Миң кыял

Акылбек Куштаев обончу, ырчы:
"Мен "Рыспайчы" ырчылардын биримин"
Туулган жылы: 1974. 28-январь
Туулган жери: Аксы району, Кызыл-Жар айылы
Кыргыз мамлекеттик Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын аяктаган.
Учурда ИИМдин алдындагы ыр-бий ансамблинде, Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы эл-аспаптар оркестринде солист.
Репертуарындагы ырлар: "Айчүрөк", "Жүрөктү жүрөм дарылап", "Cулууга" ("Өрүк зарга кетели").

"Адабият дүйнөсүнө кирерде бутуңду кагып, тазалап кир. Себеби ал жакта Пушкин бар, Толстой бар" - деген орустун сөзү бар. Искусство дүйнөсү деле ошол. Ал жакка дагы жан дүйнөңдү тазалап киргениң оң. Антпесе көркөм, кооз дүйнөнү булгап коюшуң мүмкүн. Эл жараткан, эл уулу жараткан таза чыгарма, мукам обон түбөлүктүү. Ал өлбөйт. Акылбек Куштаев өңдүү таланттар ал ырларга өмүр берип турат.


- Акыл мырза, сиз обон жазып жүрөт экенсиз. Белгилүү болгон кайсы обонду жазгансыз?
- Менин ырга болгон шык-жөндөмүм 1-класска киргенде эле башталган. Ошол кезде эле эмнегедир ыр жандуу болуп, ичимден ар кандай обондорду келтирип чоңойгом. Кийин Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга келип тапшырганда өзүмдүн кичинемден калыптанган жан дүйнөмө жакын болгон музыка дүйнөсүнө сиңип кеттим. Көптөгөн обон жараттым. Алардын белгилүүсү деп мен "Сулууга" деген ырга жазган обонумду айтаар элем.
- Азыр ырчы атыккандар оголе көп.Буга кандай пикирдесиз?
- Чыга бергени жакшы. Көптөн иргелип сапаттуусу чыгат. Бүгүнкү күндөгү жүздөгөн ырчы, обончулардан иргелип, канча бир жыл өткөн соң таланттуусу калат. Чынында азыр көпчүлүк ырчылар ырынын обонун да, сөзүн да өздөрү жазымыш болуп жатышпайбы. Жеке мен Рыспайчы ырчылардын катарына кирем. Алар дээрлик 30, 40 жаштан жогоркулар. Акырындык менен жаштар тартылат деп ишенем.
- Учурда кайсы музыканын доору жүрүп жатат?
- Биз көзүбүздү жуумп, кулагыбызды басып алсак деле жеңил музыканын доору жүрүп жатканы белгилүү. Бирок, бул убактылуу нерсе. Ал элдин эсинде эки ай гана болушу мүмкүн. Ал эми фольклордук ырлар менен биз дүйнөгө уялбай чыга алабыз. Ошол үчүн айтылат да жүрөктөн чыккан ыр, музыка жүрөккө жетет.
- Ошол сиз айткан жеңил, кулак жарган музыка көп элди өзүнө тартып алгандай. Тактап айтканда, сиздин концертиңизге караганда, фонограмма менен ырдаган ырчынын концертине эл көп кирип калбадыбы?
- Көп сүйлөгөн адамдын жок дегенде бир сөзү элге жугумдуу болуп калат. Азыркы көпчүлүк ырчылар ушундай. Саны бар ырларды жазышат. Арасынан бирөө-экөө элге жагып калат. Көбүнчө жаштарга. Заңгыраган залды ошол жаштар толтуруп жатпайбы. Биз антип жеңилге качпашыбыз керек.
- Батыш өлкөлөрүндө ырчылык бизнеске айланган. Бизде бул кандай?
- Шоу - Бул эң чоң бизнес. Ал бизнести өнүктүрүү үчүн ырчы продюсери менен бирге тыгыз иштешет. Бизде деле ошол. Улуу муундагы ырчылар продюссердин эмне экенин билбей келишсе, бүгүнкү ар бир ырчынын продюсери бар.
- Сиз чыгармачылыгыңызды бизнес катары пайдаланасызбы?
- Жок, мен чыгармаларымды бизнес катары пайдаланбайм. Ырымды элге жеткирүү биринчи максатым.
- Заман бузулду дейбиз. Ыйман алыстагандай. Буга сиз баам салып жүрөсүзбү?
- Заман бузулган жок. Заман ошол эле. Адамдардын пейили тарыды. Ар бирибиз көкүрөгүбүздү оңдошубуз керек.
- Чыгармачылыкта достуктан атаандаштык күчтүү болот го. Буга кандай карайсыз?
- Атаандашым деле жок. Терс сапатты өнөр жууп кетет. Буга ишенем.
- Атаандаштык болбой жылыш болбойт го…
- Атаандашың болбой деле өссөң болот. Ал өзүңдүн эмгегиңден.
- Кайсы учурда эргүү келет?
- Эргүү жан дүйнө кыйналганда да келет. Мен ал учурда тоого чыгып кетем.
- Бул жылы эмне иштин өтөсүнө чыгыайын деп максаттап атасыз?
- Быйыл менин мүчөл жылым. Бул жылда 70-80-жылдарды обончу, ырчынын ырларынан иштеп чыгайын деген оюм бар. Ошол багытта 2-3 ыр жаратайын деп жатам.
- Ырычылыктан башка эмне менен алек болосуз?
- Ырчылык биринчи кесибим болсо, акыркы учурда тасмаларга да тартылып жүрөм. Мисал, "Эркектер" аттуу Р. Аташевдин тасмасында Эдик аттуу мугалимдин ролун ойнодум. Ошондой эле А. Карымовдун "Эгиздер тагдыры" филминде депутаттын жардамчысынын ролун ойнодум. Булардын бардыгы менин чыгармачылыгымдын өнүгүшүнө өбөк болот деп ишенем.