек.

Сыдыкбеков Төлөгөн:

Кесибим инженер, өзүм Бишкек шаарында жашайм, Нарын областынын кулунумун.
Эми шайлоо деген саясий окуя акыркы мезгилдерде көпчүлүгүбүздү тажатып да, чарчатып да бүттү окшойт. Президенттик шайлоого барамбы, же жокпу азырынча чече элекмин. Бирок, барган күндө деле менин добушум эч нерсени чечпээрин эң жакшы билем. Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү шайлоонун "шайтан оюнун" 10-15 жылдын аралыгында жакшы эле өздөштүргөндөй болду окшойт.
Негизи эле бүгүнкү бийликтин бир катар саясаттарын колдоого албайм.

Айнура Айдаралиева:

Жалал-Абад областынан болом. Президенттик шайлоо, дегеле саясат дегенге анча деле кызыга бербейм. Шайлоого деле барбайм. Анткени биздеги шайлоолордун таза, айкын өтөөрүнө анчалык деле ишенимим жок. Анын үстүнө президенттик шайлоо жай айынын так ортосунда өтөт эмеспи. Бул мезгил мамлекеттик деңгээлдеги ушундай окуялар үчүн өтө эле ыңгайсыз учур. Балким, жылдын башка мезгилинде өтсө, барат белем, ким билет?

Курман Нурахунов:

Чүй областынын, Покровка айылынан болом, Албетте, шайлоого барып, өз талапкериң үчүн добуш берүү бул менин атуулдук милдетим, бирок кайсы талапкер үчүн добушумду берээримди чечүү мен үчүн кыйынга турууда. Кыргызстандын оппозициялык күчтөрү бириккен БЭК үчүн добуш берет болушум керек.

Валиф Нагиев:

Баары бир учурдагы президентибиз Бакиев утабы деп турам. Себеби, буга чейинки шайлоолорду көрбөдүкпү? Колдо бийлик, астында айтканын эки кылбаган жумушчулары бар. Жеңишке жетиш үчүн мындан артык эмне керек?
Шайлоонун таптаза өтүшүнө ишенбесем дагы, баары бир шайлоого барып добушумду берем. Кимге экендигин айтпайм.

Нина Клепинина:

Мен Бакиевдин кийинки президенттик мөөнөткө калышын каалабайм. Бирок, анын ордуна келүүчү татыктуу адамды көрө алган жокмун.
Бирок, президенттин пенсиянын өлчөмүн 50 пайызга жогорулатам дегени мага окшогон кары-картаңдарга абдан жагууда. Шайлоонун алдында пенсионерлерди алдоону максат кылбай, айткан сөзүнө туруп, пенсиябызды чын эле ошондой кылып көбөйтүп берсе болду. Эгер, дагы бир нерселерин ойлоп таба коюшуп, көз буйдамалап, жарыбаган тыйынын кошуп коюшса, анда эле анын иши оңолбойт. Кары адамдардын каргышы жаман эмеспи.