Шакаба-кесе

Куудул Келдибектин күлкү кесеси
Биттерим мойнума куюлганда…
Анда биз төртүнчү же бешинчи класстагы кезибиз болсо керек. Жай келип, жайлоого чыктык. Үксүйүп чачыбыз өсүп, кебете-кешпир кеткен. 16-17 лерге чыгып калган байкелерибиз бар эле. Эриккендеринен эмне кылаарын билбей, тамеки тартып, айыл көздөн учуп, кутуруп турган убактары эле да. Анан таенебиз бакырат аларга:-"Ой, мобурекилерди үксүйтпөй чачтарын алып койсоңор боло?"-деп. Анан баягыларга оюн керек да, Кудай берди болуп, тоонун көк кашка муздак суусуна самындабай туруп, чачтарыбызды чала-була жибитип, эски устара менен чаңыртып-өкүртүп чачтарыбызды алып киришет. Анан чачтарыбыздын алынганын көрсөң ичиң эзилет. Өзүнчө эле согуш талаасы.
Анан кеч кирип, абышкалар улуу сөзгө кирип, өткөн-кеткенден сөз салып отурушат. Эт бышырып жаткан байкелерибиз сүйлөшүп калышат: "Ой, мен бая күнү башымды койдун майы менен майлап, тумакты үч күн чечпей кийип алсам, чачтарым тим эле жупжумшак болуп калыптыр, жибитпей эле ала берсе болот"-десе, экинчиси:-"Эй, менин бутумду билесиңби, аябай шыбоо эмес беле, ошол майдан сыйпап, чулгоомду калың ороп, такыр чечпей койдум эле. Азыр карачы эчтеке жыт жок" -деп сүйлөшүп алып этти көтөрүп, боз үйгө кирип кетишет. Кулактарыбызды делдейтип тыңшап отурган биз, казанда калган шорпонун майларын балжыратып башыбызга, бутубузга сыйпап тумакты баса кийип, чулгоону катыра байлап алдык.
Эми жайлоодо сени ким чечинип жат дейт? Барып эле бүкүлү жыгыласың да.
А-а-анан үч күндөн кийин кулактарыбыздын артынан биттин куюлганын айтпа, а бутубуздун сасыгынан киши эмес, айдап бараткан мал үркөт да, тим эле.
Анан кийинчирээк чоңоюп калганда, ошол байкелерибизге:-"Ой, иттик кылчу турбайсыңарбы"-деп, ошол күндөрдү эстеп, күлүп калабыз.

Атылган посылка
Студенттик кезде Алтынбек Сапаралиев, Анарбек Ибраев, Асылбек Ырсалиев, Сатыбалды Жээнбеков болуп чогуу окучубуз. Карпинскийдин арт жагында жатаканабыз бар эле. Экинчи этажда студенттер турчубуз, калган этаждарда Сейталиев баштаган илгерки атактуу ырчылардын бардыгы үй-бүлөлөрү менен жашашчу. А биз бир бөлмөдө 12 бала жашачубуз. Бир күнү бөлмөбүздө бейкапар жатсак, килейген бир орус катын кирип келип, "Ниязов кто?"-деп эле кыйкырып калды. Айылдан жаңы келсек, орусчабыз нөл да. Бирдеме деп эле кыйкырып атат, бакырып атат. "Где паспорт?"-деди, паспортумду бердим. "Пойдем"-деп алып чыгып кетти. Артынан ээрчип жөнөдүм. Жолдо да бирдеме деп эле кыйкырынып баратат. Көрсө мени орустун болгон уят сөздөрү менен сөгүп баратыптыр да.
А окуя мындай болуптур да. Мага посылка салмай болушпайбы, айылдагылар. Керчө, боорсок, куурдак ж.б толгон-токой тамак-аштарды салып, анан атам:-"Мобу бозодон да салып жибербейлиби"-деп апама айтса, макул болушуп, илгерки шампандын чоң кара бөтөлкөсүнө толтура бозо куюп, сонун кылып тыгын жасап, анан этияттык менен посылканын арасына бекитип, мага жөнөтүп ийишпейби. Жолдо келатып, кайран бозо чайпала берип, Долондон атылган экен да, жаман кемпирдин оозундай болуп.
Анан жанагы орус катын почтага ээрчитип келип, ичине киргизди. Ичине кирсем эле мурдума бозо "бур-р-р"-дей түштү. Бозо менен чоңойгон жаным "мени эмне бозо ичиргени алып келе жатабы?"-деп коем жаман оюмда. Ичинде бары эле орус аялдар экен. Баягы аял бакырып-өкүрүп беркилерге "Ниязовду таап келдим"-деп айтты окшойт. Анан баягы жащикти алып чыгып, кол койдуруп, колума беришти. Ичин ачсам, тим эле шакмар! Кадимкидей эле "мариновайтетилип" калыптыр. Тим эле талашып жегенбиз.
Эми ошол кездеги тартипти карабайсыңарбы? Ошол шакмар болуп, сасып кеткен посылканы өз колума берип жатышпайбы. Азыркылар болсо, ошол эле жерден Нарын суусуна ыргытып иймек.


Асакем тоокторду аборт кылганда…
Жакында эле Асакемдин айылына барып калдым. Шаардын өйдө жагындагы Жал деген айыл эмеспи. Жолдо бир кемпир, эки келин кетип бараткан. Мен берки өйүздө тургам, кишилер менен сүйлөшүп. Анан эле токтоп калышты. Көрсө тиги келиндер айтышыптыр:-"Келдибек Ниязов келиптир биздин айылга"-деп. Анан ал кемпир кыйкырып калды мага "А-а-й, бас бери"-деп. Чуркап барып учурашсам: -"Ай, сен эмне эле Асанкулдун окуяларын ар кимден угуп эле айтып жүрөсүң, менден угуп жазбайсыңбы? Мен жакын эжекеси болом. Сексен бештемин быйыл"-деп калды. "Мейли, айтыңыз, мен деле сурап жүрбөймүнбү, ар кимден. Сизден да угайын"-десем, -"Ой, Асанкулдун тоокторго аборт жасаганын уктуң беле?"-дейт. Капырай 85теги кемпир ошентип жатпайбы?! Жанындагы эки келин уялып атат "коюңузчу апа"-деп. -"Эмне деп атасыз, апа?"-кайра сурасам, "Аборт, аборт, мобулар жасатат го"-деп, тиги эки келинди чукуп коет.
Көрсө, бул окуя согуш мезгилинде болгон экен. 1942-жылы эгин бышканда талаага чегиртке жаман жайылыптыр. Эр-азаматтардын баары согушта болсо, абышка-кемпир, жаш балдарды талаага чегиртке тердирткени айдап чыгышат. -"Деги терип бүтчүдөй эмеспиз. Биягынан терсең, тиягынан күчөйт. "Анан "колхоздун тоогу ачкадан кырылып жатат, ошолорду жайып ийбейлиби"-деп калды дейт бирөө. Аны туура көрүшүп, колхоздун тоокторун жабалактатып айдап келатышат, жер жайнатып. Арасында Асанкул да келе жатат,-дейт-соройуп. Ал өзү ушундай болчу экен да, кайсы жерде болбосун илээшип эле жүрчү. Орустар көчүп баратса деле жүгүнүн арасында соройуп кетип баратканы. Бирөөлөр урушуп атса деле арасында жүрөт. Кыскасы бүт жерде эле жабышып, кыпчылып жүрчү экен.
Анан ошол тоокторду кой бергенде эле жабалактап, чегирткенин баарын кырып кирет. Башкарма ыраазы болуп, "Эми тоокторду жакшылап кайтаргыла"-деп кетип калыптыр. Ал кезде бир тоок үчүн башы менен жооп беришчү да.
Анан тоок кайтарып турабыз-дейт. Башкарма кетээри менен Асанкулду кудай уруп, тырпыратып тоокторду бирден баса калып, ичин ушалап-ушалап, сыгып ийсе, жумуртка "булк" деп ыргып кетет. Абышка-кемпирлер кой десе болбой, дыркыратып кубалап жүрөт. Байкуш тоокторуңдун көчүгү канап, балбактап, басалбай калып жатты. Ошентип, бизге жумуртка жасап берип, өзү килейген шапкесине толтуруп айылга чуу коюп, үйүнө жеткирип келе калды. Анан кечинде башкарма келип, азайган чегирткелерди көрүп эле "Аа, Ырас болду"-деп келип эле көчүгү канаган тоокторду көрүп, "Ай-а-а, кокуй бул эмне?"-деп эле кыйкырып калса, Асанкул жооп берип жатат дейт: -"Чегиртке көп жеген тооктордун артынан кан агат экен"-деп. Эртеси караса, колхоздун элүү алтымыш тоогу өлүп калыптыр-дейт. Башкарма бакырып өкүрүп, Акты түзөлү, өрттөйлү буларды-деп жатса, анда да Асанкул жетип келип:-"Өлсөм, мен өлөйүн. Мага бергиле, өзүм жооп берем"-деп, беш-алты капка тоокторду салып алып, айылдагы туугандарына -"Эй, өз көзүңөр менен көрбөдүңөр беле, кечөө күнү адалдап койбодум беле"-деп таратып бериптир.
(Уландысы кийинки санда)
Жазып алган Эрнис Балбаков