"Биздин президент" ушундай болсо…

Мекенди бүтүн сактай алабызбы?
Президенттик шайлоо үчүн үгүт кампаниясына уруксат берилери менен эле Курманбек Бакиедин башка талапкерлерден артыкчылыгы, тактап айтканда, административдик жана башка ресурстарды өз жеңиши үчүн колдон келишинче пайдаланууга мүмкүнчүлүгүнүн кеңирилиги айкын болду.

Үгүт ишине уруксат берилген 18-июндан баштап, "Бакиев биздин президент!" аталган анын үгүт жарнактары бүтүндөй өлкөнү каптап кетти. "Биздин президент" болгондон кийин, биз Курманбек Бакиев тууралуу бир-эки пикирибизди айта кетүүнү эп көрдүк.
Ооба, Курманбек Бакиев чындыгында эле азыр биздин президент. Жадакалса, ал президенттикке башка талапкерлер менен тең абалда, накта атаандаштыктын шартында күрөшүүдөн коркуп, мына ушул президенттик шайлоо кампаниясы учурунда да президенттик кызматын убактылуу токтотуп турганга дааган жок. Ооба, Курманбек Бакиев чындыгында эле 4 жылдан бери биздин президент. "Жок, Бакиев биздики" деп коңшу Казакстан, Өзбекстан, же Тажикстан талашканын ушуга чейин эч ким уга элек. Анан ага болбой эле "Бакиев биздин президент"- деп, Конституция кепилидикке алган бүгүнкү күндүн реалдуулугун, кайра-кайра маңдайга кадай бергендин кандай кажети бар эле? Муну менен К.Бакиевдин расмий эмес шайлоо штабындагылар-Ак үйдөгүлөр эмнени көздөп жатышат? К.Бакиевдин ушуга чейин "накта" "биздин президент" экендигине ишенбей жүрүшкөнбү, же ал буга чейин "биздин", кыргызстандыктардын кызыкчылыгы үчүн иштебей, башка кызыкчылыктарды коргоп, колдоп келгенин моюнга алып жатышабы? Ошондуктан, К.Бакиевди эми чындап Кыргызстан үчүн иштей турган "чыныгы", "накта", "биздин президент" катары шайлоону максат кылып жатышабы?
Чындыгында, төрт жылдан бери К.Бакиев биздин президентибиз болуп келгендигин эч ким жокко чыгара албайт. Бирок, ал татыктуу президент боло алдыбы? Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоп, бүтүндүгүн сактаган, Конституциянын гаранты болгон чыныгы президент боло алдыбы? Мына ушул жагында мандем бар.
Бул жаатта толгон-токой факты, аргументтерди, мисал-далилдерди келтирип жаза берсе, кагаз бети түтпөс. Ошондуктан, бир гана мисал менен токтололу. А ага чейин байыртан калган бир насыят-уламыш: илгери-илгери бир мамлекет менен кошуна мамлекет тирешип калат. Адегенде, хандын даңазалуу күлүгүн уурдап кетиптир коңшу хандын жигиттери. Жан-жөкөрлөрү: "Бул эмне деген шылдыңы. Согушуп, чабышабыз"-деп келет күлүгүн алдырган ханга. Хан: "Күлүк жылкы табылбай калмак беле, элдин каны бөөдө төгүлбөсүн"-деп, согуш ачкандан баш тартат. Ага болбой эле коңшу хан анын көрөркөз сулуу токолун тартып алыптыр. Ыза болгон хан бул кордукка да чыдап, унчукпайт. Акырында кутурган коңшу хандык бул өлкөнүн жерин четинен басып ала баштаган кезде, хан бүт элин топтоп: "Мындай кордукка чыдоого болбойт, жерибизди тарттыргандан көрө, тирүүлөй көмүлгөнүбүз артык, жер үчүн кашык каныбыз калганча кармашабыз!"-деп, өзү баштап согушка аттанган экен…
"Биздин президент" - "биздин хан" Кыргыз жерине, жер байлыктарына кандай мамиле кылып жатат? Жогорудагы уламышта айтылган насыяттын тескерисинче, күлүк ат, сулуу токол сындуу өзүнүн күнүмдүк жыргалчылык, көрпенделик кызыкчылыктары үчүн кыргыз жерин четинен кертип, коңшуларга тартуулап, мекенибиздин жер-суу байлыктарын чет элдиктердин энчисине кармата берип жаткан жокпу?
Ага жалгыз эле мисал: Каркыра кыргыз жайлоосу жана ыйык көлүбүздүн жээгиндеги 62 гектар жер.
Баарыңарга эп болсо,
Бабаңар айткан кеп болсо,
Күнбатыш жагы Ысык-Көл,
Ар тарабы бирдей тең.
Иледен ылдый айдаса,
Ат чабуучу жери кең.
Аты угулат Каркыра,
Артыкча башка ошол жер.
Мүдүрүлөр аңгек жок,
Суу жеген кемер жок.
Ар тараптан салаалап,
Аккан булак суусу бар.
Сиркедей шакел чыкпаган,
Сай-сайынан шаркырап,
Миңдеп булак куюлган, - деп ыйык "Манаста" макталып, Көкөтөйдүн ашы өткөн, кыргыз эли үчүн тарыхый мааниси кең Каркыранын бир өңүрү "биздин президент" Курманбек Салиевич Бакиевдин аракети менен биротоло Казакстандын карамагына өттү. Ысык-Көлдүн жээгиндеги "Автомобилист", "Саамал" эс алуу үйү, "Казакстан" аталган санатория жана дагы бир спорттук - ден соолукту чыңдоо борбору, баш-аягы төрт пансионат Казакстан Республикасынын менчиги деп таанылып, алар жайгашкан 62 гектар жер коңшу өлкөнүн көзөмөлүнө берилди.
Ырас, Казакстанга, андан да тагыраагы, казак "ханы" Нурсултан Назарбаевге Каркыра жайлоосунун 620 гектар аймагы менен 62 гектар Көл жээгин "белек" кылуу демилгеси экс-президент Аскар Акаевдин мезгилинде көтөрүлүп, бирок толук жүзөгө ашпай калган. Акаев Назарбаев менен кудалашкан мезгилде Алиянын калыңы үчүн Каркыраны канкудасына кармата бергенге макул болгон көрүнөт. Тактап айтканда, экс-президент 2001-жылдын 15-декабрында Астана шаарында кыргыз-казак чегарасын тактоо боюнча келишимге кол коет. Ал келишимге ылайык, Каркыранын бир өңүрү казактардын энчисине ыйгарылмак. А чындыгында, Казакстан эч качан Каркыраны биздики деп талашып, расмий түрдө претензия койгон эмес. Дегеле, Каркыра байыртан бери кыргызга таандык экенин моюнга алышчу. Маселен, казак тилинде "каркыра" деген сөз жок. Каркыраны казактар "тырна" дейт экен.
Өздөрүнө оңбогондой утуш алып келген чегара келишимин казак парламенти 2003-жылы эле ратификациялап салган. А.Акаев бул келишимди ратификациялоону өтүнүп, Жогорку Кеңешке 2003-жылдын 25-августунда жиберген. Бирок, ал кездеги Жогорку Кеңештин Исмаил Исаков башчылык кылган Коопсуздук боюнча комитети менен Алишер Абдимомунов башчылык кылган Эл аралык байланыштар комитети бул келишимди кароодон баш тарткан. Ошентип, Каркыранын тагдыры асманда асылган абалда кала берген болчу.
Көлдөгү төрт пансионаттардын тагдыры деле ушундай. Аларды тартуу кылуу иши да Акаев бийлиги учурунда башталып, бирок ал учурдагы Жогорку Кеңештин күчтүү каршылыгынан улам аягына чыкпай келген.
"Биздин президент" Курманбек Бакиев президент болуп шайлангандан кийинки эң негизги иштерин дал ушул Акаевдин аткарылбай калган иштерин аягына чыгаруудан баштады десе да болот. Маселен, ал президент болуп шайланганына али бир жыл толо электе, 2006-жылдын 4-июнунда дагы да Астана шаарында Ысык-Көлдөгү пансионаттарды Казакстандын менчигине ыйгарган макулдашууга кол коюлган. Бирок, 2003-жылдын 13-июнунда Жогорку Кеңеш бул келишимди Эл аралык иштер боюнча комитетке кайра кароого жөнөтүп, ошол боюнча кайра карабай келген. Каркыра менен Көл жээгин казактардын энчисине ыйгарган келишим-макулдашуулар бул чакырылыштагы парламенттен колдоо табаарынан биротоло түңүлгөн көрүнөт, "биздин президент" Жогорку Кеңешти таркатып, 2007-жылдын 16-декабрында жакында "өрттөнүп өлгөн" жөкөрү Медет Садыркулов менен биргеликте "ак жолчу" деп аталган жаңы депутаттарды "дайындады". Бул "дайындоо" эң биринчи кезекте Каркыра сындуу тарыхый жерлерди бөтөн элге "тартуу" кылып, жер-суу байлыктарын сатып, жеке жыргалчылыктын базасын түзүүгө багытталган "үй-бүлөлүк бизнес долбоору" үчүн зарыл болчу.
"Биздин президент" "Ак жол" "дайындалары" менен эле, өтө шашылыш түрдө 2008-жылдын 10-январында кыргыз-казак чегарасы жана пансионаттар тагдыры камтылган келишим-макулдашууларды парламенттин кароосуна жөнөткөн. Акаевдин мезгилинде өзүн кыргыз жеринин бир метри үчүн да дзотко төшүн тосчудай "патриот" көрсөткөн Адахан Мадумаров төрагалык кылган Жогорку Кеңеш 2008-жылдын 11-апрелинде эки келишимди тең бир күндө талкууламыш этип, ары-бери ратификациялап, бекемдеп берди. Кыргызстанды Каркырадай жеринен айрыган кыргыз-казак келишимин ратификациялоого 65 "эл өкүлү" "макул", 14ү "каршы", 3өө "калыс" добуш бериптир. Ал эми пансионаттар боюнча келишимди 59 депутат колдоп, "биздин президенттин" көптөн күткөн тилегин орундаткан. Талкууда Зайнидин Курманов, Бегалы Наргозуев, Элмира Ибраимова өңдүү "эл өкүлдөрү" казак тараптын кызыкчылыгын активдүү коргоп, "биздин президентке" "ак кызмат" өтөгөнүн өзгөчө белгилеп койсо болот.
Президенттик администрациянын экс-жетекчиси М.Садыркулов "өрттөнгөндөн" кийин Э.Ибраимова гана "күңк-мыңк" этимиш болду. Ал эми башка "ак жолчулардын" баары, "коммунисттердин" да көпчүлүгү өлкө жерин кемиткен "биздин президент" үчүн үгүт жүргүзүп, эртең айыл аралап чыкканы туру. Анткени, "биздин президент" ишаарат кылса, алардын баары Ата Мекенин сатып жиберүүдөн дагы кайра тартпайт.
Мунун баары "биздин президенттин" мамлекет, эл үчүн жасаган "ак эмгегинин" үзүрү. "Биздин президент" кайра шайланса, Кыргызстанга дагы кандай "сюрприздерди" тартуулайт, ким билет?
Анткени, дал ушул "биздин президенттин" тушунда биз дүйнөдөгү эң алсыз, эң коррупциялашкан өлкөлөрдүн катарына кошулбадыкпы?! Дал ушул "биздин президенттин" убагында "булар мамлекет боло албайт, тарап кетет"- деп, бизге сынтаккандар көбөйбөдүбү?
Акылбек Чамашев,
Ош шаары