|
Кыргыз гезиттери Кыргызский газеты |
Кыргыз китеп |
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Бакиев Ат-Башыга неге барды? Ушул айдын башында накта президентибиз алыскы Ат-Башы районуна барып кайтты. Ажо келет дегенде Ат-Башынын чиновниктери баш болуп, осуйпалуу кызматтагылары төш болуп Кытайдын чоң машиналары талкалап бүткөн жолду, жааган жамгырга карабай түнкү саат он экиге чейин оңдоп, жыртыгын жамаачылап абдан убара болушту. Кайран эмгек, ошол жолго корогон кайран акча. Дегеним чаламандын чак түшүндө оңдолгон жол бир аптага араң чыдачу эле. Ажо келет деп түнү менен оңдогон жол канча күнгө чыдайт болду экен? Андан дагы кээ бир имиш сөздөргө таянсак ажо Атбашыга эл менен жолугушканга эмес, Карасуу айылынын бери четинен жогору кеткен жолдогу айтылуу Кошой атабыздан мурас калган Кошой-Коргон чебине сыйынганы барыптыр деген, ойго келбеген сөздөр тарады. Бул айтылган сөздүн кандайдыр бир деңгээлде чындыгы бардай. Анткени аким баш болуп түнгө карабай оңдолгон жол ириде кеп кылынган Карасуу айылынын берки башына чейин гана оңолгону айтылган сөздүн чындыгын айгинелегенсийт. Болбосо, бул жол жок дегенде айылдын аягына чейин оңдолот эле го. Айткандай ажо мурунку президенттик шайлоонун алдында да Ат-Башыга барып Кызыл-Бел ашуусун оңдотуп берем деп убада бергени бар эле. Ошол бойдон ал убадасын аткармак турсун, Ат-Башы жергесине бут таштап барган эмес. Бирок, бул жолку барганында "убакыт жетти эми жолуңарды оңдотуп берем" деп убаданы катуу берип кайтыптыр. Бирок, көр турмуштун каарын жон териси менен тартып жаткан, Бакиевдин сөзүн укканы барган эл дүжүрлөрдөй бүжүрөбөй, кошоматтан алыс болуп, "Аксайды уулуңуз Максим Кытайга кырк тогуз жылга сатып жибердиби?" деген сыяктуу ажо күтпөгөн суроолорду берип жатышты. Мындай суроону күтпөгөн ажо таң калып "Ким айтты? Эч кандай сатылган жок бул сөздү мен силерден гана угуп атам" деп жооп берип, өзүнүн кооз сөздөрүн айтып убаданы очойто берип,ошол эле күнү изине кайтты. Бул жерден не дейбиз кайран бийлик, кайран ажолук так эмне деген гана жолду бастырбайт да, жолдун алыстыгына карабай эмнеге гана сыйынтпайт. Бийликтин даамын татып калган адам, бийлик үчүн баарын жасап келген жана жасай бермекчи. Бул тээ алмуздактан бери келаткан өнөкөт иш экенин танып дагы болбойт. Ошентип койдон жоош пейили кенен ишенчээк элеттик эл дагы ажонун берген убадасына ишенип, жашоо оңолот, арзанчылык келет деген илгери үмүттө калышты. Кызды алганга чейин асмандагы айды алып берем деген жигиттин убадасындай Бакиев кайра шайланып калсам баарын аткарам деп убаданы кенен берди, бирок убада аткарылабы же куру сөз менен калабы аны бир гана убакыт көрсөтпөсө, азырынча так кесе айтуу кыйын. Айткандай ата-балага карабаган бул заманда ким-кимге ишенет? Азыркы чиновниктер өтүккө түшкөн таш болуп бутту өйкөгөндөй элдин ырыскысын талап-тоноп, алдым жуттумдукка кадам таштап өлкөнүн кызыкчылыгынан өз кызыкчылыктарын жогору тутуп калганын жашырганда, капка шибегени каткандай эле болобуз го. Чепкендин жакасына жабышкан тикенектей болгон коррупция деген балекет дагы чабыр өлкөбүздү артка тартып, өнүгүүгө бут тоскону чоң үшкүрүктү пайда кылууда. Бирок, "балык башынан сасып жатса" коррупцияны ооздуктоого кандай айла кылмак элек? Бечел мамлекетибизди белден алган коррупциясы аз келгенсип, элибиздин пейили менен жүрүм-туруму, өзгөчө колундагы кичинекей бийлигинин курмандыгына айланышкан атка минерлерибиздин кошоматчылыгы билинбегени менен, өлкөбүздүн өнүгүшүнө опол-тоодой тоскоол болуп жатканы-бүгүнкү турмуштун ачуу чындыгы. Буга бир эле мисал. Эмне үчүн жолдор ажо келээрде гана жааган жамгырга жана түнгө карабай оңдолушу керек? Эмне үчүн президентибиз жолу оңолбогон айылдарга барбайт? Же президентибиз төрт жылдык бийлиги убагында Акаевдей болуп жалаң оңдолгон түз жолдордо жүрө берип, чын эле Кыргызстандын кычык-пычыгына чейин асфальтталган кычыраган жолдор салынып калганына ишенип алганбы? Мындай суроолордун саны көп, бирок жооп жок. Айткандай ажо кеткенден кийин эле Ат-Башынын убактылуу оңдолгон жолу кайра эле таз кейпин кийип калганын көргөн жергиликтүү эл, кошоматчы жергиликтүү бийлик билермандарына наалат айткандан башка аргалары калган жок. Эгер ажобуз чын эле эл кыдырып, жер кыдырып өз элинин чыныгы жашоо-турмушун көргүсү келсе, эч кимге жарыялабай эле, эч кимди даярдантпай эле жер кыдырса өз элинин чыныгы жашоосунан кабардар болмок. Кыскасы, айтып отурса арман көп демекчи, бийлик сересинде Кыргызстан үчүн жүрөгүн берип иштеген жан адам жоктой элес берет. Чынында эле караңгыда жол оңдогон кайсы өлкөдө бар. Бул дагы жасалмалуулуктун жана чындыкты бурмалагандыктын бир белгиси экенин жашырганда эмне. Түнкү клубдар кимге керек? Акыркы убакта кылаарга иши жок, салаарга кушу жок, ашып-ташкан жаштардын көпчүлүк бөлүгү алтынга тете убакыттарын түнкү клубдарда же кумар ойногон жайларда өткөрүп калгандары көпчүлүккө маалым. Албетте, ким эмне менен алек болот ал ар кимдин өз иши, бирок ириде кеп кылынган оюн зоок, көп жерлерде жаштар жеңил жашоого ык коюп, алкаголдук ичимдиктерге берилип, мунун аркасында ар кандай терс көрүнүштөр кайталанганы өкүнүчтүү. Кээ бир такталбаган маалыматтарга таянсак биздин чабыр өлкөбүздө наркозаттын бир дозасы эки доллар болсо, Тажикстанда төрт долларга бааланары айтылууда. Эгер бул айтылган сөз чын болсо, анда наркомандардын саны өлкөбүздө көбөйүп, көпчүлүк наркобизнеске ооп кетиши турган иш экенин танып болбойт. Ушундан улам наркозаттын биздин өлкөдө арзан болушуна жогору жак жардам берип жаткан жокпу?- деген бүдөмүк ой да пайда болбой койбойт экен. Ансыз деле Кыргызстанды Европа өлкөлөрү наркозатты алып өтүүчү көпүрө деп билет эмеспи. Эгер наркозат биздин өлкөдө арзан болгону чын болсо, биз эмнеден үмүт кылсак болот? Акча үчүн жерин, элин саткан мекен душмандары наркозатты оңой эле элге таратат. Анткени, алар үчүн жаңы өсүп келаткан жаштардын келечегинен акча бийик тураары белгилүү иш эмеспи. Бул маселеге биздин жогору жакта олтурган акылмандарыбыз эмнеге баш оорутушпайт? Балким, алар дагы американын көк акчасын көргөндө "үйдө баатыр жоодо жок" болуп калып атышабы. Айткандай, формачан тартип сакчыларыбыз жакшы эле наркозатка каршы аракет кылгансып жатышат, бирок эмнеге наркозат биздин өлкөдө арзан?-деген суроого жооп табуу кумга түшүп кеткен ийнени издегендей түйшүктү пайда кылат. Каратып туруп калп айткандардын жоругуна эл деле көнүп бүттү. Тилинен чаң чыкканча кооз сөздөрдү сүйлөп, жасаган иштери такыр башка молдолордун кейпин кийген азыркы чоңдорго наркозаттын баасынын арзандаганы эмес, чөнтөк маселеси көбүрөөк түйшөлтөт окшойт. Болбосо, биздин өлкөдө наркобизнестин уюгуна айланган түнкү клуб, казино, автомат ойноочу жайлардын саны өспөйт эле го. "Көзүм көрбөсүн көчүгүмдү бөрү жесин" демекчи, азыркы бийлик билермандары баарын көрүп-билип туруп, көрмөксөнгө салышканы эртеңки келечегибизге балта чабылып жаткандай элес калтырат. Эртеңкибиз бүдөмүк болуп турган кыйчалыш мезгилде коомчулугубузду түйшөлткөн мындай маселеде баягы эле коррупциянын каңырсыган жыты уруп турганы ачык эле сезилүүдө. Себеп дегенде, түнкү клуб салууга, жогору жактан уруксаат алууга эмне деген эмгек, эмне деген акча керек? Эгер акча негизги маселени чечпегенде, атка минерлерде азыраак уят болгондо, жаштарды бузган түнкү клуб өңдүү жайлар түп орду менен жок болбосо да, саны анча-мынча азаят беле? Бетти даярдаган, Бердикожо Бийназаров
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
Кызык макала
|
|
|
| ||||||||||||||