|
Кыргыз гезиттери Кыргызский газеты |
Кыргыз китеп |
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Кубанычбек Кадыров, СДПК фракциясынын депутаты:"Мага жулунган аялдарга Исаев 100 доллардан берип жалдаган экен" - Кубанычбек мырза, алгачкы суроону жакында эле Көлдө болуп өткөн "чуулгандуу" окуя тууралуу узатсам. Ошол окуяда айрыкча сиз көбүрөөк жабыр тартып, коомчулуктун көңүл борборунда болдуңуз? Бул боюнча сиз тиешелүү жерлерге арыз менен кайрылдыңыз эле, мына ошондон кандай жыйынтык чыкты? - БЭК Арашанда Курултай өткөзгөндө, ошол жерден эмки Курултай Түптө өтөөрү кабыл алынган. Бирок, тилекке каршы бийлик Түптө боло турган Курултайыбызды болтурбоого ачык эле бут тосту. Курултайга келатышкан БЭКтин лидерлеринин бири Болот Шерниязовду, Абдырахманов Октябрды жана башка бир топ азаматтарыбызды укук коргоочуларыбыз жолдон мыйзамсыз кармашкан. Мен ал күнү Кара-Кол шаарында болчумун. Мага алар мыйзамсыз кармалышканы тууралуу телефон чалышты. Мен ал жерге дароо эле келип, Шерниязовду таппай калдым. Абдырахманов болсо, уголовный розыскын кабинетинде экен. Мен кирип барып эле, Шерниязов менен Адырахмановду эмне себептен кармашканын сураштырсам, ал жигит мага: "Эч кимден арыз түшкөн жок, бул жетекчибиз Дүйшөнбиев Эрнистин буйругу" -деп айтты. Аңгыча Дүйшөнбиев кирип келип, "Сен бул жакта эмне жүрөсүң, сени ким киргизди?"-деп мага ушундай жинденүү менен атырылып, оозго алгыс жаман сөздөр менен сөгүп, курткамдан тартып, эшикке сүйрөп баштады. Айдоочумду дагы буйрук боюнча эшикке сүйрөп чыгышты. Мен ал жерден Башкы прокурордун орун басары Асагелдиевге телефон чалып болуп аткан окуяны кабарладым. Аны угуп турган Дүйшөнбиев бир аз тартына түшүп эле, кетип калды. Бир аз убакыт өткөндөн кийин эле беш, алты арак ичкен аялдар жана бир топ жаш жигиттер, болгондо дагы Дүйшөнбиевдин кабинетине кирип келип эле, менин кийимдеримден тытмалап талоонго алышып, мени эшикке сүйрөп чыгарышты. Бирок, башы-көзүмө ургулашкан жок. Ошондон кийин мен кетип калдым. Мына ушул окуя боюнча мурда күнү биздин фракцияда атайын маселе каралды. Фракциянын жыйынына акыйкатчы Т. Акун менен А. Абдурасулова жана көлдөн окуяга күбө болушкан он чакты адамдар келип катышышты. Жанагы, мага жулунган аялдарды губернатор К.Исаев 100 доллардан берип жалдаганы жана ал аялдарды Айыл өкмөттүн "И 88" номерлүү Волгасы менен алып келишкени маалым болду. Мен ойлойм, бул боюнча тергөөчүлөр кылдат иликтешээр. Муну уюштурган аким Керимкулов баш болгон, тиешеси бар адамдардын бардыгы кызматтан кетиши керек. Биз ушуну талап кылабыз. Кандай чечим кабыл алышат, биз ошону күтөбүз. - Учурда кызуу жүрүп жаткан шайлоо тууралуу кеп кылсак. Эл мыйзам бузууларды жалпы жонунан билип жатышса, сиздер болсо жакындан билесиздер. Ошол тууралуу оюңузду ортого салсаңыз? - Буга чейин нечен шайлоолор болгон. Нечен мыйзам бузууларга жол берип, эл ар дайым эле утулуп келген. Эл азыр көрүп турат. Бардык талапкерлердин укуктары жана мүмкүнчүлүктөрү бирдей болбой жатат. Бирок, эми азыр мага көп жерде айтып жатышат. "Биз эми өз добушубузду уурдатпайбыз. Буга чейин уурдатып келгенибиз жетишет. Эми келечек үчүн күрөшөбүз"-деп элдин ушинтип ишенимдүү айтып жатышканы албетте, адамга дем берет экен. Мен ушуга абдан ыраазы болуп калдым. Мен өзүмдү Кыргызстандын патриотумун деп эсетейм. Кыргызстан өзүнүн беш миллион эли менен кыйналбай эле өнүгүп кете турган өлкө. Анткени, биздин өлкөнүн жаратылыш ресурстары абдан көп. Кыргызстандын келечеги чоң . Мен ушуга ишенем. - Азыр кимден сурасаңыз эле, "шайлоодо Бакиев жеңет"- деп маанайлары пас жооп берип жатышат. Бирок, шайлоо Бакиевдин жеңиши менен аяктаган күнү, сөзсүз чыр чыгат-деген сөздөр күчөп баратат. Эгер чындап эле чыр чыгып, экинчи бир төңкөрүш кайталанып кете турган болсо, биздин мамлекет ошону көтөрө алабы? - Жок, менин оюмча көтөрө албайт. Себеп дегенде, андай нааразычылыктар ар кандай деңгээлде болуп кетиши мүмкүн. Бирок, өкмөт ушуну сезип, акыл калчап талдап турса, анда сөзсүз эл күткөн чечимдерди тезинен кабыл алышы керек. Мындай олуттуу маселени жеңил ойлуулук менен карап коюу такыр акылга сыйбагандык болуп саналат. - Мына жакында эле негизги талапкер Алмаз Атамбаевдин өмүрүнө коркунуч туулуп жатканы маалым болду. Сиздер муну кандай кабыл алдыңыздар? Мындайга жол бербөө үчүн кандайдыр бир алдын алган чечимдериңиздер барбы? - Акыркы мезгилдерде, биздин өлкөдө адам уурдамай, киши өлтүрмөй өнөкөткө айланып бараткандай сезилет. Адамга, Кудайга жакпаган нерселердин көп болуп жатышы абдан өкүнүчтүү. "Сактансаң сактайм"- деген сөз бар эмеспи. Ар ким өзүнүн өмүрүнүн коопсуздугуна көз салып жүрүшү керек. Алмаз Шаршеновичтин өмүрүнө кооптуу жагдай туулушу толук мүмкүн. Себеби, ал киши өлкөбүздөгү курч саясый кырдаалга карабастан, өз өмүрүн чоң тобокелдикке салып, президенттикке аттанышынын өзү эле ойлондурчу маселе. Эгер, чынында эле, Алмаз Шаршеновичтин өмүрүнө кооптуу жагдайлар түзүлгөн болсо, анда биз сөзсүз кандайдыр бир чараларды көрүшүбүз зарыл. Биринчи кезекте маалыматтык жагынан. - Жусупжан Жээнбековдун баласынын жана Руслан Шаботоевдин дайынсыз жоголушу жана Артыкбаевдин мандатын тапшырышы тууралуу сиздин жеке пикириңиз кандай? - Жусупжан Жээнбеков кыргыз элинин мамлекеттик чыгаан ишмери. Өз сөзүнө турган чоң саясатчы. Кудай айтат го: "Карга да баласын жоготпосун"- деп. Чынында ар бир эле адамга маңдайында жаркырап күлүп турган баласы бир күнү эле дайынсыз жоголуп кетсе, албетте, оор болот. Мындан өткөн чоң кайгы болбосо керек. Биз кесиптешибиздин ахыбалын туура түшүнөбүз. Албетте, анын уулунун аман-эсен табылышына тилектешпиз. Ал эми ал киши биздин фракциядан кетеби, кетпейби өзү билет . Жакынкы күндөрү коомчулукка бул боюнча өзү маалымат таратат болуш керек. Ушундай эле терең кайгы, оорчулук кесиптешибиз Руслан Шаботоевдин үй-бүлөсүнө дагы туш болуп турат. Руслан кыргыз элинин чыгаан азаматтарынын бири болчу. Биз анын жоголушу тууралуу көп жолу маселе козгоп, тиешелүү тараптарга кайрылып келгенбиз. Мындан ары да кайрыла бермекчибиз. Осмон Артыкбаев тууралуу айта турган болсок, ал киши дагы кыргызга төбөсү көрүнгөн чоң саясатчылардын бири. Коомчулук ал кишинин мандатын тапшырышын ар кандай жоромолдор менен кабыл алышты. Чынында ага, эл арасында айтылып жүргөндөй эч кандай кысым же коркутуу болгон жок. Өзүнүн айтуусу боюнча саясат менен бизнести аралаштыргысы келген жок. Бизнесин текшерип, кысым көрсөткөн күндө деле ал киши аны тоготпойт болчу. Ошондуктан жөн эле саясаттан бир аз четтеп, өз бизнесине кетти. Ал киши бизнес тармагында иштеп жатып деле, Кыргызстандын өнүгүшүнө чоң салым кошо берерине чоң ишенич бар. - Кубанычбек мырза, эми бир аз экономикалык кризис жана андан чыгуу маселелери тууралуу кеп кылсак? - Башкасын коюп, баарынан мурда газдын кымбаттыгын айталычы. Газ кымбат болгондугунун айынан өлкөбүздө бардык керектүү нерселердин баасы өсүп жатат. Бүгүнкү күндө, цементтин баасы Бишкекте тоннасы 8 миң сомго чыгып кетти. Башка региондордо андан да кымбат. Цемент заводунун жетекчиси бизге келип, өкмөткө сунуш киргизип, газды арзандатып бергиле, өкмөт газды арзандатса эле, биз да дароо цементтин баасын арзандатканга даярбыз дейт.Бизде орточо маяна 2300 сом, орточо пенсия 1200 сом. Ал эми дүйнөлүк баада миң куб газ 400 доллар. Биздин сатып алганыбыз болсо, 337 доллар. Мындай баа менен (СНГда) эч бир өлкө сатып албайт. Эми мисал келтирип көрөлү. Шаар тургунунун жашаган үйү 70 кв. болсо, ал үйдүн керектөөсүнө айына 300 куб газ кетет. 300 кубду 13. 50 тыйынга көбөйтүп, эсептей бериңиз. Ошондо айына 3500 миң сом төлөш керек болот. Алган пенсиясы же маянасы жогоруда айткан сумма болуп жатса, калган жетпеген акчаны кайдан алып төлөйт? Өкмөт ушул жагын карап, бир аз реалдуу кылып чечип койсо болот эле да. Жакында эле мен Беларусия мамлекетине барып келдим. Алар бизге таңкалып жатышат: - "Ай кыргыздар силердин эмнеге жарыгыңар өчүп жатат? Союз кезинде үчүнчү (энергетика боюнча) орунда турган өлкө эмес белеңер"- дешип. Беларустардыкы газды Россиядан сатып (элге жетип жатканы) алганы 170 доллар. Алган орточо маяналары 456 доллар. Ал жакта "приоритетный ВВП" деген бир адамга 12 миң доллар экен. Бизде болсо, 1700 доллар. Ошону дүйнөлүк Банктын докладына жазып жатышат. Көрдүңүзбү, бизге салыштырмалуу ал жакта бир канча жеңил жашоо. - Дагы кандай мисалдарды келтиресиз? Бюджетке бөлүнгөн каражаттар максаттуу жумшаларына ишенесизби? - Эми мындан үч- төрт жума мурун Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеште "биринчи кварталда бюджеттен 239 млн. доллар чыгып кетти"- деп агынан жарылды эле. Аны угуп олтурушкан өкмөт мүчөлөрү, Чудинову баш болуп чалкасынан кетишип, Жапаровду талап калышты. Улуттук Банктын төрагасы М. Алапаев "Силер ал цифраны кайдан алдыңар" - деп таң калуу менен суроо узатты эле. Министр "эксперттерим эсептеп чыкты"- дейт. Мен ушуга ушу күнгө чейин тыңгылыктуу жооп ала элекмин. Суроолорум жоопсуз калып жатат. 2008- жылдын акчасы "жыртыктарыбызды" бүтөгөнгө жетпей, 2009- жылдын акчасынын эсебинен жаап берип жатсак, булар эмне иш жүргүзүп жатышканын түшүнбөйсүң? Өкмөттүк саатта чиновниктерибиз ушинтип түшүнбөй бири бирин "жеп" олтурушса, көрүп олтурган эл сөзсүз ойлойт да, "булардын кылган иштерин кара" - деп... Маектешкен, Айбек Шамшыкеев
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
Кызык макала
|
|
|
| ||||||||||||||