email • архив • редакция • меймансап 
Башбарак



"Ачык саясат" - кыргыз элинин рупору
Жети деген сөздү кыргыздар адатта ыйык, касиеттүү деп кабылдашат.
"Ачык саясат" гезити да жети ай бою думугуп чыкпай жатты. Айрымдарга окшоп анын себебин бийликке шылтасак абийирибизге камчы чаап калабыз. Өзүбүздөн, өзүбүздүн пендечилигибизден улам эл сүйгөн гезит жети ай бою өз окурмандарына жетпей жаткандыгын өзүбүздөн жашырсак да Кудай алдында, абийир алдында тана албаспыз. Мен бүгүн байыркы Гомер аксакалды туурап "Күнөөлүнү кудай табат" дегим келип турат. Альгиери Данте деле "Башкалар эмне десе ошо десин, сен өз жолуң менен кете бер" - деген турбайбы.

Бүгүндөн тартып "Ачык саясат" гезити кайрадан өз жолуна түштү.
Максатыбыз башта кандай болсо, бүгүн деле так ошондой. Кыргыз мамлекетинин күч-кубатын өстүрүү, кыргыз элинин жашоо-турмушун жакшыртуу, адам укуктарын сыйлоо коомдун түпкү максатына айланмайынча, өлкөбүздө демократиянын шарапаты орномойунча, бир үй-бүлөнүн эмес, жалпы элдин кызыкчылыгы үстөмдүк кылмайынча бүгүнкү багытыбыздан кайтуу жок. Себеби, биз карапайым калктын рупору, карапайым кыргыздын камчысы болуу милдетин алып отурабыз мойнубузга.
Кыргыз эли намысты баарынан бийик койгон эл. Бир үй-бүлөнүн зордугуна, бүгүнкү бийликтин кордугуна, жүүтү болобу, орусу болобу же башка улуту болобу, келип алып байыркы кыргыздарды башкаруусуна, чүлүк салуусуна мүңкүрөп отуруп берерине мен эзели ишенбейм. Ошол элдин байрагын көтөргөндөрдүн ири алдында "Ачык саясат" гезити тураарынан шек саноонун өзүн артыкбаш нерсе деп эсептейм.
"Ачык саясат" - карапайым кыргыздын чөнтөк гезити болор күн да алыс эмес.
Бабырбек ЖЭЭНБЕКОВ,
Башкы редактор