|
Кыргыз гезиттери Кыргызский газеты |
Кыргыз китеп |
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Алдым-жуттум заманда... "Алдар Көсөөнүн алдооч баштыгын" ээлегендерби, же… Элибиз эгемендүүлүккө ээ болуп, пландуу экономикадан базар экономикасына өттүк. Өнөр жай ишканаларын "өчөйткөн" соң, бийлик бутактары жерди менчиктештире баштады. Алардын ой максаты "дыйкандарды жерге байлоо" болсо да, ал ишке ашкан жок. Жер алгандардын басымдуу бөлүгү каражаттын тартыштыгынан дыйканчылыктан баш тартышты. Айрымдарынын бел чечпей жасаган мээнети текке кетти. Чиркин, жерге жумшаган эмгектин акыбети кайтып, мол түшүм алган менен, сатып өткөрөөр түйүнүн таппай, канча үй-бүлө банкротко түштү. Ошентип, бири жерин сатса, бири жерин таштап, борбор шаарга агылып кете баштаган эле. Албетте, мындай болоорун ошол кезде бийлик бутактары эң жакшы билишкен. Айрым адамдардын аргасыздыктан жерин таштап кетишине жогорудагы жол ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрдү түзмөк. Ошентип, бийлик бутагындагылардын үмүтү акталды. Көрсө, эбин таап, эптештире албагандар таштап кеткендердин жерин "ит жеминдей" каражат менен өздөрүнө менчиктештирүүгө шарт түзүлгөн тура! Эгерде үлүшкө жер алгандар үй-бүлөсүнүн санына жараша эң мыктысы 5-6 гектарга ээ болмок. Ал эми жерге ээлик кылууга бир адамга 50 гектарга чейин жерге ээ болууга укук берген мыйзамдын кабыл алынышы бекеринен эмес экен. Мындай жыйынтыкка келүүмдүн да жүйөөлүү себеби бар. СССРдин учурунда ар бир колхоз-совхоздордун канча гектар айдоо талаасы, чабынды жери, жайыты, анын ичинен канчасы сугат, канчасы кайракы жер экендиги жыл сайын такталып, бекитилип турган. Ошол учурда да айдалган жердин аянтын ондогон гектарга азайтып көргөзгөн менен азыркыга караганда бир кыйла реалдуу мүнөзгө ээ болгондугун моюнга алуу керек. Анда айрым фактылар менен анализ жасап көрөлү. Түп районунда союздун учурунда "Санташ" совхозунун аймагы картада 31 000 гектар экендиги белгиленген. Анын ичинен 28 800 гектар жер айыл чарбасына пайдаланылууга ылайыктуу болсо, 2 200 гектар аянт аска-зоо катары көргөзүлгөн. Мына ушул айыл чарбасына ылайык бул жердин 2 800 гектары айдоо талаасы, 3 500 гектары чабынды, 22 400 гектары жайыт деп көргөзүлүп келген. Пландуу экономиканын шартында жердин аянтын кошуп жазуу чарбага зыян алып келээрин эске алсак, анда жердин көлөмү реалдуу мүнөзгө ээ болоорун эч ким тана албайт. Ал эми азыркы Санташ айыл Өкмөтүнүн маалыматында 4 600 гектар жайыт, 500 гектар чабынды аянт, 1 900 гектар айдоо талаасына ээ. Натыйжада, жайыт жерден 17 800 гектар, 3 000 гектар чабынды аянты, 900 гектар айдоо жери "асманга учтубу", же айыл Өкмөтүнүн башчысы Искак Тыналиевдин "парманы" менен Санташтын аймагы "кичирейип" кеттиби, айтор, бул аймактагылардын өздөрүнүн акылы жетпей, аң-таң болуп, акылдан тайып турган учуру экен!.. Албетте, "кулак укса, курсак кайнайт", айыл Өкмөтүнүн эсебине кирбей калган жер аянттары эмнеге жана ким үчүн кызмат кылып жатат? - деген суроо менен бийлик бутактарына кайрылмакпыз. Ар бир айылдын аксакалдары, аз да болсо актив болгон карылар бул айыл Өкмөтүнүн аймагында 17 миң гектар табигый чабынды бар экенин белгилешет. Жерлер менчиктештирилген мезгилде Кыргызгипроземдин күнөөсүнөнбү, же жергиликтүү жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынан кеткенби, айтор, миңдеген гектар жер жок болуп отурат. "Бошогон" мындай жерлер "жумурткалоочу ОБОНчуларды" багып, "чоң казаттарга" даярдоочу полигонго айландырылганбы? Анын жашыруун сырын райондун акими же облустун губернатору гана билбесе, бул да "мамлекеттик жашыруун сырга" айланып отурбайбы? Азыркы күндө Санташ айыл Өкмөтүнүн балансасында 3,5 миң гектар чабынды жер бар, анын 80 пайыздан көбү Каркыра өрөөнүндө жайгашкан. Бул жер жогорку түшүмдүү, азайтып айтканда эле ар гектар жерден 150дөн кем эмес пресстелген чөп алынат. Анын үстүнө калктын көзүнөн алыс болгондуктан, канча тоют кайсы баада сатылып жатканына көзөмөл кылуу да мүмкүн эмес. Аны бир И.Тыналиев билет, бир кудай билет… Чабынды жерлер арендага берилген, мындан аз "киреше" алынбайт көрүнөт. Алып көрөлү, 2007-жылы И.Тыналиев шашылыш түрдө өргүүгө чыгат да, Каркырага "дем алат". Бул жерде жергиликтүү жана жогорку чөйрөлөрдөгү "олигархтар" ыңгайлуу жайланышкан. Алар үчүн Каркырага барып турганга шылтоо да бар, себеби, И.Тыналиевдин "жардамы" менен алар 200-500 гектар жерди 50 жылдык мөөнөт менен алып коюшкан. Кызмат абалынанбы, же "мыйзам - буйлаланган төөгө" айланганбы, айтор, Жер тууралуу мыйзамда юридикалык тарап 50 гектар, физически тарап 25 гектардан ашык жерге ээ болбостугу көргөзүлгөн болсо да, алар нормадан тышкары дагы ондогон гектарлаган жерге ээ болушкан. Ал эми ижара акысы алардан жарыбаган өлчөмдө алынат. Ушул эле көрүнүш Табылгыты капчыгайындагы 400 гектар айдоо талаасына да тиешелүү. Кароосуз калып, азыркы күндө ал жер "өздөштүрүлбөгөн". Дыйкандардын көбүнүн каражаты жетишсиз, ошол эле учурда айыл чарба техникасынын жетишсиздигинен жарыбаган үлүш жерлери кеч иштетилген. Агротехникалык эрежелер одоно бузулуп, натыйжада түшүмдүүлүк кескин төмөндөгөн. Ансыз да "өздөштүрүлбөгөн" жогорудагы 400 гектар жерди которуштуруп айдоого пайдаланса, асылдуулугу төмөндөгөн айылга жакын жерлер "эс алып" калбайт беле? Бирок айыл Өкмөтү буга караганда баасын төмөндөтсө да ижарага берсе, канча кадыр-баркка, кошумча каражатка ээ болот? Эл үчүн башты оорутканча, өзүңдүн кирешеңди ойло деген принцип күчөгөнбү? - деген күдүк ой ушундан улам күч алат. Азыркы күндө райондук статистиканын маалыматына таянсак, 4 250 ири мүйүздүү мал, 2 515 жылкы, 9 955 майда жандык (кой-эчкилер) бар. Ал эми ветеринардын эсебинде 13 300 ири мүйүздүү, 4 400 жылкы, 38 000 майда жандык бар экендигин белгилесек болот. Мындан чыккан бул айрымачылыктын айыл Өкмөтүнүн айыбы канча дечүлөр бар. Буга ой жүгүртсөк малдын айырмачылыгындагы каттоодон өткөрүлбөгөн малдан алынган салык "бармак басты, көз кысты" болуп, айыл Өкмөтүнүн "чөнтөгүнүн кирешесинин" булагына айланбасын?.. Ошону менен катар жыл сайын коңшу айыл Өкмөтүнүн 100 миң баш малы үчүн жайытты ижарага берип турууга багытталып жүрбөсүн? "Укмуштуунун төөсү жорго" демекчи, аракеттеги объекттер менен чарбалык субъекттердин көлөмүн кескин төмөндөтүп, алардын 10дон бири гана каттоодон өткөрүлгөн. Санташ айыл Өкмөтүнүн аймагында 100 аракеттеги объект бар, алардын 60ы совхоз учурундагы мал кыштатууга ылайыктуу стандарттуу короо-сарайларды түзөт. Мына ушул короо-сарайлардын 5өөсү гана айыл Өкмөтүнүн каттоосунда болуп, салык төлөшөт. Тилекке каршы, короо-сарайлар менен анын тегерегинде 0,60 гектардан кем эмес жер кошо бөлүнөт. Бирок, Санташ айыл Өкмөтү ушул короо-сарайлардын салыгын төмөндөтүү максатында жердин аянтын жомоктогудай аянтка ("Баба Яганын бийлөөчү үйүндө") ээ кылат, тактап айтканда, 1-кашарга бөлүнгөн жер - 0,064 га, 2-3-кашарларга - 0,056, 4-кашарга - 0,014 га, 5-кашарга - 0,0123 га жерге гана ээ экендиги белгиленет. Мына ушунун өзү эле айыл Өкмөтүнүн башчысы И.Тыналиевдин бюджетти толтурууга каршы "саботажы" болуп жүрбөсүн? Чарбалык субъектилердин ушул мезгилге чейин так эсепке алынбаганын ушул факт эле тастыктап отурбасын? "Өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илген" И.Тыналиев өзүнө кадыр-барк топтоо жана ал аркылуу өзүнө жетиштүү каражат топтоо максатында Каркыра айылынан 80 жер тилкесин, №3 фермадан же Санташ айылынан 30 жер тилкесин жеке турак-жай курууга бөлүп берет. Натыйжада, Жер Кодексинин №77-беренесинин 3-пункту одоно бузулуп, градокурулуштун документацияларын бекитүүнүн негизинде жергиликтүү башкаруу органдары жер тилкесин пайдалануу эрежелерин жана курулуш иштерин жүргүзүү эрежелерин иштеп чыгат. Ал эми жер тилкелерин бөлүп берүү, калктуу пунктка өткөрүү жана менчикке өткөрүүгө тийиштүү документтер архитектура жана курулуш органдары аркылуу ишке ашырылары тууралуу мыйзамдар бузулат. Айыл Өкмөтүн жеке бийлөөгө өткөн И.Тыналиев жеке турак-жай курууга жерди бөлүп берүүдө айылдык Кеңештин чечимин алды бекен? "Кайда болсоң, анда бол, аш бышканда пайда бол!" - дегендей, акчанын жыты кайдан чыкса, И.Тыналиевдин ошол жакта болоору төгүндөлбөс, мектептин жылыткычын жана ашканасын оңдоого мектептин профсоюзунун төрагасы К.Сейдылдаевдин проектиси өтүп, АРИС тарабынан 450 миң сом бөлүнөт. Бул окуучулардын санитардык-гигеналык жактан тейлөөнү жакшыртууга багытталмак, бирок "бүттү-бүттү" болгон менен ал өз максатына жетпей калат. "Алдар Көсөөнүн алдооч баштыгын" таап алганбы, же бул Искак Тыналиевдин табигый талантыбы, аны айтуу кыйын. Түрдүү грант акчаларга ээ болуп, андан өөнөп-бутап капчыгын толтуруп алганды өнөкөт адатка айландырган. Буга мисал Санташ айыл Өкмөтүнүн жооптуу катчысы Алтыбаев Мирлан лидерлик кылган проектиге АРИС линиясынан айылдык стадионду металл тосмолор менен курчоого 400 миң сом бөлүнүп берилген. Архитектуралык түзүлүш менен проекттин деталдары жана конструкциялары бири-бирине дал келип, бири-бирин толуктап турууга тийиш эле. Бирок баш аламандык өкүм сүрүп, "кызыл линиянын" бөлүгү (жол, электролиниясы ж.б.) тосмонун ичинде калган. Тосмонун тирөөчү 20-30 сантиметр тереңдикке көмүлгөндөн кийин, анын бийиктиги 1,20 метрди түзгөн. Тирөөчкө колдонуучу трубанын диаметри 100 мм болууга тийиш болсо 76 мм калыңдыктагы труба колдонулган. Ал эми бул трубалар проекти боюнча 80 см тереңдикте жайгаштырылышы керек эле. Ал эми тор зымдын диаметри 3 мм болуусу белгиленсе, диаметри 1,5 мм зым тосмо пайдаланылган. Натыйжада, бул көз буйдамалоо менен канча каражат "сол чөнтөккө" кеткенин АРИСтин Түп райондук координатору С.Карымшаков эсептеп чыгып, учурунда айыл Өкмөтүнүн башчысы И.Тыналиевдин катышуусунда бир тыйынын калтырбай кассага же банкка кайрып берүүнү талап кылганын белгилеп койсок болот. Үчүнчү проект участкалык оорукананын ремонтун жүргүзүүгө багытталган. Элдик жыйын өткөрбөй, лидери шайланбай, проектинин лидери айыл Өкмөтүнүн эжеси Тыналиева Гүлжамал болгондугунда. Буга деле эч ким каршылык кылбас, бирок АРИС тарабынан берилген 125 миң сом толугу менен проектидеги максатка жумшалдыбы? Айрым маалыматтарга таянсак, ремонт ишинде пайдаланылган кытайдын арзан курулуш материалдары экендиги көргөзүлөт. А буга АРИСтин координатору С.Карымшаков калыс сөзүн айтабы, же караандай калпты айтып качабы? Албетте, бул маалыматтар Ысык-Көл облусунун Түп районунун мурдагы Санташ айыл Өкмөтүнүн карапайым калкынын нааразылыгынын бир бүркүмү. Калктын дооматын толук берүүгө гезиттин чаркы келер эмес, бирок бул маалыматтар "асмандан эмес", мамлекет башчыбыз К.Бакиевге жазылган кайрылуудан алынып отурат. Албетте, карапайым калктын чындыкка жетиши кыйын, тактап айтканда И.Тыналиевге коюлган күнөөлөрдүн бир да бири аныкталбагандыгын Ысык-Көл областтык мамлекет администрациясынын башчысынын 1-орун басары К.Алышбаев 2008-жылдын 10-апрелиндеги Кол - 99 санындагы К.Байзаковго берген жообунда көргөзөт. К.Байзаковдун экинчи даттануусун областтык мамлекеттик администрациясы карабай тургандыгына дагы губернатордун биринчи орун басары К.Алышбаев жооп берет (25.09.2008-ж. №Кол - Б - 99 втор.). Ыйманыбызга камчы чаппайлы. Кечээ эле гектарлаган кенен жерлердин эми кыскарып, аянты кичирейип кеткенин, эсепке киргизилбей калган жерди эл эмес, мамчиновниктер ээлеп алаарын эми кантип жашырабыз? Же болбосо келтирилген буюмдай далилдерди бийлик бутактары кантип төгүнгө чыгарышты? Мына ушунун өзүндө "Алдар Көсөөнүн алдамчы баштыгына ээ болгондорду" эркелеткендер кимдер? - деген суроо пайда болот? Же Каркыранын кайгылуу тагдырында, "жумурткалагандарды" таптап, эмгек "сиңирип", ошондон улам эрке баладай элди көзүнө илбей калып жатпасын? К.Байзаков козгогон айрым маалыматтарга гана кайрылдык. Алдыда шайлоонун шайтан оюндарынын алдында президент К.Бакиев бул адамдын кайрылуусу менен өзү таанышып, өз көзөмөлүнө алууга эрки жетээр бекен? Башка учур го мейли, эртең Көл элинин алдына жолугууга барганда, карапайым калктын бир маселесин калыстык менен чечеби, же… Айтпасак да, болбой калды, же жергиликтүү бийликтин даярдаган "жумурткасынын" даамын сызып, ыраазылыгын билдирип тим болобу? Учурунда көрөөрбүз… Эртабылды Аттокуров
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
Кызык макала
|
|
|
| ||||||||||||||